cookie

نحن نستخدم ملفات تعريف الارتباط لتحسين تجربة التصفح الخاصة بك. بالنقر على "قبول الكل"، أنت توافق على استخدام ملفات تعريف الارتباط.

avatar

Китеп дүйнөсүнө саякат

🧙🏻‍♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам. 🪄Жасалмасыз 🪞Боёксуз ✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!

إظهار المزيد
مشاركات الإعلانات
4 275
المشتركون
-424 ساعات
+357 أيام
+8730 أيام
توزيع وقت النشر

جاري تحميل البيانات...

Find out who reads your channel

This graph will show you who besides your subscribers reads your channel and learn about other sources of traffic.
Views Sources
تحليل النشر
المشاركاتالمشاهدات
الأسهم
ديناميات المشاهدات
01
Бирге болсун✨🫶🏻
5330Loading...
02
Media files
5490Loading...
03
Курбан айтка карата Палестинадагы Газа эли үчүн Германиядагы жаштар аз да болсо аракет кылып акча чогултуп баштадык. Аллах насип кылып 2 күндүн ичинде 520€ чогулду. (48-49миң) 5€, 2€, 10€ дон болуп жатып 3 койдун суммасын чогулта алдык. Жакшы аракет кылып бир бодо малдын (70миң) суммасын чыгарып коёлу деп жатабыз. Акча которууну каалагандар болсо, IBAN: DE18 3005 0110 1009 0099 92 Nurzat Askarova Силер дагы салым кошсоңор болот.
6321Loading...
04
Жүрөгүм💔 Чоң рахмат! Мындай билдирүүлөр канчалык мени кубантканын билгениңерде, күндө жазуудан тажамак эмессиңер.
1 3631Loading...
05
“Биз себепсиз эле жолугуп калбадык, же сыноо, же жаза, же белек” Ооба, ооба, сыноо менен келген жаза экен эле…💔
1 22519Loading...
06
Media files
1 1620Loading...
07
Media files
1 24722Loading...
08
Media files
1 1717Loading...
09
📹 Джек Лондон. Мартин Иден. Часть вторая. Аудиокнига. → 👤 Старая книга →
1 0987Loading...
10
📹 Джек Лондон. Мартин Иден. Часть первая. Аудиокнига. → 👤 Старая книга →
1 1567Loading...
11
Мартин Иденди бул жакка жөнөтө албай жатам. Эгерде азыр жөнөтө алсам айфондун “Книги” деген жагынан ача аласыңар. А андроид менен кайдан ачса болорун билбейм. Аракет кылып көрөм азыр🤍
1 1602Loading...
12
Мартин Иден Джек Лондон
20Loading...
13
Сен мага күндө жаңы, эч качан көрбөгөндөй. деңизсин, же океан эч кимдер билбегендей, кенениң, тереңине эч бири кирбегендей... бир кенчсин, табылгасын бир өмүр издегендей, мен сени билгим келет бир да жан билбегендей... Авторун билбейм
1 02613Loading...
14
Media files
9962Loading...
15
Media files
1 1931Loading...
16
Мурда жалаң мамиле куруу, аял-эркектин психологиясы боюнча китептерди окуп, подкасттарды угуп, мамиле боюнча эксперт болгум келе берчү. Бирок канчалык көп окуган сайын бир эле жыйынтыкка келеримди түшүндүм. Ар бир адам уникалдуу, эч кимди бир системага салып анализ кылууга болбойт экен. Эркектердин баары бирдей эмес, а аялдар болсо эмоциясын саат сайын өзгөртүшү мүмкүн. Айрым мамилелердин проблемасы окшош болушу ыктымал, бирок адамдары эч качан бири-бирине окшошпойт. Мамиле эки адамдын ортосунда гана түзүлөт, жана аны эки тарап гана сактап кала алат, албетте, эгерде чындап кааласа… Эми элестетиңиз, кээде эмнени кааларыбызды да билбей калабыз, анан кантип бирөөнүн каалоосун анализ кылууга болот?! Андан көрө фокусту ар бир адам өзүнө, өзүн таанууга, өзүнүн кемчиликтерин кабыл алууга коюш керек экен. Өзүн тааныган адам гана өзгөрө да, мамилесин да сактап кала алат…
