cookie

ما از کوکی‌ها برای بهبود تجربه مرور شما استفاده می‌کنیم. با کلیک کردن بر روی «پذیرش همه»، شما با استفاده از کوکی‌ها موافقت می‌کنید.

avatar

Сыр сандык 🔐

Кызыктуу окуялар жана аңгемелер 📝 Админ: @zolotoi_kg 👤

نمایش بیشتر
پست‌های تبلیغاتی
1 401
مشترکین
-324 ساعت
+327 روز
+14830 روز
توزیع زمان ارسال

در حال بارگیری داده...

منابع ترافیک
هیچ داده‌ای
مشکلی وجود دارد؟ لطفاً صفحه را تازه کنید یا با مدیر پشتیبانی ما تماس بگیرید.
تجزیه و تحلیل انتشار
پست هابازدید ها
به اشتراک گذاشته شده
ديناميک بازديد ها
01
Media files
2500Loading...
02
Media files
3310Loading...
03
#АКЫРКЫ КАТ. Эшик таң атпай тарсылдап калды. Асел эшикти ачып, айылда ичкилик менен аты чыккан Такиш байкени көрүп жаман көзү менен карай берди. – Ким керек сага? – Апаң... Апаңды чакырып койчу. – Дагы акча сураганы келдиңби? Апасы кобур-собурду угуп сыртка чыкты. – Сен кир, кызым, мен өзүм сүйлөшөм. Жаман көзү менен карап алып кирип кеткен Асел сыртта Такиштин каргылдана актанып, бир нерсе сурап жатканын укту. “Дайыма ушул акыркы жолу дейт. Апам да бул адамга келгенде эле мээрман болуп чыга келет. Тажатышты” деп жинденип жатты. – Алкаш десе, дагы акча сурап келиптирби?- деди апасы киргенде. – Антпе, кызым. Ал да Кудайдын бир пендеси. – Балдар мени шылдыңдап жатышат. “Такиштин кызы” деп айтышты. Апа, ушул кишиге жардам бербей эле койчу. Мага жакпайт. – Такиш учурунда кандай адам болгонун билгенде балдарың да, сен да антип шылдыңдабайт элеңер,- деди апасы кейиштүү. – Сасыгы тим эле мурдуңду жарат го. Кантип сүйлөшөсүз билбейм. Асел апасы эмне дегенине маани берген жок. Мектепке кетти. Алима оор үшкүрдү. Такиш бир күндө ушинтип калбады. Кезине бүт айыл суктанган, элдин баары үмүт кылган мыкты жигиттерден болчу. Акылдуу эле. Буга өзүнүн да күнөөсү бар. Бардык классташтары Такиш ага ашык экенин билишчү, бирок ал Аманды жактырчу. Тагдырдын тамашасы менен үчөө тең Бишкекте окуп калышты. Такиш Алимага болгон махабатын ичине катып, экөөнүн жан досу болуп жүрдү. Такиш жан дүйнөсү таза, дардаңдаган берешен, кимдин болсо да ишин кылып жибергенге дилгир жигит эле. Аман болсо тескерисинче, пайда чыга турган жерге барчу. Тилекке каршы, жаштыгы менен Алима кимдин ким экенин кийин түшүндү. Аман экөө үйлөндү, ичинен кан өтсө да Такиш алардын тоюнда күйөө жолдош болду. Жыл айланбай Алиманын боюнда болду. Эмнегедир күйөөсүнүн кыялы өзгөрүлүп, кээде колу тийип, тили тийип баштады. Алима бир күнү күйөөсү уктап жатканда бейтааныш номерден билдирүү келгенин байкады. Ачса “сен аялың менен качан ажырашасың? Эгерде аялың менен жыйыштырбасаң, сага алып берген машинени ордуна коюп кой” деп жазылыптыр. Башынан ылдый суу төккөндөй болуп чочуп кетти Алима. Эртеси күйөөсүнүн артынан билдирбей чыкты. Жамгыр чакалап төгүп жаткан. Кооз хан сарайга өз үйүнө киргендей кирип кеткен Аманды көрдү. Эми дарбазанын коңгуроосуна колун көтөрүп бара жатса кимдир-бирөө колунан кармап калды. Караса Такиш экен. Ыйлап жиберди. – Кирбей эле кой, ыплас нерсени көрүп эмне кыласың. Мени уксаң кирбе,- деди ал боору ооруй карап. Алима алсыз башын ийкеди. Такиш аны машинесине отургузуп алып кетти. Бир кафеге барып отурушту. Калтырап үшүп калган экен, келин ысык чай ичип өзүнө келди. – Сен канчадан бери билесиң? – 5-6 ай болуп калды. Көп жолу айттым токтот деп, укпады. Казинодо да ойноп жүрөт. – Калп! – Сен кайсыга ишенгиң келсе ишен, чын эле, балким, жалгандыр,- деди Такиш чын экенин билип турса да. Көрсө, тиги колунда бар бизнесмен аял менен эбактан бери эле жакын экен Аман. Акчасына кызыгып гана жүргөнү Такишке белгилүү болчу. Бир кезде Алиманын ичи ооруй баштады. – Ичим ооруп жатат,- деди Такишке алайып карап. – Жакын беле төрөтүң? – Жок, дагы убакыт бар эле. Эмне кылам эми?- деп коркуп кетти. – Эч нерсе эмес, мен жаныңдамын! Машинага салып төрөт үйүнө тез жеткирди Алиманы. Кыйналып жатып кызын жарык дүйнөгө алып келди. Уктап ойгонгондо эле тумбочкасында жыты аңкыган гүлдөр турганын көрдү. “Аман алып келди! Баары бир мени унутпаптыр” деди жүрөгү тыбырчылай. – Жолдошуң аябай жакшы жигит экен,- деди медайым жылмайып тиктеп. – Тим эле тынчсызданып, сурап жатты. Төрөгүчө түнү менен сенин жаныңдан кеткен жок. – Ооба, Аман ошондой!- деди бактылуу жылмайган келин. – Тигине, дагы келиптир, сенин терезеңди карап турат. Ордунан турган Алима терезеден жылмайып турган Такишти көрдү. Аманды эмес, Такишти көргөндө гана түнү менен жанынан кетпеген Такиш экенин билди. Телефонуна билдирүү келди.
2590Loading...
04
“Алима, сенин бактылуулугуңду көрүш мен үчүн кандай бакыт бир билсең. Сени мектепке алгач келгенден баштап сүйдүм. Бирок сезимдеримди билдиргенче Аман менен кыз-жигит болгонуңарды уктум. Ал менин досум эле, ичимден экөөңө бакыт каалагандан башка айлам жок болчу. Бирок Аман баркыңа жетпеди. Мен эгер макул болсоң сени, кызың экөөңдү бактылуу кылганга колумдан келген бардык аракетти кылам. Анткени менин сенден башка бир да адамга жүрөгүм ачылбашын билем. Мен бир өмүр сен деп жашайм. Болгону макул де”. Алима макул болгон жок. Анткени Амандан үмүтү үзүлбөдү. Билсе да билмексен болуп жашай берди. Асел бир жашка чыгып калганда үйүнө эки-үч жигит кирип келди. Алар Амандын чоң суммадагы карызы бар экенин айтып, эгерде аны төлөбөсө кызы экөөнү өлтүрүп кетишерин айтып коркутушту. Аман чын эле карыз экенин моюнуна алды. Бир күнү күүгүм талаш үйүнө келе жаткан жерден алдынан баягы кишилер чыга калды Алиманын. – Менде акча кайдан болмок? Кызым экөөбүздүн эмне тиешебиз бар?-деп ыйлап жиберди. – Аман карызынын ордуна сени сатты. Колунда болгону сен экенсиң. Сен бизге кызмат көрсөтүп күйөөңдүн карызын төлөйсүң! Акылына эч нерсе чүргөлбөй калды Алиманын. Эсинен танып бара жатканын бир билет. Эсине келсе Такиштин машинесинде отуруптур. – Дагы да сен куткардың мени!- деди ал башын чайкап. – Алима, булар сенин жаныңды койбойт. Мен болгон нерсемди сатып акчанын жок дегенде жырымын берем деп сөз бердим. Ошентип куткардым сени. Сен кызыңды алып айылга кет. Болбосо булар коркунучтуу немелер, Амандын колу-бутун сындырып салышыптыр. Бул жолу да Такиш куткарды. Алима үчүн колунда бар нерсесин баарын сатып, айылга келген жигит жаман чөйрөгө кошулуп кетти. Жалгыздык, жашы өйдөлөп бара жатканы кошул-ташыл болуп ичкиликке берилип кетти. Аман болсо тигилерден кутула албай, ден соолугунан айрылып каза болуп калды. Такиштин ичип кеткен себебин көп адам билбесе да, Алима билет эле. Бирок эң жакын деген кызына да айта албады. Ушундан бир ай өтүп-өтпөй Такиш каза болгонун укту. Чөнтөгүндө Алимага арналган кат бар экен, аны ага алып келип беришти. “Гүлүм, Алимам! Мени кечир, дайыма ичкенде сенден акча алып кетчү элем. Эмкиде алып келип берем дегем. Бирок карыздарымды төлөй албай калдым. Анын ордуна сага үйдү каттатып койдум. Сатып Аселди окут. Таарынба, мени кечир. Бул дүйнөдө чогуу болбодук, тиги дүйнөдө чогуу болуп каларбыз”. Бул анын акыркы каты болчу. Айлин Д.
2980Loading...
05
Подписывайтесь на канал "Аренда квартиры Бишкек 🏠" в WhatsApp: https://whatsapp.com/channel/0029VaD7P277NoZvaNJna93I
2640Loading...
06
Пальто Айылда эле 3 үй ары , атамдын жакын үкалари той берип эрте менен эт - ашына каралашып келгенден кийин , атам коюн жетелеп апам себетин көтөрүп расмий конок болгону жөнөдүк . Бир маалда апам чочугандай арт жакта аяк - быякты элеңдеп чыбык издеп жаткан мага " Чурка , төрдө мейман жууркандардын үстүнкү кабатында ич жагынан бүктөлүп жыйылган атаңдын жаңы пальтосун алып чык " - деди . Атамдын " - ээ , койчу аа , ушу тойго дагы жасанып , уят эмеспи дегенин уккусу да келген жок . Мен шуулдап , тойду таппай кала тургансып , атамдын пальтосун тышкы үйгө эле ыргытып , жаңысын жүктөн алып апамдарга жете келгенимде ,жаңы пальтону карап апам атама угузбай "тебетейин дагы жаңылап коюшубуз керек экен , анын арасы жеңил эле көп болсо 4 - 5 тооктун акчасы да " деп , өзү көгөрүп алып бергенин да мага эстеткендей болду . Дегени пальтону алыш өзүнчө узун сабак окуя эле : Жылына бир жолу жалгыз уюбуздун торпогун сатабыз . Бул жолку торпоктун акчасына атама пальто алуу кезеги экен . Апам экөө качан сүйлөшүшкөн билбейм , жөнөп жатканыбызда апам дагы бир жолу - " Ар нерсени эсептеп , илине бербей драп пальто алып кие бергиле ( атамды сиз да , сен да дей албай сыпайы гана " силер " деп кайрылат эле ) . Өзүнөр тапкан акча , өзүнөрдөн аяй бербегиле , кийинбей - ичинбей да ашынып - ташынып кетпедик го . Авам айтмакчы " мындан жаман күндөрдө да тойго барганбыз " ( кайсы авасы , качан , не себептен айтканын билбейм ) бирок , кээде намыс үчүн , элден кем болбойлу деген учурларда айтыла калчу Атам м-н апамдын мага түшунүксүз , бирок жат болуп калган сөзүн кошуп койду . Ошондо , не карапайым колхозчу күйөөсүнүн көнүлүн көтөргүсү келдиби , не ар дайымдан бир дайым бир калыпта , ашыкча сүйлөбөй да , ашыкча күлбөй да өмүр сүрүп келе жаткан " дүңкүйгөн , чулу кара чалын " ошол " абийирлүү" пальтону кийгизип кубанткысы келдиби , не кыялында ошол пальтону кийсе мүнөзү да , тээ төрөлгөндөнбү же кийинчирээк калыптанып калган түнттүгү жазылып кескин өзгөрүп кетсе деген үмүтүбү , не намыскөй апам жанында жарашыктуу пальточон эркек көргүсү келдиби , не силер анча теңинерге албаган менин чалым да керек болсо ушундай эле келбеттүү деп мактангысы келдиби , не бир жерде дагы бир алдына чыгаргысы келбеген " атаандаштары намысына тийгенби ... иши кылса торпоктун акчасына пальто алганы жөнөдүк . Торпок сатылып пальто базарга келдик . Биз ала турган драп пальтону мен билгенден чоңдор гана конторада иштегендер , агайлар , анан айылда саналуу тың жашагандар гана кийишчүү эле . Оо ! Союздун ал пальтолору чындап эле менин көзүмө кийген адамдын келбетин өзгөртө коёт эле . Апамдын ушул сөздөрүнөн кийин мен да жупуну жүргөн , бирок ааламда жок кубаттуу , мээнеткеч , дал силердин өз атаңардай келишимдүү атамды " ошол кишилердей " элестетип алганым бар . Мына пальто базар . Биз келээрибиз менен атам экөөбүз кенен тегерене турган орун бошотушуп , үстүлөрүнө 3 - 4 кабат пальто жамынган өзбек катындар ороп калышты . - Тага , кандайынан аласыз , кааласаңыз бул түс , кааласаңыз мындайы деп боз , күрөң , кара , кара көк түстөгү пальтолорду көрсөтө башташты . Атам да шашпай бир - экөөнүн үстүндөгү пальтолорду кармалап анан мен элестеткен кара боз пальтону кармап , ушуну көрөюнчү , баасы канча ? - деди . Айтылган баасы торпоктун сатылган акчасындай айтып мени таң калтырганы менен Атам анчалык эле маани бербегенинен , өзү чамалаган эле баа окшойт деп койдум . Түсү , размери чак келип , денесине жабышкыча улам башкасын көрүп жатып , анан ушул кийгенин ылайык көргөндөй мен бир нерсени билип , чече тургандай " кандай экен, балам " деди . Атама куп жарашты , мен элестеткен " чоңдордой болбосо да , атамды бир топ сымбаттуу , келбеттүү кыла койду . Сатуучу аялдар , мени чочутуп атамды четирээкке жетелеп , келиң мынаы айнектен өзүңүз да көрүңүз деп , атайын көтөрүп жүрүшкөн чоң күзгүсүн
2920Loading...
07
бул бири биринин сый урматын ордуна коюп , эркек - аялдык вазыйпаларын так аткарышкан ,бири бирин аяп , колдоп , жөлөп - таяп , толуктап турган , бирок ошол сезимдерди бир да жолу кыйытып да айтышпай бири бирине жеткиришкен эр - катындын салмактуу мамилеси ээлеп турду . Аялдын мындан аркы сөзү ашыкча , оор болоорун , ичинен күйөөсүн түшүнүп , аяп жаткандыгын экөө тең сезди . Кийип көрчү , көрөлү деген сөз айтылбай , эң башкы базарлык арзан ПАЛЬТО өз маанисин жоготту ... Атам бата кылып туруп кетти ... Апам мени карап : - Тур , каналдын өйүзүндөгү пахтадан торпокко чырмоок жулуп кел , Сен деле айтсаң болмок " Ата , наркы пальтону ал " деп , ушуну сезип ээрчип алайын деп атаңдан корунуп калбадымбы деп дасторконду жыйнай баштады . Мен да өзүмдү күнөөкөр сезип , шылкыйып быйылкы торпокко чырмоок жулуп келгени жөнөдүм ... Шашпагыла мынаы торпокту атаң экөөнө карматпаймын , өзүм кошо барып , жетилсе - жетилбесе саратанда пальто арзандаган да сатып , жетпесе тоокторумун акчасынан кошуп болсо да ошол пальтодон кийгиземин деп Атамын намысына да тийип , үмүтүн да жандырып , анан элден кем болбойбуз деген максатын турмушка ашырганга бел байлап тирилигин баштады ... Азыркы акылымда ошол көрүнүш , окуялар АЯЛ дын намыскөйлүгү эрди алга сүйрөп , түздөп , " жакшыларга теңөө аракети , ЭРКЕК тин тубаса жөнөкөйлүгү , атаандашуу , утурумдук , " эл көрсүнгө " жасанып - түзөнүү оюна келбеген ээнөөлүгү , анан да Жараткандын экөөнү табыштырып , аялынын башкалардан тили узун экендигине да , айрым жерлерде өзүнөн озунуп кеткенине да кайыл болуп , акылмандар айтканын укпай аңдап ушул аялдан бак таап , тирилик кылып , балдарды өстүрүп Элден кем болбостуктарына ынанып , аялга жол койгон Атама миң ирет ыраазы болсом , Атамдын " чогоол мүнөзүнө , өзүнөн жупуну экенине эмес , мээнеткеч , куулук - шумдугу жок , түз киши экендигине ишенип , бири бирине таянган бекем үй бүлөө эле .
4390Loading...
08
алып келишти . Базар ошол жерден башталды . Тегеректеп айтканда саткан торпоктун акчасынан 50 сом ашса - ашып андан көп ашчудай эмес . 6 -7 пальто кийип көрдү ... Барган сайын атамдын базарга киргендиги дымагы , маанайы өзгөрө баштагандай сезилди . Атам бир жылдык мээнетти , кирешенин баарын өзүнө ыраа көрө албай жатты окшойт . Азыркы акылым менен ойлосом , үйдөгү баарыбызды апамды баш кылып , бир сыйра көз алдынан өткөрүп ... көкүрөгүндөгү , акылындагы өзү элестетип , чамалаган жашоосу , биздин турган турпатыбыз , кийимдерибиз , буюмдарыбыз кайра баштан көз алдына тартыла баштады окшойт да ... мен тарапты бир карап " балам , мындай пальтону да бир көрбөйлүбү деп , анын жарым акчасынан да арзан пальтону кармалады . Алчы - таасын жеген сатармандар , э тага бул каякта дагы , бул каякта , мындай пальтону " байбатчалар " киет дешип , атамдын же намысына тийип , же басынтып айткандай , ылаажы болсо кайтпаң деп апамдын сөзүн эстетип да өтүштү . Арзан пальтонун карасынан бирди кийип көрдү , менин көзүмө айырмасы аздай эле сезилди , аркы кымбат пальтодон жумшактыгы , анан бычымындагы анча- мынча боштуктар эле болбосо ... - Ата , ушунун боз түстөгүсүн көрбөйсүзбү - дедим - Э балам , боз түстөгүсү анаы сенин колундагы да , быйыл 3 - жыл кийилип жатат деп , жакасы м-н чөнтөктөрү жылтырап түктөрү түшүп , желкелери мүрүсүнөн түшүп , этектери да бири ичине , бири сыртына кайрылган жедеп бычымын жоготуп атамды жупуну көрсөткөн пальтону айтты . Бирок , менин көзүмө үстүндөгү жаңы пальто башкача , жарашыктуураак көрүнүп турду . Атамдын эсебин чамалаган деле жокмун , бирок жаңысында жакшына эле экен деп койдум . Атам да ошол сөз жетпей жаткандай , сатуучулар буюмун эптеп өткөргөнгө кызыкдар да деп алардын сөздөрүнө маани бербей , өз максатынан да , апам экөөнүн келишиминен да кайтып , бирок үйгө барганда айтчу сөзүн даярдап жаткандай , ойлуу гана " ээ ушунча акчага алган менен бир жылда ( үч ай кышта) көп болсо 3 - 4 жолу кийилет экен , анан анчалык эле кемпири элестеткендей кадырын , баркын деле көтөрбөчүүдөй , башкалар үчүн дээрлик мааниси жоктой да деген чечимге келди . " 2 жыл кийсек анан дагы " кудай бир шыбагасын буюруп тургандыр аа , балам " деп ошол пальтону оротуп алды . Эски пальтосун кийип чайканага жөнөдүк . Ошондо эки пальтонун айырмасын жарашыгын , салабаттуу бычымын , Атамдын акылы , каалоосу эмес жедеп кара жумушка бышып , катып калган денеси да сезип жактырып турса да БИЗГЕ илинип баш тартканынды азыр түшүнүп отурам ... АТАКЕ ... Үйгө келдик , торпок сатып базардан чоң эле базарлык менен келдик окшойт . - Ыы , атаң экөөн Ошту көчүрүп келдиңерби анан - деп үйдө калган "майдаларга" базарлыктан бергенче - Кана , пальтону көрсөткүлөчү - деди . Атам анчалык көнүлдөнбөй - Берки пальтодон эле алдым . Драбың кымбат , анча акчаны ысырап кылгым келбеди - деди , өз чечимине өзү да бир аз кейип калгандай үн менен ... апам : - Аа мен билгенмин , пейилиңерди билем го , ботом өзүнүн тапканын өзүнөн аяган , өзүнүн боюн өзү пас кылган , өзүн өзү сылап - сыйпабаган ушу силерди көрдүм , элди деле карасаңар болбойбу ... ушу балдарга болсун , ал кем , бул кем , анаыны алалы , буну алалы , ушулар ичсин , ушулар кийсин , ушулар тойсун , ушуларга болсун деп ушу жашка келдик го ботом . Саарлап , " быякка илинбегиле , өзүңөрдөн аянбагыла " деп айтпасам экен аа ... деп өзүн чала күнөөкөр сезип отурган чалына нааразы болуп , сүйлөнүп койду . Ичинде бир короо сөздөр турса да : Байкуш табиятынан баласаак , өзү ата - эне мээримине тойбой калган , ата - энесинен көрбөй калган камкордукту балдарыма колдон келишинче көрсөтсөм деген пенде экенин ... анын бир четин угузсан көңүлүнө катуу тиерин сезип апам Сөзүн токтотту ... кандайдыр бир орто толбогон , нааразы болуп , жаңжал сала турган да , бирок колдоп макул боло турган да иш эмес , каалоо бар , бирок шартка жараша түшүнүп колдосо да боло турган абал ..
3530Loading...
09
Media files
2250Loading...
