cookie

ما از کوکی‌ها برای بهبود تجربه مرور شما استفاده می‌کنیم. با کلیک کردن بر روی «پذیرش همه»، شما با استفاده از کوکی‌ها موافقت می‌کنید.

avatar

Сыр сандык 🔐

Кызыктуу окуялар жана аңгемелер 📝 Админ: @zolotoi_kg 👤

نمایش بیشتر
پست‌های تبلیغاتی
1 282
مشترکین
-224 ساعت
+437 روز
+14230 روز

در حال بارگیری داده...

معدل نمو المشتركين

در حال بارگیری داده...

Ызага буула түштүм,билгищип койгон экенмин деп коркуп да кеттим.Ызага алдырдымбы,же көп күндөн бери баш аягына чыга албай жүргөн санаанын жыйынтыгыбы,айтор көзүмөн жаш төгүлүп кетти.Ичиме батпай кеткен букту көз жаш менен төгүп да жаттым,кыздарга жооп ьерүүгө шылтоо издеп да жаттым.Алар мындайды далай ьашынан өткөрүшкөнбү же мени бугу чыксын деп күтүштүбү,эч кимиси унчукпай сооронгончо күтүп отурушту.Качан соолуктап басылып келе жатканда гана: -Эмне болду?-баары үрпөйө түшүшкөнүн байкадым. -Кой,ыйлаба! -Айтсаң. -Сени ыза кылган ким?-жакын турганлары кучактап,соортоп,алыс тургандары сөз менен көңүл айтышты.”Мына мен ушуну сүйүп калып ошонун азабын тартып жүрөм “ деп кантип айтам.Же бир кыздар суктана тургандай неме болсочу.Угул тургандардын баары келесоодой элестеткен немени күндүр-түндүр ойлоп кыйналганыма наалат айтып жаттым. Жүрөгүм бирөө муштап жибергендей мыкчылып кетти.Кайра башынан түшүп өксүп-өксүп жаттым… Уландысы бар...
نمایش همه...
кунт коюп укту жана бир топко ойлонуп туруп: -Түш чын болот дечү эле.Анын кыйналып жүргөнү чын болсо керек.Болбосо сенин түшүңө кайдан кирсин деп ойлойм…-Батма жер тиктеп көпкө ойлонуп калды. Анын сөзү катуу таасир бердиби Бахиддин кыйналып жатканы элестеп “байкуш” деп аяп кеттим. Ал күнү кечке ушул ойлор менен алектенип жүрдүм. Күн өткөн сайын сагынып жакшы көрө баштадым. Эки-үч сыйра факультеттен адресин алып издеп келсемби деген да ой келди. Канчалык аракеттенип шылтоо издегеним менен ага ылайык келчүсүн таппадым. Бул ойлор чындыкка жакын катары элестеп,ишке ашырууга далбастаганым менен факультеттен Бахиддин адресин сурап алууга ыңгайлуусун таппай башым маң.Улам жаңы ой келет.Бирок ойлоп-ойлоп көрсөм эле чындыкка жакындашпай өзүм шылдың болчудай абал түзүлөт.Ал ойдон баш тартам да,кайрадан жаңысын издейм.Күн өткөн сайын бул менин экинчи кесибимдей болуп калды.Ойлонуп отуруп эмне иш кылганымды да толук билбейм.Жарытып да иштебейм.Талаага баргандан кийин белгилүү бир сапка кирем да,иштемиш болуп отура берем.Мен ойлордон тажап калган мезгилде жаныма Батма келет да,тиги жөнүндө сурап ойлорду кайра жаңыртып коет.Мен ага маанилүү эч нерсе айтып бере албагандан кийин,көрбөгөн-билбеген кишидей унчукпай басып кетет. Ага да жиним келет,билген акылын айтып койбойт деп.Кыялымда кайра ага болушам,менин жан-дүйнөмдө эмне болуп жатканын толук билбесе кантип көңүлүмдү жубатмак эле дейм. Мурда сүйрөлүп иштээр-иштемексен болгондорду иттей жаман көрчүмүн,ойго алаксып кеткенден кийин өзүм сапта отурган боюнча элдин эң артында калганымды унутуп койчу болдум. Эртерээк байкасам эчтеке эмес,кечирээк билип калсам кадимкидей кызарып уялам.