cookie

Ми використовуємо файли cookie для покращення вашого досвіду перегляду. Натиснувши «Прийняти все», ви погоджуєтеся на використання файлів cookie.

avatar

Kloop кыргызча

Кыргызстандын маанилүү жана кызыктуу жаңылыктары кыргыз тилинде. Сайт: https://ky.kloop.kg Фейсбук: https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/ Инстаграм: https://instagram.com/kloopkyrgyz

Більше
Рекламні дописи
794
Підписники
Немає даних24 години
-57 днів
+3930 днів
Час активного постингу

Триває завантаження даних...

Find out who reads your channel

This graph will show you who besides your subscribers reads your channel and learn about other sources of traffic.
Views Sources
Аналітика публікацій
ДописиПерегляди
Поширення
Динаміка переглядів
01
Уран калдыгын ташыган жүк ташуучу унаа кабылган кырсыкты атайын комиссия иликтейт Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Жумгал районунун Миң-Куш айылында уран калдыгын ташып иштеген «Хово» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын сайга кулап түшкөнү боюнча окуяны иликтөө үчүн комиссия түздү. Бул тууралуу «Азаттык» аталган министрликтин басма сөз кызматына таянып жазды. Кырсык 1-июнда Миң-Куш айылындагы «Туюк-Суу» уран калдыгын сактоочу жайда болгон. «Туюк-Суудагы» уран калдыктарын «Дальнее» сактоо жайына ташуу иштери өткөн жылдын август айында башталган. Аны орусиялык «Росатом» ишканасы ишке ашырууда. Буга чейин Миң-Куштун айрым тургундары уран калдыктарын рекультивациялоого каршы чыгып келген. Үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында Жогорку Кеңеш уран казууга уруксат берген мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган. Сүрөт: «Азаттык» #кабарлар
961Loading...
02
Депутаттар майыптыгы барлардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасагандарды өмүр бою эркинен ажыратууну сунушташты Бул мыйзам долбоорун депутаттар Марлен Маматалиев менен Жылдыз Садырбаева демилгелеген. Алар Кылмыш-жаза кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташууда. Мыйзам долбооруна ылайык, «кылмыш жасаган учурда 60 жашка чыккан, баланын жана майыптыгы барлардын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган эркектер» өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Депутаттар социологиялык изилдөөлөргө таянып, «башка эмгекке жарамдуу адамдарга караганда майыптыгы барлар сексуалдык зомбулукка жана агрессивдүү сексуалдык мамилеге көбүрөөк кабылышат» деп белгилейт. «Үй-бүлөдө балдар, аялдар жана майыптыгы барларга карата туруктуу сексуалдык зомбулук физикалык, психикалык жана акыл-эстин бузулушуна алып келиши мүмкүн, ал эми алар кийин жабык мекемелерге жайгаштырылганда да сексуалдык зомбулук жана ырайымсыздыктын курмандыгына айлануу тобокелдиги астында калат», – деп айтылат маалымкат-негиздемеде. #кабарлар
1040Loading...
03
‼ Кемпир-Абад иши: Прокурорлор абактагыларды 20 жылга эркинен ажыратууну сурады 10-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад окуясы боюнча айыпталгандардын иши каралууда. Анда прокурорлор аталган иш боюнча камалган саясатчылар менен активисттерди күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен, 20 жылга эркинен ажыратууну суранды. Бул тууралуу «Азаттыкка» айыпталуучулардын бири, саясатчы, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова билдирди. Жыйын жабык эшик артында өтүп жатат, азырынча толук маалымат бериле элек. 2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га чукул активист, саясатчы кармалган. Аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагылган. Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет. Сот айрым саясатчыларды үй камагына чыгарса, кээ бирин абакта калтырган. #кабарлар
1191Loading...
04
Ноокатта 32 жаштагы аял асынган абалда табылды 10-июлда Ош облустук милициясы Ноокат районунда 32 жаштагы аял асынган абалда табылганын кабарлады. Маалыматка ылайык, 6-июнда Ноокат райондук милициясына Гулистан айыл аймагынын тургуну каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Бул окуя каттоого алынып, натыйжада аял асынып алганы белгилүү болгон. Жергиликтүү басылмалар каза болгон аялдын артында үч баласы калганын жазды. Азырынча аялдын эмнеге асынып алганы белгисиз. Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери уланууда. #кабарлар
1210Loading...
05
«Дордой Моторс» базарынын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышты «Дордой Моторс» базарындагы соодагерлер электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) менен электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) колдонууга каршы болуп, нааразылык акциясына чыкты. «Кактус Медиа» басылмасы митингге азык-түлүк жана жашылча саткан соодагерлер чыкканын жазды. Чогулгандар кассалык-көзөмөл машинасын колдонууга каршы эмес экенин айтып, бирок эсеп фактурасы менен коштомо кагаз ашыкча бюрократия деп, сооданы басаңдатарын белгилешти. Алар бул үчүн атайын бухгалтер жалдап, ага айлык төлөп, кошумча чыгымга дуушар болобуз деп кошумчалашты. Нааразы болгон эл менен базардын директору Эркин Салымбеков жолукту, ал соодагерлерге ишти улантууну же маселе чечилгиче токтотуп турууну сунуштады. 6-июнда президент Садыр Жапаров ишкерлер менен жолугуп, кассалык-көзөмөл машинасы, эсеп фактурасы жана электрондук коштомо кагазды киргизүү маселелери талкууланган. Жыйында коштомо кагаз колдонбогондорго салынчу айып 2025-жылдын 1-январына чейин жылдырылганы белгилүү болгон. Бул меселе өткөн жылы да көтөрүлүп, бир нече ири базардын соодагерлери митингге чыккан. Анда алар панент системасын калтырууну калап кылышкан. #кабарлар
1130Loading...
06
Президент 2010-жылдагы июнь окуясынын 14 жылдыгына карата кайрылуу жасады Садыр Жапаров 2010-жылкы улут аралык кагылышууда каза болгондорду эскерип, анда Кыргызстандын биримдигин уратууга ниет кылгандардын оюу кайсы бир деңгээлде ишке ашканын билдирди. Ал бул «каргашалуу окуяны эсибизден чыгарбашыбыз керек» деп белгиледи. «Бийликке келгендер да, эл да мындай арам ойлуулардын жетегине жетеленбешибиз керек. Жеке кызыкчылыктарга азгырылбай, баарыбыздын ата мекенибиз Кыргызстан экенин, аны бизден башка эч ким коргобосун аңдап түшүнүүбүз зарыл», — деди ал. Ошондой эле Жапаров этностор аралык кагылышуулар азыр да көп өлкөлөр үчүн башкы көйгөй жана оор сыноолордун бири болуп жатканын белгиледи. Ал мамлекет тарабынан көп этностуу элдин ынтымагын бекемдөө үчүн тиешелүү документтер кабыл алынганын айтып, мыйзам үстөмдүгү орногондо гана өлкөдө ынтымак, биримдик жана өнүгүү болот деп кошумчалады. 2010-жылдын 10-14-июнь куңдөрү Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыккан — анда Ош, Жалал-Абадда өзгөчө абал режими жарыяланган. Миңдеген имарат өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басып алынган. Коогалаңда 426 адам көз жумган, миңден ашуун адам жаракат алып, материалдык чыгым 2,2 млрд доллар деп бааланган. Кийин бул боюнча 5,5 миңден ашуун кылмыш иши козголуп, анын 360ынын гана бети ачылганы, 3919 иш токтотулуп, 13 иш боюнча тергөө токтотулганы айтылган. Дагы 1391 иш башка кылмыш иштери менен бир өндүрүшкө бириктирилген. #кабарлар
1020Loading...