10
,=ДААНЫШМАН СӨЗДӨР= Тамакты жалгыз жеген киши кыйынчылыкты да жалгыз тартат . Аалам адам үчүн жаралган, адам аалам үчүн жашайт. Эгер адамдардын эң мыктысы болгуң келсе, алардан эч нерсеңди аяба. . Башкалар үлгү кылган киши бактылуу эмес, башкалардан үлгү алган киши бактылуу. . Өз өмүрүн акыл жана билим топтоого арнаган киши эч качан өлбөйт. . Уят, шермендечилик өмүрдөн да узунуураак. . Сараң бай март кедейден да жарды. . Чыныгы адам ташты да нанга айлантат. . Чоң уулуңду жакшы тарбияласаң кичүү уулуң өзү эле тарбияланат. . Картайган кезде билим алуу - кумга кат жазгандай. Жаш кезде билим алуу - ташка тамга баскандай. . Өзүң жетишкен бир тажрыйба бирөө берген жети кеңештен артык. . Пайда табуу үчүн дос болушкандар өмүр бою чырдашып өтүшөт. . Бирөөнүн акылын аңдаш үчүн бир-эки эле саат жетиштүү. Бирок бирөөнүн мүнөзүн түшүнүш үчүн көп жылдар керек болот. . Эгер кыйкырыктын күчү менен эле үй салууга мүмкүн болгондо эшек бир көчө там куруп салмак. . Жалкоо киши үчүн үйдүн босогосу да тоодогу ашуу сыяктуу. . Сагызгандар бириккен кезде алардан бүркүт да сестенет. . Эгер душманың сенин сырыңды билишин каалабасаң, анда, сырыңды досуңа да айтпа. . Өзүн аалым эсептеген наадандан кач. . Адилет сотко муктаж болбош үчүн өзүң адилет бол. . Калпычы деле ууру сыяктуу: ууру сенин мүлкүңдү уурдаса, калпычы акылыңды уурдайт. . Согуш-баатырды, ачуу - даанышманды, жокчулук - досту сынайт. . Эгер күнгө далыңды салып турсаң, өзүңдүн көлөкөңдү гана көрөсүң. . Кенебестик бардык жамандыктардын себепкери. . Бирөөнүн кулу болуп алтын кемер тагынгандан көрө, маңдай териң менен тапкан нанды тынч жеген артык. . Айкөл жүрөк башкалардын кайгысынын эсебинен курулган бакты-таалайдан баш тартат. . Эрдик булчуңдун күчүндө же кылычты чебер шилтей алгандыкта эмес. Эрдик - бул өзүңдү башкарып, адилет боло алуу. . Көңүлү жок окуучу канаты жок куш сыяктуу. . Бактысын баалай албаган киши бактысыздыкка туш болот.
2920Loading...
11
Өмүргө тете жол 13-бөлүк Эртеси Алый балдары менен айылын көздөй жол тартууга белсенди. - Жайлообай ата ,Калыйкан эне сиздерге канчалык ыраазычылык билдирсем да аздык кылаар ! Менин ата- энем жарык дүйнөгө алып келсе ,сиз экинчи жолу өмүр тартуулап олтурасыз! Сиз жолумдан кезикпегенде ,жыландын уусунан тиги дүйнөгө аттанмакмын. Көрөр күнүм ,балдарымдын энеси менен жашоого күнү бар экен, жолумдан Улукман атадай пайда болуп ,аман алып калдыңыз! Кудайым буюрса ата- энемди таап алгандан кийин,бир туугандай болуп катышып туралы! - Ооба кызым , сөзсүз катышабыз ! - Аман эсен ата- энеңди,бир туугандарыңды таап ал,алдыңа кетейин! Буга чейинки көргөн азаптарың түш көргөндөй унутулсун ! Баары менен коштошуп алып ,Алый балдары менен жолго чыкты. Айланасын кумарлана караган Алый жеринин кооздугуна тамшанып кетип бара жатты. - Эне,тиги көпкөк болуп жаткан не? - Ой уулум , качантан бери кыргызча сүйлөп калдың? - Асанбек,эки эже " эне " дейт экен ,анан мен да айтып калдым. - Ал көпкөк болуп,берметтей мелмилдеп жаткан Ысык- Көл,силерге мен айтып берчүмүн, билесиңерби? - Ооба ,айий мынша адеми .... - Ана жанына барсак болама ? - Ооба ,бирок таятаңдарды тапкандан кийин барабыз ! Макулбу? - Ооба... Түш оой айылын көздөй жакындап калышты. Ар бир дөң,ар бир ташы көзүнө жылуу учураган Алыйдын толкундануусуна чек жок. Мына,бала кезинде кыздар менен топташ ойноп олтурган жерлери. Бул өзүнө тааныш таштак көчөсү. Алый көргөндөгүдөн бери айыл бир топ чоңоюптур. Анда тигилген бак - дарактар ушунча өсүп кеткенби ,айтор айылынын бак- дарактары дүпүйөт. Арабасын акырындатып айдап келип өзүнүн туулуп өскөн үйүнө келип токтоду. Жүрөгү дүкүлдөгөн Алый аттын тизгинин кашаага байлап коюп ,үйүн көздөй басты. Жүрөгү алеп- желеп болгон Алый ,эшикте илинип турган кулпуну көрө туруп калды. - Оо Жаратканым,эмнеге кулпу илинип турат ? Деги ата- энем аман болгой эле , айланайын Кудай ,жердин түбүнөн аман эсен жетсем жакындарымдын жамандыгын угуза көрбө!- деп күбүрөнүп жатты. Бир маалда наркы Жаныбектин иниси Калыстын үйүнөн бир аял бери басты. - Ай жигит сен кимдикине келдиң эле? - Мен ...мен ... Жаныбектин үйүнө... - Апей ...сен ....эркек эмессиң го... Башындагы малакайын чечкен Алыйдын өсүп калган чачтары жайыла түштү. - Мен ...Алыймамын... - Алыйма,кызыкем менин....мен куруюн сени тааныбай калган турбаймынбы! Мен Турсунай жеңеңмин... деп ыйлаган бойдон кучактап калды. - Жеңекебай ! Атамдар кайда ? Энемчи? Бир туугандарым аманбы, - Баары жакшы,тиги улуу агаң Иманалы балалуу болуп ,жентектеп кетишкен. Энең шордуу ,сенин же өлүү,же тирүү экендигинди билбей карып бүттү. Жол караганы караган,кайсы жакта качкын казактар келиптир десе эле ,сени сураганы бара берет. Туугандар ушул ачарчылыктан кызың аман калган жок болуш керек,он жылга жакындап баратат ашыңды берели дешкен . Жок,менин кызым тирүү , түшүмдө тирүүсүндөй эле кирип жатат. Аш бербейм деп боздосо жанына киши тура албайт. Кегенге Досымбай куданын айылына киши чаптырсак,ал соттолуп кеткенин,келин -уулу Орынбор жакка көчүп кетип ,каза болду деп уктук деп келишкен. Атаң менен энең жалгыз кызын казакка күйөөгө бергенине бири бирин күнөөлөп ,акыркы убакта сенден үмүттөрү үзүлүп бара жаткан. Жүрү ,тиги агаңдын үйү айылдын аркы башында. - Жеңе ,анча кишинин жанына барбай эле коёюнчу! Анын үстүнө балдарым да кичине көнсүн! - Иий ананайындар таптатынакай эки уулуң бар тура ! Келгиле учурашалы ! - Чоңураагы кыз жеңе ,Акбото ,бул болсо Куаныш.Эмнеге мындай кийинип жүргөнүбүзду түшүндүңүз болуш керек. - Түшүндүм кызыке,түшүндүм . Кой анда ,мен барып энеңе акырын айтайын ,кубангандан жүрөгү жарылып кетпесин ! - Ооба жеңе ,барып чакырып келиңиз! Элдин көзүнчө Алый келди деп айта албаган Турсунай, колхоздун башкармасы чакырып жатат деп Жаныбек менен Жаңылканды үйүнө чакырып келди. - Ой ,эмне аябай шашылыш бекен? Бул тойго деле кирип чык дебейт белең? - Антип айта алган жокмун. Батыраак чакыр деди силерди... - Капырай эмне анча шашылыш... Колхоздун жылкысын берсекби деп жаткан го? - Кана , көрүнбөйт го башкарманын аты... - Ай ,бул араба кимдики?
5860Loading...
12
Ата- энеси бүшүркөй карай ,арабага жакындап келе жатышты. Жакын келгенде жолунан тосо баскан Алыйды карай ,экөө тең тык токтоду. - Атаке ... энекебай... ???? Жаныбек менен Жаңылкан бири - бирин карашып ,андан кийин гана кызын тааныдыбы ,айтор Жаңылкан кыйкырган бойдон кызын кучактап калды. - Оо Кудайым,сени көрө турган күнүм бар экен ээ? Кагылайыным, алдыңа кетейиним! Айым менин ,күнүм менин ... Жалгыз кызым менин.... Энеңдин шору кайнап , өзүмдү өзүм күнөөлөп жүрбөдүм беле! Сени тирүү көрө турган күнүм бар тура ! - Энекебайым менин... Кызы менен энесинин кучакташып алып ыйлаганына жанына киши тура албайт. - Ата ,атаке! - Алдыңа кетейин....садагасы кетейиним... Көзүнөн аккан жашы ,сакал мурутунан ылдый куюлуп ,Жаныбек кызын кучактап ыйлап турду. Улам бирөөнөн бирөө угуп ,бир заматта үйдүн жанына киши толуп кетти. Ары жактан Алыйдын агасы Иманалы жеңеси менен,экинчи агасы Аманалы келип калды. - Ата,эне ! Мына жээндериңер ... - Ой алдыңа кетейиндерим ! Кана таанышалы ,мен силердин таятаңар болом. - Кана ысмыңарды айтып койгула! - Акбото - Куаныш - Кагылайындарым ,кана үйгө кирели! - Ай келин , чыныга суу алып келе кал! - Кана ,келе гой кызым! Башыңдан суу айлантып жиберейин! Өмүрүң узун болсун! Болгон жаманчылыктын баарын суу жууп кетсин! Балакет , мээнетиңдин баарын суу жууп кетсин ! Кел үч жолу түкүрүп кой! * . *. * * Алыйдын башынан өткөндөрүн угуп олтургандар бир топко унчукпай олтуруп калышты. - Кайран Досымбай кудам ,Саулэ кудагыйдын , Биймырзанын жаткан жерлери жайлуу болсун! Кудайдын маңдайына жазгандары ушул тура ! Биймырзанын айткан акыркы керезин аткарып ,аман эсен элиңе келгениңе тобо ! Эми уул - кызыңды татыктуу тарбиялаш сенин милдетиң кызым ! Биз турабыз жардам беребиз .Эч нерседен кабатырланбай эле кой! Боорубузга басып , канаттууга кактырбай , тумшуктууга чокутпай асырап алабыз ! Чычкандай эки бала эмес ,азыр ар бир айылда ачарчылыктан кыйналып качып келген казак бир туугандарды багып жатышат. Бир чөйчөк тамагын ,жеген нанынын теңин бөлүп кыргыз казакты бооруна тартып ,кайгысын тең бөлүшүп жатышат. Башыңардан өткөн окуялар ,басып өткөн жолуң,бир өмүргө тете жол болгон тура кызым ! Мындан кийинки жолуң шыдыр болуп, келечегиң кең болсун! P.S . 1921-1932 жылдары болуп өткөн казак элиндеги ачарчылыктан 3 миллион адам өлгөндүгү тарых барактарында айтылат. Бул ошол кездеги казак элинин тең жарымы жок болгон дегенди билдирет. Кыргыз шаар ,айылдарына жүз миңдеген казактар качып келишкен. 1932 жылы кыргыз өлкөсүнүн башчысы Жусуп Абдрахманов Сталиндин буйругуна каршы чыгып ,чогулган буудай ,этти Москвага жөнөтпөй ,качып келген казактарга бөлүп берип ачарчылыктан алып калган. Ошондуктан 1933 жылы жумуштан алынып," улутчул " деген жалаа менен эки жыл камакта кыйнап ,андан кийин атылып өлтүрүлгөн. Аягы . Нурида Карабалтинская #омурготетежол_элдик
7300Loading...
13
Media files
10Loading...
14
- Не болду аке? - Кардыгаш , акең менен анаң издеп келиптир! Арабадагы ата- энесин көрө калган Кардыгаш бакырган бойдон бери чуркады . - Анашым менин,акем менин .... Амансыңарба? Шын эле жүзүңдү көрдүм ау? - Жалгызым ,кулуншагым! Барсыңба кызым! - Мен силерди жоготтум го дегем ... - Ие Жараткан анаң экөөмүздүн өлүгүбүз карга - кузгунга жем болуп ,ай далаамда каламы деп ойладык еди. Кудайым кызымдын жүзүн көрсетти,мынауңа да тоба! Байбишем еми өлсек ак кепиндеп ,аруулап коё турган кыз - күйөөм ,немерелерим бар. Эми өлсем,арманым жок гой! - деген Толепбергендин көзүнөн жашы куюлуп жатты. - Коюңуз, антпеңиз! Неберелериниздин жакшылыктарын көрүп көп жашаңыз! - деп Алый сөзгө кошулду. Кучакташып ыйлап жаткан,эне баланы көргөн баары көзүнө жаш алып турушту. Арыктап ,шапайып калган ата- энесин улам - улам кучактап өпкүлөп , Кардыгаш кучагынан чыгаргысы келбейт. Аңгыча ары жактан бойго жетип калган эки кыз,анан онго чыгып калган уул бала келип таята - таенесин кучактап калды. Наурызбайдын үй бүлөсүн бош тамына киргизип койгон Керимбай ,аялы Карачач келишип,бака- шака түшүп бир козусун жетелеп союп калышты. Башынан өткөргөн окуяларын Толепберген менен Субайда бирде күлүп ,бирде ыйлап айтып берип жатышты. Тамак ичилип , Жайлообай менен Алый кетүүгө камынышты. Өзүнчө ары жактан кызы менен сүйлөшүп , бери баскан Толепберген Алыйды карады. - Алый кызым ! Сен дагы биздин кызымыздай болып калдың! Сага ыраазычылыгыбыз шексиз ! Мынау көлүк менен арабаны сен айдай кет ! Балаларың менен аман - эсен аулуңду,аке - анаңды таап ал ! - Жок , коюңуз! Ат араба сиздерге деле керек! Мен ала албайм ! - Кызым , байбишем экөөмүздүн кара басыбыз,усы ат менен арабадан артык бекен ! Сен болмасаң,биз эбак кара жердин астында жатмакмыз! Балким өлүгүмүздү чөөлөр ,карга - кузгун шокуп,арам өлип жатаар белек ! Кой карагым ,мени таарынтпа! Буюрса аке - шешеңди тапкандан кийин туыскан болып,катысып туралы ! - Рахмат сиздерге , сөзсүз катышабыз ! Менин уул - кызыма төркүн болуп катышабыз ! ( Уландысы бар) Нурида Карабалтинская #омурготетежол_элдик
4930Loading...
15
Өмүргө тете жол 12- бөлүк Канча айдан бери , тыңгылыктуу тамак ичпеген немелердин ашказандары да кичирейип кеткен өңдөнөт. Бир аз козунун этинен жеп,сорпосунан ичкенге алдары кетип ,кара терге түшүп олтуруп калышты. Сорпого кичине кымыз кошуп , кыргыздын " аксеркесин " Калыйкан Субайдага сунду. - Келиңиз,бул" аксеркеден " ичкиле! - Бул не? - Тамак жакшы сиңиш үчүн,биз кымыз кошулган сорпо ичебиз. - Аа,анда жаксы экен... Тамак желип бүтүп ,колго суу куюлуп бүткөндөн кийин баары Алыйды карап калды. - Сөздү эмнеден баштаарымды да билбей олтурам. Бул элдин башына келген алааматты балдар эмес чоң киши көтөрүшү өтө кыйын болду. Ачкачылык бир тараптан кыйнаса ,экинчиден жан дүйнөнүн ачкачылыгы адамдарды кыйнады. Кудай адамдарды жаратканда ,айбандан айырмачылыгы менен жараткан эмеспи! Бирок элди ачкачылык кыйнаганда,кээ бир адамдарда айбандан да жаман касиет ачылат тура ! Жан дүйнөсү бай ,ички туюму мыкты гана адамдар өзүн адам катары сактап калды. Ал эми айбандан айырмачылыгы аз адамдардын накта жүздөрү ачылды. Жегенге эч нерсе калбай калганда ,жаш балдарга ууга чыгышып ,бала- чаканы жеп башташты. Акырындап адам этин бир татып алгандан кийин,алар накта жырткычка айланып калышат экен. Акырындап өзүнүн жакындарын ,алсыздарын жеп башташты. Жолдо балдарым менен түнкүсүн басып, күндүзү эл жүргөн жерлерден айланып өтүп жатып,жериме келдим. Бирок жолдо көмүлбөй калган шордуулардын өлүктөрүн,чала мүлжүп ыргытылып жаткан сөөктөрдү балдарыма көрсөтпөгөнгө аракет кылдым. Акыркысында киши жегичтерден тузагынан мүрзө сактап калды. Менин Кудайдан тилегеним балдарым ,ушул күндөрдү унутуп калса дейм.... Алыйдын айтканына кулак төшөгөн отургандар бир топко унчукпай,ортону жымжырттык уялады. - Ие карагым,андай нерселерди биз байбишем экөөбүз да көрдүк. Осындай жырткычтардан коргонолу деп ,сен көргөн көшкө анау адамдар атайын топтолгонбуз. - Кудай ай,адамдарга ыйман бер! - деген Калыйкан үшкүрүнүп алды. - Ой айланайын,бул эмне деген шумдугуң! Үркүндү деле көрдүк,Текеске качып барып ,аман- эсен эли - журтубузга келдик. Бирок биздин элде ,адам этин жеген айбандар кезиккен жок! Арадан он күндөй убакыт өттү. Күнүнө шорпо - шилең,айран - сүт ичкен немелер , акырындап тыңып калышты. Жайлообай базар күнгө ылайыктап , Түптө жайгашкан базарга кетти. - Ой байбиче, барсыңарбы? Ээ Токе!- деп бакылдап Жайлообай атынан түштү. - Эмне эле бакырасың? Камчысын сүйрөгөн Жайлообай үйгө кирип олтура калды, - Курдаш сенин кудаң жөнүндө маалымат алып келдим.Ноорузбай деген казак уста жөнүндө билгендерди таптым. - Аузуңа май баурум! Кайда дейди ? - Бул качып келген казактардын бир тобу Ой- Тал ,Ой- Булак,Кутургу жакта дейт . - Анан кандай кыламыз? - Буюрса эртең ,араба менен эрте чыгалы ! Темирди камырдай ийлеген Ноорузбай деген уста бар . Ал жасаган аттын такалары ,ат жабдыктары мыкты дешти .Болду - болбоду ошол эле сенин кудаң окшойт деп калдым. Эртеси Алыйдын эки баласын балдар менен үйгө таштап , таңында жолго чыгышты. Жолдон жолуккандардан сурап олтуруп, колхоздун атканасында жайгашкан устаканага келип калышты. Токтогон арабанын, Жайлообайдын атынын дүбүртүн уга устаканадан жаш жигит чыга келди. - Ээ балам , Ноорузбай деген уста ушул жактабы? - Ооба , келиңиз. Атыңыздын такасын жасаш керекпи? Же арабанын дөңгөлөгү сындыбы? - Жок ,айналайын, өзү керек эле! Ичкериден ,башына тегерек саймалуу казакча топу кийген сакал мурутчан адам чыкты. Келген адамдарды бүшүркөй карап туруп калды. - Ассалоому алейким, Наурызбай куда! - Ие ,сизди тааныбай турмын. - Мен Толепберген кудаңыз. Кардыгаштын акеси .... - Ой бай кудаам ! Сиз кантип таап келдиңиз? Аман эсенсизби?- деген Наурызбай Толепбергенди кучактап калды. Аркы - беркини сурашкан эки куданын сөзү бүтө турган эмес. - Ээ эки куда ,сиздердин сүйлөсө сөзүңөр түгөнбөйт . Бу кудагыйыңыз кызын сагынып ,араң олтурат. - Кечир Жайлооке! Куда бизди аман алып калган ушул курдашым. Эми биз бир туыскан болуп калдык. - Жүргүлө үйдү көздөй ... Араба менен келип жапыз үйдүн жанына токтогон Наурызбай,үйгө кирип, - Кардыгаш! Ээ Маржан , анаңар кана кызым ? Аңгыча ары жактан орто бойлуу арыкчырай келин чыга келди.
3670Loading...
16
- Кайран гана казагым,элдин көбү жуттан кырылды окшойт баамымда. Мындай элге түшкөн мүшкүлдү биз " Улуу Үркүндө" көрдүк . Кыргызым ач бел ,куу жолдо кырылды. Бийик ашуу,белдерде ,ак кар ,көк музда көмүлбөй калган канча журтташыбыз калды. - Ие Жайлооке ,Кудай эл басына келген кырсыктан сактасын ! Кыргыз,казактын басынан не деген апааттар өтпөдү. - Абышка эт бышты.Чыгара берелиби ? - Алып кел,ээ Асантай кана колго суу куй! Кубаныч экөө ырас тил табышып жакшы дос болуп жатышат . Акбото кыздар менен тил табышты . - Бала деген ушул экен да. Жолдон эмне деген гана кыйынчылыктарды көрүшкөн жок. Эми карасаңыз,эч нерсе болбогондой ойноп жүрүшкөнүн.- деген Алый жылмайды. - Кудай баланын эси- дартын ушундай жараткан тура ! Бүгүн кыйналса,эртең оюнга аралашып унутуп калышат. - Жайлообай ата,мен балдарыма эмнеге кабатыр болуп жатканымды, шашпай тамак жегенден кийин айтып берейин. Ал окуяны Толепберген ата менен Субайда ажеге деле айткан жок элем...
2680Loading...
