Диби_деди✨
Yopiq kanal
Жүрөктөгүнү жазам. Арманды төгөм. Кыялды бөлүшөм. Сүйүүнү сүйдүрөм. Бул менин эркин аймагым. Ким тынчтыгымды бузса өчүрөм. Ар бир жазуум #диби_деди хэштеги менен алынбаса акым адал эмес. Көп жазсын десеңер жазууларымды көп бөлүшкүлө. 🐣Ошондон эргүү алам:)
Ko'proq ko'rsatish923
Obunachilar
Ma'lumot yo'q24 soatlar
-17 kunlar
-430 kunlar
Postlar arxiv
923
Иё, туруп-туруп эле маанайдын 180ге өзгөргөнүн өзүм көтөрө албай атам. Просто көтөрө албай атам.
923
Жактоодон ушул сүрөттү жөнөтүштү. Буга чейин башымда “эмне кош бойлуу экеним дароо эле билинип калып атабы?” деген суроо бар болчу. Бул сүрөттөн кийин жоголду🫠
Эң жакшыга тапшырып алдык, буюрса. 3 күндөн бери ушунчалык тынч уктап атам. Турсам бир капталым талып калып атат…)
923
Эртең магистрдик ишти коргоого кирем. Бакалаврды бүтүп жатканда да дипломдук ишти өзүм жазгам. Эки учурда тең алган эң чоң сабагым: эгер кийин мен илимий жетекчи болуп калсам, студентке бардык күчүм менен жардам берем. Анткени ал мен билгенди билбейт
923
Сүйүү - бул “эс алагой, мен эшикти сыртынан бекитип коём”
Сүйүү - бул “күтө тур, катуу келе жатат. Келе колуңду”
Сүйүү - бул “бөтөлкөңө жылуу суу куюп койдум. Унутпа”
Сүйүү - бул “сеникин да ала чыккам, күн батканча зикир кылалы”
Сүйүү - бул “телефонуңду зарядкага коюп койгом”
Сүйүү - бул “жакшы эс алдыңбы?” же “Жакшы эс ал, жаным”
Сүйүү - бул “эмне жегиң келип атат. Эмне жасайлы?”
Сүйүү - бул “үйгө кайткан сонун, э? Жагат мага…баарын сонун кылып жасап койгонсуң”
Сүйүү - бул “чарчатыштыбы? Бир аз чыда, аз калды”
Сүйүү - бул “мен апамдын мүнөзүн жакшы билем да, мен ага чыдашым мүмкүн. Сен үчүн оор болуп калат”
Сүйүү - бул “Сенин колуңду кармаганда “мен бул инсанды ыйлатпайм” дегем. Ыйлабачы”
Сүйүү - бул “баары жакшы болот, жаным! Аллах биз менен. Бизге да берет!”
6 ай ичинде мен сезген сүйүүнүн даамы ушул. Ар ким өз тилинде сүйөт, сүйүлөт…🌷
923
Баса, апрель айы 10-12 күн чогуу жашадык. Бул биздин рекоддубуз. 8-9 күнгө өткөндө жүзүбүздөн 2 саат сүйлөбөй турчу дегенди, 10-күнү 1-2 күнгө кетип тур да деген окула баштады го. Жеке аянтча качан да болсо керек экен адамга. Миң сүйүп атсаң дагы🫰🏿
923
Сүйлөшүп жүргөндө телеграмга атайын каттаттыргам. Эмне менен дем алат экенимди билсин, өткөн-кеткен менен таанышсын депчи. Кийин өчүрүп койдум. Өзү билбей деле калды окшойт. Кээде ушакташ керек болот экен, ээн-эркин)))
923
Бирок анча деле сулуу жигит эмес. Ойлоп албагыла, тим эле деп)
Классымдагы окуучуларга таксист бала деп койсом ишенип алышыптыр. Кийин “эже, күйөңүз турбайбы. Ошону билгенден кийин красавчик көрүнүп калды” дешти. “Меники” деп карашканы үчүн эле сулуу боло түштү окшойт да кыязы😝
923
Турмуштун алгачкы күндөрү ары таттуу, ары бактылуу жана ары майда-майда сыноолорго салган күндөр менен коштолот. Ошол күндөрдө көңүлүңө келген алгачкы ой “ырас эле ушул адамга туш болуптурмун” болсун…

Кыска аралыкта эркек үчүн көп нерсенин кереги жок экенин түшүндүм. Эгер каалооңдун түпкүрү эмнеде жатарын түшүнбөсөң сен деле ал менен макул болуп жашай берчүдөйсүң. Бирөө айтты эле ожидание эң жаман оору. Андан айыгуу үчүн максимум жана минимум деген чектерин коюп алуу керек. Эч болбоду дегенде мындай кылам же бул жыйынтыкка макул болом деп. Үй-бүлөдө да ушуну колдонуу туура экен. Болбосо кээ бир нерселерди акча, ресурс, ар түркүн кырдаалдар чайпап салат тура. Ушундайда “жок дегенде муну жасоо керек” деп экинчи чекти көрсөтпөсө… Жогорудагы нике күбөлүгүн алуу салтанаты дал ошол чектин минимуму. Чын жүрөгүмдөн ар бир сулуунун бул күнү эң максимум чекте өтүшүн тилейм. Себеби бул - бакыттын башка түрү экен. Тилектериңерге чоң ыракмат! Сүйүүм менен кабыл алдым✨❤️
923
Кыздын турмушу ушундайча өтөт экен.
“Даяр бол, келин болосуң!”
“Даярмынбы?”
