cookie

نحن نستخدم ملفات تعريف الارتباط لتحسين تجربة التصفح الخاصة بك. بالنقر على "قبول الكل"، أنت توافق على استخدام ملفات تعريف الارتباط.

avatar

teliby

Эски бала жана эски китеп #эссе #аңгеме #түшүмд #интуитивныйтекст #китепокуйбуз #кинокөрөбүз #музыкаугабыз #портрет #кат #гэмси #кино жеке: @tynys

إظهار المزيد
مشاركات الإعلانات
678
المشتركون
-124 ساعات
+97 أيام
+930 أيام

جاري تحميل البيانات...

معدل نمو المشترك

جاري تحميل البيانات...

Бүгүн дүйнөлүк театр күнү. Театрга махабатым тууралуу көп жазсам керек. Дагы бир текст жиберип койсом, ашыкча болбос. Былтыр күз айлары Алай театрынан юбилейге карата китеп чыгарып жатабыз, сенден да бир-эки ооз сөз кошуп коелу китепке деп жазып калышты. Мен ал кезде деле бутум жерге тийбей чуркап иш бүтүрүп, манжаларым көрүнбөй калгыча шакылдатып сценарий жазып жүргөн кезим. "Убактым жок" десем таарынып туруп алышты. Анан чарчаган көз менен бир барак текст жазып бердим эле. Ошол жазуу төмөндө: Википедия Кыргызстанда театр кыймылы 1914-жылкы Рахмонберди Мадазимовдун астындагы өнөрканадан кийин башталган деп айтат. Бирок Кыргыз театрынын тамырлары андан да терең экенине элибиздин маданий мурасы айгине . Манасчылык, айтыш, акыйнек, жомокчулук, кошок, апыртма, чечендик, мунун баары формасы байыркы Грекиядан келген Театрдын ички мазмуну эмей, эмине? Адам тагдырындагы өйдө-ылдый кубулуштарды искусствого ороп көрсөтүү, айтып берүү – кыргыздын канында атам замандан жашап келаткан нукура өнөр. Алайдагы музыкалык-драма театр буга жакшы далил. Айбаттуу Алай тоолорунун арасындагы маданий аралча болгон театрдын артисттеринин басымдуу бөлүгү элден чыккан тубаса таланттар. ГИТИСте беш жылдап окуп, сахнага диплом көтөрүп чыкпастан, эл ичинде тапталган эл уулдары, эл кыздары. Алар күндүзү жаңы спектаклге даярданышып, кечинде сөздөрүн кайталаганча үйүндөгү малына жем беришет. Алар күндүзү талаада кол жоорута тер төгүп, кечки сахнада Алымбек датканы, Курманжан ханышаны, Король Лирди ойношот. Алардын көрүүчүсү тоо жүрөк, ак пейил Алай эли. Ар жолку оюну жыкжыйма зал менен, уу-дуу шаан-шөкөт менен өтөт. Алар ушундай, алыскы аймактагы маданияттын миссионерлери, искусствонун даватчылары. Менин адам болуп калыптанышыма, чыгармачылыкта чыйралышыма бул театрдын, андагы адамдардын салым зор. Атам Темиржандын арты менен “бешиктеги” кезимден сахнага чыгып жүрүп, Алай театрындагылардын баары мага ата, апа болушту. “Мен сахнаны сүйөм. Сахнада, жашоого салыштырмалуу, бардык нерсе чындыкка бир топ жакыныраак,” - деп жазыптыр Оскар Уайльд. Мен да сахнаны сүйөм, айрыкча Алай сахнасын. Анткени ал жерде кадимки карапайым тиричилик менен улуу искусство өжөр эмгектин артынан бекем жуурулушуп турат. 01.10.2023. Бишкек
إظهار الكل...