07
Гүлназ Жүзбаева пара жеңил атлетика боюнча Париж Олимпиадасына жолдомо утту Кыргызстандык жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева Швейцариянын Ноттвиль шаарында өткөн «Дүйнө гран-при» лицензиялык мелдешинде алтын медалга ээ болуп, Париж Олимпиадасына жолдомо алды. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, спортчу 1,5 чакырымды 6 мүнөт 18 секунд 25 милисекундда чуркап өткөн. Мелдеш 6-июнда башталып, 8-июнда жыйынтыкталды. Ал эми кийинки лицензиялык мелдеш 10-15-июнда Франциянын Париж шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын атынан жөө күлүк Жалалидин Абдувалиев катышат. #кабарлар
1242Loading...
08
Москвада Украинага каршы согушка катышкандарды унаасынан түшүргөн кыргызстандык таксистке козголгон кылмыш иши токтотулду Бул тууралуу 6-июнда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. «Аталган жарандын кайрылуусунун негизинде Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тарабынан арыз ээсине толук консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп, Орусиянын Тышкы иштер министрлигине козголгон кылмыш ишин объективдүү жана ар тараптуу кароо өтүнүчү менен расмий Нота жөнөтүлгөн. Учурда кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу Кыргызстандын жаранына карата кылмыш иши токтотулган», — деп айтылат билдирүүдө. Буга чейин Москвада Украинага каршы согушка катышып келген үч кишини унаасынан түшүрүп койгон кыргызстандык таксистке «жек көрүүнү, кастыкты козутуу, ага тете адамдын ар-намысына шек келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгону айтылган. #кабарлар
2021Loading...
09
УКМК: «Бишкек Нефть Компаниясынын» негиздөөчүсү кармалды «Бишкек Нефть Компаниясы» май куюучу станциялар тармагынын негиздөөчүсү жана ээси кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого шектелип кармалды. Атайын кызматтан шектүү Көлбаев менен ишкердик кылууда колдоо алуу максатында байланыш түзүп, анын кылмыштуу ишин бир нече жолу каржылаганын белгилешти. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Териштирүү иштери уланууда. #кабарлар
1751Loading...
10
Ош: Мурдагы бажычы Матраимовдун үйү жайгашкан жер мамлекетке кайтарылды Бул тууралуу 6-июнда «Азаттыкка» Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алтынбек Пирматов билдирди. «Матраимовдун Супаналиев көчөсүндөгү 15, 17 даректериндеги жери бар экени буга чейин аныкталган болчу. Учурда Супаналиев 17 дарегиндеги жери мамлекеттин карамагына өттү», — деди ал. Буга чейин Пирматов Райымбек Матраимовдун жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун үйлөрү жайгашкан тилке «Балдар чыгармачыл борборуна» таандык социалдык мекеменин жери экенин, аны мамлекетке кайтаруу иши жүрүп жатканын билдирген. Февралдын ортосунда УКМК кызматкерлери Матраимовдун үйүнө мөөр басып бекиткен. Ага чейин Ош мэриясы Матраимовдун Супаналиев көчөсүндөгү үйүнүн тогуз метр короосу муниципалдык менчик деп тосмосун бузган. «Эркиндиктен мыйзамсыз ажыратуу» жана «Кылмыштуу кирешелерди адалдоо» беренелери менен шектелип жаткан Райымбек Матраимов 25-мартта Азербайжандан кармалып, Кыргызстанга алып келинген. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 26-июнга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырган. Атайын кызмат Матраимов маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен «жакын байланышта болгон» деп билдирген. #кабарлар
1641Loading...
11
Ысык-Көл: Экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионаттын иши токтотулду Ысык-Көл облусунда экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионаттын иши токтотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук администрациядан билдиришти. Алар: «Дальний Кардон», «А. Чалжанов» конок үйү, «Смена», «Чолпон-Ата» эс алуу үйү, «Белек», Золотой пески», «Взморье Сити», «Асыл-Таш», «Ой-Керемет», «Золотой-Требас», «Улан» балдардын ден соолукту чыңдоо борбору жана «Кооператор» эс алуу жайлары. Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн тизмедеги кээ бир пансионаттар тазалоочу жайларды курууга киришти. Ошондой эле, мекемеден мыйзам бузуулар жоюлгандан кийин Ысык-Көл райондук администрациясы туристтик сезонго даярдыгын көрсөткөн паспорт берерин кошумчалашты. #кабарлар
1483Loading...
12
Бишкек мэриясы Ош шаарына 100 троллейбус өткөрүп берүүнү пландап жатат Мындай токтомдун долбоорун Бишкек шаардык кеңешине 6-июнда калаа муниципалитети киргизди. Бишкек мэриясынан троллейбустарды өткөрүп берүүгө Ош шаардык мэриясынын 18-мартта президенттин администрациясына жазган кайрылуусу негиз болгонун айтышты. Анда учурда Ош шаары чоң миграциялык агымга кабылганы, андыктан шаар бийлигинде көбөйгөн жүргүнчү агымын чечүү маселеси тургандыгы белгиленген. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, 100 троллейбус 2025-жылдын экинчи кварталында келери пландалып аткан 120 электробустун ордуна барат. Ведомстводон троллейбустарды өткөрүп берүү Бишкекте жүргүнчү ташуунун сапатын төмөндөтпөсүн, себеби троллейбустардын чоң бөлүгү электробустарга алмаштырыларын кошумчалашты. Ошондой эле маалымкат-негиздемеде кээ бир троллейбустардын кызмат өтөө мөөнөтү 15 жылдан ашып кеткени, ошол эле учурда аларды колдонуунун орточо мөөнөтү 20 жылдан ашпашы керектиги айтылат. Бишкек мэриясы троллейбустардын ордуна электробустарды алары майдын башында белгилүү болгон. Анда жергиликтүү активисттер бул ашыкча чыгымга алып келет деп, бул идеяга каршы чыгышкан. Ошондой эле алар кийин электробустардын аккумуляторлору жарактан чыкканда алардын курамында жегич компонеттер бар болгону үчүн сактоо жана утилизация кылууда чоң көйгөй жаратарын айтышкан. Учурда «Бишкек троллейбус башкармалыгынын» балансында 11 маршруттук багыт боюнча каттаган 144 троллейбусу бар. #кабарлар
1551Loading...
