cookie

نحن نستخدم ملفات تعريف الارتباط لتحسين تجربة التصفح الخاصة بك. بالنقر على "قبول الكل"، أنت توافق على استخدام ملفات تعريف الارتباط.

avatar

Китеп дүйнөсүнө саякат

🧙🏻‍♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. 🪄Жасалмасыз 🪞Боёксуз ✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!

إظهار المزيد
مشاركات الإعلانات
4 210
المشتركون
+324 ساعات
+227 أيام
+14130 أيام

جاري تحميل البيانات...

معدل نمو المشترك

جاري تحميل البيانات...

Бир үй көрдүм Жумгалдан, Бир топ үйдүн алды экен. Карап эле тургудай, Кандай уста салды экен. Килемге бай, а бирок Китеп жактан жарды экен. Жалпалактап үй ээси, Жай сурашып олтурду. Кагып-силкип балдарын, Каалашпайт деп окууну. Китептери жок болсо, Килемдерин окуйбу… ~ Б.Сарногоев 📘 “Иниме кат” чыгармасынан.
إظهار الكل...
👍 22 8🕊 1💯 1
1
Photo unavailableShow in Telegram
Кайгынын каран түнүн жарык кылар, Каралдым, жашоодо көп жакшылык бар. Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен? Айдалып баратканда ак булуттар...
إظهار الكل...
😍 15 4👍 3
Repost from teliby
Кээде бир смске жооп берүү ушунча оор түйшүк болуп алат. 13-майда келген катка жооп берип коюп, бул текстке кириштим. Катты алганымдан бери 9 күн өтүптүр. Эч нерсе болбогондой "Жакшы. Кандайсың?" деп башталган катымды көрүп алып эмне дейт болду экен. Кеч жооп бергениме кечирим сурадым дечи. Кечиреби, жокпу ишим деле жок дечи. Менин да сааттар мурун, күндөр мурун, жума мурун жазган каттарыма жооп бербегендер бар. Жооп бербей эле коюшса дейм. Алардын жообуна жооп жазам деп жүрүп өмүрүм өтүп кетсе... Кат алышуу - баарлашуунун асинхрондук түрү. Өткөн кылымда бир ак киши радио толкундарды тизгиндөөнү үйрөнүп алганы үчүн эле мен жапа чеге бергим келбейт. Музыкага балкып сейилдеп, же жаздыкты кучактап сасып жаткан жериңден эле бирөө чыга калып желкеден алса - кимге жаксын. Капыстан келген билдирүү - чакырылбай эле үстүңө бастырып келген конок да. Мен андай "конокторго" күндөп, жумалап эшик ача албай кайга тарта берем. Кантейин анан. Оор да, түйшүк да. (жазбагылачы) Ойгонуп, душ алып келип, телефондун интернетин көзүмдү бүрүштүрүп атып ачам. Кат келбесе - күн жакшы башталды. Кат келсе, каттар келсе...
إظهار الكل...
😁 8👍 4 3👏 1
👍 6 3🔥 1👏 1
Сага, Кыргызстан!
إظهار الكل...
🕊 12 6
Буулуккан сезимимди, Булуттар айта барат.
إظهار الكل...
19👍 1🕊 1
👍 10❤‍🔥 1🔥 1
Photo unavailableShow in Telegram
👍 1