🔥 10👏 6❤‍🔥 3🥰 1
Айгай салган албуут турмуштун агымын бир аз жайлатайын деп айылга келгем. Бирок келиши келип алып, эртели-кеч телефонум тынбайт, чалуу артынан чалуу, сүйлөшүү артынан сүйлөшүү. Ноутбугумду кучактап алып, ар кайсы бурчектерде онлайн жолугушууларды бүтүрөм, бошой калсам, сценарий жазам. Арасында көздү эс алдырганы үйдөгү майда мадыра баштарды өлөрчө өпкүлөп, жыгыларча жыттагылап, оңкомон түшө ойноп койгонум болбосо, айылдагы акыркы үч күнүм иш менен эле өттү. Бүгүн эрте туруп алып, Жалал-Абадга кетмекмин. Ойгонсом свет өчүп калыптыр. Түндөсү ноутбугум өчкөнчө чукулап, анан телефонумдун да шайын оодуруп коюп уктадым эле. Телефону жок кимге чалышты, кайда барышты билбей момоюп эле отуруп калдым. Мени үйдөгүлөр "жалкоо" дешет. Кечке кыймылсыз отуранымдан болсо керек. А мен иштеп отурганымды көп учурда түшүнө беришпейт да. Менден кайдагы жалкоо. Сааркы чайымды ичип алып эле, токойдогу жерибизге түшүп, чөп орокто тоскоол болбосун деп чачылган таштарды терип тазаладым. Түштөн кийин атам, апам, акам, акамин үч жашар баласы болуп, үйдүн алдына толтура көчөт эктик. Анан күндүн астында какталып жата турайын деп уктап калыпмын. Анан кечинде свет күйдү. А мен ноутбугум менен телефонумдагы шар турмушка аралашкым келбей, жасалчу иштерди жасагым келбей, жазылчу сценарийди ачкым келбей, ар нерсеге алаксып отурам. Бүгүн эс алайын, бүгүнчө уктайын, дүйнө токтоп калбас, асман аңтарылып кетпес. Эртең кечинде кайра Бишкекке учам. А бүгүнчө аалам өзү белги бербедиби, эс ал дебедиби. Свет жөн өчпөйт да, ыя раис?
إظهار الكل...
15🔥 5❤‍🔥 2
Баса, биз бүгүнкү кыргыз аялзатынын бирдиктүү образын изилдөө максатында жети дубанды кыдырып, жети. аял тууралуу даректүү тасма тартууга каармандарды издеп жатабыз. Эгер биз менен окуясын бөлүшө ала турган, башкалардан өзгөчөлөнгөн аялзатын таанысаңар, биз менен байланышууга чакырабыз. Бизге керектүү маалыматтар: - Аты-жөнү, жашаган жери - Өзү жөнүндө маалымат (кесиби, турмушу, жөндөмдөрү). - Курагы 18 жаштан жогору болушу зарыл. 📲 Көрсөтүлгөн номерге өзүңүз, же таанышыңыз жөнүндө жазып, сүрөт/видео коштоп жибериңиз: 0707 21 82 31 (Telegram, WhatsApp, сураныч чалбаңыздар). Бул маалыматты аймактардагы WhatsApp группаларына таратып койсоңор, бизге чоң жардам кылган болосуңар. Рахмат!
إظهار الكل...