1 2227Loading...
17
📥 @topsaverbot MP3
1 20110Loading...
18
Сизге билдирүү келди Карасаң, кыялданып жүргөн турмушуңда жашап жатасың. Сабыр кылсаң калган кыялдарыңда орундалат! Алтыным менин🤍
4 28029Loading...
19
Media files
1 2840Loading...
20
Сүрөттөрдү көрдүңөр ээ? Биринде мен, биринде толук сүрөтү. Бүгүн бизде семинар болду. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар тууралуу. Германияда жакшы жери жөн эле айтып койбой практика менен көрсөтүп бергени чынында мактоого арзырлык. “Мүмкүнчүлүгү чектелген адамды көрсөң күлбө! Сый-урмат менен кара! Жардамдаш!” деген кичинекейимдеги эжейим айткан сөздөрдү бүгүнкү практикада бүт денем менен сезип, жүрөк менен кабыл алдым. 🦽 Практикада 3 саат берилди. Группадагы адамдар үчтөн бөлүнүп бирден коляска менен кеттик. Ошондо 3 адам 1 сааттан коляска менен жүрүш керек болду. 🩼 Шаар кыдырдык. Башында өзүм отурбай кетип жатканым үчүн эч нерсе сезилген жок. Качан гана өзүм отуруп, артымдан сүдүрөп баштаганда оюма чөгүп баштадым. Биринчи эле ичимден элди алдап жаткан сезим келди. Анткени баары жол бошотуп, поезддерди кызы, эркегине карабай көтөрүп түшүрүшүп, тамак алчу жерлерде сатуучулар өздөрү келип сурап жатышты. Анан албетте өзүңдү жаман сезесиң да) 🦼 Биз үчөө болгон үчүн бири-бирибизди сүдүрөдүк. Ошого өтө деле оор болгон жок, бирок ооруган адам үчүн өз алдынча сүдүрөө өтө, өтө эле оор экен. Германияда дагы жакшы өтө көп шарттар түзүлгөн. Көпчүлүгү жакшы эле көз-карашта карайт экен. Ичимден Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелгендер кандай шартта жүрөт деген ой келди. Жада калса бөлүнгөн ажатканаларды да көргөн эмесмин. Окей, бул калсын. Эмнени сездим? 🚨 Аллах Таалага шүгүр, шүгұр жана да шүгүр. Алты санды аман кылып бизди бастырды. Келечекте эмне болот, эмне жок билбейм, бирок бүгүнкү күн үчүн Аллах Таалага ыраазычылык айтам. 1 саат бүтүп коляскадан түшкөндө ушунчалык сүйүндүм. Өзүм басып, каалагынымды алып, каалаган жагыма эч кимдин жардамысыз бара алганым үчүн. 📌 Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды эми көргөндө башкача Нурзат болууга аракет кылам. Колдон келсе жардамдашып, жылмайып учурашып, эң аз дегенде жылмайып өтүп кетем. **Аллах Таала ар кимге ар кандай сыноо берген. Эч ким, эч кимдин үстүнөн күлбөө керек! Бүгүн сен соо адамсың, эртең ким болосуң эч ким билбейт! Кадырлуу эмес деген нерселердин кадырына жете бил, Нурзат!!!**
1 8633Loading...
21
Media files
1 4991Loading...
22