17
Өмүргө тете жол 11- бөлүк Курсактары тойгон немелер ,салып берген төшөккө баштары тиер замат уйкуга кетишти. Көптөн бери мындай таттуу уйкуну көрө элек немелер , таңында ойгонгондо Алый жандарында жок экен. - Анам кана? Ана?- деген Акбото чуркаган бойдон сыртка чыкты. - Ай кызым , энең Кудайга шүгүр,тигине сууга жуунуп келе жатат. - Анааа! - Ботом менин ,эмне мени көрбөй коркуп кеттиңби? - Ооба ,сизди бир нерсе болып кеттима деп корктым.... - Коркпа ботайым ,мен жакшы болуп калдым . Көрдүңбү? Кечээкидей кара - көк тарткан шишиги тарап, өңүнө чыгып калыптыр. Анын үстүнө кечинде Саткын болбой эки кесе нак сүт ичирип жаткызган. Бир чети кеч боло электе кара чаар жыландын уусун тазалаган Жайлообайдын эмгеги,экинчиден Саткын ичирген сүт ,кандагы ууну дагы кесип жиберген окшобойбу... Бир аз сылтып баскан Алый боз үйдүн эшигин аттады. - Айналайын кызым жаксы болып калдыңма ? - Ооба аже ,жакшымын... Курсактарын тойгузуп эртең мененки тамактан кийин Жайлообай сөз баштады. - Ээ Ырымбай ,келин ! Мен булар менен айылга түшөйүн.Бала - чакага бере турган бир нерселериңди даярда! Энеңер эмне болуп жатты экен бала- чака менен.... - Макул ата,курут ,карынга куйган сары май ,сүт ,айран берип жиберейин. - Ырымбай ,эрте жазда тууган күрөң күрпөңдү жайылган койлордун арасынан кармап кел! Бир чети бала- чака шорпо - шилең ууртасын! Энеңер да суукчан эле,ага да жакшы болот. Анан Толепберген аксакал,Алыйлар биздикине жатып кичине өзүнө келишсин... - Жайлообай курдаш ,убара болмаңыз. Мынауга да рахмет! Биз кызымызды издей берели ! - Жок,эч кайда кетпейсиңер! Бир козу союп ,силерди сыйлай албасам ,бул жашоодо эмне жашап жүрөм . Карачы кабыргаңар саналып,түнү менен курдаш жөтөлүп да чыктың. Буюрса кичине жакшы болгондон кийин,мен өзүм издешем, кудаңыз Наурызбайды... Андай уста кишилердин дайынын бат эле табабыз. Чоң атасынын келе жатканын алыстан көргөн небереси Асанбек чуркап үйгө кирди. - Чоң эне ,чоң эне дейм ... - Оу балакетиңди алайыным. - Чоң атам келе жатат,карагерди минип алып,бир араба тентимиштерди алып келе жатат. - Ок, өрккөнүң өскүр! Ал эмне деген жаман сөз! Тентимиштер деп экинчи айтпай жүр ! " Кудай кылса,кубарыңдын акысы барбы " дечү ата- бабаларыбыз. Шордуу элдин маңдайына ушундай ачарчылыкты жазыптыр да ! Кимден уктуң андай жаман сөздү? - Тиги Бейшенин баласы айткан. - Кой ,антпей жүр ! Үйдүн жанына келип токтогон арабадан Алый түшүп , Толепберген аксакал менен кемпири Субайданы түшүрдү. - Арыбаңыздар эне ! - Бар болгула кагылайындар! - Амансызбы байбише! Мал - жан аманба ? - Жакшы ,жакшы келиңиздер! - Оо байбиче , амансыңбы! Неберелерим кандай жакшыбы? - Жакшы абышка! Кудайга шүгүр! Уул - келин кандай? - Жакшы байбиче,тигил келиниң берген немелерди түшүр ! Үч бөлмөдөн турган ылайдан согулган,жер тамдын ичинен алты жаштагы Асанбек ,он жана он үчтөгү Керимсел менен Бакбүбү сыртка чыгышты. - Салам алейкум чоң ата! - Алейкум салам,чоң жигит болуп калган тура менин уулум! - Жаксыңарбы чоң ата? - Жакшысызбы чоң ата? - Жакшы кагылайын,тигинде энеңер берген курут ,айрандар бар. Алып киргиле үйгө ! - Кана ,балам ,тиги Керимди чакырып келчи! Бул козуну сое калсын! - Кана анда ,бул козуга бата кылып коёлу! Оо Жаратканым бар балээңден ,жок жалааңдан сакта! Элге келген кырсыктан сакта! Элибиз аман,журтубуз эсен болсун ! Кудайым казак элине келген кыйынчылыктан аман эсен чыгарып кет ! Кудай Ысталинге акыл - эс берсин ! Оомийин! - Омийин! - Оомин! - Ай абышка ,тиги кишинин атын эмне батага кошуп жатасың ыя ? Баканооздор угуп калса ,Шиберге айдап жибербейби? - Ой ,мени эле бирөө тыңшап жатыптырбы ? Тыңшаган неме болсо айтып барсын! Калдайган калың казактын мал- келин,эгин- тегининин тартып алып ,тентитип жиберген кантип жакшы болсун! - Болду эми ,кайдан айттым эле... Удургуп кетесиң деги токтобой... Төргө салынган көлдөлөңгө олтургандарга дасторкон жайылып ,самоордон ысык чай куюлуп , сөздөр сөзгө уланып жатты.
3470Loading...
18
Өмүргө тете жол 10- бөлүкАкырын Алияны көтөрүшүп арабага жаткызышып , Жаныбектин артынан айдашты. Дагы бир сындырымдан нанды үзгүлөп жеп Акбото менен Куаныш ,кудуңдашып бири - бирин карап коюшат. Эт бышымдай убакыт өткөндө алар карагайлуу беттин түбүндөгү,шаркырап агып жаткан дарыяга келишти. Сууга жакын жерде тигилген эки боз үйгө келип токтошту. - Ой Ырымбай ,ой барсыңбы? Коноктор келди ,бери чыккыла ! Ээ келин ...ким бар үйдө ? Алыстан эле кайнатасынын арабада олтурган бир топ киши менен келе жатканын көргөн Саткын үйүнө кирип , - Ай Ырымбай,тиги атаң дагы бир тентиген казактарды алып келе жатат окшойт. Эмне биз болгон ,тентимиштерди багабыз деп сөз бердик беле? - Эми эмне эле болуп жатасың? Сен аларга жардам берсең ,Кудай сага жардам берет! - Айылга кетирсең боло нары атаңды... - Эй катын ,болдучу , күңк - мыңк этпей.... Жылкыларды кайтарып ,кулундарды желеге байлап берсе жакшы...Уйларыңды улам оттуу жерге которсо жакшы ээ? Анан кыйналган шордууларды алып келсе эле каңкылдап каласың? - Эмне бизден башка кишилер жокпу? - Эй ,болдучу башты оорутпай... Тур чык эшикке! Сыртка чыккан Саткын ,үйгө жакындап келип токтогон арабаны карап калды. - Ой келин,чайыңды кайнат! Төшөктөрдү сал,тиги келинди көтөрүп киргизип жаткызалы! Уулуу жылан чагып алыптыр! - Азыр ата... - Ассаламу алейкум! - Алейкум салам балам. - Келиңиздер! Үйгө кириңиздер! - Көп рахмет уулум! Кудай тилегиңерди берсин! Арабадан түшкөн Толепберген менен Субайданы баштап Жайлообай боз үйдүн эшигин ачты. - Келиңиз өтүңүз! Үйгө кирген абышка кемпир төрдө салынып турган көлдөлөңгө өтүп олтурушту. Ортого дасторкон жая койгон Саткын ,чай койгону сыртка чыкты. - Балам кел келин экөөң,үйгө киргизгиле ? Саткын Ырымбай экөөлөп Алыйды көтөрүп боз үйдүн капталына салынган төшөккө жаткызышты. - Ой мурдуңду урайын ! Ээ балам эмне сен бул жерде жалгыз турасың? Жүрөгой,үйгө кир !- туруп калган Куаныштын мурдунан чымчып, Жайлообай үйгө киргизди. - Эжең кана,ии кызым өтөгой энеңдин жанына... Аңгыча чай кайнап , дасторконго нан,каймак ,курут ,сары май коюлду. Балдардын көздөрү дасторкондогу даамдардан өтүп ,улам бирин карашат. - Кана Толепберген аксакал дасторконго бата кылалы! - Уйүңөрдөн кут кетпесин ! Жаратканым жолуңарды ачык кылсын ! Оомийин! Колдоруна сүттөп куюлган чай тийгенге Субайда менен Толепберген нандан сындырып малып,ооздоруна салып бир топко шимип, араңдан жутушту. Бир кеседен куюлган айранды эки бала шашып - бушуп ,бирөө тартып алуучудай болуп иче башташты. - Балдарым шашпагыла ! Буюрса мындан кийин ачка болбойсуңар ! Бир сындырымдан гана нан жегиле , макулбу? Антпесе ооруп каласыңар! Бир чыны ысык чай ,бир кесим нан ,бир чыны айран ичине киргенге абышка менен кемпирдин эстери оой олтуруп калышты. - Өзөккө түшүп кетти окшойт байкуштардын... - Ооба да балам,канча күн ,же айбы ачка жүрүштү да шордуулар... - Ээ курдаш ,канча убакыттан бери жолдо ачка жүрдүңөр ? - Тогуз ,он апта болду го дейм... Дагы бул Алыйма жолугуп калып ,жолдон даам татырып жатты. - Апей,бул жаткан келинби? Мен кийген малакайынан эркек киши экен десе.... - Бул Алыйма биздин кыргыздын эле кызы экен. Казакка күйөөгө чыгып ,бул чоң жут башталганда кызы менен уулун алып жерине кайтып келе жатыптыр. - Аа байкуш,күйөөсү кайда экен? - Каза болгон дейт.., - Алыйма тээ казактын орус менен чектешкен Орынбор тараптан келе жвтыр гой! Биз болсо бери жактан эле таанысып калдык. Биздин топко балалары менен косылган эди... Түнү аш карыскырлар кол салып,Алый көре калып ,таң атканша от жагып коргандык. Осындан бери шогу келе жатырмыз. Менин Кардыгаш деген кызым Кегенге турмыска шыккан эде... Осыга келе жатканмыз,келсек аулда бир адам жок. Жарымы кыргызга,жарымы Кытайга кашты деди. Кызымдын эки кызы бар эле ,болду болбоду кыргызга эле кашты деп келе жатырмыз... - Эмне үчүн кыргызга келди деп ойлоп жатасыз? - Кытайга барган казактардын жас кыздарын колдорунан кытай,калмактар сууруп кетип жатысат деген кабар эситтик... - Аа шоруң каткан казагым ай! Кытай менен калмактай кыргыз менен казакка душман барбы? ( Уландысы бар) #омурготетежол Нурида Карабалтинская
5040Loading...
19
- Ыйлаба курдаш! Кудайдын кылганына көнбөскө алыңар барбы? Бул күндөр да өтөөр,казак элине келген кыйынчылык экен . Кудайым буюрса бул күндөр да өтүп кетээр! Ачарчылыктан качып келген силер эле эмес. Азыр ар бир кыргыздын үйүндө бирден казак үй бүлө бар десем жаңылбайм. Кыргыздын колу кенен, адамгерчилиги жогору,ушундай кыйынчылыкта жардам бербесек,адамдыгыбыз кайсы? Колундагы жардамын коңшусунан аябайт. Байыртадан коңшу элбиз,тээ кең талаадан казак эненин жоокер уулу каза таап сыздаса,аскарлуу бийик тоо башындагы кыргыз эненин эки эмчеги зыркырайт деп ата - бабаларыбыз бекер айткан эмес. - Көп рахмет баурум! - Кана анда ,тиги кесени берчи уулум ? - Бул актан ооз тийгизейин!- жыгач кесени агын сууга чайкап кичине көөкөрүнөн кымыз куйду. - Толепберген курдаш эки ууртам эле ичиңиз! Канча айдан бери тамак ичпей келе жаткан адамга кымызды көп ичкен да болбойт. Куржундун көзүнөн көмкөрмө нандан алып кичинеден сындырды. Эки баланын нанды көргөндө көздөрү жайнап , шилекейлери агып кетти. Экөөнүн көзү нандан өтүп кеткенин байкаган Жайлообай кичине сындырым нандан экөөнө карматты. - Балдарым ,силерге азыр көп жегенге болбойт. Аз - аздан жеп көнүш керек. Макулбу? - Куаныш аздан, күкүмдөн жегиле айналайындар! Канча күндөн бери тамак барбаганга көп жеген зыян келтирет. Бир сындырым нанды колуна алган Акбото мурдуна жакындатып , шуулдата жыттап алды. Нан ушунчалык жыттуу болоорун эми сезгендей болду. Акыркы жолу качан нан жегенин эстей албаган кыз ,акырын бир үзүм нанды үзүп алып оозуна салды. - Кандай таттуу,кандай даамдуу... Жерде жаткан апасын карай коюп,чочуп кетип бир үзүп оозуна салганга аракет кылды. - Кызым ,өзүң жей гой! Энеңе мен азыр берем! Алыйдын башын көтөрүп ,акырын кеседеги кымыздан ууртатты. Кеберсиген эриндерине тийген кымыздын даамы,буркураган жыты Алыйды бир азга эсине келтирди. Бир эсине келип ,кайра уулуу жыландын уусуна уугуп эсинен танып жатты. - Оо Кудай,мен эмне тиги дүйнөдөмүнбү? Апакем ичирген кымыздын даамы кайдан келмек эле? Бул бейиш деген ушул го? - Кызым ,кел ичегой! Сен аман калдың! Уктуңбу? Кеседен эки ууртам кымызды жуткурганда ,Алый көзүн ачты. - Сиз кимсиз? - Мен Жайлообай деген атанмын кызым . Уулум калкоздун жылкысын багат. Мен бул тоолордо чоңойгом. Дары чөптөрдөн тере кетейин деп бастырып келе жатып ,силерге жолугуп калдым. - Менин атым Алыйма, Сары - Булактык Жаныбектин кызымын... Казакка турмушка чыгып кеткем. Жолдошум каза болду ,жаздын башында элди, жерди көздөй чыккам. - Сен өзүбүздүн кызыбыз турбайсыңбы? Кагылайын мына элиңе, жериңе жеттиң! Булар жээндерим турбайбы кагылайындар! Келгиле чекенерден жыттап коёюн!
3630Loading...
20
Өмүргө тете жол 9- бөлүк Бети - башы көгөрө баштап ,онтогон Алый оорууга чыдабай жерге олтура калды. Тыңыраак тамак ичпей ,болгондорун карылар менен балдарга берип,өзү жебей арыктаган Алыйдын оозу кургап ,башы айланып ,жер көчө түштү. - Ана ,ана ... - Не болду сизге ана.... - Айналайын кызым , көзүңдү ашсаң боло карагым! Сени эш тутуп карылар менен балдар келе жатырмыз! Көзүңдү аш карагым ау!- калчылдаган кемпир ыйлап жиберди. - Куаныш,Бото коркпогула чырактарым... Мен ...мына...азыр .... Ордунан обдулуп турайын деген Алый жыгылып кетти. - Оо Жараткан,бул эмне деген кордугуң! Эмне деген кыйынчылыктарды жеңип ,эми өз жериме жеткенде ,бул эмне кылганың? Эгерде мен бир нерсе болсом, бул шордуулардын көргөн куну не болот? Чычкандай болгон эки балам эмне болот ? Атасына аман- эсен сактап , чоңойтом деген убадам эмне болот? Кагылайын Кудайым,эптеп чөл - талааларды кезип ,бирде ач ,бирде ток болуп эптеп жериме жеткенде ушинтесиңби?-деп оозун кыбыраткан Алыйдын көзүнөн жашы куюлуп жатты. Жерде жаткан Алыйды тегеректеген абышка кемпир,кичине кыз менен бала апасын жулкулдатып ыйлап жатышты. - Арыбагыла бир боорлор! Эмне эле ызы- чуу түшүп жатасыңар?Тынчсыңарбы? - Бар бол аксакал! Айналайын бул кызымызды кара чаар жылан шагып алды гой! - Айналайын ! Колуңдан келсе жардамыңды аяба,Кудай үшүн... - Ата , анамды сактап калшы !- чырылдап ыйлаган Акбото ат үстүндө турган ак сакал- мурутчан адамга жалынып жиберди. Апасынын бетинен өпкүлөп ,чачынан сылагылаган уулу көзү аңтарылып жаткан апасын жулкулдатып ыйлап жатты. Аттан түшө калган аксакал ,ээрдин кашындагы куржунун жерге түшүрүп,көгөрүп бара жаткан Алыйдын жанына келди. - Кана уулум ,мындай болчу! Менин колум эмес Улукман акемдин колу! Кана Жаратканым өзүң колдой көр! Ааламды ,жан - жаныбарларды,учуп жүргөнүн да ,сойлоп жүргөнүн да жараткан өзүңсүң! Жанды берүүчү да ,кайра жанды алуучу да өзүңсүң! Ээ Кудайым ,кана анда баштайын, колдой көр !- деген абышка ,куржунунан кичинекей макисин алып чыкты. - Кана курдаш ,батыраак от жага сал! Өзү макисин таза матага сүртүп ,күйүп жаткан отко эки жагын кармай ,Алыйдын бутун карай баштады. Көпкөк болуп шишиген балтырында эки тешик канталап ,даана көрүнүп турду. Макисин тазалаган абышка ,ошол эки тешикти канын агыза тереңирээк тилип - тилип жиберди. Капкара коюу кан,булт- булт этип агып кетти . Белиндеги кайыш курун чечип , тизеден ылдый бекем тарта байлады да ,тилген жерди сыгып канды агызды. Акырындап кара кан азайган кезде ,ошол жердеги ууну соруп жерге түкүрө баштады. Айлананын баары ,аксакалдын аппак сакал- муруту да , үстүндөгү чапанынын жеңи да кан болуп кетти. Чекесинен тери жылтылдап ,уламдан улам ууланган канды соруп түкүрүп жаткан аксакалды караган төртөө унчукпай карап турушту. Акыры жылан чаккан тешиктен кара эмес ,кызыл кан шүүшүндөп ага баштады. - Оо Жаратканым,бул пендеңе көрө турган күнүн кайрыдың окшойт! Аксакал эки жагын эми карап , өзүн карап турган төртөөнү карап жылмайып койду. - Мына , Кудайга үнүңөр жетиптир , кызыңар ,силердин энеңер аман калды. Кана мобул макини отко кактай калгыла ! Кыңылдап,онтогон Алый көзүн ачты. - Кызым ,сени бир Кудай сактаптыр! Жыландын пири Азиз ,уусун өзүнө алды, Кудайым балдарыңдын маңдайында кайра жашоого мүмкүнчүлүк бериптир! Эми кызым ,мобул кан кеткен жерди күйгүзүп койбосом болбойт. Мобуну тиштеп ,бир чыдап кой кагылайын! Жерде жаткан камчысын берип,кайышынан тиштетип койду. Кызарып ,ысып турган макисин алып ,бат -баттан жарага басып койду. Алы куруган Алый кың деп үн да чыгарган жок. Кабагы бүркөлө түшүп эси ооп калды. Абышка ээрдин кашындагы кичинекей териден жасалган көөкөрүн алып бери басты. - Кана эми ,коркунуч жок . Эми шашпай таанышалы! Менин атым Жайлообай, сиздер ким болосуздар? Баамымда казак боордоштордон окшойсуңар? - Толепберген болот менин ысымым,бул байбишем Субайда. Жылан тистеген Алыйма ,уулу Куаныш,кызы Акбото... Минтип , кең далаамдан алыстап , тентип келе жатырмын... Кардыгып араң сүйлөгөн Толепбергендин көзүнөн жашы мөлт - мөлт эте куюлуп кетти.
4120Loading...
21
❗️🔥🔥🔥🔥🔥🔥📊 💰💰💰💰💰💰💰 💸 Играйте зарабатывайте монеты. В скором времени и в будушем ой как они вам будут пригодится. 1. TapSwap - клон ноткоина, но приятнее как по мне. Опять же бесплатно, майним. 2. LaimCoin - планы у разработчиков грандиозные, майнинг бесплатный. 3. BullRun - проект очень ранний, но уже фармить можно и к тому же блестящее будуше у этой монеты... 4. YesCoin - новая тапалка майнинг, бесплатный. С хорошими отзывами. 5. Hamster Kombat - Тапалка майнинг бот, уже совсем скоро обещают листинг в биржах. 6. Iceberg - бесплатный майнинг приложения, который можно достаточно много на майнить за счёт рефералов. ✅✅✅✅✅🙋‍♀️🙋‍♀️🙋‍♀️🙋‍♀️🙋‍♀️🙋‍♀️ ✔️
2600Loading...
22
Артынан жумурткаларды сууга бышырып,кардыларын тойгузду. Көптөн бери ооздоруна кара суу келип,алдары кеткен немелер ,курсагына бир нерсе барганга көңүлдөрү көтөрүлүп жолго чыгышты. - Ана,кашан жетемиз? - Чыда балам ,буюрса аз калдык. Бул жерлерде менин балалыгым өткөн. Тээ илгери "Көкөтөйдүн ашы,көп чырдын башы " өткөн Каркыра деген жер ушул балам... - Ооба ана ,мен билем . Манас ата келип , душмандарды жеңген жер деп айтып бергенсиз ээ? - Ооба балам,менин Куанышымдын эс тутуму мыкты экен го! Кана кызым сенин эсиңде барбы? - Ооба ана,Бокмурун деген киши акесинин ашын берет. - Ой,азамат,менин айтып бергендеримдин баары эсиңерде бар экен да! Эми буюрса таята , таененерге жетсек дагы сонун жомокторду,өтүп кеткен баатырларыбыз жөнүндө угасыңар... Эки жакты таң калв караган абышка кемпир,айлананын кооздугуна тамшанып бүтүншпөй келе жатышат. - Ей Кудайым не деген керемет ! Не деген сулуулук ! Ие кызым бу кыргыз жери керемет,адеми экен го! Жараткан эң адеми жерди кыргыздарга берген экен гой! - Ие байым, айтканыңыз бекер эмес гой! Мындай жерди жерлеген,силердин халыкта өкиниш жок го дейм ау! - Ээ ана ,ата буюрса мындан дагы керемет ,укмуш жерлерди көрөсүз! Аскасы асман тиреген Ала- Тоолорго курчалган ,мелтиреген көпкөк,чыныдагы мүрөктүн суусундай болуп,жылт - жулт эткен Ысык- Көлдү көрсөңүздөр, эсиңерден андай керемет эч качан кетпейт! - Ана ,ана ! Ыстык - Көлдө ак куулар болобу? - Болбогондо ,аппак болушуп ,койкоюп сүзүп жүрүшкөн чыгар! Кайран ыйык куштар! Алар кыйкуулап учканда ,аппак канаттары көлгө чагылышып , өзүнчө эле бир керемет ... Ат арабада Алыйдын айтып бергендерин элестеткен эки кары ,эки бала өз ойлору менен алек... Арабага чегилген атты жетелеген Алый дагы айланасына суктана,жылмайып келе жатты... - Ай бутум! - Алый кыйкырып жиберди. - Кызым не болду? - Бутумду жылан чакты ...Ай бутум, чөптүн түбүндө оролуп жатканын байкабай басып алдым . - Кана жылан? - Канакей... Ары жакта сойлоп бара жаткан кара чаар жыланды көрө калып , Толепберген таяк менен чаап калды. Уландысы бар . Нурида Карабалтинская #омурготетежол
3220Loading...