🫡 1
"Майрам" деген сөздүн этимологиясын билбейм. Бирок бул сөз менде жаңылануу, аруулануу менен байланыша берет. Календарлык жаңы жыл мен үчүн майрам, Нооруз мен үчүн майрам. Башка күндөр жөн эле күн, балким өзгөчө дата, бирок жөн эле күн. Бирок 8-март башка. Жакшы сөз уктум: "Мырзалары мыкты өлкөдө күн сайын 8-март". "Тыныстан байке сиздин былтыркыдай 8-марттык куттуктоонуздан куру калдык. Күттүк. Куру калдык." дептир Жаңыл. Кээде сөз чыкпай коет. Ойлонсоң да, толгонсоң да сөз чыкпай коет. Ага карабай жазып алсаң жасалма бир франкенштейн жаралат. А мен жасалмалыкты иттей жаман көрөм. Итти жакшы көрөм. Жасалмалыкты жаман көрөм. Менимче биздин өлкөдө 8-март өтө жасалма өтөт. Бир күндүк спектакль. Деги эле адамдын жынысына карап бир күндү майрамдоо - примитивизм. Келгиле адамзаттын күнүн майрамдайлы, адамгерчиликтин күнүн. Адам адам болгон коомдо аялы да, баласы да, эркеги да бактылуу жашайт. Бирок биз бокко толгон макулук болуп атпайбызбы. Ошондуктан 8-март деген дата бар. Көлөкөдөгү аялдар көчөлөп чыйылдап өз укуктарын коргоону талап кылган дата. "Кудай" деген сөз силерде кайсы жыныс менен байланышат? Исламда Кудайдын жынысы жок дешет. Бирок, баарыбир Абсолюттун образы эркек менен байланыша берет. Дүйнөдө белгилүү диндерди эркектер ойлоп тапкандан болушу керек. Бирок пантеизмде, байыркы диндерде "Кудай" түшүнүгүн аялдарга байланыштырышат. Дегеле жер жүзүндөгү адамдан башка макулуктун баары ургаачыларына баш ийип жашашат. Адам да аялзатынын ыйыктыгын түшүнгөндө балким алтын доор келет. Мен аял-эркек деп бөлүнбөгөн, баарын чогуу жасап, чогуу бүтүргөн үй-бүлөдө чоңойдум. Ошондуктан бирөөнө мамилем анын кыз же эркек болгонуна карап өзгөрө бербейт. Анан тегерегимдеги адамдар өздөрүнүн жыныстык айырмачылыктары үчүн коомдо стигматизацияга кабылып, жапа чегип, зомбулук көрүп жатканын көрүп капа болом, өкүнөм. билбейм, бул тексттин эмне кереги бар эле. Сценарийге кирише албай отуруп дабдырап койдум. тынч болгула, тең болгула
إظهار الكل...
21👏 2
"Кел барабыз аруулуктан элестелген дүйнөгө.."
إظهار الكل...
Timothee Chalamet - Pure Imagination.mp37.29 MB
5
Мен өзүмдү ушул жазда жоготуп, Сен тепсеген топурактан таап алдым. Гүл ачыптыр биз жактырган өрүктөр. 11.04.2022 "Жаз" деген сонун сөз э? Жаз келди, көңүл жазылды. Эми отуруп сценарий жазса болот.
إظهار الكل...
11❤‍🔥 4😁 1🤣 1
Кино жөнүндө кыргызча продукт жаратуу (подкаст, видеоэссе) каалоосу студент кезимден бери кое бербейт. Кинодогу кубулуштар жөнүндө баяндап берген блог жасасамбы деп эркимди чогулта албай жүрөм. Жайында, же күзүндө эптеп бир ай бош убакыт таап алсам, роман жазууга отурууну көксөйм. Романдын сюжети, концепциясы мээмде даяр. Көчүктү жоорутуп жазыш эле калган. Эптеп кагазга түшүрүп алсам, айлап-жылдап шашпай редакциялай бермекмин. Менде азырынча ушундай. Сен эмне менен алексиң?
إظهار الكل...