13
🚎 Бишкек мэриясы Ош шаарына 100 троллейбус өткөрүп берүүнү пландап жатат Мындай токтомдун долбоорун Бишкек шаардык кеңешине 6-июнда калаа муниципалитети киргизди. Бишкек мэриясынан троллейбустарды өткөрүп берүүгө Ош шаардык мэриясынын 18-мартта президенттин администрациясына жазган кайрылуусу негиз болгонун айтышты. Анда учурда Ош шаары чоң миграциялык агымга кабылганы, андыктан шаар бийлигинде көбөйгөн жүргүнчү агымын чечүү маселеси тургандыгы белгиленген. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, 100 троллейбус 2025-жылдын экинчи кварталында келери пландалып аткан 120 электробустун ордуна барат. Ведомстводон троллейбустарды өткөрүп берүү Бишкекте жүргүнчү ташуунун сапатын төмөндөтпөсүн, себеби троллейбустардын чоң бөлүгү электробустарга алмаштырыларын кошумчалашты. Ошондой эле маалымкат-негиздемеде кээ бир троллейбустардын кызмат өтөө мөөнөтү 15 жылдан ашып кеткени, ошол эле учурда аларды колдонуунун орточо мөөнөтү 20 жылдан ашпашы керектиги айтылат. Бишкек мэриясы троллейбустардын ордуна электробустарды алары майдын башында белгилүү болгон. Анда жергиликтүү активисттер бул ашыкча чыгымга алып келет деп, бул идеяга каршы чыгышкан. Ошондой эле алар кийин электробустардын аккумуляторлору жарактан чыкканда алардын курамында жегич компонеттер бар болгону үчүн сактоо жана утилизация кылууда чоң көйгөй жаратарын айтышкан. Учурда «Бишкек троллейбус башкармалыгынын» балансында 11 маршруттук багыт боюнча каттаган 144 троллейбусу бар. #кабарлар
32Loading...
14
🚎 Бишкек мэриясы Ош шаарына 100 троллейбус өткөрүп берүүнү пландап жатат Мындай токтомдун долбоорун Бишкек шаардык кеңешине 6-июнда калаа муниципалитети киргизди. Бишкек мэриясынан троллейбустарды өткөрүп берүүгө Ош шаардык мэриясынын 18-мартта президенттин администрациясына жазган кайрылуусу негиз болгонун айтышты. Анда учурда Ош шаары чоң миграциялык агымга кабылганы, андыктан шаар бийлигинде көбөйгөн жүргүнчү агымын чечүү маселеси тургандыгы белгиленген. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, 100 троллейбус 2025-жылдын экинчи кварталында келери пландалып аткан 120 электробустун ордуна барат. Ведомстводон троллейбустарды өткөрүп берүү Бишкекте жүргүнчү ташуунун сапатын төмөндөтпөсүн, себеби троллейбустардын чоң бөлүгү электробустарга алмаштырыларын кошумчалашты. Ошондой эле маалымкат-негиздемеде кээ бир троллейбустардын кызмат өтөө мөөнөтү 15 жылдан ашып кеткени, ошол эле учурда аларды колдонуунун орточо мөөнөтү 20 жылдан ашпашы керектиги айтылат. Бишкек мэриясы троллейбустардын ордуна электробустарды алары майдын башында белгилүү болгон. Анда жергиликтүү активисттер бул ашыкча чыгымга алып келет деп, бул идеяга каршы чыгышкан. Ошондой эле алар кийин электробустардын аккумуляторлору жарактан чыкканда алардын курамында жегич компонеттер бар болгону үчүн сактоо жана утилизация кылууда чоң көйгөй жаратарын айтышкан. Учурда «Бишкек троллейбус башкармалыгынын» балансында 11 маршруттук багыт боюнча каттаган 144 троллейбусу бар.
21Loading...
15
Муфтият: Курман айт майрамы 16-июнда белгиленет Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Курман айт жекшемби күнгө туш келгендиктен, дүйшөмбү, 17-июнь эс алуу күнү болорун билдирди. Ал эми борбордук аянтта айт намазы окулабы же жокпу азырынча белгисиз, бул боюнча муфтият кийинчерээк кошумча маалымат берилерин белгиледи. Курман айт — Орозо айт майрамынан 70 күн өткөндөн кийин курмандык чалып белгилөөчү майрам. #кабарлар
1481Loading...
16
Киев уюштурган Тынчтык саммитине Кыргызстан катышпайт Кыргызстан Украинанын демилгеси менен уюштурулуп жаткан Тынчтык саммитине катышпайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов DW агенттигине берген интервьюсунда айтты. Байсалов Кыргызстан Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаалды токтотууга жан үрөй турганын билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстан Москвага жардам берүүгө кызыкдар эмес экенин кошумчалады. «Украина менен көп убакыттан бери тыгыз байланыштабыз. Кыргызстандын өлкө башчысы башында эле биз Орусияга да, Украинага да бирдей мамиле кыларыбызды айткан. Эки өлкө тең бизге жакын Кыргызстанда орусиялык да, украиналык да этникалык азчылыктар жашайт. Биз бул кырдаалды токтотууга жан үрөйбүз. Украина биздин себептерибизди түшүнөт жана биз бардык себептерди (саммитке катышпоонун) негиздеп бердик»,— деди ал. 2022-жылы 24-февраль күнү эртең менен Орусиянын президенти Украинага карата аскердик операцияларды баштаганын жарыялаган. Ошол эле күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина Орусия менен дипломатиялык алакасын үзгөнүн билдирген. #кабарлар
1552Loading...
17
🚍Президент футбол боюнча улуттук курама командага автобус белек кылды Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров жаңы автобустун ачкычын футбол боюнча өлкөнүн улуттук курама командасынын башкы тренери Штефан Тарковичке 6-июнда Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда өткөн беттештен кийин тапшырганын билдирди. «Азаматсыңар! Бирок утушуңар керек эле да, бирок эч нерсе эмес, тең чыгуу да — жаман эмес. Эми бирок эмне кылсаңар да Оманды жеңишиңер керек, эч болбосо тең чыгышыңар керек», — деди Жапаров футболисттерге. Кыргызстан — Малайзия матчы 6-июнда 1-1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. #кабарлар
1541Loading...
18
Орусия мигранттарды жапырт кармоолор башталды «Мемориал» укук коргоочу долбоору билдиргендей, мигранттарга каршы рейддер бүткүл Орусияда башталды. Алардын маалыматына ылайык, полиция мигранттарды адамдын жүзүн аныктаган «Сфера» программасы аркылуу метролордон же жашаган жерлеринен кармап жатат. Кармалгандардын көбү — ооганстандыктар, ошондой эле Конго, Эфиопия, Өзбекстан жана Украинадан келген мигранттар бар. Кармоолор Санкт-Петербургда, Обнинск, Казань, Воронеж, Ростов-на-Дону, Тверь жана Саратов облустарында болгону белгилүү. Укук коргоочулар ондогон же жүздөгөн адам кармалган болушу мүмкүн дешүүдө. «Мемориал» борборунун «Миграция жана укук» программасынын башчысы Светлана Ганнушкина мигранттарга каршы рейддер Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкиндин жакындагы билдирүүсү менен байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептейт. Бастрыкин 4-июнда мигранттардын агымына көзөмөлдү күчөтүлгөн тартипте улантуу маанилүү экенин билдирип, атайын рейддер иш-чараларын токтотпоону тапшырган.