Өзүмө өзүмдүн жиним келет.Бирок кайра өзүмдү-өзүм сооротом. “Менин ичимде эмне болуп жатканын ким билиптир,баары эле азыр мендей”,-деген көз карашка таянып,кыздарды да карап коем. Менин бул оюмду далилдегендей ар ким өз жумушун кылып жүрүшөт. Иштегиси келбегендер сүйлошүп отурушат.Иштеп жакшы көрүнгүсү келгендер эбак алдыга суурулуп,бириндеп бөлүнүп кеткен.Артта мен жалгыз эмесмин.Анча узап кетпеген жерде дагы өз саптарын минип чакага помидор салымыш болуп,анда-санда кыймылдаган беш-алты кыз бар.Аларды көргөндө жалгыз эмесмин дегендей өзүмдү-өзүм жооткотом. Баары бир кыздар байкагыч болот.Бир күнү түшкү тамакка жакындап калганда мурда чогуу жүргөн,анча-мынча нерселерди сырдаша коюучу группалаштарым жаныма келишти.Бетке чапма кыялымдан далай кагуу жеген алардын эч кимиси мага батынып сүйлөй алышпады. Сезип турам,алар мага бир нерсе айтчудай болуп турганын.Бир эсе алардын минтип шекшинип келишкени кыжырымды келтирди. Унчукканым жок.Алар ар кимиси өз чакаларына менин эсебиме помидор терип киришти.Теришсин дейм ичимден,мен деле аларга көп жакшылык кылгам.Бирок аларга минтип салмагымды салып калганга бир эсе өзүмө жиним келет.Чындыгында алардын айрымдарына жигит таап,көпчүлүгүнө жигит тандаганга жардам берген мен болчумун.Ар биринин мамилеси оңолуп,табышып кетишине колумдан келишинче көмөк көрсөткөнүм чынында эсиме түштү.Кыздар мен үчүн канчалык жандалбастап жатканын көрүп,аларды тээ түпкүрдөн өзүмө өзүм ыраазы болгон сезим менен башкарып турдум.Мындай ой канчага созулганын билбейм,бирөө жаакка чапкандай эсиме келе түштүм.Уялдым. Мынчалык өзүмө өзүм корстон болуп, жекире карагандай алар мага эмне жамандык кылды эле?Өз кишидей мамиле кылышкандыктарынан ушинтип менин жанымда тегеренип жүрүшөт да,булардын күнөөсү эмне? Өзүмдүн жамандыгымды башкалардан издейминби… Ушундай ойлордон улам аларга жибип кеткен учурда менин жүзүмдү жылмаюу аралап калса керек,кыздардын баары жылдыздуу карашты. -Сага эмне болду ,Эмка? (Мени үйдөгүлөр ушинтип эркелетишет),-деди да Асел,менин ага карата мамилемди көзүнүн кыйыгы менен текшерип. -Сен башкача болуп кеттиң,-тамашага айландыргысы келди көрүнөт. -Айтсаң,бироөнү сүйүп калдыңбы?-деди да менин дан дүйнөмдөгү нерсени таап алгандай күлүп жиберди.Ушуну эле күтүп тургансып берки кыздар да каткырышты.
نمایش همه...
