Диби_деди✨
Canal cerrado
Жүрөктөгүнү жазам. Арманды төгөм. Кыялды бөлүшөм. Сүйүүнү сүйдүрөм. Бул менин эркин аймагым. Ким тынчтыгымды бузса өчүрөм. Ар бир жазуум #диби_деди хэштеги менен алынбаса акым адал эмес. Көп жазсын десеңер жазууларымды көп бөлүшкүлө. 🐣Ошондон эргүү алам:)
Mostrar más889
Suscriptores
Sin datos24 horas
-47 días
-730 días
Archivo de publicaciones
889
Тынчтык дегендин баасын үй-бүлө кургандан соң түшүндүм. Муну эч бир нерсе толтура албайт экен. Бойдок кезде мен издеген, самаган, сагынган сезим да дал ушул болуптур. Азыр мен үчүн эң маанилүү болгон адамдарым: апам, атам, бир туугандарым, курбуларым же мен ачылган чөйрө - айланамды курчап турса да, жан дүйнөм жолдошумду издей берет. Анын жөн эле жанымда турганы, деми, карааны дүйнөмдү тынчтандырат…
Ылайым, тынчтыгыңар бузулбасын жана өз бейпил дүйнөңөргө тезирээк никелешкиле✨🫶🏻
#бүтпөс_романым
889
Кудайым, азыркы жашоомдон шүгүрдү сезип, таап, кабыл алып жашоону үйрөтчү, жүрөгүмө салчы!
🤲🏻
889
Кеп кабыл алынууну сезбөө жөнүндө…
Мен өз пикирин, сезимин, каалоосун ачык айткан үй-бүлөдө чоңойгом. Ата-энем айыл ичинде кадыры бийик, туугандар арасында чечим ээси болгон адамдар. Аларсыз жакшылык да, жамандык да өтпөйт. Биз үй-бүлөбүз менен топ ичинде болгонго көнүп калганбыз, жана бул жашоонун маанилүү бөлүгү сыяктуу сезилет. Бала кезде той-мааракеде жардамдашып кел деп чуркатып жиберсе ачууланат элем. Кийин эс тартканы деле бул нерсе мага жакпагандай, “эмнеге дайыма биз?” дегендей көз карашым бар эле. Өзгөсө жеңемди келинин жибербей койду дейт, барып кел десе ачууланган учурум көп болгон. Бирок кызыгы өзүм азыр ушундай үй-бүлөгө туш болдум. Энем жакын тууганы жакшылык өткөрүп атса деле “барбайле кой, өздөрү жетишет” деп коёт же жолдошум “кеттик баланча жакка, аякка барганда эмне” деп басып кетет. Мен азыр эки баалуулукта чабылып калдым. Мен үчүн ушул туурадай сезилчү, бирок негедир азыр мени кайын журт арасына кабыл алынбай жаткандай сезим курчап жатат. Кыйналып, бирөөнүн оокатын кылганча, жакшы эмеспи дейм, бирок балким ошондо жаңы үй-бүлөнүн курамына көнүп кетүүм тез болмокпу деп коём… айтоор, сен чоңойгон, сен тааныган, сен үчүн дүйнө ушундай болушу керек деген жерден таптакыр башка ааламга түшүп калуу кыз үчүн миң эсе жүк экенин дагы татыдым, ынандым…
889
Иё, туруп-туруп эле маанайдын 180ге өзгөргөнүн өзүм көтөрө албай атам. Просто көтөрө албай атам.
889
Жактоодон ушул сүрөттү жөнөтүштү. Буга чейин башымда “эмне кош бойлуу экеним дароо эле билинип калып атабы?” деген суроо бар болчу. Бул сүрөттөн кийин жоголду🫠
Эң жакшыга тапшырып алдык, буюрса. 3 күндөн бери ушунчалык тынч уктап атам. Турсам бир капталым талып калып атат…)
889
Эртең магистрдик ишти коргоого кирем. Бакалаврды бүтүп жатканда да дипломдук ишти өзүм жазгам. Эки учурда тең алган эң чоң сабагым: эгер кийин мен илимий жетекчи болуп калсам, студентке бардык күчүм менен жардам берем. Анткени ал мен билгенди билбейт
889
Сүйүү - бул “эс алагой, мен эшикти сыртынан бекитип коём”
Сүйүү - бул “күтө тур, катуу келе жатат. Келе колуңду”
Сүйүү - бул “бөтөлкөңө жылуу суу куюп койдум. Унутпа”
Сүйүү - бул “сеникин да ала чыккам, күн батканча зикир кылалы”
Сүйүү - бул “телефонуңду зарядкага коюп койгом”
Сүйүү - бул “жакшы эс алдыңбы?” же “Жакшы эс ал, жаным”
Сүйүү - бул “эмне жегиң келип атат. Эмне жасайлы?”