1511Loading...
19
Мамлекеттик салык кызматы үчүн «С» формасындагы жети кабаттуу имарат курулат Мамлекеттик салык кызматынын имаратынын курулушуна мезгил кутусун салуу иш-чарасына Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров катышты. «Жаңы жети кабаттуу имарат уникалдуу архитектурага ээ болот. Ал куш учкан бийиктиктен караганда, улуттук валютабыз – сомду символдоштурган “С” тамгасынын жана “Салык” сөзүнүн биринчи тамгасынын формасында көрүнөт. Мындан тышкары, имараттын өзү биринин үстүнө тизилген тыйындар болот, бул дагы туруктуулукту билдирет», — деди Жапаров. Ал салык кызматы «өз иши менен мамлекеттин негизги өнөктөшү экенин далилдегенин» баса белгиледи. Анын айтымында, акыркы үч жылда мекеме акыркы 30 жылда байкалбаган 100 миллиард долларлык тарыхый чекти эки жолу ашып өткөн (2021-жылы – 105,7 миллиард сом, 2024-жылы – 232 миллиард сом). #кабарлар
1620Loading...
20
Ош: Бетон заводго байланыштуу кармалган мэриянын эки кызматкери үй камагына чыкты 6-июнда кармалган Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкар Пайзиев жана Жолдор башкармалыгынын орун басары Улан Олжобаев Ош шаардык сотунун чечими менен 31-июлга чейин үй камагына чыкты. Бул тууралуу шаардык сотко таянып «Азаттык» жазды. Ош шаарында курулуп жаткан асфальт, бетон заводго байланыштуу кармалган Олжобаев менен Пайзиевге «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шумкар Пайзиев 2022-жылдын аягынан бери Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгын жетектеп келген. Мэрия кызматкерлерине козголгон иш боюнча комментарий бере элек. #кабарлар
1640Loading...
21
Дүйнө чемпионатына тандоо: Кыргызстан менен Малайзиянын беттеши тең чыгуу менен аяктады 6-июнда Бишкек шаарында 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндары өттү. Кыргызстандын улуттук курамасы Малайзия менен ойноп, беттеш 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Эсепти ачкан топту оюндун 24-мүнөтүндө чабуулчу Гүлжигит Алыкулов киргизди. Ал эми 38-мүнөттө бурчтан Кыргызстандын дарбазасына урулган соккуну Валерий Китчин башы менен тосом деп өз дарбазасына киргизип алды. Бул беттеш Кыргызстандын D тайпасында алдыңкы орунга чыгуу мүмкүнчүлүгүн кыйындатты. Тайпада биринчи жана экинчи болгон эки тайпа Дүйнө чемпионатына тандоонун кийинки баскычына өтүп, 2027-жылкы Азия кубогуна жолдомо алат. Азыр Кыргызстан 10 упай менен өз тайпасында экинчи орунда келе жатат. Ал эми Малайзия жети упай менен үчүнчүдө. Жыйынтыктоочу беттеш 11-июнда өтөт. Анда Кыргызстан биринчиде келе жаткан Оман менен беттешет. Ал эми Малайзия Кытайдын Тайбэйи менен ойнойт. #кабарлар
1740Loading...
22
«Тарыхый окуя». Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну илгерилетүү макулдашуусуна кол коюлду Минкабдан билдиришкендей, 6-июнда Пекинде үч өлкөнүн Транспорт министрликтеринин башчылары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоорун илгерилетүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшканын билдирди. «Келишимге кол коюу үч өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун негизги принциптерин жана механизмдерин, анын ичинде темир жолду каржылоону, курууну, эксплуатациялоону жана тейлөөнү белгилейт», — деп айтылат билдирүүдө. Макулдашууга кол коюунун алдында Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын лидерлери видеокайрылуу жасашты. КР президенти Садыр Жапаров бул иш-чараны «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун көптөн күткөн башталышынын тарыхый окуясы» деп атап, «темир жол Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүн бириктирип, Европа өлкөлөрүнө жана Перс булуңуна жаңы транспорт жолдорун ачат» деп белгиледи. Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Өзбекстан, Иран, Түркия аркылуу өтүп, Европага чыга турган темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына дээрлик 20 жылдан ашты. Майдын башында Жапаров темир жолдун курулушу 2024-жылдын октябрында башталарын билдирген. #кабарлар
1772Loading...
23
Баткен: Кара-Токой айылында аялдар үчүн фитнес-клуб ачылды Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүндөгү Кара-Токой айылында аялдар үчүн заманбап фитнес-клуб пайдаланууга берилди. Бул тууралуу 5-июнда Баткен райондук администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган фитнес-клуб «Аялдар тынчтык долбоору», жергиликтүү казына жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланды. Ага жалпы 1 млн 139 миң 876 сом сарпталган. Аталган мекемеден буга чейин аялдар үчүн фитнес-клуб Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылында пайдаланууга берилгенин кошумчалашты. #кабарлар
1660Loading...
24
Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш: Сурабалдиева милицияга тренингдерди өткөрүүнү сунуштады Бул сунушту 6-июнда парламенттин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева айтты. Депутат үй-бүлөлүк зомбулук азайбай, ага милиционерлердин туура эмес мамилесине арызданып, жабыркаган аялдар кайрылып жатканын билдирди. «[Милиционерлер жабыркаган аялдарга] балдарыңарды алып чыгып кетпейсиңерби дешет экен. Же чыга турган жерлери жок. Ошондуктан парламентке өзгөртүүлөр сунушталып жатат, анда үйдөн зөөкүрдүн чыгып кетиши керектиги каралган. [Жабыркагандар] кайда барат? Же мамлекет кризистик борборлорду ачып бербейт, болгону Бишкекте бирөө жана Ошто бирөө бар дешет. Калгандарыбыз, аймактагылар, кайда бармак элек деп жатышат аялдар. Ошондуктан укук коргоо органдарына кайрылат элем, [жабыркагандарга] тыкыр көңүл буруп, шылдыңдабагыла. [...] Органдардын жетекчилеринен суранат элем, аймактарда милиция кызматкерлерине үй-бүлөлүк зомбулук темасында тренингдерди өтүп бергиле», — деп кайрылды ал. #кабарлар
1642Loading...