23
Өмүргө тете жол 8-бөлүм Алыстан ак карлуу тоолор көрүнгөнгөбү,айтор Алыйга күч кубат киргенсип ,көңүлү көтөрүлүп калды. - Ана,мындай бийиктиктен басым айланабы? - Жок,уулум көнүп кетесиңер да! - Ана ,дайыма самал болобу бийик тауларда ? - Жок дайыма шамал болбойт,бирок аба таптаза...эртең менен туруп,сыртка чыгып көкүрөгүңдү кере дем алсаң...эх балдарым ...барганда көрөсүңөр.... Арабага чегилген ат дагы көккө тоюп, тыңыраак жүрүп калды. Жолго бир конуп алып, Толепбергендин кызы жашаган айылга дагы жакындап келип калышты. Алдынан чыккан адамды токтотуп алган Толепберген аксакал - Арыба уулым! Бул Жалагаш деген аулбу ? - Ие аксакал... - Бу Наурызбай деген уста бар эле. Менин кызым Кардыгаш,анын келини еди... Аларды кайдан тапсак болады... - Ие аксакал, Наурызбай тургай, бүкүл аул эбак көшүп кетискен. - Кайсы тарапка? - Мен билгенден жарым аул Кытайдын Текесине,жарымы кыргызга кирип кетти гой! Ашаршылык катуу кыйнап ,аул эли шар тарапка сүрүлүп кетти гой! - Не кылам эми ...кемпирим экөөбүз...кызыбызды эш тутуп келе жаттык эди... - Мен уккандан уста Каркара жакка кетти дешкен. Демек кыргыздарга эле кетсе керек. Көп казактар кыргыздарга кирип кетишти. Кытайдын чериктери ,казактарды шек арадан атып жатыр ,жас,адеми кыздарын сууруп кетип жатысат деген кабар укканбыз ! - Аа мейли ,мейли ...анда жолубузду улайлы.- деген абышка ,кабагы салыңкы арабага олтуруп калды. - Толепберген,неге басыңды жерге саласың? Мына Алый кызым айтып келе жатыр го? Кеттик кыргыз элине деп... көтер басты! - Ооба да ата,тиги киши деле айтып жатат го,Каркыра аркылуу кеткен деп... Демек кыргыздарга эле кетишкен болуш керек. Кызыңыздын балдары барбы? - Ие эки кыз ,бир уулу бар ... - Анда кытай чериктеринин сулуу кыздарды тартып алып жатканын алар деле уккан чыгар. Андай болсо, сөзсүз кыргыздарга кетишкен. Капа болбоңуз, кызыңыз сөзсүз табылат. Кудай буюруп койсо ,жерибизге аман жетсек , неберелериниздин жытын искей турган да күн келет. Алыйдын сөзүнө муюган абышка кемпирдин үмүттөрү жанып,алдыны көздөй жөнөштү. Казактын чөл,талааларынан суу таппай ,бир ууртамдан ичип көнгөн Бото менен Куаныш ,шаркырап аккан сууларга таң калып келе беришти. - Ой баай ана,не деген адеми жер? - Мынау гүлдөрдү карасаңыз! Акырындап кыргыз жергесине келип калышты. Каткан талкандарынын жуктарын кагып - күүп жешип, жомоктогудай сулуулукка курчалган Каркыра жайлоосуна да жете келишти. Эки жагы чер токойго курчалган тоолор,ортосу атайын түздөп, шибер менен ар түркүн гүлдөрдү колго сээп койгонсуп көрүнөт . Түркүн чымчыктардын сайраганы, ачкачылыктан араң келе жаткандардын аз да болсо ,көңүлүн көтөргөнсүйт. - Кичине токтоп эс алалы,тузак коюп көрөлү,балким кекилик ,чил же бөдөнө илинээр! - деген Алый арабаны токтотту. - Кызым ,башыбыз айланып , көзүбүз караңгылап кетти. Кичине көлөкөгө жата турсак кантет? Алый алыс жолдо алдары кетип калган абышка кемпирди түшүрүп ,чоң карагайдын түбүнө олтургузду. - Силер дагы аже менен атанын жанында олтуруп тургула ! Мен азыр келем. Алый тузакты көтөрүп , алысыраак басып баратып , бөдөнөнүн жумурткалары жаткан уяны көрүп калды. -Ээ Жаратканым ,мени кечире көр! Уяны бузган күнөө дечү эле,айлам жок,күнөө болсо да ,бул жумурткалар бизге керек. Антпесе, биз эч нерсе эмес,тиги карган немелердин алы күндөн - күнгө кетип баратат. Келе жатып дагы бир уядан ,жумурткаларды терип алды. - Кечиргиле мени, уяларынарды бош койбой бирден жумуртка калтырдым. Антпесем тиги карылар менен жаш балдар ачкалыктан баса албай калышты. Алыйдын сүйлөгөнүнө макул болгонсуп ,ары жактан бөдөнө бытпылдыктап жиберди. Бири - бирине жөлөнгөн абышка, кемпир башын көтөрүп Алыйды карап коюшту. - Азыр ,мына мен жумурткаларды таап келдим. Кичине чыдап туруңуздар! Ары жактан куураган отундардан терип келе коюп,оттугун жандырып от жакты. Бир заматта кайнап чыккан ысык сууга терип келген жалбырактарын салып кайнатып жиберди. - Келиңиздер бул тоо карагаттын, чычырканактын жалбырактары ,кичине күч берет ! Чай ордуна ичиңиздер!
3760Loading...
24
Мен ал жерге жетээр менен атам машинесин папылдатып апамдарды чакыра баштады. Апам мени башыман бутума чейин бир карап. ушул соо эмес дегендей башын чайкап турду да анан шарт бурулуп --Кызым, ойлон, ушул бойдон кайра үйгө келгенге жол жок. Жакшы бар. Сен таптакыр болбой калыптырсың, мен мынчалык болот деп ойлобоптурмун. Бая Карамат айтканда эле киришсем болмок экен. Эми бизди унут. Атаң айткан, ушул жерден кайрылбаса, анда менин андай кызым жок деп, атаң айтканын кылат, билесиң сен аны... - шар-шар басып кетти. Мен мындай болот деп ойлогон эмесмин. Башка бирөө таш менен чаап жибергендей кеңгирей түштүм.Апам менен Карамат барып отурар менен атам машинесин ушунчалык тездикте кайрыды да, газды катуу басып, чаңдаткан боюнча зырылдатып айдап кетти. Бардык нерседен ажырагандай көкүрөгүм бош калды. Абдубахир менен Бахиддин шаштырганына болбой, тигилердин карааны үзүлгөнчө карап турдум. Көзүмөн жаш чыкпаганы менен көөдөнүм катуу ыйлап жатты. Мына ушул секунддарда мен буга чейинки бардык өмүрүм менен кош айтышып жатканымды сездим... Эки сутка жол жүрүп биз болжогон жерге жеттик. Чынында жол абдан алыс экен машине менен жургөнгө. Барсак, бизди ал жерден эч ким деле кубанып күтүп алган жок. Кызык жери, ар бир жолуккан адам Бахиддин аял алып баратканына абдан таңданып жатышты.Көпчүлүгү менен Бахид тажикче сүйлөшүп жатты. Азыр ойлосом, ал мени түшүнбөсүн деген ыкмасы экен. Болжогон жерибизден бизди Бахиддин тая жездеси тосуп алды да, үйүнө ээрчитип барды. Мага жаны келген келин катары эч кандай сый деле болгон жок. Айылдан келген кишилер маймыл көрглндөй мага таңданып карашат. Мен ушундан жүдөп кеттим. Таажездесиникинде бир аял жүргөн. Мен, Бахиддин аялы бар жана ошол экендигин эки күндөн кийин билдим. Эмне демекмин, баарынан ажырагандан кийин жашаш керек, андан башка айла менде жок деген жыйынтыкка келдим, калганын тагдырга ылайык көрмөк болдум. Бир гана турмуш бул сүйүү эместигин, анын көп кырдуу табияты бардыгын биринчи жолу сездим. Эми эки аял бир үйдө кантип жашай турганыбызды элестете албай башым маң. Бул жерде аялдар эч качан күйөөлөрүнө каяша айтпайт экен, өзгөчө элдин көзүнчө. Башыма түшкөндөн кийин баягы чалпоо кыялымды таштап мен ага көнмөк болуу чечимин кабыл алдым. Эми калганын мезгил көрсөтөт дедим, өкүнүчтөн төгүлгөн көз жаштын арасында... Аягы...
5770Loading...
25
Ушул жакшы турмушту кантип таштап кетмек элем дейм да, кайра ушул оюмду Бахил билип алып кетпей койчудай чочуп алам акырын. Men атамдын үйүндө дагы канча жыл жашамакмын дейм да кеткенимди туура көрөм. Бирок ал жактагы турмушумду таптакыр көз алдыма элестете албайм. Ал жагын Бахидге ишенем, бул менин акыркы жообум. Ал менин ушул ишеничимди аткара алабы деп ойлоп кетем, бирок мындай ойду андан ары тереңдетким келбейт. Эртең менен таң сүрө турдум да даярдана баштадым. Өзүң чоңойгон үйдү таштап кетиш чынында мага кыйынга турду. Кетип баратканымды эстеп көзүмдү бир сыйра жаштап, кайра жаман жорукту баштабайын деп дене-боюм жыйрылып коркуп кеттим. Жүрөгүм бир нерсеге түпөйүл болуп, бирок аны жакшылыкка жоруп коем. Кадим баягв сабакка барып жүргөн күндөрдөй үйдөгүлөр менен чогуу тамактанып алып, ичимден өзүм чоңойгон үйгө далай жакшы тилектеримди айтып, чай үстүндө ата-энеме да чын дилден каалоолорумду жолдоп жолго чыктым. Ушул жерден бир гана нерсеге катуу өкүнүп калдым. Ал үйдөгүлөр шекшип калабы деп атамды өпкүм келсе да өбө албай чыкканым болду. Менин чалпоо кыялыма көнүп калган апамды кайра-кайра сыга кучактап эки бетинен өөп-өөп алып артымды карабай сыртка чыктым. Жүрөгүмдү тээп турган кусалык көзүмөн көрүнүп калабы деген ой болчу бул. Мен сыртка чыкканда Бахид Абдубахирдин машинесин айдатып чоң жолдун боюнда туруптур. Мен отураар менен машине ордунан козголду, чындап чоң турмушка багыт алганымды сездим. Бахид мында кандай абал болуп жатат дегендей мени сырдуу карап коёт. Ырас, ичим уйгу-туйгу болгону менен мен аны сыртыма билдирбегенге аракеттенип бара жаттым. Абдубахир да машиненин ичиндеги күзгүдөн мени сынай карап баратканын туйдум. Бул экөө мени эмне мынчалык сынашат деген ой мээмди чагат. Экөө тең сүйлөшүп алгандай тунжурашат. Ошол оор жымжырттыктан кутулуу аракетинде гана мен аны-муну сүйлөп, өзүмдү да тигилерди да алаксыткан болом. Менин бажырай берген маанисиз сөздөрүмдөн тажадыбы, же мени менен сүйлөшкүсү келдиби бир учурда Абдубахир: -Жол алыс, чарчайсың го, - деди. Мен жооп бергиче болбой, оозумдан сөздү жулуп алган Бахид: --Мен үчүн Элмира жердин түбүнө болсо да барат. Туурабы, Эмка,-деди. Мен бул жерден Бахиддин кандай максат менен айтканына акылым жете бербей, бирок башка бирөөнүн алдында анын кадыр-баркын түшүргүм келбей: —Туура, - дедим чын дилим менен. Мен бүгүнкүдөй эч качан бактылуу болбосом керек. Машиненин терезесинен сыртты карасам теребел да ошончолук укмуш кооз көрүнүп жатты. Ал эми Бахидди карасам, андан бактылуу киши жоктой мага башын жөлөп магдырайт. Бир гана Абдубахир санаасы ордунда болбой, ичиндеги күзгүдөн да, айнегин түшүрүп алып деле карайт. Кимдир бирөө кууп келе жаткандай мен да ага кошулуп артымды карап коем.Чын эле менин качып чыкканымды үйдөгүлөр билип калып артыман келсе эмне кылышым керек. Ал эми атам билсе ат Тажикстанга чейин кууп барышы мүмкүн. Анда эмне кылышым керек? Кайра ойлоном, анда деле эл журт бар эмеспи, алар Бахид экөөбүздүн таламыбызды талашат болуш керек. Атамдын жинденип жатканын элестетем, бирок кайра башка ойлор келет. Атам келесоо эмес да,ага деле кызынын бактылуу болушу маанилүү. Ошондуктан канчалык ачууланып барса деле менин күлүп-жайнап турганымды көрүп эч качан жаман ишке барбайт.Чынында атам менин бактылуу болушума апама караганда көбүрөөк бушайман болоорун мен мурдатан эле билчүмүн. Азыр да ошого ишендим. Атам Тажикстанга барып менин бактылуу жашап жатканымды көрүп көңүлү тынып келгенин да элестетип жибердим.Биз өзүнчө түтүн булатып жашап калгандан кийин барып калганы,биз аларды кантип коноктогонубуз көз алдыма тартыла түштү. «Качан барышат болду экен деп ойлойм. Менин кеткенимди билгенден кийин бир жума кудаларын күтүп, алар барган соң анан алар менен макулдашып алып барышканы көз алдыма тартылат. Бахиддин өз ата-энеси болбогондон кийин алар биздикине кантип барарын элестете албайм. Эми баары бир болуп калса да кыз бала ата-энесинин намысын ойлойт экен да, башын оорутуп,үйдөгүлөр эл алдында жер карабасын деп.
4240Loading...
26
Эгер анча акылдуу болсо, биринчи өз көзү менен көрүп анан ушундай жыйынтык чыгарбайбы деп ойлодум. Дайыма апамдын сөзүн укканы мага жакчу эмес. Бул жолу да уккан тура, айдама байкуш папам дедим, аяп жибердим. Көз ирмемде Бахид экөөнү салыштырып жибердим. Бахид атама караганда эркекке мүнөздүү касиети боюнча түбөлүк өйдө экендигин өзүмө аныктап алдым. Атам мумкун дагы көп сүйлөмөктүр, бирок мен анын оюн бузуп койдум. —Папа, башым-ооруп турат, калганын эртең сүйлөшсөк кантет? деп бурк эттим. Мындай кыялым кичине кезимен бар эле. Атам муну жакшы түшүндү окшойт, бара бер дегендей башын ийкеп тим болду.Мен өз бөлмөмө бараарым менен төшөккө куладым. Баш-аягы билинбеген түпсүз санаага сүңгүп кирип, жел кемедей, шамал кайда айдаса ошол тарапка багыт алдым. «Алгач ата-энем жөнүндө ойлондум. Эмне үчүн алар мен өзүм каалаган адамым менен бактылуу болушумду каалашпайт? Алар каалап эле турушат, бирок Бахиддин душмандары аларды тескери үгүттөп жатышпайбы, болбосо каршы чыгышмак эмес. Эми эмне кылышым керек? Чынында буга өзүм толук жооп таппадым. Эртең Бахид менен акылдашып көрүү керек, ошондо толук жооп чыгат. Акыры ушул ойго келдим да анан уйкуга багынып бердим. Эртен, менен адаттагыдай эле туруп чай ичтик. Өз ара сүйлөшүшсө керек, эч ким унчукпайт, сырдуу тиктешип тамактандык, алардын мындай мүнөз күтүшү мени абдан таң калтырды. Бирок мен да аларга сыр билгизбей курсагымды тойгуздум да сабакка, биринчи кезекте Бахидге шашып жөнөдүм. Үйдө болгон жанылыкты айтып бергим келди болушунча эртерээк жетип. Мени таң калтырганы, Бахид дайыма эрте келет, бул жолу да адаттагыдай ал мени тосуп алды. Ал сабакка ээрчитип жөнөгөндө мен аны колдон сүйрөп таптакыр тескери жакка жетеледим. Алгач буга таң калганы менен Бахид мени бир сыйра сырдуу тиктеди да, менин жетегиме көнүп берди. Бир топ жер бастык, анан мен болгонун болгондой ийне-жибине чейин баяндап бердим. Бахид абдан кунт коюп укту да бир далайга чейин ойлонуп, андан сон,: -Эми сенин өз оюң кандай? - деп сурады. Анын мындай суроосу чынында мага жаккан жок, бирок жооп бериш зарыл экендигин түшүндүм. -Эгер мен сени таштай турган болсом минтип баарын сага айтып отурбайт элем жана сага басып да келбейт болчумун,-деп, жан дүйнөсүн толук билип алууга ашыгып көзүнө тике карадым. Ал ушундай эле болуш керек дегендей чекемен сүйдү да: --Сага ушул окуу жагабы? деп таң калтыра сурады кайра. Чынымды айтсам, эмне дээримди билбей туруп калдым. Ал мени телмире тиктеп менден жооп күтүп тура берди. Буга да сөзсүз өз пикиримди айтуу зарылдыгын баамдадым да: --Жаккан үчүн окуп жүрөмүн да, -дедим. Ал баягы сынаган калыбынан жазбай: --Мен үчүн окууңду таштап кое аласыңбы? -Каректери ушунчалык күйүп-жанып турду. Мен дагы эле суроонун маанисин түшүнө бербей: —Эгер ошончо зарыл болсо таштап койсо деле болот. - Ушул жоопту баятан бери күтүп тургансып-, ушунчалык толкундануу менен сыга-сыга кучактады да, жүзүмөн аймалап жиберди. Мындай,бири бирибизге кыналышкан убакыт бир далайга созулуп кетти окшойт, ал бир маалда мени жулкуп өзүнө каратты да: —Анда даярдан, Тажикстанга кетебиз,- деди. Мындай сөздү күтпөгөн жаным оозум ачылып эле калды. Эмне кылышты билбей бир заматта дендароо боло түштүм. Азыр, мына ушул тапта жөнөп кетчүдөй сүйүктүү балалыгым өткөн шаардан ажырагым келбей ичим ачыша калды. Бирок сыр билгизген жокмун. --Качан кетебиз? --Болушунча эртелеш керек, менин баамымда сени ата-энең жибербей коюшу мүмкүн, —деди ал баягы мен корккон үн менен шыбырап. Үйдөгүлөр тигинтип жатса, мени чын эле жибербей коюшу ыктымал экендиги анык. Бахид бардык нерсени көрүп-билип турат деген ишеним менде чоң эле, ошондуктан анын-айтканын айныгыс чындык катары кабыл алдым. Мен азыр десе да кете бере турган абалда элем. Бирок Бахид мага караганда эстүүлүк кылды. Ал мага даярданышка бир жума убакыт жана ошого чейин жакшылап ойлонушум керектигимди эскертти. Анын мындай шартына макул болдум да мына ошондон кийин кантип үйдөн кетип калуунун пландарын иштеп чыга баштадым. Ар бир күнү Бахид экөөбүз жолугушуп турдук жана ошол мезгилде мен да, Бахид да окууну таштай турганыбызды антташтык.
2870Loading...
27
Кызык, мен деле башка дос кыздарым сыяктуу өз каалоом менен турмушка чыгам, мага калың төлөп сатып албайт дегеним менен азыр мени ата-энемди жер каратпай бапырап барып калса деп ойлоп коем өзүмчө. Таежесинин колунда малай катары чоңойсо, ал киши биз баргандан кийин эле жүрөгү жибип ата-энемдин алдынан өтүп коеюн дээрин бир Кудай билет. Анткени алар тууралуу кеп болгондо Бахид алардын ушунчалык кара мүртөздүгүн айтып мени бул багытта түңүлтүп койгон. Бахиддин айтканына ишенип мен алардан таптакыр жакшылык күтпөй калгам. Мына машинанын ичинде да мен ошол жөнүндө ойлонуп бара жаттым.Эмнегедир Абдубахир машинесин өтө жай айдап бара жатты. Менин атам буга караганда тың айдачу, мүмкүн шашып жаткандыгыман мага ошондой сезилип жаткандыр деп да ойлоп коемун. Канчалык өзүмдү алаксытканым менен жүрөгүм алып учуп бир жамандык болчудай алдастай бердим. Кызык, ушул сезим мен үйдөн чыккандан башталган, мына үч сааттай жол бастык басылмак турсун кайра күчөп жан дүйнөмдү мыжып, бушайманга салып эзип жатты.Алыс жолдо өзүмдү уйку менен алаксыткым келип, Бахиддин ийнине жөлөнүп көзүмдү жумдум. Канча уктаганымды билбейм, машиненин папылдаганынан чочуп ойгондум. Көзүмдү ачсам, атамдын машинеси бизге катарлаш келип калыптыр. Жүрөгүм кабынан чыгып кете жаздады. Атам бизден өтүп барып токтоду да, Абдубахирдин токтошун талап кылды. Мен ичимден чебелектеп качып кетсе деп ойлойм. Бирок ушуну эле күтүп келгенсип Абдубахир мага машиненин ичиндеги күзгүдөн жылмайып коюп атамдын машинесинин артына барып токтоду. Атам машинеден түшкөн жок, апам менен Карамат түштү. Апамдын өңү абдан кубарып кеткен. Ал эч ким менен учурашпай туруп : -Эй, кыз, сен кайда? - деди. Эмне дээримди билбей шарт эле кучактап калдым. Бирок апамдын ачуусу жанган жок. Ал кайра мени колу менен түртүп: -Эй, сен кайда баратасың? -деп такып сурады. Мен ушинтип күйөөгө кетип баратам деп элдин көзүнчө кантип айтмак элем. Унчукпай жер карадым. Менин ахыбалымды ал туура түшүндү окшойт, ошол абалдан өзү чыгаргысы келди көрүнөт: -Сени зордоп алып кетип баратабы же өз каалооң менен кетип баратасыңбы? Ошону эле айтып койчу. Meн ошону эле билгим келип турат, - деп мага өзүм үчүн таң калыштуу суроону берди. Эгер унчукпай койсом чыр чыгарын билип турам. Айтайын дейм, андан уялып тартынып турам. Мен башымды ийкедим, бирок мындай жооп апамды канааттандырбады. --Сен коркпо кызым, мына бул жерде биз турабыз. Азыр бизге сенин ачык жообуң керек болуп турат. Атаң да ошону күтүп жатпайбы тигинде... үнүндү чыгарып катуу айт ал да уксун. Мен ага сен үчүн кайталап отурбайын, - деди апам өктөм. Менден жооп күтүп жатканы менен апам жек көргөн көзү менен Бахидди атып салчудай теше тиктеп турганын байкадым. Ал эми мында бир эмес бир нече адамдын тагдыры чечилип жатса, Бахид болсо жиндидей болуп жылмайып, апамды шылдыңдагансып карап коёт. Анын мындай кейпи тигинде жек көрүп турган апамды эле эмес, мында жанындагы менин да куйкамды куруштурду. Мындан мен маселени эртерээк чечишим керек экендигин туйдум. -Ооба, мама, мен өзүм кетип баратам. Мени эч ким зордогон жок. - Апам чын эле ушуну сен айтып жатасынбы дегендей мен эч качан буга чейин көрбөгөн бир башкача мүнөз менен мени таңдана карады. Мен сөзүмдү ырастагандай башымды ийкедим. Ушул эле сөздү кантип айтаар экен дегендей Абдубахир шылдыңдуу жылмайып койду. Карамат жаңылыш угуп алгандай чочуп кетти. Өзү күткөн эрдикти жасап бергендей Бахид мага шынаарлап калды. Ушуну менен баары чечилип бүттү го деп ойлодум. Апам Караматка карап: -- Сиз туура айтыптырсыз, бул таптакыр келесоо болуп калган турбайбы. Дагы, эмне иш кылып жатканын да билбей калыптыр, - деп эмне кылаарын билбей, колдорун ушалап акыркы сөзүн айтты. --Болуптур кызым, башка эмне дейин, барып атаң менен коштош. Ушул бойдон көрүшөбүзбү же көрүшпөй калдыкпы... Эне сүтүмдөн кечтим, бактылуу бол.-Чынымды айтсам, апамдын абалы башымды ооруткан жок, мен атам менен коштошуп алгым келди да ага чуркадым. Бирок атам мени менен бир ооз сүйлөшмөк турсун машинесинин эшигин да ачпай койду. Элдин көзүнчө шагым катуу сынып калды. Ошол жерде тура бермек белем, кайра Абдубахирдин машинесине келдим.