Кыргызстанда түн. Таттуу уктап жатсаңар керек, уйкуңарды бузуп “тың” эткен үндүн келишине себепчи болсом кечирим сурайм. Азыр жазбасам эртең жазбайм. Ошого бүгүнкү болгон окуя менен силер менен бөлүшкүм келди. Инстаграмдагы досторума бөлүшөм деп сөз бергем, бирок тарыхчага жазсам өтө эле узун болуп кетет экен. Бул жак жазганга ыңгайлуу, менимче окуганга да. Экинчи тарыхчаны күтүү да, унутуп калуу да болбойт. Анда эмесе баштайын ээ? Азыр сүрөт жөнөтөм. Андан соң аны чечмелеп айтып берем. А силер эртең окуп аласыңар🙂
1 5512Loading...
23
Media files
1 4392Loading...
24
Каналыма келген мындай билдирүүлөрдү окуган чынында жагымдуу болот🤍 Чоң ыракмат!
1 5590Loading...
25
Бул каналды окуу, тунук дарыяны күзөтүү 💖
1 6100Loading...
26
Адам тааныбаса-сүйбөйт, сүйбөсө ээрчибейт. Ээрчиш үчүн сүйүш керек, Сүйүш үчүн тааныш керек.
1 80520Loading...
27
Media files
1 6351Loading...
28
Кайрадан Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычын” окуп баштадым. Мурда аягына чыкпай калдым эле. Мусулманкулга боорум ооруп да, ырас болот деп да отурам. Ичимдеги эки Нурзат урушуп, бир сөзгө келе албай жатышат😅 Күндө 4-5 беттен окуп жатам. 1 айда бүтүп калсам керек:)
1 5720Loading...
29
Азыр адамдарды сулуулук, кооз сүйлөө, жарашыктуу кийим, келишимдүү фигура менен таң калтыра албайсың. Себеби мындай нерселер баарында бар. Азыр трендде адамдын ою, көз-карашы, ой-жүгүртүүсү. Себеби ой-жүгүртүү, көз-караш тажрыйбанын, изденүүнүн, кыйынчылыктын, сабырдын негизинде пайда болот. Аны сатып да ала албайсың, дароо жасап коюуга да мүмкүн эмес. Бул үчүн убакыт, сабыр, шүгүр керектелет. Сенин баркың, сый көрүшүң дагы ой-жүгүртүүгүңө жараша бааланат…
1 45214Loading...
30
Кечээ кечинде мага ушундай сонун билдирүү келиптир. Эмнегедир окуп алып ыраазы болуп кеттим. “Эмнеге?” десеңер, анткени убагында бул телеграмдын өнүгүшү үчүн, пайдалуу болуусу үчүн аябай аракет кылгам. 4 жыл өтпөй өз түшүмүн берип, бир канча катталуучу топтоп, күндө жазбасам да мени менен болуп келген өзгөчө, сүйүктүү катталуучуларым бар. Сүйүктүү катталуучуларым, силер дагы акыңарды адал кылгыла! Каналды окууга убакыт кетирип, бирок издегениңерди таба албасаңар, кеткен убактыңар үчүн кечирим сурайм. Бул каналды ачканымда 2-курс болчумун. Карантин убагы болду. Андан кийин мектепте иштедим. Жашоомдун ар бир баскычындагы чыгып ойлорум бар. Байкадыңарбы? Улам жашым чоңойгон сайын мурдагыга окшош тексттер жазылбай жатканын?
1 9520Loading...
31
Heidelberg🫶🏻
2 0410Loading...
32
Бул сүрөттөрдү китепти окуп жатып жасагам. (Ушул китептен алынган) Анткени автордун сөздөрү башыма таш тийгендей эле “кыңк” эттирген. Жакшы эс алгыла. Мен дагы уктадым. Китеп окуп бүтүп жазбай калсам түшүмдө “Китеп дүйнөсүнө саякат” уктатпайт. Оор жүктөй сезилет😂 Ошого 10 барактуу китеп бүтүрсөм да жазып турушум керек. Уйкум тынч болот.
2 0541Loading...
33
Media files
1 86118Loading...
34