Дубаланган курма же эрке кыздын тагдыры 2 - Баян Башымда көпкө чейин бир ой жашап жүрдү. Эми ылайыгын келтирип эмне себептен анын артынан чуркашым керектигин сурап көрүүгө ашыга баштадым. Акырындап башымдагы баягы ойлор да күчүн жоготуп пастап баратканда аны жаңырткан учур деле кечиктирбей келди. Лекциялар аяктап,практикалык сабактар арбып калганда студенттер окуу залдарына барып даярданып калат эмеспи.Бир күнү мен дагы сабактан кийин бир-эки саат отуруп даярданып кетүүнү чечтим да ,окуу залына кайрылдым.Баратканда жүрогүм опколдуй түштү. Бир нерсе болчудай.Барсам эшик тарапты карап Бахид отуруптур. А ушу журогүмө белги берген тура дедим да,элдерди аралай өтүп акыркы орундуктардын бирине орун алып отурдум. Бир маалда жаныма Бахид келди да: -Сен мени издеп келдиңби?- деди баягы анкоо жылмаюусу жүзүн аралап. -Эмне үчүн сени издеп келишим керек?-тырчый түштүм.Ал эч нерсе болбогондой,бир нерседен адашып алгандай жер карап: -Сен мени издешиң керек эле, сен жеген курма дубаланган болчу,-деди да, басып кетти. Мен бул сөздүн маанисин толук түшүнгөн жокмун.Жан дүйнөмдү муздак бир нерсе аралап түпөйүл абалда калгандыктан,окуу залында көпкө отура албай үйгө жөнөдүм.Барып сөздүн маанисин апамдан сурадым.Ал киши да толук түшүнүп-түшундүрө албагандыктан,башымды оорутпачы деп койду.Ал мезгил союз учуру болгондуктан жана андай-мындай нерселер жөнүндө толук маалымат жоктугунан улам анын маанисин чечмелеп түшүнүүгө кудурет жетпеди. Анда бардыгыбыз адамлын маймылдан жаралганына кынк-мыңк дебей ишенген учур. Мээме толук жетпегенден кийин ал сөздөр ошол боюнча калган.анын маанисин эми толук түшүнүп отурам. Аттиң ай! Аттиң десең… Өз ыгы менен күндөр өтө берди,сессия башталган учур болуш керек. Сессия деген менен сессия өз ыгында өтүп жатты.Эсимде сессиянын башталышы менен биздин группадан биринчи кыз турмуштун кубанычтуу жана татаал жолун аттап күйөөгө тийди.Бир караганда кубаныч сезими болгону менен кандайдыр бир кызганыч сезимин пайда кылат экен.Өзүң жөнүндө,өз тагдырың жөнүндө ойлонууга көпчүлүк кыздарды мажбурлады. Буга өзгөчө узатууга чакырганы себеп болду. Кадимки үлпөттөрдүн бирине баргандай даярданып баргам. Группалашымдын ушунчалык бактылуу абалы көптогөн ойлорго салды. Мен да ушундай бактылуу боломбу? Менин да жанымда ушинтип сүйгөнүм болобу? Мен ага кыналып туруп өзүмдүн үлпөт тоюмду берээр бекенмин…Ал ким? Кандай адам? Үлпөт үстөлүндө отурганда ар бир тосттон кийин, андан соң жолдо катар ушул ойлордун тегерегинде ойлонуп келдим. Кайсы тарабынан ойлонсом да акыры коз алдыма Бахид келет. Менин бактым ушуга байланыштуу го деп ойлоп коем,баш-аягы көрүнбөгөн ойлордон жадаганда.Кээ бирде өзүмдү анын жанына коюп элестетем да же сүйлөбөсө же мен сүйлобөсөм биздин жашообузду акыр-аягына чейин элестете албайм. Сессия аяктаары менен тажикстандыктар жерине кетишти.Биз болсо ар түркүн отряддарды түзүп айыл чарба жумуштарына кеттик.Ал кезде муну үчүнчү эмгек семестри дечү эмес беле. Көңүлүм келбесе барбайт элем,өз каалоом менен айыл чарба жумушуна кетип калдым. Айыл чарба жумушуна барганда эки түн жакшы уктагам,андан соң түшүм бузулду. Уктасам эле Бахид жаныма келет,менден жардам сурайт. Мен ага колумду бербейм,анан ал байкуш бирде сууга агат,бирде өрттүн арасында калат,бирде жардан учуп кетип кансырап жатып калат,бирде кардын арасынан араң туруп келет. Деги түшүмдө көрбөгөн азабы жок.