4970Loading...
28
Анын окуй беришине мен чынында каршы эмес болчумун, бирок ал атам баары бир аны окутпай турганына ар кандай далилдерди келтире берип, мени абдан катуу ынандырды. Мейли дедим өзүмчө, мен ал үчүн баарын таштап ата-бабам тааныбаган Тажикстанга кетип жатсам, анын быякта калышын мен деле туура көргөн жокмун. Биз болжогон күн жакындаган сайын мени кандайдыр бир кооптонуу улам тереңирээк курчай баштады. Кызык дейм, кыз болуп калганыма өкүнүп, эми атам тааныбаган жерде мени кандай жашоо күтүп турду экен. Чынында мен өзүмдүн гана сүйүүмө ишенип кетип баратам, ал мени кайда болсо бактылуу кылат деген ишеним баарын жеңип кетүүдө.. Улам кетээрибизге күн жакындаган сайын Бахид менден жакшылап ойлонгонумду кайталап сурап коёт. Ал эми мен ал канча сураса ошончо тажабай азыр десе азыр кете бере турганымды эскертем. Ал бир азга тынып калат да кайра башынан сурап кирет. Мен ага кайра жооп берем да, мына, чыныгы сүйүү деген ушундай болуш керек деп жыйынтык чыгарам жана бир мезгилде бири-бири үчүн отко да, сууга да салса чыдаган адабий каармандарым эске түшөт. Биз да ошолордой боло турганыбызды элестетем. Бир мезгилде бизди да кимдир бирөөлөр ошол адабий каармандардай даңазалай турганын эстегенде меники башкача эрдиктей сыймыктануу түйшүгү өзүнчө бир эргүүнү жаратат.Ал тургай мен ушул эрдик жөнүндө балдарыма айтып берип жатканымды да элестетип жиберем. Акыркы эки күнү мен жалаң гана атам менен апама кетип жатканымды кантип айтаарым тууралуу ойлонуп чыктым. Эң оңой жолу эле, кат жазып кетиш керек экендигин билдим. Антпесем,баары ызы-чуу болушуп, менин кетээриме тоскоол болоору анык. Ошол акыркы эки күнү мен жалаң кийимдеримди Бахид экөөбүздү алгач жолуктурган Абдубахирдин үйүнө ташыдым. Менин минтип камынып жатканыма ал чындап таң кала берет да, мен барган сайын эле улам-улам «Сен чын эле кеткен жатасыңбы? - деп сурай берет. Мен алгач башымды ийкеп күлүп гана койсом, кийинки мезгилдерде ачык эле тартынбай бара турганымды айтчу болдум. Бир күнү анын мындай суроосунан тажап кетип кайра өзүнөн —Эмнеге минтип сурай бересиз?-дедим. Ал акырын шылдыңдагандай күлүп койду да: —Силерди мен өзүм жеткирем, - деп кошумчалап койду. Мен анын күлкүсүн да, эмне максат менен минтип айтканын да түшүнө бербедим. Бирок ошол мезгилде менде териштиргенге таптакыр убакыт жок болчу. Бирок анын үйүнөн үйдү көздөй келе жатканда сөзсүз анын айтканы күлкүсү менен кошо кулагыма жаңырып турат. Акылымдын жетишинче ойлонгонум менен андан ары ал ойдун артынан тереңге сүңгүп кирбейм жана акыркы жыйынтыгым мунун да Бахидге көзү түз эместиги менен бүтөт. Ошентип эртең кетебиз деген күнү кечинде мен атам менен апама арнап кат жаздым, аны кадимки адабий чыгармадагылардай көркөмдөп, экөөнү урматтап сыйлай тургандыгымды билдирип,бирок кыз баланын жашоосу таптакыр башка жакта болоорун, көпчүлүк ата-энелер ага түшүнүп мамиле кылышаарын, ал эми менин ата-энем түшүнбөгөндүгүн, ошондуктан аларга арналган сүйүүмдү ушинтип кагазга калтырганымды жазып, аны жаздыгымдын алдына катып койдум уйкуга да уйкуга кеттим. Түнү бою ар кандай ойлор менен алп урушуп жатып анча деле кыйратып уктаган жокмун. Ойлорум алда-кайда кетет. Туура кылып жатамбы деп ойлойм да, мындан башка аргам жок экендигин эстегенде маңдайыма жазганын көрөмүн дегендей баарына бел байлайм. Кыз баланын турмушу баары бир ушундай болоорун эстегенде кайра өзүмө өзүм кайрат айтам. Бир эле мен турмушка чыгып жатыптырмынбы, ал эми кетип жаткан кыздардын баары тең дал ушундай кооптонууну башынан кечирет, анан көнүп калышат деген ойго келгенде алардан кем эместигимди ойлоп намыстанам. Бирок баары бир коркунуч бар. Мен аны билбеген жерге кетип баратканыма жоруйм. Элдин баары шаарга качып жатса мен айылга кетип жатканыма кээ бирде таң калам. Аны болсо кайра эле тагдырыма шылтап коемун. Ар бир адам тагдырына жазганын көрөт, ушул ойго кийинки мезгилдерде катуу ишенип баратам. Анткени менин турмушумда өзүм билип туруп жасай албаган кырдаалдар кийинки мезгилдерде көп болгондуктан, мен аларга жооп таппай калганда өзүмдү ушинтип сооротчу болдум. Бир эсе кетким келбейт.
2990Loading...
29
#Дубаланган курма же эрке кыздын тагдыры 20 - Баян, акыркы бөлүмү Болотбек Акматов Жеке тагдырымда биринчи жолу жеңишке ээ болушум. Мен кудуңдап ошого сүйүнүп жүрөм, бирок Бахиддин көңүлү таптакыр ачылбай койду. Анын абдан каардуу экендигин мен биринчи жолу ушул жерден көрдүм. Экөөбүз көпкө басып жүрдүк. Кечинде үйгө барсам апам абдан ыйлагандай, эки көзү тоодой шишиген. Мен бараар менен өзүн иретке келтирип, чай кайнаганча өзү менен өзү алек болуп, качан чай алдыга келгенде: --Кызым, аныңдын аялы бар экендиги чын экен. Аны жинди кылып коюп эми мында жүргөн тура. Эми сени жинди кылып койсо мен кантем. Эрсиз калсаң деле ага барбай эле койчу. Аны менен жолукпачы... ушул сөзүмдү аткарсаң эне сүтүмөн кечейин, кызым. Мени мынчалык жалдыратпачы.- Апам жалынып да жатты, ыйлап да жатты. Мен абдан таң калдым, “ аялы жок экендигин укту го, буга дагы эмне керек?» Бахидди көрө албаган тиги экөө буга дагы бирдеме деген экен. «Алар эмне үчүн Бахиддин бактылуу болушун каалашпайт?» мен ушуга абдан таңмын, бирок эч качан маанисин ачып түшүнө албайм. Менин дагы маанайым бузулду, «эмнеге өзүмдүн энем бактылуу болушума, ушул Бахид менен жашашыма дайыма эле каршы турат? Аны тигилер ынандырышкан тура, кандай начар аялдар бирөөнүн жашоосуна киришкен». Бахидди алардын мынчалык жек көрүп калышына эмне себеп болуп жатканын аныктай албай койдум бул жолу да. Минтип апам каршы чыгып жатса эмне демекмин, бардык күчүмдү көз жашыман чыгарууга кириштим. Кечинде атам келди, апам ага бир нерселерди тыным албай түшүндүрүп жатканда, мен ага туура жагын айтып коюу үчүн өзүм туруп бардым. Көп ыйлагандыктан көзүм абдан шишип калса керек,атам мени боору ооруган сезими менен карады да: --Кел, кызым отурчу. Сенин жашооңо менин да башым катып калды. Бир нерсени бат эле түшүнүп, анан дайыма туура эле чечим кабыл алам го деп ойлочу элем, азыр ушул жерде кимдики туура экендигин да даана ажырата албай жатам. Мамаңдын айтымына караганда ал тири укмуш неме дейт го. Тигил аялдар мамаңа анын аялы бар экендигин, бирок аны менен бет келишкенде ачык айтып бере албайбыз дептир. Менин оюмча, кеп бекер жерден чыкпайт. Ошончо киши заарканып турган адам менен кантип жашайм деп ойлогон жоксуңбу? Билем кызым, сүйүү деген сокур болот. Бирок ага көздү айлана-чөйрө бүтүрөт да. Өзүңдүн жүрүш-турушуңду ошол айлана-чөйрө менен салыштырып көрбөйсүңбү? Акылы бар адамдар ошондой кылышат да, сенин алардан эмнең кем. Мамаң экөөбүз сенин бактылуу болушуңду гана каалайбыз. Бул турмуштун ой-чуңкуру көп. Андан баары эле түэ өтүп кеткен деп ойлойсуңбу, жок анда жаңыласың. Далайлар жаңылган, азыр деле жаңылып жатышат. Бирок менин оюмча ал эң акыркы жол эмес да. Өмүрдүн аягындагы жол болсо бир жөн, ал эми сеники болсо жаңы эле башталып жатат го кызым. Аны мындан ары деле оңдоп кетсе болот. Бул дүйнөдө сен гана жаңылыптырсыңбы, андайлар толтура. Атам менин жанымда акырын сүйлөп отурганы менен ошол жылуу-жумшак сөздөрдүн арасынан кебез менен мууздап теримди тескери сыйрып жатты. Атама эмне демекмин, ал баары бир аял эмес да, аялзатына туура келген көз караш менен ошол кырдаалды караса анан мага толук түшүнмөк. Аялзатынын сүйүүсү кандай экендигин билбейт да, болбосо мага минтип акыл үйрөтпөйт эле деп чечтим.Оозуман кеп чыкпаганы менен мен алардын пикири туура эмес экендигин туюндурган көз карашымды көз жашым аркылуу билдирип турдум. Атам мени өз пикирин айтат деп ойлосо керек, таптакыр унчукпаганымдан кийин кайра өзү сүйлөй баштады. --Кызым, биз турганда сен кор болбойсуң. Ошол биз барда орун-очогунду таап ыйлабай турган жерге барсаң болду. Сенин көз жашыңды эч качан көргүм келбейт. Эгер ушул оюң туура деп эсептесең анда катуу жаңылышасың. Мына бизди ук, биз сага эч качан жамандык каалабайбыз. Ошондой эле, кызым, элестетип көрсөң ушунча жаш бекер кетти деген күндө да, биз - мамаң экөөбүз адамдардын жакшы-жаманын таанып калбадыкпы. Мамаң бекер ыйлап жаткан жок, ал сени эч качан бактылуу кыла албайт. -Атамдын акыркы сөздөрү чыдамымды кетирди. Буга чейин кулагымды төшөбөсөм да, жакшы эле угуп жаткам, анан акыркы сүйлөмүнөн кийин бул апам аркылуу айтылып жаткан кеп экендигин баамдадым.
2370Loading...
30
Айткан калптары тууралуу эмне деп жооп бериээр болду экен? Биз баргандан кийинки алардын абалын көргүм келип ашыгуудамын. Мына, көздеген жерге жакындаган сайын жүрөгүм алеп-желеп,ал эми Бахид болсо түнөрүп бир калыптагы кыймылын жазбай келе жатат. Тигилер да тынчсызданып турушкан экен. Бизди көчөдөн эле Салават тосуп алды. Ал бир нерсе көңүлүн кыйнап тургансып мени менен баш ийкешип учурашканы менен Бахидди тик багып карай албады. Бахид болсо аны жеп жиберчүдөй теше тиктеп, көз карашы менен бир каарып өттү да, тажикче бирдеме деди. Салават баягы создөн кийин айласын таппай чебелектеп биздин алдыбызга түшүп күнөөсү бар баладай кыдыңдап жөнөп берди. Анын мындай кыймылы менин жеңишим менен бүткөндөй кандайдыр бир эрдемсинүүнү пайда кылды. Эшик ачып үйгө киргизди. Апам Карамат менен сүйлөшүп отурган экен.. Бахидди таптакыр көргүсү келбегендиктен, анын учурашкан саламын да алик албады. Карамат болсо мага төрдөн орун көрсөтүп, ордунан тура калды. Анын мындай аракети менден кыймылы менен кечирим сурап жаткандай туюлду. -Келиңиз, Элмира, отурунуз, -деди ал сыпаа касиетинен жазбай. Бул жерден да ал мага Жасакерленип жаткандай көрүндү. Ошондуктан мен аны жактырбаган ымды жашырбай: -Ырахмат, мен ушул жерден эле кайтам. Биз бир нерсени эле билели деп келгенбиз, мамам экөөбүз. Мен кайра сабакка барышым керек эле. - Сиз баятан бери мага эч нерсе айткан жоксуз го дегендей Карамат апамды карады. Апам болсо эми гана эсине келгендей тигини бир сыйра таң кала карап алды да -Сиз бая күнү мага айттыныз эле го, ошону тактап коелу дедик.- Апам өтө салабаттуy кайрылды. Ал Бахиддин алдында өзүнүн кадыр-баркын түшүргүсү келбеди окшойт деп билдим мен мунусун.Карамат мындай болоорун күтпөсө керек, чебелектеп жиберди. Кайсыны айтып жатасың? -Апей, кызыксыз го.. Бая куну сиз мени атайын издеп барып бирдеме деп айттыңыз эле. ошонун чын төгүнүн билели деп биз баарыбыз мында келип отурабыз. Эгер чын болсо, мына азыр мойнуна коюп бериниз, калганын мен башкача закон менен сүйлөшөйүн. Апамдын мынчалык токтоолук менен сүйлөшкөнүн биринчи жолу көрүшүм.Абдан таңдандым, чынында мен, мага кыйкыргандай экөөнү тең беттен алат го деп ойлогом. Карамат өзүн коерго жер таппай, бирде жоолугун ондонуп, бирде этегин кармалап ынгайсыз абалда калды жана бир кезде эсине келгендей: -Сиз кайсыны айтып жатасыз?, -деди акырын шыбырап. Бул апамды катуу таң калтырды. Ал мындай болоорун күтпөсө керек:- -Ап-ээй, ботом ал эмне дегениңиз ? Эмне, жакшылап эсиңизге салайынбы?.. мага үйгө чейин барып, Бахиддин тигил жакта аялы бар дедиңиз эле, ошонусу чын болсо, мен бул жигит менен башкача сүйлөшөйун деп, кызымды жана тиги жигитти беттештиргени мында келип отурам. - Апам ар бир тыбышка басым коюп, анын ичинде “р” тыбышына аябай токтолуп муну айтып жатты. Карамат мындай болоорун күтпөсө керек, бирде мени, бирде Бахидди, бирде апамды карап эмне кылаарын билбей отуруп эле калды. Ал эми Салават болсо куйругун кыпчып эчак эле жоголуптур. Бахид Караматты теше тиктеп турду да, тажикче бирдеме деди. Бахиддин өзү жакпай тургандан кийин анын сөзү жакмак беле: -Биз түшүнбөгөн тил менен антип башыбызды оорутпай эле, ачык айтып ак сүйлөгөн жакшы го, балам. Ошондо Бахид: Эгер айткандары чын болсо, анда мойнума коюп беришсин,- деди өктөм. Бирок Карамат мунун аялы бар деп айта албай койду. Мен башкасын билбейм, жеңиш мен тарапта болгонуна сүйүндүм. Ушуну эле күтүп тургансып Бахид сыртка чыгып кетти.Артынан мен жөнөдүм.Апам бизди токтоткон жок,Карамат менен тигинде калып калды
2500Loading...
31
Чындыгында апамдын сөздөрү менин да кыжырымды кайнатты.Бахид экөөбүз бул мезгилде бир нече жолу жолугушуп,ал эмес турмушка карата көз карашыбызды тактап алган элек.”Анан мен эмнеге апамдын мындай кордоо сөзүнө чыдашым керек?Кызмын деп жүро бермек белем деп ойлойм,менин деле тагдырыма,ошондой эле турмушумп карата жеке пикирим бар го.Мен аны эч кимге баш ийбей өзүм гана чечишим керек эмеспи. Керек гана эмес -зарыл. Ал эми атам менен апам мени өз жайыма койбой минтип өздөрү каалагандай, товар катары сыртыман быча беришет, ушуга абдан кыжырым кайнайт”. -Эмне, мен туура эмес иш кылыптырмынбы? Сизге ким айтты мени жамандап…—- Оозуман ушул сөздөр өзүнөн өзү чыгып кетти. Мына ошондо көр апамдын албууттанган Бороондой каарына алганын: —Э-ээй,байкушум.Эмне сен билинбей калат деп ойлодуң беле?Тиги келесооңдун бир туугандарыбыз деп мага эки катын келип кетти. Ошолор айтып жатат,кызыңды кой дебейсиңби дешип,экөө эки жагымдан жаалап.Ал кемпайыңдын тиги жакта катыны бар тура,эмне сен аны билбейт белең?! Аның келесоо болгону менен кыз алдаганга жарайт тура. Өлө албай жүргөн эркек ошондой болот.Башка киши табылбай калгансып ошону менен кантип бир төшөктө жаттың дейм да,э-ээй намысы жок!—Апам бирөө сабап салгансып уңулдап кирди.Мен ал эмнеге ачууланып жатканын эми түшүндүм. Баары болуп бүткөндөн кийин аны эми кантип алдап, кантип сооротмок элем. Тим койдум, өзү басылсын деп. Менден эч кандай реакция болбогондон кийин ал бат эле басылды жана менден жооп күтүп мелтейип отуруп калды. Сөз кезеги мага келгенин айттырбай түшүндүм. —Алар сүйлөй беришет. Алар баары чогулуп Бахидди көрө алышпайт, — Чынында мен көп сөз айтайын дегем, бирок апам ушул жерден чарт жарылды. -Э-э, Кудай момунум, сен ошонун айтканына ишенип жүрөсүңбү? Ал сени алдап жатат. Аның министир болсо да эмне болуптур, элдин көзү кычышып көрө албагыдай. Эптеп өзү жердин үстүндө араң басып жүргөн эмени көрө алышпайт деп... Тимеле Кудайындай көрөт аны. Мен билип эле турам, ал сени алдап жүрөт. - Бир топко эмне дээримди билбей Туруп калдым да,анан: —Жөн эле тилдей бербей түшүндүрбөйсүзбү? - дедим. Апам эми эсине келгендей, мени бир карап алды. Оор улутунуп бир саамга отурду да, анан баары бир айтуу керектигин аныктагандай. —Сен сабакка кетээриң менен жанагыңдын туугандары болобуз деп самсаалаган эки катын үйгө келип калыптыр. Эмне келдиңер эле десем, ошондо жанды күйгүзүп, сенин кылганыңды айтып отурушпайбы. Мурда мындай шумдук укпаган жаным оозум ачылып эсиме келе албай бир топ турдум, анан уккан кулагыма ишенбей, кайра сурасам деле ошону айтышат. Экинчи жолу укканда бүткөн боюм ымыр-чымыр болуп эмне кылаарымды билбей экөөнү тең кубалап чыктым. Акыры ошол калпы - чынбы, өз оозуңан угайын дедим. Апам болгонун болгондой айтып бергиче ачуусу да тарады.Мындай учурда кантип калп айтмак элем, болгон чындыкты айтып бердим. Мен айтып бүткөнчө дем албай укту да акырында өңү бозоруп: —Ай-ай! Энөө кызым, ал сени каратып туруп эле алдаган тура. Андай немени соттотуш керек... - Апам кайра башынан буркан-шаркан түшө баштады. Мен ушул жерден бир нерседен коркуп кеттим, апам атама ушинтил бууракандап айтып берсе, телефондон атам ай-буйга келбей Бахидди каматып коюшу мүмкүн. Башында мен аны апам менен бирге жек көрүп жатсам, эми жан дүйнөмдүн бир тарабы эңшерилип бараткандай аяп кеттим. Бардыгына ал күнөөлүү десем, апам азыр атама айтса, ал эч нерсеге карабай каматып коюшу толук ыктымал. Көз ирмемде бардык күнөөнү өз мойнума алышка туура келди. -Анда эмне күнөө, ал мени зордогон жок да. -Менден ушул сөздү укканда өзү айтмакчы, көзү тептегерек, оозу төрт бурч болуп калды. А баарына сен күнөөлүү турбайсыңбы дегендей, эми эмне кылышын билбей мени жалдырап тиктейт. Ушундай эрдик» керек беле, таптакыр кереги жок беле, аны өзүм да билбейм. Ага жообум жок, бирок бир нерсени түшүнүп турам, күнөөнү ал тарапка оодарсам эле, эртең ал байкуш түрмөгө отурганы турат. Апам бир нерсени катуу ойлонду, анан оор улутунуп алып:
2080Loading...