Советбек Байгазиевдин “Иниме катын” кечээ окуп бүтүргөм. Аз эле барак болгону менен 1 жумадан ашык убакыт кетти. Мектеп убагында бул китепти окуган менен эч нерсе түшүнбөптүрмүн деле. А азыр агам кеңешин берип жаткандай өзгөчө берилүү, тартылуу менен окудум. Албетте, 10дон 10 деп баалай албайм, бирок өзгөчө таасир берди деп айта алам. Айрыкча акыркы главаларында биздин классикага айланган чыгармаларыбызды автордун талдоосу менен окуганда көп жеринде кошулдум. Билесиңер, кесибим мугалим. Көп чыгармаларды (кыргызча) университет кезинде окуп бүтүргөм. Окууну бүтүргөн соң окуганда башкача түшүнүк алат экенсиң. Классикага айланган чыгармалар кайсы убакытта болбосун өз актуалдуулугун жоготпойт, канча кылым өтсө да кайра окусаң, ошол кылымды сүрөттөп тургандай сезилет. А бул китеп өзгөчө жанрда (публицистика) жазылганы менен ичинде автор көтөрүп чыккан маселелердин айрымдары эскирген. Эмнегедир ар бир сүйлөмүндө орустарды мактап, аларга жагынуу максаты бардай сезилди. Окуп жатканда эле дароо талдап силерге айтып берүүнү каалагам, бирок чыгарманы сындай турган даражада эмес экенимди түшүндүм. Китепте автор айтып кеткендей ар ким өзүнүн деңгээлине, ой чабытына, коомду түшүнүүсүнө карата кабылдайт. Бирөө үчүн эң сонун чыгарма, бирөө үчүн эч нерсеге татыбайт. Ошондуктан өзүңөр окуп чыксаңар болот🫰🏻
1 9812Loading...
35
Media files
2 2361Loading...
36
Бир үй көрдүм Жумгалдан, Бир топ үйдүн алды экен. Карап эле тургудай, Кандай уста салды экен. Килемге бай, а бирок Китеп жактан жарды экен. Жалпалактап үй ээси, Жай сурашып олтурду. Кагып-силкип балдарын, Каалашпайт деп окууну. Китептери жок болсо, Килемдерин окуйбу… ~ Б.Сарногоев 📘 “Иниме кат” чыгармасынан.
2 3949Loading...
Бирге болсун✨🫶🏻
إظهار الكل...
🕊 4
16🕊 3👍 1
Курбан айтка карата Палестинадагы Газа эли үчүн Германиядагы жаштар аз да болсо аракет кылып акча чогултуп баштадык. Аллах насип кылып 2 күндүн ичинде 520€ чогулду. (48-49миң) 5€, 2€, 10€ дон болуп жатып 3 койдун суммасын чогулта алдык. Жакшы аракет кылып бир бодо малдын (70миң) суммасын чыгарып коёлу деп жатабыз. Акча которууну каалагандар болсо, IBAN: DE18 3005 0110 1009 0099 92 Nurzat Askarova Силер дагы салым кошсоңор болот.
إظهار الكل...
👍 17🔥 2😭 2
Photo unavailableShow in Telegram
Жүрөгүм💔 Чоң рахмат! Мындай билдирүүлөр канчалык мени кубантканын билгениңерде, күндө жазуудан тажамак эмессиңер.
إظهار الكل...
21❤‍🔥 6👍 2
“Биз себепсиз эле жолугуп калбадык, же сыноо, же жаза, же белек” Ооба, ооба, сыноо менен келген жаза экен эле…💔
إظهار الكل...
💔 20
sticker.webp0.32 KB
МАРТИН ИДЕН кыргызча.pdf3.92 MB
3👍 2🔥 2🥰 1
Мартин Иден.epub6.40 KB
👍 2 1🔥 1
📹 Джек Лондон. Мартин Иден. Часть вторая. Аудиокнига. 👤 Старая книга
إظهار الكل...
676131643.mp3500.42 MB
👍 2 1
Добавить в группу ↩️
📹 Джек Лондон. Мартин Иден. Часть первая. Аудиокнига. 👤 Старая книга
إظهار الكل...
5045715821.mp3503.06 MB
👍 2