🔥 13 7🕊 2😭 1
Уктай албай койдум. "Чарчадым" дегим келбейт. Чарчаганга убакыт жок. Тезирээк таң атса... "Эмне менен алексиң?" деген суроого жооп бериш кыйын болду. Жакын киши болсо, "иш көп" деп коем, алыс киши болсо, "жай эле, кыбырап" деп жооп бермей. Мен ошентип кыбырап жүрөм. Күн сайын өзүмө тизип алган пландарды ишке ашырып, күн артынан күндү кубалап. Былтыр "Кыргызфильм" менен тарткан "Булак" тасмабызды бүткөнү калдык. Май айында "Ромео", "Булак", анан жаңы тартылчу тасмам үчөөнү бириктирип жабык көрсөтүү уюштуралы деп жатабыз. Март айында "Ромео" Венецияда жана Тайванда өтө турган эки кинофестивалга катышат. Бирөөсүнө эле баралы деп, Тайванды тандадык. Баса, марттын аягында Бишкектеги "Үмүт" кинофорумунан да көрсөңөр болот. Акыркы жарым жылдан бери мына тартабыз, ана тартабыз деп жүргөн тасмамдын тартуу иштерин апрель айына бекитип жатабыз. Тасма "Бала жана Аял" деп аталат. Азырынча сценарийди окугандардын айтканына караганда, окуя "өтө назик" имиш. Ага былтыр апрель айында Кинематография Департаментинин питчингинен каржылоо утуп алдык эле. Ырыскысы бир жылдан кийинки убакка буюруптур. Азыр сценарийдин 4-редакциясын иштеп жатам. Жай айларында "Синематиканын" колдоосу менен "Тоо шыбыры" деген кыскаметраждуу мюзикл тартабыз. Анын сценарийин да уламдан иштеп, музыкалык концепциясын изилдөө үстүндөмүн. Сценардык воркшопко катышып алып, ал жакта толук метраждуу хоррор тасмага сценарий жазуудамын. Апрель айынын башында даяр сценарийлер менен продюсерлер алдында питч кылабыз. Каражат табылса, быйыл эле тартабыз деп турам. Айтор, түз эле жүрүп, кээде ооруп калып жатканымдын себеби ушул сценарийде. Кыргыз аялынын бүгүнкү образын чогулталы деп, "Жети айым" аттуу даректүү тасманын үстүнөн иштеп баштадык. Азыр тасмага тартылчу аялдарды жети дубандан сураштырып, издеп жатабыз. Эгер силер билген өзгөчө аялдар, кыздар, апалар бар болсо, мага жекеге жазып койсоңор, чоң жардам кыласыздар. @tynys Тилектеш режиссерлор бириккен "Тарталы" деген эксперименталдык чыгармачыл тобубуз бар. Ошол топ менен да быйыл Кыргызстанды түрө кыдырып, жаңы кыргыздын элесин түзчү киноальманах жараталы деп жатабыз. Топко жаңы кишилерди издеп жарыя бергенбиз. Кызыккандар бул жактан карагыла. Кыргыз мектептерине Химия, Биология, География сабактары боюнча 400дөй видеосабак даярдап жатабыз. Командабызга кесипкө дизайнер, видеографтар, Кыргызстандагы алдыңкы мугалимдер чогулган. Жасаган ишибизди көрүп отурган окуучуларды элестетип алып, талыкпай иштөөдөбүз. Мен региондордо жүрүп окуучулардан дайым жакшы көргөн сабагын сурай берем. 90% дене тарбия деп жооп беришет. Биздин бул долбоор ал жоопторду өзгөртөт деп терең ишенип жатабыз. "Кино дептер" үчүн сайт жасап жатабыз. Бир аз убакыт болсо, жакынкы айда жарыялайбыз. Жашасын кыргыз киносыны! Кубатбектин мурасын сактап калыш үчүн былтыр анын кызы Жамбы эже экөөбүз даректүү тасма тарталы деп киришкенбиз. Азыр каражат издеп жатабыз. Бирок каражат табылбаса деле, өзүм камерамды көтөрүнүп жүрүп тарта берем деп турам. Тасманын азырынча эки аталышы бар: "Идущий" жана "Алай лама-Далай лама". Көрөрбүз. Эртең бул долбоор боюнча бир жолугушуум бар. Байкайбыз. Былтыр бир сыйлуу эже "сен гана тарта аласың бул теманы" деп аялдарга тиешелүү тасма тартууну сунуштаган. Сценарийин мен жазып, ал каражат издей бермек болгон. Мен сценарий жазганга үлгүрө албадым. Бирок ошол иш акыркы үч айдан бери көзгө сайылып, жүрөктү мыкчып ту ду листимде турат. Тиги эже да жазган жок. Мен да унчукпай жүрөм. "Комикске сценарий жазып бер,"-деп кечээтен бери бирөө жанымды койбойт. "Жок" дегендин оңой жолун үйрөнүп алгам. Кымбат баа айтып койсоң, адамдар өздөрү эле жоголуп кетишет. Муну кантишти ойлонуп жатам. Дагы бир досум жакында кино тартат. Ал да Департаменттин питчингинен утуп алган. Анын сценарийин чогуу жаздык эле. Азыр кайрадан иштеп жатабыз. Баякүнү отуруп, сценарийди такыр башынан ылдый аңтарып салдык. Жаңыдан чогултуш керек эми.