32
--Бүгүндөн калтырбай тактап кечинде чын-төгүнүн билип кел.Калган ишти ошого жараша чечебиз, анда мен жумушка кеттим. -Атам тура жөнөдү. Аны менен кошо мен да тура жөнөгөн экенмин,апам мага жинденип: --Эй, сен кайда, азыр экөөбүз чогуу чыгабыз. - Эмне демекмин, унчукпай отуруп эле калдым, бирок эси дартым Бахид менен апам урушуп кетпесе экен деген санаа менен алек. Мен канчалык сыр билгизбегенге аракет кылсам, апам мени ошончо аңдып ар бир кыймылымды анализдеп жатты. Сыртка бир чыкканыбыз менен апам мени менен корпуска чогуу барбастан: —Сен тиги немеңди ээрчитип кел, мен жанагы кейбир туугандарына барып ошолордун үйүндө күтүп турам, -деди. Бул жерден мен көп нерсени түшүндүм. Апам тигилердин айтканын гана угуп тим болбостон, алардын адресин алып, үйүнө чейин барып бир топ нерсени байкаштырып жибериптир. Апамдын ушундай бир адаты бар, эгер ал бир нерсени укса, анын чындыгына сөзсүз жетет. Атам апама ушул жагынан жеңилип берет деп ойлойм: Ал эми Бахиддин туугандары апамды угуп эле тим болуп калат деп эсептешсе керек, болбосо аларга тикелей тиешеси жок болгондон кийин биз жөнүндө айтышпай тим калышмак да. Мүмкүн алардын башка максаты бардыр. Мынчалык душманчылык кылганга Бахид аларга эмне жамандык кылганын таптакыр түшүнө бербейм, канчалык ойлонсом да акылым жетпей койду. Муну уккандан кийин Бахид эмне чечим кабыл алаары чынында мага абдан кызык болду. Тигилер мойнуна коюп берсе мен эмне кылышым керек. Ага чындап башым маң. Эмне кылаарымды билбейм, дал ошондой мезгилде мен канда й позицияны кармашым керек. Эгер мени чындап эле алдаса өз азабы өзүндө дейм да кайра өзүм коркуп кетем. Тигилердики калп болсо экен деп чын дилимен тиленип жибердм. Эмне, мен эми Бахидден ажырап талаада калмак белем. Андан кийин мени ким алат, алган күндө да мен аны менен эч качан бактылуу боло албайм. Бактылуу болгум да келбейт.. Оюмдун ушул жерине келгенде катуу коркуп кеттим. Чынында башкача болушун таптакыр каалаган жокмун, ошондуктан аялы чын эле жок болсо экен деп Кудайдан тилей баштадым. Чынын айтсам, талаада эч кимге керексиз болуп калгым келбеди. Мен да эмне жана кандай болсо да өзүм сүйгөн адамдын жанында жүргүм келди. Барсам сабак башталып калыптыр, лектордон суранып алып сабакка кирдим. Эгер башка учур болгондо мынчалык шашпастан эле бир пардан кийин келе бермекмин. Мени шаштырып жаткан ичимдеги уйгу-туйгу сезим болду. Сабакка келгенимди көрүп Бахид уурту жайылып суйунуп кетти. Аны сабактан кездештирбей калам го деп катуу бушайман болуп келген мен да иш оң жагына өткөндөй кубандым. Отуруп жайланышып алгандан кийин мен ага бардык маселени учкай түшүндүрүп кат жөнөттүм. Ал катты алары менен иреңи бузула түштү. Баягы мелтейген кыялы менен эч кимге эч нерсе билдирбеди. Ал канчалык жинденген сайын ал ошончолук суз тартып ашыкча кыймыл жасабай мелтиреп калаар эле. Бул жолу да oшeнтти, демек ал жерде ойлоно турган зор маселе бар экендигин даана сезип отурдум.Биринчи жолу жаным катуу кейиди, ойлонбой иш кылган экенмин. Кичине ойлонуштуруп баарын тактап алсам болмок тура. Бул дагы ишенчээктигимдин азабы да, болбосо Арзыкандай кыздар эч кандай проблемасы жок таптатынакай жашап жатпайбы. Мейли дейт, дагы бир башка оюм, болоору болгондон кийин өкүнгөндө эмне. Мен ушундай ойлор менен алаксып анын жообун берип бүткөнчө бир пар сабак да аяктады. Танапис болоор менен Бахид менин жаныма келди да: -Аны сага ким айтты?-деп сурады. Мен баарын эмне билсем бирин да калтырбай айтып бердим. Ал катуу ойлонуп калды да бир аз тынымдан кийин -Анда барыш керек, барбаса болбойт. Алар ушундай дейм да, бардык жерде мени жамандап жүрүшөт.. Мага кылбагандары деле калган жок, бирок баары бир эч качан ушундайларын токтотподу го чиркин...Мага ал азыр абдан зор эрдик жасаганы бараткандай сезилип кетти. Эгер аялы бар болсо анда качып барбай коймок да, демек аялы жок туруп эле тигилер муну жамандап жаткан турбайбы» деген ой анык чындык болуп саналып калды. Баятан бери бук кылып кармап турган оор жүктү бирөө алып салгандай көңүлүм сергий түштү. Эми тигилер жөнүндө ойлоно баштадым.
2370Loading...
33
- Тигиниңдин тигил жакта катыны бар экен, аны эмне кыласың? Ал сага катыны тууралу айткан эмес беле? Же үчөөң бир үйдө жашай бересиңерби? -деди мени шылдыңдагандай. Бул жөнүндө чынында ойлонбоптурмун, оозум ачыла түштү. Бирок алган позициямды өзгөртпөй туруп: —Ал карандай калп, мен буга чейин далай уккам, бирок алар эч нерсе менен далилдеп бере алышкан эмес. Ал тургай Бахид менен да ал туугандарын беттештиргем, ошондо да айтышканы менен чындык экендигин мойнуна коюп бере алышкан эмес, - blpac, мен бул жерден калп айттым, бирок өзүмө өтө ишенимдүү айткандыктан апам бир азга жоошуй түштү. Минтип айтаарын айтып алып, эмне үчүн ушул мурда оюма келбегенине өкүнүн жаттым. Апам бары бир мага макул болбоду, эртең эле териштирээрин эскертип, эгерде ошондо калпым чыкса, анда мени менен такыр сүйлөшпөй турганын билдирди. Мен ага макул болдум, ырас, менде андан башка жол жок экендигин экөөбүз тең көрүп турдук. Ушуну менен сөз бүттү,ал күнү ар кимибиз өз тиричилигибиз менен алек болуп уйкуга кеттик. Эртең менен бирөө түрткүлөп ойготкондой эрте ойгондум, Минтип санаам санга бөлүнгөнү - кечээки окуяны эрте барып Бахидге айтып берип, ал экөөбүз бир чечимге келишибиз керек болуп турат. Бирок мен ойлогондой болбой калды, атам менен апам эртең мененки чайды ичээрибиз менен мени ээрчитип барып Бахидге жолугушаарын айтышты. Апам барса эч нерсе эмес эле, атамдын барышы бул маселенин өтө татаал экендигин туюндуруп жатты. Мен мурда шашып кантип чыгып кетишти ойлогон болсом, эми атамды кантип Бахидге жолуктурбай калышты ойлоно баштадым. Атама тике айта албаганым менен апама күңкүлдөп, атамды бул ишке аралаштырганына капа экенимди билдирдим. Ошондо апам: -Кудайды гана карасаң боло, мен эмне, сени талаадан таап алыптырмынбы папаңа айтпагыдай. Үй ичиндеги бардык нерсени мен чечсем эле сен ойлоп жүргөнсүң го, папам эчтеке билбейт деп. Чындаса баарын папаң билет-деп кыйкырып кирсе болобу. Муну уккан атам мени жанына чакырып алды да: --Кызым, буга сен күнөөлүү эмессиң деп ойлойм. Мен билгенден сен ишенчээксиң, ал сени алдап койду. Анын үстүнө мамаң айтып жатат, анын аялы бар экен. Аялы болуп туруп эмнеге сени алдайт дейм да. Мен ага көрсөтөм— деди тишин кычыратып. Атамдын жаак эттери сүйлөп жатканда абдан ачуусу келгенин билдирип,бат-бат түйүлүп турду. Апамдан коркпойт элем, атам киришип калганын билгенден кийин иш татаал экендигин сезип жаттым. Чын, ал азыр барса, эч нерсеге карабай каматып коёру бышык, менин ага көзүм жетип турат. Анын алайып түрмөдө отурганын, анан экөөбүздү тең жакшы тааныгандар менден аны-муну сурап шакаба кылганын элестетип алып ыйлап жибердим. Баары бир ата-эне деген балага түтпөйт эмеспи, менин көз жашыман кийин атам саамга жибий түштү. Ошол кырдаалдан пайдаланып — Папа, буга ал күнөөлүү эмес, экөөбүз бири-бирибизди жактырып.. - Башка эч нерсе айта албадым. Атам түнөргөн боюнча отуруп калды. Жөн жүрбөгөн апам дагы сөзгө аралашты. -Эй кыз! Деги сенин мээң иштейби? Анын тигил жакта аялы бар деп жатпайбы? - деп атам менин жообумду уксун дегендей токтоп калды. Атам да жооп күтүп телмирет. Ый аралаш: —Анын менден башка эч кимиси жок, ал сөздү душмандары ойлоп чыгарып алышкан, дедим. башка айтаар сөзүм жок эле да. Бул сөздөрүм чынында апамдын куйкасын куруштурду. Ал башын чайкап: —Бешиктен бели чыга элек жатып мынчалык душман күткөн ал кандай неме экен,жашабай жатып мынча душманы болсо, ал кийин сени жыргатпайт. - Апам дагы бежиреп көп сүйлөмөк, аны атам колун көтөрүп токтотуп койду. Атам менден буга жооп күтүп жатканын, болгондо да адам ынана тургандай жооп күтүп жатканын сезип жаттым. --Мага ишенбесеңер, тигилер менен беттештирип көргүлө, -дедим. Ачыгын айтсам, бул мезгилде мен анын аялы жөнүндө ойлонгон жокмун. Тескерисинче, тезирээк Бахидге айтып, ал болсо шылтоо таап, үйдөгүлөрдөн эртерээк кутулушу жөнүндө гана ойлодум. Атам дайыма башкарып үйрөнгөндүктөн апама тапшырма берди.
2420Loading...
34
Бирок баары кеч, ошол эле учурда Бахид мени жипсиз байлап алганын да байкадым. Мен келесоомун. Менин акылсыз экендигимди билип апам мени дайыма кайтарып жүргөн турбайбы. Ушинтип мен башымды ташка койгулап өзүмдү каргап шилеп жаттым. Каалаган ой-тилегин ишке ашыргандан кийин Бахид магдырагансып менин башымды сылап отурат. Кыжырым кайнады, бирок эмне кыла алмак элем. Унчукпай тим башымды тосуп берүүгө аргасызмын. Ушул тапта мени бир нерсе кыйнап жатты жана аны уккандан кийинки апамдын абалы көз алдыма элестеп, андан аркысын эмне деп түшүндүрөөрүмдү билбей башым ооруп чыкты. Айтпай койсомчу» дейм өзүмчө. Ал мени такып сурамак беле. Бая кыздар менен шарактап таң тоскондой эле, жакшы маанай менен кирип барсам, ушул түндө эмне болгонун билип коюптурбу». Башымда чаңдаган ойлордун баары тең, ушул жерге келип такалып жатты. Менин акыркы чечимим дагы ошол жерге келип токтоду. Мына дейм ичимен, турмуштун каардуу чындыгы, кааласаң да каалабасаң да моюнга алыш керек... Мен ушинтип тагдырдын мага арнаган каардуу сыноосу менен күрөшүп бүткөнчө таң атты. Бахид мени үйгө чейин узатып койду да өзү эч нерсе көрүп-билбегендей сабакка кетти. Биринчи жолу бул турмуштун артисти болуп апамдын алдында роль аткарып жан дүйнөмдөгү бороонду жаап жашырып жаттым. Бирок эненин жүрөгү сезди. Ал менин көзүмдү тике карап кандайдыр бир сыр катылып жаткандай теше тиктеп түндөгү чындыкты издөөдө. Биринчи жолу аткарган ролум ордунан чыкты, жан дүйнөмдү ал тургай акыл-эсимди эзип жаткан азаптуу бурганакты мен апама сездирбедим.Өзүмдүн бөлмөмө кирдим да уктай турган киши болуп төшөккө боюмду таштадым го, бирок уктамак турсун кечээки көрүнүш көз алдыма элестеп көңүлүмдү буй кылды. Апама айтайын деп чечтим,бирок кантип айтам, кайсы бетим менен айтып бермек элем... Түндү уйкусуз өткөрүп, ар кандай сапырылган санаа менен таң атыргандыктан баары бир уйку мени жеңди. Арадан эки жума өттү, баары акырындап унутула баштаган. Чынын айтсам унутулган жок, болгону мен жаңы турмушка ылайыкташа баштасам керек го, деп ойлонгуча дагы бир шумдук башын көтөрдү. Ошол күнү эмнегедир өзүмдү жакшы сезбей сабактан эрте келгем. Үйгө кирсем апам ыйлап отуруптур, эки көзү тоодой. Мен кирээрим менен беттен алды. —Мен кыз туубай эле бир балакет тууган экенмин да. Элдикиндей он кызым болсо эмне, бир кыз туусам аным да акылы жок болуп минтип мени элге шылдың кылып отурат. Ушундан көрө ошол төрөгөн күнү эле өлүп калсам эмне... -Ал сүйлөп да жатты, ыйлап да жатты. Кептин нугу кай тарапка баратканын мен илгиртпей эле сездим. Ошол турмуш менин тагдырым деп мойнума алып калгандыктан болсо керек,өзүмдү анча оор иш кылгандай күнөөлөгөн жокмун. Бул менин тагдырыма эле туш келип башкалар эмне, андан тышкары калыптырбы, деп ойлодум да жосунсуз нерсе катары кабылдабадым. Чынымды айтсам, ар бир аялзат андай кырдаалды башынан өткөрүп кайсы бир учурда кыз кези менен коштошооруп өз көңүлүмдө мисалга тартып турдум.Апам баары бир болбой буркан-шаркан түшүп жатты. Анын ушундай учурда албууттанып кетмей жайы болгондуктан жана андай көрүнүштү далай башыбыздан өткөргөндүктөн мен аны анча деле терең кабыл албадым. Ал апамдын кыжырын ого бетер келтирди: --Сен эмне, кылган ишиңди билинбей калат деп ойлодунбу? Бул жашоодо эртеби-кечпи баары билинет. Сен жашырганың менен башкалар айтып келишти.—Апам абдан маанилүү чоң жаңылык айткандай мени сырдуу жана жеп жиберчүдөй карады. Апама кимдин айтып келиши мүмкүн экендигин аныктай албай башым катты.Бул ишти Бахид экөөбүз эле билебиз да,ал эми башка бирөөгө айтышы ыктымал,бирок эч качан апама айтпайт эле го. Апам менин эмнеге таң менин эмнеге таң калып жатканымды түшүндү да: —Жанагы сенин тажигиңдин туугандары келип мага сүйүнчүлөдү.Сиздин кызыңыз жанагы неме менен ушундай экен дегенде менин жети өмүрүм жерге кирбедиби .Анан каяктагы селпаяк мага айтып жатпайбы,кызыңызды карап албайсызбы деп.Ошондо жмне дээримди билбей калбадымбы оозуман сөзүм түшүп.—Э-ээ,кемпай! Сага эр эле керек болуп жатса мага айтпайт белең... Мен өз колум менен сенин кадырыңа жете турган жоро-жолдоштордун бирөөсүнүн баласына берип коймокмун.—Апам ушунчалык ызаланып жатты.
1960Loading...
35
#Дубаланган курма же эрке кыздын тагдыры 19 - БАЯН Болотбек Акматов Биз бир далайга сүйлөшүп отуруп түн бир оокум болуп кетиптир. Бахид тиги досунун келбей турганын, биз экөөбүз ушул жерден таң тосоорубузду айтты. Мурда бул багытта тажрыйбам жок болгондуктан жана сөзсүз ушундай кырдаал болоору тууралуу эч ким айтпагандан кийин мен тиги Абдубахирдин эмне себептен бизди жалгыз таштап кетип калганын анализдебедим..Ал эми таң тосуу жөнүндөгү идея мага жакты, ошондуктан мен Бахидден үйгө телефон чалып аларга өзүмдүн кабарымды билдирип коюу керектигин билдирдим. Менин мындай сунушум Бахидге жаккандыктан анын жүзү кадимкидей xайнап кетти. Бирок бир нерсеге бушайман болгондой: —Сен азыр үйдөгүлөргө эмне дейсиң? - деп сурады. Мен эч нерседен шекшибей туруп -Дос кызымдын туулган күнү болуп ошондо отурам деп коем дедим. -Менин шылтоом ага майдай жакты. Бахид менин сунушума шыр макул болду да экөөбүз сыртка чыктык. Ал бул жерде далай болсо керек, ачкычтын да кайда коюлаарын билет экен. Ошентип телефон издеп биз көчөдө жүрөбүз. Жакын арада телефон жок болуп чыкты. Бахиддин буга абдан маанайы бузулду. Кудайдын буйругу менен кийинки көчөдөн бир телефон будканы таптык. Мына ошондо Бахид кадимки жаш баладай сүйүнгөнүнө мен абдан таң калдым, эч нерсени баамдабай. Телефонду апам алды, ал менден санаасы чыдабай телефондун жанында отурганын айттырбай сездим. Жанагы тапкан шылтоомду айта салдым эле, ал мага ишенип, бирок өзүмө сак болушумду эскертип трубканы коюп койду. Апам менен сүйлөшүп бүткөнчө Бахид таптакыр эси ооп калган кишидей дем тартпай турду. Экөөбүз жетелешип алып кайра жанагы үйгө бардык. Жолтоо болгон эч ким жок. Далайга чейин экөөбүз аны-муну сүйлөшүп отурдук. Бир маалда мени уйкум келе баштады. Бахид мага төшөк салып берди. чынында мен тиги кишинин төшөгүнө жаткым келген жок. Ичине кирип жатпасам да сыртына жатып уктап алышымды өтүндү.Анын бул сунушун туура деп эсептедим да, салынган төшөктүн сыртына жата кеттим Бахид жарыкты өчүрдү да, менин жаныма келип жатты. Ал калчылдап жаткандай бат-бат дем алып, жаныма жетээри менен сыга кучактап аймалап кирди. Башында каршылык көрсөтүп түрткүлөгөнүм менен анын тигинтип мени эркелетип жатканы мага да жагып бара-бара каршылыгым азайды да акыры толук анын эркине баш ийип бердим. Баары уйкусуроонун арасында болуп жаткандыктан мен анын маңызын көп деле тетири алган жокмун. Бир билгеним, магдыраган жылуулук. жигиттин мурдумду өрдөп анан тулку боюмду багындырган өзгөчө жыты болуп калды. Андан ары экөөбүз табияттын таттуу мыйзамына баш ийдик.Бир маалда эсиме келдим. Эртеңки күндү, андагы жарыкчылыкты, ата-энемдин уят-сыйытын, өзүмдүн кыздык намысымды эстегенде уйкум умачтай ачылды.Үстүмдө жаткан Бахидди кандай алып ыргытып жибергенимди билбейм. Бирок баары кеч болуп калганын түшүндүм. Ушундай капкайдагы бирөөнүн кир төшөгүнүн үстүндө маанисиз караңгы түндө ушундай иш болгонуна абдан ызаландым. Көзүмөн жаш тегеренди. Менин ызаланып турганымды билгендей Бахид мойнуман кучактап: —Ыйлабачы, баары бир сен меники болмоксуң, жаркыным,-деди. Өзүмдү кармай албай аны жаактан ары чаап жибердим. Ал күнөөсүн мойнуна алгандай кайрадан асылып эркелетип кирди. Мен ага такыр көңүл бурбай эртеңким жөнүндө ойлоно баштадым. «Эми мамама эмне деп айтам, эмне деп түшүндүрөм. Кызымдын жакшылыгын көрөм, тоюн өткөрүп салтанат менен күйөөгө берем деп жүргөн асыл тилектерин мына ушул түндө талкалап салганымды сездим. Башымды жерге койгуласам да ал мезгил - кыз кезим эми кайрылбасын акырындап түшүнө баштадым, акыл-эсим менен таанып эмне кылаар айламды таптай төшөктүн үстүндө отурдум. Бир топ ыйлагандан кийин кайра өзүмдү өзүм сооротуп, буга бир гана өзүм күнөөлү экенимди сезип, шабайым сууган бойдон эми эмне кылуу керектигин ойлонууга кириштим. «Чынында Бахидде эмне күнөө дейм, эгер мен мында самсаалап ээрчип келбегенде баары башкача болмок. Кыздардын жанында жүрүп эркектер алардан эмнеси менен айырмаланаарын таптакыр ойлобоптурмун. Эмне үчүн эркектерге ишенүү мүмкүн эместигин мен азыр жон терим менен сезип отурам.
2610Loading...
36
Мына мен азыр анын айрым жагдайларын сезип отурам. Турмуш ушунусу менен кызык тура деп көптү билген кишидей жыйынтык чыгардым өзүмчө. Бахид да мени баягысындай эртең менен эшиктин алдынан тосуп алды. Ал да кечээ болгон экөөбүздүн ортобуздагы окуяны таптакыр унутуп калгандай жадырап телегейи тегиз маанайда экендигин көрсөттү. Биз кол кармашып учурашаар менен андагы жылуулук мага өтүп жаткандай бүткөн боюм жибип бир башкача боло түштүм. Мага билдирбегени менен ал деле ошондой бир өзгөчө касиетке таасирленгени тиктеген көз карашынан сезилип жатты. Мен өмүрүмдө биринчи жолу лекция жазбадым жана Бахид экөөбүз жанаша отуруп кат жазышып жаттык. Бахид өзүн эч кандай ыңгайсыз абалда калтырбады, анын башынан буга окшогон далай окуялар өткөндөй өзүн эркин алып отурду. Ал эми мен биринчи жолу анын жанына отурганыма өзүмдү өтө ыңгайсыз кармап, баары тең мени карап, бири-бирине мен тууралуу бирдеме айтып шылдыңдап жаткандай эки жагымды карана бердим. Сырткы чөйрөдө өзүмдү оңтойсуз сезгеним менен жан дүйнөм кушубак болуп,бул пендечиликтеги адам баласына керектуу бардык нерсеге колум жетип калгандай жан дүйнөм бир башкача керемет дүйнөгө батканын баамдап турдум. Бир маалда баятан бери эзип отурган кыжаалат сезим да тарап кетти. «Эл эмне десе ошол дей берсин, Бахиддин жакшы сапаттарын баалаш үчүн аны менен терең мамиледе болуш керек, ал эми тышынан ага каалагандай баа бере берсе болот да. Мен өзүмдү да Бахидди да минтип актап жатышымдын себеби көпчүлүк курсташтар аны кем акыл катары шакабалай беришчү. Башка балдарга эч ким анте алышчу эмес, анткени алар сөз көтөрө албай кызыл чеке болуп уруша кетишчу да, экинчи жолу ким кимиси болбосун бири-бири менен аярлап сүйлөшүп, же таптакыр сүйлөшпөй калышчу. Бахид гана антчу эмес, баары чогулуп алып шылдыңдап жатса да, эч кимисине каяша да айтпай жылмайып коюп карап тура берчү. Ал эми кыздарды айтпай эле коеюн. Чынын айтсам менин намысыма азыр ушул нерселер тийип жатты. Алар күлүп калышса эле Бахидге кошуп мени мазактап жаткандай көрүнүп кетүүдө. Айлана-чөйрөмө канчалык көз салбайын, экөөбүз менен эч кимдин иши жоктой, ар кимиси өз турмушу менен алек. Ырас, кыздардын башы кошула калганда арасына бизди кошуп кетип жатканын мен жонум менен сезип турдум. Азыркыдай бактылуу учурда андай кеп-сөздөр кулагыма кирбей, көзүм ала чакмактап таалайыма мас болуп башка эч нерсе сезбепмин. Бахид менин жан дүйнөмдү жакшы билгендиктен ушундай кырдаалды пайдаландыбы, же анда деле ушул сыяктуу сезим тынчтык бербей жатканбы тегерегиндегилерге көңүл бурбай эле мени тиктейт. Ошондо Бахиддин көздөрү ошончолук жоодур экендигин, мындай капкара каректер эч кимде болбосун мен биринчи жолу байкадым. Мен шылдың кылып жүргөндө ушул эле каректер таптакыр башкача болчу дейм да кайра өзүм жооп берип, анда сен аны жакшы байкаган эмессиң деп жыйынтык чыгарам. Жан дүйнөм менен алп урушуп, андагы будуң-чаң кыймылга туруштук бере албай үч пар сабакты өткөрдүм. Бахид менин биринчи жана акыркы сүйүүм деп чечтим да аны менен тозокко болсо да кетүүгө бел байладым. Мындай менин жан дүйнөмө тынчтык бербеген сезим Бахидде да болуп жатат деген бүтүмгө келдим. Ырас, анын ушул жерде туура же туура эмес экендигин териштирген жокмун.Ошол тапта мен таканчыктап турган ушул жердеги жашоо Бахид менен гана өлчөнүп калды. -Башымды айландырып жаткан удургуган сезимди Бахид билди окшойт, сабак аяктаар менен мени колтуктап бир жакка бет алды. Кайсы тарапка болсо да аны менен кетүүгө бел байлагандан кийин анын эркине чынында каршылык кыла албадым. Ал кай тарапка зарчитсе кете бере турганымды билгендей белимден бекем кучактап алды. Аялзаты кызык болот, айрым мезгилде баарын билип турса,кээ бирде колун май басып калгансып нерсени көрбөй калат. Дал ошол күнү мен да ошондой болсом керек, чынында бардык нерсени чынында тез эле байкачумун. Бирок бул жолу анте албадым. Ал мага күндөрдүн бириндей көрүнгөнү менен тагдырым чечилип жатканын билбептирмин. Ошол күндү эстегенде өзүмдү өзүм өлтүрүп жибергим келип кетет...