25
Москвада Украинага каршы согушка катышкандарды унаасынан түшүргөн кыргызстандык таксистке кылмыш иши козголду Москвада таксист Украинага каршы согушка катышып келген үч кишини унаасынан түшүрүп койгон. Бул окуя 2-июнда болгон. Бул фактынын негизинде Орусиянын Тергөө комитети жек көрүүнү, кастыкты козутуу, ага тете адамдын ар-намысына шек келтирүү беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле соцтүйүндө жарандык кийимчен аскерлер автожолдун четинде таксистти кууп баратканы тартылган видео тарады. Видеонун автору таксист аскерлерлерди алар Украинадагы согуштан келгенин уккан соң түшүрүп салганын айткан. Ал эми чырдын дагы бир катышуучусу таксист аларды «Крокус-сити» жөнүндө сөз башталганда түшүргөнүн билдирген. Орусия ЖМКсынын маалыматына ылайык, таксисттин аты Аипбек Латипов, ал Кыргызстандын жараны. Ал журналисттерге жүргүнчүлөрү ал күнү мас абалда болгонун, ага орой мамиле кылып, андан соң төлөө ыкмасын нак акчага өзгөртүп коюшканын айтып берген. Ошол эле кезде алардын бара турган дареги 100 чакырымдай узак болгонун кошумчалаган. Анын айтымында, «алар акыры төлөйбү же төлөбөй коёбу белгисиз болгон». Мындан тышкары, ал машинаны жолдун ортосуна эмес, жүргүнчүлөр башка такси чакырып кете алгыдай атайын чөнтөкчөгө токтоп бергенин белгилеген. «Мен кадимкидей эле башка такси чакыргыла дедим. Алар дароо кыйкырып, мага “атырылып” киришти. Мени чаап башташты. Бирөөсү “Бул жерде биз башчыбыз. Сенин ишиң бизди жеткирүү” деп айтты. Экөө унаадан чыгып, бирөө менин эшигимди ачты. Мен да эшикке чыксам, түрткүлөп башташты. Бирөө бел тушка урду. Биринчи жолу ушундайга кабылып жатам. Мен эмне кылышым керек эле?!» — деп кейиген таксист. Ошондой эле таксист жүргүнчүлөрү аны жакын жердеги «токойго» алып барганга аракет кылышканын, ал жардамга чакырып жолго чуркап чыкканын, бирок башка таксисттер келип токтогончо эч ким токтобой койгонун айткан. Окуядан кийин ал полицияга чалып, бирок наряд чакыртуудан баш тарткан. Аипбек 2021-жылдан бери Москвада жашайт. Ал таксиде жана стоматологиялык клиникада иштейт. Бул окуядан кийин аны таксиден бошотуп салышкан.
1564Loading...
26
Жогорку Кеңеште Бишкеке метро куруу маселеси кайрадан көтөрүлдү Жогорку Кеңештин 6-июндагы жыйынында депутат Арсланбек Малиев Бишкекке метро курууну сунуштады. Эл өкүлү ал үчүн чет өлкөдөн инвесторлорду тартуу керек деп белгиледи. Ал эми кесиптеши Балбак Түлөбаев борбор калаага метро эмес, монорельс куруш керек деп билдирди. Анын айтымында, монорельс метрого караганда арзан болот. «Түшүнбөгөндөр ушул күнгө чейин сунушума күлүп отурат. Мэрия мени укпай койду. Бир автобустун узундугу 12 метр, жол чыракка үч автобус токтосо, 36 метр болот. Анан тыгын пайда болот. 160 миллион долларга автобус алгандын ордуна 150 миллион долларга эки дарыянын боюна монорельс орнотсо болмок. Монорельс саатына 150 миң адамды ташыйт», — деди ал. Парламентте Бишкекке метро куруу маселеси мурда да көтөрүлгөн. Бишкектин 2016-жылдагы башкы планында 2025-жылга чейин жер үстүндөгү метро куруу каралган. 2022-жылы мэрия долбоор даярдалып бүтүп, инвесторлор менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирген, бирок кийин ал токтоп калган. #кабарлар
1611Loading...
27
Ош: Дагы бир мончодон өрт чыкты Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан дагы бир мончодон өрт чыкты. Бул тууралуу 5-июнда ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө бир күжүрмөн топ тартылды. Жабыркагандар жок. Ошол эле күнү 14:06да Ош шаарынын Көкүмбий көчөсүндө жайгашкан «Байкөл» мончосунун суу казаны жарылып, өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен 7 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. #кабарлар
1630Loading...
28
⚽Бишкекте Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы футболдук матчка байланыштуу айрым көчөлөр тосулат Милициядан билдиришкендей, бүгүн саат 14:00дөн баштап спорттук иш-чара аяктаганга чейин (матч 21:00дө башталат) убакытылуу төмөнкү көчөлөр тосулат: — Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин; — Фрунзе көчөсү Исановдон Панфилов көчөсүнө чейин.
1711Loading...
29
Депутат Айдарова «Бүтүн Кыргызстандан» четтетилгени боюнча комментарий берди Айгүл Айдарова фейсбук барагында кайрылуу жасап, анын фракциядан четтетилиши ал үчүн «эч кандай мааниге ээ эместигин» айтып, «фракция жыйындарына катышпай жүргөн» деген күнөө «негизсиз» экенин билдирди. «Мандат алып иштеген күндөн баштап 4 жолу гана фракция жыйыны болгон. Мен баарына катышкам. Аны кесиптешим фракция жыйынында айтып берди. Мейли ал башкысы эмес фракциядан чыгаруу маселесин Мадумаров ушул күнгө чейин өзү бир да козгогон эмес, козгой да алмак эмес. Болгону азыр чокту Масалиевдин колу менен кармады. Чындыктын символу деген партиянын ичинде кандай "былыктары" бар экенин кеп кылсак анда кептин төркүнүн башынан баштоо керек. [...]Болгону башкалар айтпаганды мен ачык айтып койгонум үчүн да жакпай калып жатам», — дейт Айдарова. Андан тышкары Айдарова депутаттык ишин улантарын, алдыда пландары көп экенин айтып, учурда ден соолугуна байланыштуу дарыланып жатканын кошумчалады. 5-июнда «Бүтүн Кыргызстандын» жетекчиси Исхак Масалиев депутат Айдарова эмгек тартибин сактабагандыгы, фракция жыйындарына катышпагандыгы үчүн партиянын катарынан четтетилгенин билдирген. #кабарлар
1810Loading...
30
Бишкектин экс-вице-мэри Максатбек Сазыкулов эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду Мындай чечимди 30-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарып, Сазыкуловдун баш коргоо чарасын эч жакка кетпөө тил катына өзгөрттү. УКМК Сазыкуловду апрелдин ортосунда мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалоого шектеп кармаган. Чиновник УКМКнын тергөө абак жайына киргизилген. #кабарлар
1770Loading...
31
⚡️Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик кыргызстандыктар боюнча жаңы маалыматтар ачыкка чыкпаганын билдирди Мамлекеттик агенттик Team Insane Pakistan деп аталган хакерлер тобу уюштурган киберчабуул менен жүз миңдеген кыргызстандыктардын жеке маалыматтарына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон деген билдирүүлөргө комментарий берди. Агенттиктин адистери окуяны иликтеп чыгып, бул маалымат «жалган» деген жыйынтыкка келишкени айтылат. «Жарыяланган кыргызстандыктардын 600 миң жеке маалыматтары жөнүндө талдоо 2020-жылы Салык кызматынан чыгып кеткен фактылар боюнча жарыяланган маалыматтарга окшош. Байкоо көрсөткөндөй, мамлекеттик органдардын маалымат тутумдарынан жалпыга маалымдоо каражаттарында көрсөтүлгөн жеке маалыматтар акыркы убакта ачыкка чыкпаган, бул ЖМКларда таратылган маалыматтарга дал келбейт», — деп билдирди мамлекеттик агенттик. Мамлекеттик агенттик билдирген 2020-жылдагы Салык кызматынан чыгып кеткен маалыматтарда 879 миң 271 жазуу болгон. Анда салык төлөөчүнүн реквизиттери, атап айтканда, жарандын аты-жөнү, ИНН жана дареги чогултулган. Анда Салык кызматы бул маалыматтар ачык маалымат экенин жана салык сырына тиешеси жок экенин билдирген. #кабарлар
1990Loading...