إظهار الكل...
11👏 3💯 2🔥 1🤩 1
Мен ооруп калдым. Башкаларга "мен ооруп калдым" десем, "грипп болдуңбу?", "суук тийдиби?" дешти. Мен "ии, ошондой го" деп калп айтып койдум. Мен тумоолободум, мага суук тийген жок. Бирок мен ооруп калдым. Кечээ күн бою турбай жаттым. Бүгүн күн бою турбай жаттым. Денем ооруган жок, жүрөгүм ооруган жок. Бирок мен оорудум, Тыныстан ооруду. Көңүлүм ооруду дейинби? Сезимдерим ооруду дейинби? Жок. Мен оорудум, Тыныстан ооруду. Ооруп жатып эки жолугушууга барбай койдум. "Өзүмдү жаман сезип жатам" деп барбай койдум. "Грипп болуп калдыңбы" дешкенине, "ии" деп кыска калп айтып койдум. Бирок "өзүмдү жаман сездим" дегеним калп эмес да, "ии" деп койгонум эле калп, кыска калп. Ошол кыска калптын ордуна "мен оорудум, тыныстан ооруду" деп айта албаганыма бүгүн кечке кейидим. Өзүмдүн оорумду жашырганыма, калп эле грипп болуп калган коркоктугума кечке кейидим. Былтырдан бери оюмда чогултуп жазып жүргөн романыма ушундай эпизод кошуш керек экен деп калдым. Романдын баш каарманы "мен ооруп атам, грипп болбой эле ооруп атам" деп эч жакка чыкпай койсун, ошону эстеп калайын деп ушуну жазып атам. Романды жазууга отурганда бул канал мага көп жолу шпаргалка болуп берер. Ошо. "Ооруба" дебе, буйрук кылып айтпа. Ооруйм. "Сакайып кет" дебе, өзүм билгенде сакаям.
إظهار الكل...