2680Loading...
37
Ал күнү Бахид экөөбүз парк аралап көпкө жүрдүк. Меним чечекейим чеч болуп тургандыктан негизинен мен эле сүйлөдүм окшойт. Анын бар жакшы сапаты кимди болбосун, тажабай укчу. Айрым бир учурда гана башын ийкеп койбосо кыймыл-аракетинен сенин сөзүңө каршы же колдоп жатканы билинчү эмес. Бөлөктөрдөн айырмаланып ал бир калыпта эч качан ошол калыбын жазбай укчу. Мен азыр эстесем да анын ошол сапатына абдан таң калам. Күн кечтеп калды, бирок мен үйгө кетким жок. Муну Бахид туура түшүндү. Анткени мен кеч кире электе эле үйгө шаша берчүмүн. Ошол күнү шайтан сайып өзүмдүн чоноюп калганымды эстеп кеч барсам эмне болот эле деп койдум. Менин шашпаганым Бахидге абдан жакты, мына ушундан кийин ал бажырап сүйлөй баштады. Анын башкалардан айырмасы, ал өзүнүн угарманы болмоюн чечилип сүйлөчү эмес. Эгер чечилип сүйлөп калса анда абкан кызыктуу окуяларды айтып берчү. Анын ушундай чечилип турганынан пайдаланып, мен өзүмдү кыйнап жүргөн суроолорума жооп алууга ашыктым. Баягы баш оорутма суроолорумду бир баштан бере баштадым. Эң биринчи эле сураганым тигил эки ал жөнүндө болду. Алардын улуусу Карамат Бахиддин таяжездесинин карындашы экен. Күйөөсү партиялык кызматтарда иштеп мында келип калыптыр. Качан алар бул жакта жашап калгандан кийин анын парткызматкер күйөөсүн машине сүзүп кетип каза болуп калат да, анан ал өзүнө караан болсун деп синдиси Салаватты мында чакыртып алат. Күйөөсү каза болоор жылы тиги жашаган үйүн орустан сатып алышат.Ошол үйүн оңдогонго жардамдашсын үчүн анан Бахидди мында студент кылып жиберишиптир.Бахиддин айтымына караганда Тажикстандыктар окууну анча баалашпайт экен. Бирок окуп келгендерди катуу сыйлашат дейт. Бахиддин башка сөздөрү чынында мени анча кызыктырган жок. Болгону мен ал кимдер менен жашайт жана бая мага жолуккан аялдар кимдер экендигин жакшы билип алдым деп эсептедим.. Бахид өзүнүн турмушу жөнүндө бир топ маалымат айтып берди. Бирок алардын көпчүлүгү менин акылыма сыйбады. Анткени Бахид айтканда ал озүнө алысыраак тууган бир молдонун үйүндө малай катары көп жүргөнүн анан бир далай дубаларды үйрөнгөнүн, өзүн дайыма душмандары ошону колдонуу менен коргоп жүрөөрүн саймедиреп айтып берди. Ал айтып берген кептин баары башыма сыйбаганы ушул заманда бир молдонун үйүндө малай катары жүргөнү болду. Эгер ушуну айтпаганда мен башкасына толук ишенмек болушум керек эле. Ушул слздөрү мени анча ынандыра албады. Мындан тышкары ал дуба тууралуу айта баштаганда эле менин муундарым калчылдап корко баштадым да, бул жөнүндө андан ары кеп кылбашын өтүндүм. Бирок Бахиддин ушунчалык чечилип сүйлөп жатканынан улам улам дагы бир топ суроолорумду тактап алдым. Мени кызыктырган экинчи суроо - эмне себептен биз Абдулмаликтикине барганыбыз болду. Менин баамымда Бахиддин таяжездеси өз жеринде кадыр-баркы бар киши окшойт,ошол кишинин өтүнүчү менен Абдумалик Караматтын үйүн оңдогону келиптир да, анын курулуш материалы жетишсиз болгондугунан улам, ал кете албай бул жерде ижарада туруп, заводдо иштеп калыптыр. Абдулмаликтин Бахидге тууганчылыгы бар экен, ошондуктан ал мени ээрчитип барып тааныштырыптыр.. Бахиддин сөзү менен алганда, ал тууган болсо да Бахидди көрө албай жамандык кылып турат имиш. Ошондо душманчылыгын билип туруп Бахид мени алар менен тааныштырганын өзү мойнуна алды.Бахиддин таяжездеси чынында тың киши көрүнөт, ал мында келип Абдулмаликти заводго орноштуруптур. Ал эми Абдулмалик бул жакка көнүп алгандан кийин эми кайра ал кишиге тыңсынып анын карындашы Караматка жардам бербей жатыптыр. Бахид ушулардын баарын тажабай айтып берди. Бул жерден да мага дагы бир нерсе түшүнүксүз бойдон калды. Эмне үчүн баары Бахидге душман боло берет? Алардын Бахидди көрө албашынын эмне себеби бар? Эмне себептен Бахид баарынан эле шекшине берет? Эмне үчүн ал бардык адамдардан душмандык күтөт? Meн канчалык түшүнүүгө аракет кылсам да бары бир так жооп таба албай башым маң...
2760Loading...
38
Маанисиз ойлордон тажай баштадым.Бахид болсо кыялдын тереңине түшүп кеткенсип, таптакыр баш көтөрбөй жер тиктеп барат. Жанында киши барбы, же жокпу маани бербей, өз ою менен алек боло бергени чынында куйкамды куруштуруп жиберет. «Бу жолу да эки анжы болуп турдум, ойлонуп алсын, анан оюн жыйынтыктап алып мага айтат. Жок дейт, экинчи оюм буга ишенип болбойт, ушинтип акыркы чекке чейин кете берет. Башка учурда канча кааласа ошончо кыялдана берсин, эгерде кыялдана турган болсо, мында менин жанымда эмнеге турат, кетип калбайбы». Ушул ой мени жеңип кетти. Чынында Бахидди жайына койсом, ал мени такыр унутуп калчудай. Ачуум көкүрөгүмдү кысып чыкты. --Сен менин жанымда эмнеге басып келе жатасын,ыя? - Бөлөктөр тууралуу менин жанымда кыялданып келе жатканына аябай кыжырым кайнады. Мынчалык деле ачууланбайт болчумун, анын эмне жөнүндө ойлонуп жатканын билбейм, тимеле оозу жажайып өзүнчө эле өтө кубанычтуу. Менин минтип эч себепсиз ачуулана баштаганыма ал да чочуп кетти денеси жыйрылып. -Сага эмне болду, жөндөн-жөн ачууланып?— деп сурады ал себебин билүүгө ашыгып.Мына ушул жерден мен ызамды жашыра албац: -Уялбай кайра сага эмне болду деп коет. Менин берген суроолорума жооп берүүнүн ордуна кайра мени шылдыңдап кетип баратат менин жанымда. – Ызам башыма чыгып, бир топко көз жашыма муунуп барып токтодум. Өз күнөөсүн эми гана сезген адамдай ал акырын мени колтуктап, жүзүмдөн сүздү да: —Meн caга күлгөн жокмун. Сен мага туура түшүн, сени менден бөлүп салууга жөндөн-жөн аракеттенген тигилерге күлкүм келип жатат,-деди. Анын минтип айтканы мени ого бетер таңдантты.. Мындай сөздөрүн кантип түшүнөөрүмдү билбей оозум ачылып калды. Кайрадан ойго алаксыдым, демек алар өткөндө бул ушундай жинди, мындан алыс бол дегенди түшүндүрүш үчүн мени анда ээрчитип барышкан тура. Ал эми мен алар ойлогондой эмес, башкачараак мамиле кылып кеткен окшойм да. Ушинтип ойлонуп жатсам да бирок мен Бахиддин-азыр эмне тууралуу айтканын жеткиликтүү аңдаштыра албадым. Ошол себептен кайрадан суроолор пайда болду. -Сенин эмне айтып жатканыңа толук түшүнбөдүм. Бул сөздөруң менен сен мага эмнени айткың келип жатат? -Менден мындай суроону күтпөсө керек, мен тарапты таң калыштуу ормое карады да: -Бая сен көргөн аялдар экөөбүздүн ортобузду бузгулары келишкен. Менин оорумду көргөндөн кийин сени мага таптакыр жолобойт, ал тургай ошол эле жерден качып жоголот деп эсептешкен. Алар сени шаардык кыз болсо, ал жердеги мен жашаган үйдү көрүп деле иренжийт деп санашкан. Бирок сен алар ойлогондон башкача болуп чыктың, буга да абдан таңданышты. Булардан тышкары да ал мага бир далай нерсени божурады . Ал канчалык көп сүйлөгөн сайын ошончолук ага карата ишенбөөчүлүк көбөйө берди. Бул жерге алардын мага карата мамилесинин кандай тиешеси бар дейм өзүмчө. Канчалык түшүнүүгө аракет кылсам деле акыры майнап чыкпалы. Мунун баары, ага берилген суроолорго жооп берүүдөн Бахиддин качкан айласы деп таптым жана ушул оюмду туура деп эсептедим. Ушул жерден ага толук ишенуу зарыл эместигин аныктадым. Ырас, биз көпкө басып жүрдүк, бирок баары бир ал күн мага көңүлсүз бойдон өтту жана ага ишенүүгө болбойт деген эч качан кетпеген такты калтырды. Мына, мен ага ишенбей турам, ошентсе да ал мага керектигин эмне үчүн тана албадым? Ушуга акылым жетпеди. Жанагы сөздөрүнөн кийин анын сүйлөшүн да, мага көңүл бурушун да каалаган жокмун. Андан көрө эртерээк үйгө жетип эс алганым мага артыктай сезилди. Биз эртеси эле күнү жолуктук, мага кызыгы, кечки таарынычтын бири жок. Түндө кимдир бирөө жан дүйнөмдү суу менен жууп салгандай таптаза, канчалык ойлорумду иреттеп, кечээ эмнеге таарынганымды тактап коёюн десем да мээме эч нерсе кирбейт. Кечээ болгон окуяны анализдеп көрсөм таарынууга эч кандай деле себеп жок. Анан мен кичине кезде анда-санда боло калуучу атам менен апамдын уруштарын эстедим. Карап туруп же кээде ажырата албай, ушуну менен жүз карашпай калчудай болгон алардын “ согушу” дайыма кимдир бирөө келсе, болбосо эртең менен эле түндө бирөө элдештирип кеткендей болуп, эч кандай себеби жок токтоп калгандыгын аңташтыра албай башым маң боло берчү.
1960Loading...
39
Анын эмне ойлоп отурганын билбейм, а мен болсо ушинтип сабакка кирбей эле коет болчумун деп , оюмда улам кайталап жаттым.Зор кыйынчылык менен сабакты бүтурдүм.Коңүлүң келбеген учурда убакыт өтпөй калат эмеспи, бүгүн мага ошондой болду. Бирок Бахиддин мында отурганын эстегенде көкүрөгүмдү бир жылуулук аралап, качантан бери жан дүйнөмдү эзип келген букту бирөө алып салгандай жеңилдей түшөм.Кызык дейм өзүмчө, адам баласынын жашоосуна таң калып, бул пенделерди бири-бирине жипсиз байлап коюп,анан аны эмне менен аныктоого болбогон табийгый бир кызыкчылыкка багындырып койгонуна айран болуп.” Муну сүйүү деп айтууга болобу? Бир караганда болот, анткени мен ансыз жашай албасымды сезип турам, бирок ошол эле мезгилде жек көрүп, андан сон, кайра аны аяп, деги кандай себептерден улам минтип отурганыма так жооп жок. Жакшы көрүүмдү сүйүү дейин, ал эми жек көрүүмдү эмне менен түшүндүрөм, айта албайм.Менин байкашымда кыздар артта калышат да балдар сыртка эрте чыгышат. Бахид да балдардан бөлүнбөй чыгат да, анан эшиктен мени күтүп турар эле. Бул жолу да ошентти. Ырас азыр ал мени менен чогуу чыгышын каалаган болчумун, бирок ал антпеди. Адаты боюнча сырттан күтүп алды да, сагынганын жашырбай бек кучактап чачыман жыттады. Ага эркелеп бир карап алдым да, ошол эле мезгилде жан дүйнөмдү эзген суроолорго жооп алууга ашыктым.. - Бахид, бая ооруп жатканыңда эмнеге мени чакырттың элден уялбай? - Ал мени саамга тиктеп ушул суроону чын эле сен берип жатасыңбы дегендей ормое тиктеди да, кайра мага —-Эмне, сага жакпай калдыбы?—деп сурады. Мен анын кучагында туруп башымды чайкадым жана ошол эле мезгилде ага кайрадан суроо узаттым. - Сен тиги чогуу жашагандарыңдан уялган жоксуңбу? —Чынында мени алардан уялган- уялбаганы кактырбайт болчу, менин минтип сурап жатышым анын аялы бар же жок экендигин тагыраак билсем деген ой эле. Сөз эмне жөнүндө баратканын түшүнүп турса да Бахид байкамаксан болуп: —Ооруп жатсам, мен анан өзүмдүн сүйгөн кызымды чакыргандан эмнеге уялышым керек? Алар мага ким болуп кетиптир?! - Дал ушул нерсе менин кийинки суроолорума жол ачып берди. Башымды чагып келген көптөгөн суроолорго жооп алгым келди. -Тигил жердегилер сага эч ким эмес болсо, анда эмне үчүн сен алар менен чогуу бир үйдө жашайсың? Кантип ал үйдө жашап калып жүрөсүң? Салават деген ким? Тиги чоң аял сага ким болот? Бахидге тике карадым. Баятан бери жүзүндө жайнап турган кубанычтарынын баары бир заматта жоголду, абдан жүрөктү мыжый тургандай оор дем алды да: -Анын баарын мен сага айтып бере албайм. Ошондой эле мен алардан бөлүнүп да кете албай жатпаймынбы. Ал жерде бир мүнөт да тургум келбейт, бирок бараарга башка жер жок да менде. - Бахид катуу кыйналып жаткандай ушул сөздөрдү айткандан кийин пендечиликтен, андагы оош-кыйыштан, деги эле аргасы жоктон ушунчалык бул жашоодон жадагандай оор үшкүрүндү. Анысы мага жөн гана шылтоодой сезилип кетти. «Кантип жашоого болбосун деп ойлойм өзүмчө, элдин көбү эле баш калкалар үйү жок батирлерде, орустардын эки бөлмөсүн ижаралап жашап жүрбөйбү. Бахиддин алардан бөлүнбөй жашашынын башка себеби бар. Демек, аялынын тигилер менен тууганчылыгы бар, ошондуктан аларга көз каранды болуп анда жашап жатат. Эгер аялы мында болсо экөө тигилерге кор болбой бөлүнүп кетмек”. Мен өзүм ушул оюмду туура деп эсептедим. Анткени апам дайыма эле өздөрүнүн жаш курагын айтканда, эрте үйлөнүшкөнүн,батирлерде көчүп-конуп оокат кылышканын айта бере турган. Ал эми Бахиддин минтип бирөөнүн үйүндө кор болуп, аргасыз жашап жатышы анын квартирага жашабай калышынын башка себебин аныктап жатты. Болбосо айылдан келген көпчүлүк студенттер деле квартиралап коркпой - уркпөй эле жашап жатышканын мен ал мезгилде көп көргөм. Башкасын айтпаганда деле Арзыканды мисал келтирсем болот. Ушундай ойлор менен бир топко алаксып, ал эми Бахид деле өз ойлорунан кутула албай бир далай жер бастык.
1630Loading...
40
Биз жөн эле көчөлөп жүргөнбүз го деп ойлогом, бирок андай болбой чыкты. Бахид мени бир жер үйгө ээрчитип кирди. Ал менден ушул жерде кичине күтө тураарымды суранып ичкери кирип кетти да бир топто чыкты. Ал сыртка чыкканда жалгыз эмес. жанына дагы бирөөнү ээрчитип алыптыр. Анын капкара каштары, коңкойгон мурду тигил тараптан экендигин аныктап турган болчу. Ал Бахидден бир нече жаш улуудай көрүндү мага. Алар өз ара тажикче сүйлөшүп келе жатышыптыр, мени шекшибесин дедиби, же түшүнсүн дедиби айтор менин жаныма келгенде кыргызча сүйлөшүп калышты. - Күтпөгөн мейманым келген тура, биз менен отуруп кетиниздер, бүгүн менин туулган күнүм,-деди тиги неме жоон үнү менен колдурап. Бүгүн Бахид башкача жайдары: -Элмира, таанышып ал, бул киши да биздин айылдан. Мында таксист болуп иштейт,- деди. Мен бул кишинин мурда бир жерден көргөндөй болдум, бирок кайдан көргөнүмдү такыр эстей албадым. Такси менен көп эле жүрбөдүмбү, шаар ичинде ошондо түшсөм керек деп ойлодум, ушул учурда тиги киши кадимки шаардыктардай колун сунуп: -Абдубахир, - деди. Бахид үчүн ал кишинин көңүлүн калтыргым келбей өзүмө жакпаса да колумду сунуп: -Элмира. Орой ун менен учураштым. Абдубахир мени абдан таңкала карап,ушундай кумарлануу менен тиктеди. Ал көз караштан мен, көзүндө күч болсо чечиндирип жибергиси келгенин ачык сездим. Үйгө кирдик, бул мезгилде бир топ караңгы кирип калган эле. Эң кызыгы, туулган күнү болуп жаткан адамдын эч кандай коногу да жок экен. Ошондой эле туулган күнгө тиешелүү маанай деле байкалбайт. Мындай кырдаал бир сыйра жүрөгүмдү шуу эттирди. Бирок мен Бахидге ишенгендиктен,анын мындай жалгыз туулган күн өткөрүп жатканына анча деле маани бербедим. Абдубакир үйүнө киргизип алып, үстөлдүн үстүндө турган кир идиштерден жана уйдун ичинин чачыгынан өзүн ыңгайсыз сезди. -Өзүң жалгыз бой болгондон кийин жашоо ушундай эле болот экен. Үй ичин жыйнаган киши жок, жумуштан келесиң да жатасың. Силерди башка жерге меймандасам болот эле, бирок Ага шарт жок. Ал досу Бахидден кечирим сурабай эле менден кечирим сураганы мага тушунуксуз бойдон калды. Менин баамымда ал мында далайдан бери жашаса керек, кыргызчага тили так келет экен. Мен үйдүн ичин жыйнаштырып жибергенче ал экөө тышта сүйлөшүп турушту да, качан мен үйгө кире бергиле дегенде Абдубахир бир жакка барып анан келээрин айтып шашып кетип калды. Бахид экөөбүз калдык. Шаардык кыздар баарын эрте үйрөнөт дешкени калп. Чынымды айтсам, мен буга чейин жигит менен өзүнчө калып көргөн эмесмин. Бахидге ишенгендиктен мен бул жерде аны менен жалгыз калгандан корккон жокмун. Бир гана үйдөгүлөр сарсанаа болбос үчүн аларга өзүмдүн кабарымды билдирип коюу жагын гана ойлонуп жаттым. Ошондой эле мендеги бир сезим - дал ушундай жигит менен калган жалгыздыкты эңсеп турганын баамдадым. Уландысы бар...
3220Loading...