“Даяр эмес болчу экенмин…”
Көп учурда биз “жетил, калыбыңа кел, андан соң турмушту ойлон” дейбиз го. Ал жакшы, бирок көп учурда жаңы турмушту, жаңы жашоону кабыл алуу жана ага адаптация болуу үчүн убакыт керек экенин бири-бирибизге эскертпегендейбиз. 20-30 жыл жытың, каның сиңишпеген жерде өзүңдү жат сезүү - нормалдуу деп эсептейм. Сен мурун бул турмушту жашап көргөн эмессиң. Үйдө 5 киши болсо, беш башка көз караш, кайын журтуң кошунаң болсо да, сенин өз үйүңдөн 100% айырмаланган баалууктар, кабыл алуулар, түшүнүктөр болот экен. Мунун баарын дароо кабыл алуу мээ, сезим, денеге оор. Демек, адаптация процесси жүрүп атканын моюндоо керек. Бул абалыңды бир топ жеңилдетет. Ал ар кимде ар кандай тездикте өтөт. Мисалы, 5 айдын ичинде жалпы 8-10 күн энем менен жашап көргөн менде бул этап 3-5 жылга созулушу мүмкүндөй. Себеби ар жолу барганда бир эле нерсеге кайра-кайра таң калып, ичимде каршылык келип же суктанып бүтпөйм. Жолдошум менен 10 күн чогуу жашап көрө элекмин. 3 күн чогуу/ 4 күн аралыкта. Ал инсанга көнүүм, таануум дагы 2-3 жылды талап кыларын түшүнүп жатам.
Мен өзүмө “болду эми, кабыл алып жаша” дебейм. Убакыт берем. Ушинтип гана өзүңө камкордук көрсөтө аласың.
Анан мени көп учурда “түшүнүксүз түйшөлгөн абалдан” чыгарган нерсе- рефлекция. Жолдошум менен бир айда бир, же кандайдыр бир маанилүү иштер (конок тосуу, баруу, чогуу жаңы нерсе жасап көрүү) болгондон кийин “мага эмнеси жакты/ кайсы нерсе таң калыштуу болду/ кийинкиде эмнени өзгөртмөкмүн” деген сыяктуу суроолор менен баарлашуу жеңилдик алып келет.
Кыскасы, өмүрлүк жолдоштуу табуу менен гана өмүр бүтүп калбайт. Жашоо жаңыдан башталышы мүмкүн. Өзүңөрдү шаштырбагыла…🫶🏻
923
Диби эже,жашоомо жаны кошулган уй-буломду кабыл ала албай эле убарамын,озумдун келиндик кызматымды да кабыл алгым келбей,озумчо эле кыйналып журом,ар бир соз,ар бир коз караш конулго тийип эле,жашоом 2жака болунуп калгандай,жанымдагы жолдошумду жакшы корсом да,мурдагы эч кимди ойлобой,суйбой,оз алдымча жашаган кенен Бишкегимдеги жашоомду сагынгандаймын😭💔
923
Кыздын турмушу ушундайча өтөт экен.
“Даяр бол, келин болосуң!”
“Даярмынбы?”
“Даяр эмес болчу экенмин…”
Көп учурда биз “жетил, калыбыңа кел, андан соң турмушту ойлон” дейбиз го. Ал жакшы, бирок көп учурда жаңы турмушту, жаңы жашоону кабыл алуу жана ага адаптация болуу үчүн убакыт керек экенин бири-бирибизге эскертпегендейбиз. 20-30 жыл жытың, каның сиңишпеген жерде өзүңдү жат сезүү - нормалдуу деп эсептейм. Сен мурун бул турмушту жашап көргөн эмессиң. Үйдө 5 киши болсо, беш башка көз караш, кайын журтуң кошунаң болсо да, сенин өз үйүңдөн 100% айырмаланган баалууктар, кабыл алуулар, түшүнүктөр болот экен. Мунун баарын дароо кабыл алуу мээ, сезим, денеге оор. Демек, адаптация процесси жүрүп атканын моюндоо керек. Бул абалыңды бир топ жеңилдетет. Ал ар кимде ар кандай тездикте өтөт. Мисалы, 5 айдын ичинде жалпы 8-10 күн энем менен жашап көргөн менде бул этап 3-5 жылга созулушу мүмкүндөй. Себеби ар жолу барганда бир эле нерсеге кайра-кайра таң калып, ичимде каршылык келип же суктанып бүтпөйм. Жолдошум менен 10 күн чогуу жашап көрө элекмин. 3 күн чогуу/ 4 күн аралыкта. Ал инсанга көнүүм, таануум дагы 2-3 жылды талап кыларын түшүнүп жатам.
Мен өзүмө “болду эми, кабыл алып жаша” дебейм. Убакыт берем. Ушинтип гана өзүңө камкордук көрсөтө аласың.
Анан мени көп учурда “түшүнүксүз түйшөлгөн абалдан” чыгарган нерсе- рефлекция. Жолдошум менен бир айда бир, же кандайдыр бир маанилүү иштер (конок тосуу, баруу, чогуу жаңы нерсе жасап көрүү) болгондон кийин “мага эмнеси жакты/ кайсы нерсе таң калыштуу болду/ кийинкиде эмнени өзгөртмөкмүн” деген сыяктуу суроолор менен баарлашуу жеңилдик алып келет.
Кыскасы, өмүрлүк жолдоштуу табуу менен гана өмүр бүтүп калбайт. Жашоо жаңыдан башталышы мүмкүн. Өзүңөрдү шаштырбагыла…🫶🏻
Endi mavjud! Telegram Tadqiqoti 2025 — yilning asosiy insaytlari 