32
Депутат Айгүл Айдарова «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын катарынан четтетилди Бул тууралуу 5-июнда фракциянын жетекчиси Исхак Масалиев «Акипресс» басылмасына билдирди. Анын айтымында, буга анын эмгек тартибин сактабагандыгы, фракция жыйындарына катышпагандыгы жана эмне үчүн катышпаганын билдирбегени себеп болгон. «Ага эркиндик керек болгондуктан, биз аны эркиндикке чыгардык. Ал фракциянын катарынан чыгарылганы менен, Жогорку Кеңештин депутаты боюнча калат. Биз аны “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы жана партиясы менен байланыштырбоосун суранабыз. Анын жүрүм-турумуна шайлоочулар нааразы. Азыр деле ички маселелер бар, бирок бул басма сөз үчүн эмес», - деп кошумчалады депутат. Ушул тапта фракциянын курамында төрт депутат калды. Алар — Исхак Масалиев, Эмил Токтошев, Гуля Кожокулова жана Алишер Эрбаев. Буга чейин «Бүтүн Кыргызстандын» көп жылдык лидери, БШК мандатынан ажыраткан Адахан Мадумаров айрым партиялаштарын сынга алган. Ал «Бүтүн Кыргызстандын» тизмеси менен Жогорку Кеңешке келип алып, бийликтин партиясы менен келгендерден эки эсе аша чаап, жасакерленип жаткандар бар экенин айткан. #кабарлар
1841Loading...
33
Ош: «Байкөл» мончосунда өрт чыгып, жети адам жабыркады ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 5-июнда 14:06 чамасында Ош шаарынын Көкүмбий көчөсундө жайгашкан «Байкөл» мончосунун суу казаны жарылып, өрт чыкканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө ӨКМдин жергиликтүү бөлүмдөрү тартылып, өрт ыкчам өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен 7 адам жабыркап, ооруканага жеткирилди. #кабарлар
1620Loading...
34
УКМК Сузакта тууну өрттөөгө шектелип 19 жана 16 жаштагы эки кыз кармалганын билдирди Атайын кызматтын маалыматына ылайык, тууну өрттөөнү уюштурган 19 жаштагы тургун, ал эми кичүүсү ага шерик болгон. Экөө дагы өрт коюлган Бек-Абад айылынын тургундары, ошондой эле «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү. «Алар кылмыштуу ниетин жасоо максатында үстүбүздөгү жылдын жаз айларында Жалал-Абад шаарындагы “Береке” базарынан ак кездеме, “Бек-Абад” базарынан кара маркерлер сатып алышкан», – деп айтылат билдирүүдө. Андан сырткары, коопсуздук кызматкерлери кыздардын биринин апасы менен агасын, ошондой эле «экстремисттик адабияттарды» сактаган эки аялды кармашкан. Аларга тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» экстремисттик уюмуна мүчө болуу, экстремисттик адабияттарды сактоо жана таратуу, мамлекеттик символикаларды жок кылуу беренелери боюнча айып тагылган. Тергөөнүн жүрүшүндө бардык шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 30-майга караган түнү Сузак районундагы №4 Б.Шамшиев атындагы жана №88 С.Атабеков атындагы орто мектептердин, ошондой эле Атабеков айыл өкмөтүнүн имаратына илинген мамлекеттик желектерди өрттөп, ордуна араб жазуусу бар ак матаны илип кетишкени белгилүү болгон. Милиция окуяга шектүүлөрдү издөө иштерин улантып жаткан. #кабарлар
1660Loading...
35
❗️Парламент Башкы прокурорлукка Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырды Анын талапкерлигин президент Садыр Жапаров көрсөткөн. Асаналиев кызматтан өз каалоосу менен кеткен Курманкул Зулушевдин ордуна дайындалды. Асаналиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, «Башкы прокуратура азыр анын алдында турган милдеттерди аткарууга жетиштүү ыйгарым укуктарга ээ» деди. Ошол эле учурда анын пикиринде, көзөмөл органына тергөө ыйгарым укуктары керек. Белгилүү болгондой, 46 жаштагы Асаналиев УКМКда эмгек жолун 2001-жылы тергөөчү катары баштап, 2010-жылга чейин өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчү болгон. Андан кийин Башкы прокуратурага өтүп, ал жерде дагы өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп иштеген. 2015-2018-жылдары Башкы прокуратуранын Ички иликтөө башкармалыгын жетектеп, кийин Бишкектин Биринчи Май районунун прокурору болгон. 2022-жылдын май айынан бери Ош облусунун прокурору болуп иштеп келген. #кабарлар
1622Loading...
36
‼️Хакердик топ өкмөттүк сайтты бузуп кирип, жүз миңдеген кыргызстандыктын жеке маалыматтарын алганын айтты Өздөрүн Team Insane Pakistan деп атаган хакерлер тобу 600 миңден ашуун кыргызстандыктын жана компаниялардын маалыматтарын алып, жарыялаганын билдирди. Бул тууралуу «Азаттык» хакерлердин Telegram жана Facebook барагына шилтеме берип жазды. Алардын айтымында, хакерлер муну 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдик студенттерге зордук-зомбулук көрсөткөн башаламандыкка каршы «нааразычылык» катары жасашкан. Хакерлердин айтымында, алар gov.kg сайтынын субдоменин бузуп, Жогорку соттун маалыматтарын алышкан. Ал эми «Азаттыкка» бул маалыматты сот четке какты. «"Азаттыктын" изилдөөсү хакерлер жарыялаган базада эски маалыматтар камтылганын, ошентсе да көп адамдын аты-жөнү, дареги жана жеке идентификациялык номурлары дале актуалдуу экенин көрсөттү. Тизмеде жөнөкөй жарандардан тарта, Кыргызстандагы мамлекеттик кызматтагы адамдардын, саясатчылардын жана киберкоопсуздукка жооптуу жетекчилердин да жеке маалыматтары бар. Алардын бир бөлүгү дале тизмеде көрсөтүлгөн даректерде жашаса, бир бөлүгү базадагы даректерден көчүп кетишкенин айтышты», — деп жазды «Азаттык». «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун санариптик экспертизага адистешкен журналисти Рийн Алястын айтымында, 630 миңден ашык саптан турган хакерлердин жарыяланган тизмесинде кеминде 523 миң 594 уникалдуу ИНН бар. Ошол эле учурда тизмеде ИННи жок адамдар жана компаниялар да кездешет. #кабарлар
1711Loading...
37
Жогорку Кеңеш Зулушевди башкы прокурор кызматынан бошотууга макулдук берди Мындай чечимди депутаттар 5-июндагы жыйында кабыл алды. Ага 58 эл өкүлү макул, ал эми бирөө каршы добуш берди. Зулушевдин ордуна өлкө башчысы башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевди сунуштады. Документ парламенттин кароосуна жиберилди. 3-июнда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызматтан кеткени белгилүү болгон. Президенттин басма сөз катчысынын айтымында, ал өз каалоосу менен иштен кеткен. #кабарлар
1831Loading...