Сүйүү - бул “үйгө кайткан сонун, э? Жагат мага…баарын сонун кылып жасап койгонсуң”
Сүйүү - бул “чарчатыштыбы? Бир аз чыда, аз калды”
Сүйүү - бул “мен апамдын мүнөзүн жакшы билем да, мен ага чыдашым мүмкүн. Сен үчүн оор болуп калат”
Сүйүү - бул “Сенин колуңду кармаганда “мен бул инсанды ыйлатпайм” дегем. Ыйлабачы”
Сүйүү - бул “баары жакшы болот, жаным! Аллах биз менен. Бизге да берет!”
6 ай ичинде мен сезген сүйүүнүн даамы ушул. Ар ким өз тилинде сүйөт, сүйүлөт…🌷
889
Баса, апрель айы 10-12 күн чогуу жашадык. Бул биздин рекоддубуз. 8-9 күнгө өткөндө жүзүбүздөн 2 саат сүйлөбөй турчу дегенди, 10-күнү 1-2 күнгө кетип тур да деген окула баштады го. Жеке аянтча качан да болсо керек экен адамга. Миң сүйүп атсаң дагы🫰🏿
889
Сүйлөшүп жүргөндө телеграмга атайын каттаттыргам. Эмне менен дем алат экенимди билсин, өткөн-кеткен менен таанышсын депчи. Кийин өчүрүп койдум. Өзү билбей деле калды окшойт. Кээде ушакташ керек болот экен, ээн-эркин)))
889
Бирок анча деле сулуу жигит эмес. Ойлоп албагыла, тим эле деп)
Классымдагы окуучуларга таксист бала деп койсом ишенип алышыптыр. Кийин “эже, күйөңүз турбайбы. Ошону билгенден кийин красавчик көрүнүп калды” дешти. “Меники” деп карашканы үчүн эле сулуу боло түштү окшойт да кыязы😝
889
Турмуштун алгачкы күндөрү ары таттуу, ары бактылуу жана ары майда-майда сыноолорго салган күндөр менен коштолот. Ошол күндөрдө көңүлүңө келген алгачкы ой “ырас эле ушул адамга туш болуптурмун” болсун…
889
Турмуштун алгачкы күндөрү ары таттуу, ары бактылуу жана ары майда-майда сыноолорго салган күндөр менен коштолот. Ошол күндөрдө көңүлүңө келген алгачкы ой “ырас эле ушул адамга туш болуптурмун” болсун…
889
Кыска аралыкта эркек үчүн көп нерсенин кереги жок экенин түшүндүм. Эгер каалооңдун түпкүрү эмнеде жатарын түшүнбөсөң сен деле ал менен макул болуп жашай берчүдөйсүң. Бирөө айтты эле ожидание эң жаман оору. Андан айыгуу үчүн максимум жана минимум деген чектерин коюп алуу керек. Эч болбоду дегенде мындай кылам же бул жыйынтыкка макул болом деп. Үй-бүлөдө да ушуну колдонуу туура экен. Болбосо кээ бир нерселерди акча, ресурс, ар түркүн кырдаалдар чайпап салат тура. Ушундайда “жок дегенде муну жасоо керек” деп экинчи чекти көрсөтпөсө… Жогорудагы нике күбөлүгүн алуу салтанаты дал ошол чектин минимуму. Чын жүрөгүмдөн ар бир сулуунун бул күнү эң максимум чекте өтүшүн тилейм. Себеби бул - бакыттын башка түрү экен. Тилектериңерге чоң ыракмат! Сүйүүм менен кабыл алдым✨❤️