03:10
Video unavailableShow in Telegram
2.49 MB
Photo unavailableShow in Telegram
#АКЫРКЫ КАТ. Эшик таң атпай тарсылдап калды. Асел эшикти ачып, айылда ичкилик менен аты чыккан Такиш байкени көрүп жаман көзү менен карай берди. – Ким керек сага? – Апаң... Апаңды чакырып койчу. – Дагы акча сураганы келдиңби? Апасы кобур-собурду угуп сыртка чыкты. – Сен кир, кызым, мен өзүм сүйлөшөм. Жаман көзү менен карап алып кирип кеткен Асел сыртта Такиштин каргылдана актанып, бир нерсе сурап жатканын укту. “Дайыма ушул акыркы жолу дейт. Апам да бул адамга келгенде эле мээрман болуп чыга келет. Тажатышты” деп жинденип жатты. – Алкаш десе, дагы акча сурап келиптирби?- деди апасы киргенде. – Антпе, кызым. Ал да Кудайдын бир пендеси. – Балдар мени шылдыңдап жатышат. “Такиштин кызы” деп айтышты. Апа, ушул кишиге жардам бербей эле койчу. Мага жакпайт. – Такиш учурунда кандай адам болгонун билгенде балдарың да, сен да антип шылдыңдабайт элеңер,- деди апасы кейиштүү. – Сасыгы тим эле мурдуңду жарат го. Кантип сүйлөшөсүз билбейм. Асел апасы эмне дегенине маани берген жок. Мектепке кетти. Алима оор үшкүрдү. Такиш бир күндө ушинтип калбады. Кезине бүт айыл суктанган, элдин баары үмүт кылган мыкты жигиттерден болчу. Акылдуу эле. Буга өзүнүн да күнөөсү бар. Бардык классташтары Такиш ага ашык экенин билишчү, бирок ал Аманды жактырчу. Тагдырдын тамашасы менен үчөө тең Бишкекте окуп калышты. Такиш Алимага болгон махабатын ичине катып, экөөнүн жан досу болуп жүрдү. Такиш жан дүйнөсү таза, дардаңдаган берешен, кимдин болсо да ишин кылып жибергенге дилгир жигит эле. Аман болсо тескерисинче, пайда чыга турган жерге барчу. Тилекке каршы, жаштыгы менен Алима кимдин ким экенин кийин түшүндү. Аман экөө үйлөндү, ичинен кан өтсө да Такиш алардын тоюнда күйөө жолдош болду. Жыл айланбай Алиманын боюнда болду. Эмнегедир күйөөсүнүн кыялы өзгөрүлүп, кээде колу тийип, тили тийип баштады. Алима бир күнү күйөөсү уктап жатканда бейтааныш номерден билдирүү келгенин байкады. Ачса “сен аялың менен качан ажырашасың? Эгерде аялың менен жыйыштырбасаң, сага алып берген машинени ордуна коюп кой” деп жазылыптыр. Башынан ылдый суу төккөндөй болуп чочуп кетти Алима. Эртеси күйөөсүнүн артынан билдирбей чыкты. Жамгыр чакалап төгүп жаткан. Кооз хан сарайга өз үйүнө киргендей кирип кеткен Аманды көрдү. Эми дарбазанын коңгуроосуна колун көтөрүп бара жатса кимдир-бирөө колунан кармап калды. Караса Такиш экен. Ыйлап жиберди. – Кирбей эле кой, ыплас нерсени көрүп эмне кыласың. Мени уксаң кирбе,- деди ал боору ооруй карап. Алима алсыз башын ийкеди. Такиш аны машинесине отургузуп алып кетти. Бир кафеге барып отурушту. Калтырап үшүп калган экен, келин ысык чай ичип өзүнө келди. – Сен канчадан бери билесиң? – 5-6 ай болуп калды. Көп жолу айттым токтот деп, укпады. Казинодо да ойноп жүрөт. – Калп! – Сен кайсыга ишенгиң келсе ишен, чын эле, балким, жалгандыр,- деди Такиш чын экенин билип турса да. Көрсө, тиги колунда бар бизнесмен аял менен эбактан бери эле жакын экен Аман. Акчасына кызыгып гана жүргөнү Такишке белгилүү болчу. Бир кезде Алиманын ичи ооруй баштады. – Ичим ооруп жатат,- деди Такишке алайып карап. – Жакын беле төрөтүң? – Жок, дагы убакыт бар эле. Эмне кылам эми?- деп коркуп кетти. – Эч нерсе эмес, мен жаныңдамын! Машинага салып төрөт үйүнө тез жеткирди Алиманы. Кыйналып жатып кызын жарык дүйнөгө алып келди. Уктап ойгонгондо эле тумбочкасында жыты аңкыган гүлдөр турганын көрдү. “Аман алып келди! Баары бир мени унутпаптыр” деди жүрөгү тыбырчылай. – Жолдошуң аябай жакшы жигит экен,- деди медайым жылмайып тиктеп. – Тим эле тынчсызданып, сурап жатты. Төрөгүчө түнү менен сенин жаныңдан кеткен жок. – Ооба, Аман ошондой!- деди бактылуу жылмайган келин. – Тигине, дагы келиптир, сенин терезеңди карап турат. Ордунан турган Алима терезеден жылмайып турган Такишти көрдү. Аманды эмес, Такишти көргөндө гана түнү менен жанынан кетпеген Такиш экенин билди. Телефонуна билдирүү келди.
نمایش همه...
👍 1
“Алима, сенин бактылуулугуңду көрүш мен үчүн кандай бакыт бир билсең. Сени мектепке алгач келгенден баштап сүйдүм. Бирок сезимдеримди билдиргенче Аман менен кыз-жигит болгонуңарды уктум. Ал менин досум эле, ичимден экөөңө бакыт каалагандан башка айлам жок болчу. Бирок Аман баркыңа жетпеди. Мен эгер макул болсоң сени, кызың экөөңдү бактылуу кылганга колумдан келген бардык аракетти кылам. Анткени менин сенден башка бир да адамга жүрөгүм ачылбашын билем. Мен бир өмүр сен деп жашайм. Болгону макул де”. Алима макул болгон жок. Анткени Амандан үмүтү үзүлбөдү. Билсе да билмексен болуп жашай берди. Асел бир жашка чыгып калганда үйүнө эки-үч жигит кирип келди. Алар Амандын чоң суммадагы карызы бар экенин айтып, эгерде аны төлөбөсө кызы экөөнү өлтүрүп кетишерин айтып коркутушту. Аман чын эле карыз экенин моюнуна алды. Бир күнү күүгүм талаш үйүнө келе жаткан жерден алдынан баягы кишилер чыга калды Алиманын. – Менде акча кайдан болмок? Кызым экөөбүздүн эмне тиешебиз бар?-деп ыйлап жиберди. – Аман карызынын ордуна сени сатты. Колунда болгону сен экенсиң. Сен бизге кызмат көрсөтүп күйөөңдүн карызын төлөйсүң! Акылына эч нерсе чүргөлбөй калды Алиманын. Эсинен танып бара жатканын бир билет. Эсине келсе Такиштин машинесинде отуруптур. – Дагы да сен куткардың мени!- деди ал башын чайкап. – Алима, булар сенин жаныңды койбойт. Мен болгон нерсемди сатып акчанын жок дегенде жырымын берем деп сөз бердим. Ошентип куткардым сени. Сен кызыңды алып айылга кет. Болбосо булар коркунучтуу немелер, Амандын колу-бутун сындырып салышыптыр. Бул жолу да Такиш куткарды. Алима үчүн колунда бар нерсесин баарын сатып, айылга келген жигит жаман чөйрөгө кошулуп кетти. Жалгыздык, жашы өйдөлөп бара жатканы кошул-ташыл болуп ичкиликке берилип кетти. Аман болсо тигилерден кутула албай, ден соолугунан айрылып каза болуп калды. Такиштин ичип кеткен себебин көп адам билбесе да, Алима билет эле. Бирок эң жакын деген кызына да айта албады. Ушундан бир ай өтүп-өтпөй Такиш каза болгонун укту. Чөнтөгүндө Алимага арналган кат бар экен, аны ага алып келип беришти. “Гүлүм, Алимам! Мени кечир, дайыма ичкенде сенден акча алып кетчү элем. Эмкиде алып келип берем дегем. Бирок карыздарымды төлөй албай калдым. Анын ордуна сага үйдү каттатып койдум. Сатып Аселди окут. Таарынба, мени кечир. Бул дүйнөдө чогуу болбодук, тиги дүйнөдө чогуу болуп каларбыз”. Бул анын акыркы каты болчу. Айлин Д.
نمایش همه...
🔥 2
Подписывайтесь на канал "Аренда квартиры Бишкек 🏠" в WhatsApp: https://whatsapp.com/channel/0029VaD7P277NoZvaNJna93I
نمایش همه...
Аренда квартиры Бишкек 🏠 | WhatsApp Channel

Аренда квартиры Бишкек 🏠 WhatsApp Channel. Ассолому алейкум дорогие подписчики канала! 🤝 Канал создан для подачи рекламы сдающих квартиры в городе БИШКЕК. Наш телеграм чат

https://t.me/kvartira_kgstan

Наш телеграм канал

https://t.me/kvartira_bishkek

Если хотите подать рекламу о сдаче квартиры напишите администратору канала ↙️ Wa.me/996551698484 По пустым вопросом не тревожить администрации канала, мы не риелторы и не ищем квартир, мы публикуем на канал только те рекламы которые нам поступили сдача квартир. Если будете нам постоянно писать и спрашивать сразу заблокируем от канала. С уважением Админ! 2.1K followers

👍 1
Пальто Айылда эле 3 үй ары , атамдын жакын үкалари той берип эрте менен эт - ашына каралашып келгенден кийин , атам коюн жетелеп апам себетин көтөрүп расмий конок болгону жөнөдүк . Бир маалда апам чочугандай арт жакта аяк - быякты элеңдеп чыбык издеп жаткан мага " Чурка , төрдө мейман жууркандардын үстүнкү кабатында ич жагынан бүктөлүп жыйылган атаңдын жаңы пальтосун алып чык " - деди . Атамдын " - ээ , койчу аа , ушу тойго дагы жасанып , уят эмеспи дегенин уккусу да келген жок . Мен шуулдап , тойду таппай кала тургансып , атамдын пальтосун тышкы үйгө эле ыргытып , жаңысын жүктөн алып апамдарга жете келгенимде ,жаңы пальтону карап апам атама угузбай "тебетейин дагы жаңылап коюшубуз керек экен , анын арасы жеңил эле көп болсо 4 - 5 тооктун акчасы да " деп , өзү көгөрүп алып бергенин да мага эстеткендей болду . Дегени пальтону алыш өзүнчө узун сабак окуя эле : Жылына бир жолу жалгыз уюбуздун торпогун сатабыз . Бул жолку торпоктун акчасына атама пальто алуу кезеги экен . Апам экөө качан сүйлөшүшкөн билбейм , жөнөп жатканыбызда апам дагы бир жолу - " Ар нерсени эсептеп , илине бербей драп пальто алып кие бергиле ( атамды сиз да , сен да дей албай сыпайы гана " силер " деп кайрылат эле ) . Өзүнөр тапкан акча , өзүнөрдөн аяй бербегиле , кийинбей - ичинбей да ашынып - ташынып кетпедик го . Авам айтмакчы " мындан жаман күндөрдө да тойго барганбыз " ( кайсы авасы , качан , не себептен айтканын билбейм ) бирок , кээде намыс үчүн , элден кем болбойлу деген учурларда айтыла калчу Атам м-н апамдын мага түшунүксүз , бирок жат болуп калган сөзүн кошуп койду . Ошондо , не карапайым колхозчу күйөөсүнүн көнүлүн көтөргүсү келдиби , не ар дайымдан бир дайым бир калыпта , ашыкча сүйлөбөй да , ашыкча күлбөй да өмүр сүрүп келе жаткан " дүңкүйгөн , чулу кара чалын " ошол " абийирлүү" пальтону кийгизип кубанткысы келдиби , не кыялында ошол пальтону кийсе мүнөзү да , тээ төрөлгөндөнбү же кийинчирээк калыптанып калган түнттүгү жазылып кескин өзгөрүп кетсе деген үмүтүбү , не намыскөй апам жанында жарашыктуу пальточон эркек көргүсү келдиби , не силер анча теңинерге албаган менин чалым да керек болсо ушундай эле келбеттүү деп мактангысы келдиби , не бир жерде дагы бир алдына чыгаргысы келбеген " атаандаштары намысына тийгенби ... иши кылса торпоктун акчасына пальто алганы жөнөдүк . Торпок сатылып пальто базарга келдик . Биз ала турган драп пальтону мен билгенден чоңдор гана конторада иштегендер , агайлар , анан айылда саналуу тың жашагандар гана кийишчүү эле . Оо ! Союздун ал пальтолору чындап эле менин көзүмө кийген адамдын келбетин өзгөртө коёт эле . Апамдын ушул сөздөрүнөн кийин мен да жупуну жүргөн , бирок ааламда жок кубаттуу , мээнеткеч , дал силердин өз атаңардай келишимдүү атамды " ошол кишилердей " элестетип алганым бар . Мына пальто базар . Биз келээрибиз менен атам экөөбүз кенен тегерене турган орун бошотушуп , үстүлөрүнө 3 - 4 кабат пальто жамынган өзбек катындар ороп калышты . - Тага , кандайынан аласыз , кааласаңыз бул түс , кааласаңыз мындайы деп боз , күрөң , кара , кара көк түстөгү пальтолорду көрсөтө башташты . Атам да шашпай бир - экөөнүн үстүндөгү пальтолорду кармалап анан мен элестеткен кара боз пальтону кармап , ушуну көрөюнчү , баасы канча ? - деди . Айтылган баасы торпоктун сатылган акчасындай айтып мени таң калтырганы менен Атам анчалык эле маани бербегенинен , өзү чамалаган эле баа окшойт деп койдум . Түсү , размери чак келип , денесине жабышкыча улам башкасын көрүп жатып , анан ушул кийгенин ылайык көргөндөй мен бир нерсени билип , чече тургандай " кандай экен, балам " деди . Атама куп жарашты , мен элестеткен " чоңдордой болбосо да , атамды бир топ сымбаттуу , келбеттүү кыла койду . Сатуучу аялдар , мени чочутуп атамды четирээкке жетелеп , келиң мынаы айнектен өзүңүз да көрүңүз деп , атайын көтөрүп жүрүшкөн чоң күзгүсүн
نمایش همه...
👍 1
бул бири биринин сый урматын ордуна коюп , эркек - аялдык вазыйпаларын так аткарышкан ,бири бирин аяп , колдоп , жөлөп - таяп , толуктап турган , бирок ошол сезимдерди бир да жолу кыйытып да айтышпай бири бирине жеткиришкен эр - катындын салмактуу мамилеси ээлеп турду . Аялдын мындан аркы сөзү ашыкча , оор болоорун , ичинен күйөөсүн түшүнүп , аяп жаткандыгын экөө тең сезди . Кийип көрчү , көрөлү деген сөз айтылбай , эң башкы базарлык арзан ПАЛЬТО өз маанисин жоготту ... Атам бата кылып туруп кетти ... Апам мени карап : - Тур , каналдын өйүзүндөгү пахтадан торпокко чырмоок жулуп кел , Сен деле айтсаң болмок " Ата , наркы пальтону ал " деп , ушуну сезип ээрчип алайын деп атаңдан корунуп калбадымбы деп дасторконду жыйнай баштады . Мен да өзүмдү күнөөкөр сезип , шылкыйып быйылкы торпокко чырмоок жулуп келгени жөнөдүм ... Шашпагыла мынаы торпокту атаң экөөнө карматпаймын , өзүм кошо барып , жетилсе - жетилбесе саратанда пальто арзандаган да сатып , жетпесе тоокторумун акчасынан кошуп болсо да ошол пальтодон кийгиземин деп Атамын намысына да тийип , үмүтүн да жандырып , анан элден кем болбойбуз деген максатын турмушка ашырганга бел байлап тирилигин баштады ... Азыркы акылымда ошол көрүнүш , окуялар АЯЛ дын намыскөйлүгү эрди алга сүйрөп , түздөп , " жакшыларга теңөө аракети , ЭРКЕК тин тубаса жөнөкөйлүгү , атаандашуу , утурумдук , " эл көрсүнгө " жасанып - түзөнүү оюна келбеген ээнөөлүгү , анан да Жараткандын экөөнү табыштырып , аялынын башкалардан тили узун экендигине да , айрым жерлерде өзүнөн озунуп кеткенине да кайыл болуп , акылмандар айтканын укпай аңдап ушул аялдан бак таап , тирилик кылып , балдарды өстүрүп Элден кем болбостуктарына ынанып , аялга жол койгон Атама миң ирет ыраазы болсом , Атамдын " чогоол мүнөзүнө , өзүнөн жупуну экенине эмес , мээнеткеч , куулук - шумдугу жок , түз киши экендигине ишенип , бири бирине таянган бекем үй бүлөө эле .
نمایش همه...
👍 6👏 5
алып келишти . Базар ошол жерден башталды . Тегеректеп айтканда саткан торпоктун акчасынан 50 сом ашса - ашып андан көп ашчудай эмес . 6 -7 пальто кийип көрдү ... Барган сайын атамдын базарга киргендиги дымагы , маанайы өзгөрө баштагандай сезилди . Атам бир жылдык мээнетти , кирешенин баарын өзүнө ыраа көрө албай жатты окшойт . Азыркы акылым менен ойлосом , үйдөгү баарыбызды апамды баш кылып , бир сыйра көз алдынан өткөрүп ... көкүрөгүндөгү , акылындагы өзү элестетип , чамалаган жашоосу , биздин турган турпатыбыз , кийимдерибиз , буюмдарыбыз кайра баштан көз алдына тартыла баштады окшойт да ... мен тарапты бир карап " балам , мындай пальтону да бир көрбөйлүбү деп , анын жарым акчасынан да арзан пальтону кармалады . Алчы - таасын жеген сатармандар , э тага бул каякта дагы , бул каякта , мындай пальтону " байбатчалар " киет дешип , атамдын же намысына тийип , же басынтып айткандай , ылаажы болсо кайтпаң деп апамдын сөзүн эстетип да өтүштү . Арзан пальтонун карасынан бирди кийип көрдү , менин көзүмө айырмасы аздай эле сезилди , аркы кымбат пальтодон жумшактыгы , анан бычымындагы анча- мынча боштуктар эле болбосо ... - Ата , ушунун боз түстөгүсүн көрбөйсүзбү - дедим - Э балам , боз түстөгүсү анаы сенин колундагы да , быйыл 3 - жыл кийилип жатат деп , жакасы м-н чөнтөктөрү жылтырап түктөрү түшүп , желкелери мүрүсүнөн түшүп , этектери да бири ичине , бири сыртына кайрылган жедеп бычымын жоготуп атамды жупуну көрсөткөн пальтону айтты . Бирок , менин көзүмө үстүндөгү жаңы пальто башкача , жарашыктуураак көрүнүп турду . Атамдын эсебин чамалаган деле жокмун , бирок жаңысында жакшына эле экен деп койдум . Атам да ошол сөз жетпей жаткандай , сатуучулар буюмун эптеп өткөргөнгө кызыкдар да деп алардын сөздөрүнө маани бербей , өз максатынан да , апам экөөнүн келишиминен да кайтып , бирок үйгө барганда айтчу сөзүн даярдап жаткандай , ойлуу гана " ээ ушунча акчага алган менен бир жылда ( үч ай кышта) көп болсо 3 - 4 жолу кийилет экен , анан анчалык эле кемпири элестеткендей кадырын , баркын деле көтөрбөчүүдөй , башкалар үчүн дээрлик мааниси жоктой да деген чечимге келди . " 2 жыл кийсек анан дагы " кудай бир шыбагасын буюруп тургандыр аа , балам " деп ошол пальтону оротуп алды . Эски пальтосун кийип чайканага жөнөдүк . Ошондо эки пальтонун айырмасын жарашыгын , салабаттуу бычымын , Атамдын акылы , каалоосу эмес жедеп кара жумушка бышып , катып калган денеси да сезип жактырып турса да БИЗГЕ илинип баш тартканынды азыр түшүнүп отурам ... АТАКЕ ... Үйгө келдик , торпок сатып базардан чоң эле базарлык менен келдик окшойт . - Ыы , атаң экөөн Ошту көчүрүп келдиңерби анан - деп үйдө калган "майдаларга" базарлыктан бергенче - Кана , пальтону көрсөткүлөчү - деди . Атам анчалык көнүлдөнбөй - Берки пальтодон эле алдым . Драбың кымбат , анча акчаны ысырап кылгым келбеди - деди , өз чечимине өзү да бир аз кейип калгандай үн менен ... апам : - Аа мен билгенмин , пейилиңерди билем го , ботом өзүнүн тапканын өзүнөн аяган , өзүнүн боюн өзү пас кылган , өзүн өзү сылап - сыйпабаган ушу силерди көрдүм , элди деле карасаңар болбойбу ... ушу балдарга болсун , ал кем , бул кем , анаыны алалы , буну алалы , ушулар ичсин , ушулар кийсин , ушулар тойсун , ушуларга болсун деп ушу жашка келдик го ботом . Саарлап , " быякка илинбегиле , өзүңөрдөн аянбагыла " деп айтпасам экен аа ... деп өзүн чала күнөөкөр сезип отурган чалына нааразы болуп , сүйлөнүп койду . Ичинде бир короо сөздөр турса да : Байкуш табиятынан баласаак , өзү ата - эне мээримине тойбой калган , ата - энесинен көрбөй калган камкордукту балдарыма колдон келишинче көрсөтсөм деген пенде экенин ... анын бир четин угузсан көңүлүнө катуу тиерин сезип апам Сөзүн токтотту ... кандайдыр бир орто толбогон , нааразы болуп , жаңжал сала турган да , бирок колдоп макул боло турган да иш эмес , каалоо бар , бирок шартка жараша түшүнүп колдосо да боло турган абал ..
نمایش همه...
👍 1
Photo unavailableShow in Telegram
3
,=ДААНЫШМАН СӨЗДӨР= Тамакты жалгыз жеген киши кыйынчылыкты да жалгыз тартат . Аалам адам үчүн жаралган, адам аалам үчүн жашайт. Эгер адамдардын эң мыктысы болгуң келсе, алардан эч нерсеңди аяба. . Башкалар үлгү кылган киши бактылуу эмес, башкалардан үлгү алган киши бактылуу. . Өз өмүрүн акыл жана билим топтоого арнаган киши эч качан өлбөйт. . Уят, шермендечилик өмүрдөн да узунуураак. . Сараң бай март кедейден да жарды. . Чыныгы адам ташты да нанга айлантат. . Чоң уулуңду жакшы тарбияласаң кичүү уулуң өзү эле тарбияланат. . Картайган кезде билим алуу - кумга кат жазгандай. Жаш кезде билим алуу - ташка тамга баскандай. . Өзүң жетишкен бир тажрыйба бирөө берген жети кеңештен артык. . Пайда табуу үчүн дос болушкандар өмүр бою чырдашып өтүшөт. . Бирөөнүн акылын аңдаш үчүн бир-эки эле саат жетиштүү. Бирок бирөөнүн мүнөзүн түшүнүш үчүн көп жылдар керек болот. . Эгер кыйкырыктын күчү менен эле үй салууга мүмкүн болгондо эшек бир көчө там куруп салмак. . Жалкоо киши үчүн үйдүн босогосу да тоодогу ашуу сыяктуу. . Сагызгандар бириккен кезде алардан бүркүт да сестенет. . Эгер душманың сенин сырыңды билишин каалабасаң, анда, сырыңды досуңа да айтпа. . Өзүн аалым эсептеген наадандан кач. . Адилет сотко муктаж болбош үчүн өзүң адилет бол. . Калпычы деле ууру сыяктуу: ууру сенин мүлкүңдү уурдаса, калпычы акылыңды уурдайт. . Согуш-баатырды, ачуу - даанышманды, жокчулук - досту сынайт. . Эгер күнгө далыңды салып турсаң, өзүңдүн көлөкөңдү гана көрөсүң. . Кенебестик бардык жамандыктардын себепкери. . Бирөөнүн кулу болуп алтын кемер тагынгандан көрө, маңдай териң менен тапкан нанды тынч жеген артык. . Айкөл жүрөк башкалардын кайгысынын эсебинен курулган бакты-таалайдан баш тартат. . Эрдик булчуңдун күчүндө же кылычты чебер шилтей алгандыкта эмес. Эрдик - бул өзүңдү башкарып, адилет боло алуу. . Көңүлү жок окуучу канаты жок куш сыяктуу. . Бактысын баалай албаган киши бактысыздыкка туш болот.
نمایش همه...
👍 2