38
Жалал-Абад: Унаа сүзүп кеткен индиялык студент кыз ооруканада каза болду Жалал-Абад облусунда унаа сүзүп кеткен индиялык студент кыз 29-майда облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болду. Бул тууралуу мекеменин дарыгерине таянып, «Азаттык» жазды. Ал эми автоунаанын айдоочусун 27-майда Жалал-Абад шаардык соту 24-июлга чейин үй камагына бошоткон. Алгач чет өлкөлүк студент кызды унаа сүзүп кеткени тууралуу фейсбук колдонуучусу Раушан Айткулова 23-майда жазган. Ал жабырлануучунун башына операция жасалып комада жатканын, ал эми сүзүп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголо электигин айтып, президенттен абалды көзөмөлгө алууну суранган. Кийин ИИМдин басма сөз кызматы, окуя 14-майда болгонун тастыктап, кызды сүзүп кеткен «Мерседес Бенц» автоунаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголуп, 25-майда убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирген. Окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланып жаткан белгилешкен. Маркум индиянын жараны Тарнам Кхан Жалал-Абад университетинин медицина факултетинин 1-курсунун студенти болгон. #кабарлар
1920Loading...
39
Сузактагы кырсыктан жабыркаган балдардын баары ооруканадан чыкты Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абаддагы координатору Каарманбек Байдавлетов «Азаттыка» билдирди. Анын айтымында, кырсыктан жабыркагандардын акыркысы 28-майда үйүнө чыккан. «Кырсыкка кабылып ооруканада жаткандардын баары үйүнө чыгып келишти. Акыркысы Бишкектен 27-майда келди. Балдар учурда үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал эми башка врачтар керек болуп калса, биз үйлөрүнө алып барып көрсөтүп турабыз», - деди Байдавлетов 2-майда үч миңдей мектеп окуучусу республикалык сынактын алкагында «Манас» айтуу иш-чарасына чогулган Катмы жайлоосунда Hyundai Porter жүк ташуучу унаасы ондогон адамды сүзүп кеткен. Натыйжада 30га жакын бала жабыркап, анын ону Бишкекке жеткирилген жана айрымдарына операция жасалган. Катуу жабыркаган беш баланын үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 200 миң сомдон, башка жараат алган балдарга 50 миң сомдон бөлүнгөн. Окуянын негизинде «Жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу» беренеси боюнча иш козголгон. Окуучуларды сүзүп кеткен Hyundai Porter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу камакка алынып, кийинчирээк үй камагына чыгарылган. Окуяны атайын комиссия иликтеп, натыйжада 21 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылып, алтоону кызматтан бошотуу сунушталган. #кабарлар
2122Loading...
Фото недоступнеДивитись в Telegram
Уран калдыгын ташыган жүк ташуучу унаа кабылган кырсыкты атайын комиссия иликтейт Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Жумгал районунун Миң-Куш айылында уран калдыгын ташып иштеген «Хово» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын сайга кулап түшкөнү боюнча окуяны иликтөө үчүн комиссия түздү. Бул тууралуу «Азаттык» аталган министрликтин басма сөз кызматына таянып жазды. Кырсык 1-июнда Миң-Куш айылындагы «Туюк-Суу» уран калдыгын сактоочу жайда болгон. «Туюк-Суудагы» уран калдыктарын «Дальнее» сактоо жайына ташуу иштери өткөн жылдын август айында башталган. Аны орусиялык «Росатом» ишканасы ишке ашырууда. Буга чейин Миң-Куштун айрым тургундары уран калдыктарын рекультивациялоого каршы чыгып келген. Үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында Жогорку Кеңеш уран казууга уруксат берген мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган. Сүрөт: «Азаттык» #кабарлар
Показати все...
Депутаттар майыптыгы барлардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасагандарды өмүр бою эркинен ажыратууну сунушташты Бул мыйзам долбоорун депутаттар Марлен Маматалиев менен Жылдыз Садырбаева демилгелеген. Алар Кылмыш-жаза кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташууда. Мыйзам долбооруна ылайык, «кылмыш жасаган учурда 60 жашка чыккан, баланын жана майыптыгы барлардын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган эркектер» өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Депутаттар социологиялык изилдөөлөргө таянып, «башка эмгекке жарамдуу адамдарга караганда майыптыгы барлар сексуалдык зомбулукка жана агрессивдүү сексуалдык мамилеге көбүрөөк кабылышат» деп белгилейт.
«Үй-бүлөдө балдар, аялдар жана майыптыгы барларга карата туруктуу сексуалдык зомбулук физикалык, психикалык жана акыл-эстин бузулушуна алып келиши мүмкүн, ал эми алар кийин жабык мекемелерге жайгаштырылганда да сексуалдык зомбулук жана ырайымсыздыктын курмандыгына айлануу тобокелдиги астында калат»,
– деп айтылат маалымкат-негиздемеде. #кабарлар
Показати все...
‼ Кемпир-Абад иши: Прокурорлор абактагыларды 20 жылга эркинен ажыратууну сурады 10-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад окуясы боюнча айыпталгандардын иши каралууда. Анда прокурорлор аталган иш боюнча камалган саясатчылар менен активисттерди күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен, 20 жылга эркинен ажыратууну суранды. Бул тууралуу «Азаттыкка» айыпталуучулардын бири, саясатчы, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова билдирди. Жыйын жабык эшик артында өтүп жатат, азырынча толук маалымат бериле элек. 2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га чукул активист, саясатчы кармалган. Аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагылган. Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет. Сот айрым саясатчыларды үй камагына чыгарса, кээ бирин абакта калтырган. #кабарлар
Показати все...
👍 1
Фото недоступнеДивитись в Telegram
Ноокатта 32 жаштагы аял асынган абалда табылды 10-июлда Ош облустук милициясы Ноокат районунда 32 жаштагы аял асынган абалда табылганын кабарлады. Маалыматка ылайык, 6-июнда Ноокат райондук милициясына Гулистан айыл аймагынын тургуну каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Бул окуя каттоого алынып, натыйжада аял асынып алганы белгилүү болгон. Жергиликтүү басылмалар каза болгон аялдын артында үч баласы калганын жазды. Азырынча аялдын эмнеге асынып алганы белгисиз. Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери уланууда. #кабарлар
Показати все...