26❤‍🔥 6👌 5😱 3
Сүйүү жана коркуу тууралуу бул жерде жазсам керек. Бул экөө адам табиятынын пайдубалын түзгөн сезимдер. Калгандары ушул экөөнүн ортосунда түзүлүшөт да. Анан мен үч жыл мурунку акылым менен жарык тарапта, сүйүү тарапта гана болгум келгенин жазгам. Жарык тарапта туруп алып, сүйүүнү тапкандай болдум. Тапкандай болдум дегенде, кыйратып деле издебедим. Табыш оңой экен сүйүүнү. Анткени, сүйүүнүн сыпаты - белгилүүлүктө экен. А коркуунун сыпаты - белгисиздикте да. Мен акыркы айлар коркууну изилдеп жүрөм. Өзүмдөгү коркууларды, бала чагымдагы коркууларды. @guljantv сценардык воркшоп жарыялады эле, бүт коркууларымды артынып алып ошол жакка кирип кеттим. Азыр жума сайын өзүмдүн ичимди казып, каарманымдын мээсин чукулап, сценарий жазып жатам. Мен текст жазып жатып, каарманым ыйласа - ыйлайм, каарманым ээрисе - ээрийм. Мүнөт сайын акылдан тайган каармандын коркууларын жазып жатып, мүнөт сайын акылдан тайып баратам. Мурдакүнү түшүмдө өзүмдү көрдүм, текст жазып отурган өзүмдү. Текстти мага бир кара күч жаздырып жатыптыр. Түн ортосу ойгонуп кеттим. Корккон жокмун, ойлонуп калдым. Муну сценарийге кантип иштетсе болорун ойлонуп калдым. Мен азыр коркпой калдым. Күн санап, эски коркууларымды окуяга айлантып жаза берип, коркпой калдым. Ошон үчүн коркуп жатам да, коркпой калганым үчүн коркуп жатам да. Адамдын сөзсүз корккон бир нерсеси болушу керек дешет. Антпесе адам кутуруп кетет имиш. Мен да кутуруп кетпейин деп, коркпой калганымдан коркуп, өзүмдү сооротуп жатам. Кечээ сценарийдин бит шитин (beat sheet) жаздым. Жазып болуп ичим аңырая түштү. Түн бою жаман болдум. Кээде оор абзацтарды жазганда, ичим ошентип аңырая түшөт. Толтурганга жем издеп каласың. Мен бүгүн кечке ичимдеги бөксөөнү толтурушка жем издедим. Эртең да издейм, бүрсүгүнү да. Сценарий жазып жатып, окуямдын обонун таап алыш мен үчүн өтө маанилүү. Таап алгандан кийин, ошол музыка мени ошол маанайга салып турат. Баякүнү камердик оркестрдин кыяк музыкасына арналган концертине бардым. Ошол жерден Нино Ротанын “Кыяктар үчүн концертин” уктум. Ошондон бери Нино Рота мени коркууларды жазып жатканымда жанымда коштоп жүрөт. Нино кулакты кызытып жиберсе, Моцарттын “Лакримозасын” коюп алып, жазышты улантам. Жазып жатып өлө берем, тириле берем. Моцарт реквиемин мага гана арнап жазгандай. Бала чакта коркунучтуу окуяларды көп айтышчубуз. Биздин класс мугалим жок болсо да, дайым тыптынч отурганына баарв таң кала беришчү. Нече окуялар нечен жолу кайталанып айтылса да, ар бир айтылган сайын, ар бир уккан сайын жүрөккө шамал тийип, терилер бүдүрөкөй боло түшчү. Ошолордун арасында эң көп айтылган көк бут тууралуу окуя бар эле. Биз аны уккан түндөрү уктай албай чыкчубуз. Азыр мен аны унутуп калыпмын. Баягыда туугандардан сураштырсам, он эки жашар карындашым билет экен. Ал окуя дагы эле айылдарда айтылып жүрүптүр. Муну карындашым жазып берди (орфографиясы сакталат): “Бир заманда апасы менен кызы болуптур, анан кийин апасы ооруп калганда апасы кызына айтат экен "кызым мен өлгөндө путумду кесип сандыкка салып кой дейт экен анан кызы макул дейт " бир күнү апасы өлүп калат экен анан кызы апасы айткан нерсени кылып сандыкка салып коёт экен бир күнү анан кызы кухняда отурганда светер бардыгы өчүп калат экен , көк бут биринчи этажга чыкты❗, көк бут экинчи этажга чыкты ❗ көк бут үчүнчү этажга чыкты❗көк бут төртүнчү этажга чыкты ❗ көк бут бешинчи этажга чыкты 🤯 эшикти ачты а-а-а-а🧟‍♀️🧛🏿‍♀️🧟‍♂️”
إظهار الكل...
3🔥 2🤯 2😭 2😱 1
اختر خطة مختلفة

تسمح خطتك الحالية بتحليلات لما لا يزيد عن 5 قنوات. للحصول على المزيد، يُرجى اختيار خطة مختلفة.