1😢 1
«Дордой Моторс» базарынын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышты «Дордой Моторс» базарындагы соодагерлер электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) менен электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) колдонууга каршы болуп, нааразылык акциясына чыкты. «Кактус Медиа» басылмасы митингге азык-түлүк жана жашылча саткан соодагерлер чыкканын жазды. Чогулгандар кассалык-көзөмөл машинасын колдонууга каршы эмес экенин айтып, бирок эсеп фактурасы менен коштомо кагаз ашыкча бюрократия деп, сооданы басаңдатарын белгилешти. Алар бул үчүн атайын бухгалтер жалдап, ага айлык төлөп, кошумча чыгымга дуушар болобуз деп кошумчалашты. Нааразы болгон эл менен базардын директору Эркин Салымбеков жолукту, ал соодагерлерге ишти улантууну же маселе чечилгиче токтотуп турууну сунуштады. 6-июнда президент Садыр Жапаров ишкерлер менен жолугуп, кассалык-көзөмөл машинасы, эсеп фактурасы жана электрондук коштомо кагазды киргизүү маселелери талкууланган. Жыйында коштомо кагаз колдонбогондорго салынчу айып 2025-жылдын 1-январына чейин жылдырылганы белгилүү болгон. Бул меселе өткөн жылы да көтөрүлүп, бир нече ири базардын соодагерлери митингге чыккан. Анда алар панент системасын калтырууну калап кылышкан. #кабарлар
Показати все...
Торговцы рынка "Дордой Моторс" вышли на митинг против ЭТТН и ЭСФ

Часть торговцев рынка "Дордой Моторс" вышли на митинг. Они требуют отменить ЭТТН и ЭСФ.

Президент 2010-жылдагы июнь окуясынын 14 жылдыгына карата кайрылуу жасады Садыр Жапаров 2010-жылкы улут аралык кагылышууда каза болгондорду эскерип, анда Кыргызстандын биримдигин уратууга ниет кылгандардын оюу кайсы бир деңгээлде ишке ашканын билдирди. Ал бул «каргашалуу окуяны эсибизден чыгарбашыбыз керек» деп белгиледи.
«Бийликке келгендер да, эл да мындай арам ойлуулардын жетегине жетеленбешибиз керек. Жеке кызыкчылыктарга азгырылбай, баарыбыздын ата мекенибиз Кыргызстан экенин, аны бизден башка эч ким коргобосун аңдап түшүнүүбүз зарыл»,
— деди ал. Ошондой эле Жапаров этностор аралык кагылышуулар азыр да көп өлкөлөр үчүн башкы көйгөй жана оор сыноолордун бири болуп жатканын белгиледи. Ал мамлекет тарабынан көп этностуу элдин ынтымагын бекемдөө үчүн тиешелүү документтер кабыл алынганын айтып, мыйзам үстөмдүгү орногондо гана өлкөдө ынтымак, биримдик жана өнүгүү болот деп кошумчалады. 2010-жылдын 10-14-июнь куңдөрү Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыккан — анда Ош, Жалал-Абадда өзгөчө абал режими жарыяланган. Миңдеген имарат өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басып алынган. Коогалаңда 426 адам көз жумган, миңден ашуун адам жаракат алып, материалдык чыгым 2,2 млрд доллар деп бааланган. Кийин бул боюнча 5,5 миңден ашуун кылмыш иши козголуп, анын 360ынын гана бети ачылганы, 3919 иш токтотулуп, 13 иш боюнча тергөө токтотулганы айтылган. Дагы 1391 иш башка кылмыш иштери менен бир өндүрүшкө бириктирилген. #кабарлар
Показати все...
УКМК 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуу боюнча тергөөнү кайрадан баштады | Клооп кыргызча | Кыргызстан жаңылыктары

2010-жылы июнь айында өлкөнүн түштүгүндө болгон улуттар аралык кагылышуулар иши боюнча «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде тергөө кайрадан башталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.УКМКдан белгилешкендей, иш 15-апрелде президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жандантылган. Мамкомитеттен түшүндүрүшкөндөй, текшерүү *Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине мыйзамсыз көмөктөшүү фактысы боюнча Убактылуу өкмөттүн […]

Фото недоступнеДивитись в Telegram
Гүлназ Жүзбаева пара жеңил атлетика боюнча Париж Олимпиадасына жолдомо утту Кыргызстандык жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева Швейцариянын Ноттвиль шаарында өткөн «Дүйнө гран-при» лицензиялык мелдешинде алтын медалга ээ болуп, Париж Олимпиадасына жолдомо алды. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, спортчу 1,5 чакырымды 6 мүнөт 18 секунд 25 милисекундда чуркап өткөн. Мелдеш 6-июнда башталып, 8-июнда жыйынтыкталды. Ал эми кийинки лицензиялык мелдеш 10-15-июнда Франциянын Париж шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын атынан жөө күлүк Жалалидин Абдувалиев катышат. #кабарлар
Показати все...
Москвада Украинага каршы согушка катышкандарды унаасынан түшүргөн кыргызстандык таксистке козголгон кылмыш иши токтотулду Бул тууралуу 6-июнда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Аталган жарандын кайрылуусунун негизинде Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тарабынан арыз ээсине толук консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп, Орусиянын Тышкы иштер министрлигине козголгон кылмыш ишин объективдүү жана ар тараптуу кароо өтүнүчү менен расмий Нота жөнөтүлгөн. Учурда кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу Кыргызстандын жаранына карата кылмыш иши токтотулган»,
— деп айтылат билдирүүдө. Буга чейин Москвада Украинага каршы согушка катышып келген үч кишини унаасынан түшүрүп койгон кыргызстандык таксистке «жек көрүүнү, кастыкты козутуу, ага тете адамдын ар-намысына шек келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгону айтылган. #кабарлар
Показати все...
👍 1
Фото недоступнеДивитись в Telegram
УКМК: «Бишкек Нефть Компаниясынын» негиздөөчүсү кармалды «Бишкек Нефть Компаниясы» май куюучу станциялар тармагынын негиздөөчүсү жана ээси кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого шектелип кармалды. Атайын кызматтан шектүү Көлбаев менен ишкердик кылууда колдоо алуу максатында байланыш түзүп, анын кылмыштуу ишин бир нече жолу каржылаганын белгилешти. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Териштирүү иштери уланууда. #кабарлар
Показати все...
Ош: Мурдагы бажычы Матраимовдун үйү жайгашкан жер мамлекетке кайтарылды Бул тууралуу 6-июнда «Азаттыкка» Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алтынбек Пирматов билдирди.
«Матраимовдун Супаналиев көчөсүндөгү 15, 17 даректериндеги жери бар экени буга чейин аныкталган болчу. Учурда Супаналиев 17 дарегиндеги жери мамлекеттин карамагына өттү»,
— деди ал. Буга чейин Пирматов Райымбек Матраимовдун жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун үйлөрү жайгашкан тилке «Балдар чыгармачыл борборуна» таандык социалдык мекеменин жери экенин, аны мамлекетке кайтаруу иши жүрүп жатканын билдирген. Февралдын ортосунда УКМК кызматкерлери Матраимовдун үйүнө мөөр басып бекиткен. Ага чейин Ош мэриясы Матраимовдун Супаналиев көчөсүндөгү үйүнүн тогуз метр короосу муниципалдык менчик деп тосмосун бузган. «Эркиндиктен мыйзамсыз ажыратуу» жана «Кылмыштуу кирешелерди адалдоо» беренелери менен шектелип жаткан Райымбек Матраимов 25-мартта Азербайжандан кармалып, Кыргызстанга алып келинген. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 26-июнга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырган. Атайын кызмат Матраимов маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен «жакын байланышта болгон» деп билдирген. #кабарлар
Показати все...
👏 1