Себебин түшүнбөйм,ушундай азаптанып жүргөнүн көрүп,буркурап ыйлап жанында жүрөм.Ойгонсом тамагым кургап дем алалбайм .Баарынан ушунусу кыйын болду.Кечинде жатканда дайыма башка жакшы түш көргүм келет,бирок баягысы баягыдай кайталана берүүдө.Улам кийинки күндөрү түш көргөндөн коркуп таптакыр түш көрбөгөнгө аракет кыла баштадым. Акыры ичиме батпай кетти көрүнөт,айылдык жоош Батма деген кызга айтып бердим. Ага айтканга чейин далай ойлондум.Башка ылайыктуу эч кимди таппадым.Мен аны эки тарабынан тандап алдым.Биринчиси- айылдан келгендиги,тигиндей-мындай нерселерди шаардык кыздарга салыштырмалуу жакшы билет деп ойлодум.Экинчиси, ал кыз эч ким менен чечилип сүйлөшчү эмес,аны менин айткан сөздөрүмдү эч кимге айтпасына толук ишеним берди.Ал кыз менин түшүмдү абдан
نمایش همه...
– Кичине болчусуң, азыр чоңойдуң. Мен да ооруп жүрөм. Чындыкты өз оозумдан уксун дедим. Белек селт эте түштү. Агасын тиктеп калды. Өзү борбордо бизнесин бутуна тургузам деп жүрүп агасына жакшы көңүл бура албай калган тура. Качан мынча карып кеткен агасы? 50 жашка эми эле чыкты го. – Бутуңуздан башка да бир жериңиз ооруйбу? – Жок, кабатыр болбо. Негизи эле айттым. – Байке, эмнеге үйлөнгөн жоксуз, жеңемден кийин деле үйлөнсөңүз болот эле го. – Атамдын тагдырын кайталагым келген жок. Жеңең так эле апамдай тажаал чыкты. Сени, жалгыз бир тууганымды батыра албады. Же Белек, же мен деп туруп алды. Сен менин уялашым эле эмес, өз колум менен баккан уулумсуң. Ал үчүн сенден баш тарта албадым. Ажыраштык. – Мен үчүн жалгыз калдың, байке... – Тагдыр бул, сенин күнөөң жок. Белек Азатты кучактап ыйлап жиберди. Өмүрүн, жашоосун, келечегин курмандык кылган жалгыз агасын кучактап ыйлап жатты. – Чоң эле киши ыйлайт бекен?- деди агасы адатынча эркелетип. Белек көз жашын сүртө берди. – Сизди эң мыкты доктурларга көрсөтөм. Кичинебиздеги саякат кылабыз деген жерлердин баарына алып барам. Тиричилик деп сизди көңүлдөн чыгарып алганым үчүн кечириңиз. Сиз менин бактым үчүн күрөшсөңүз, эми мен сиздин өмүрүңүз үчүн күрөшөм. Эми да бактылуу болосуз, байке, дагы да болсо сизге жакшы адам табылат. Анткени сиздей адам жок. Сиз менин жашоомдогу каарманымсыз! – Уялашым менин... Эми агасынын да көзүнөн жаштар агып жатты. #уялашым_элдик
نمایش همه...
👏 1
УЯЛАШЫМ Нөшөрлөгөн жамгырдан ал эмнегедир аябай коркчу. Элден угуп жургөн кыямат кайым, алаамат эми башталып келе жаткандай эки кулагы чуулдап ушунчалык корккондуктан колу буту титиреп кетер эле. Култ этип агасынын колтугуна кирип кетчү. Качан болсо элдин жумушу менен жүргөн бечара агасы жамгыр эмес таш жаап жатса да ойгонбочудай уктай берчү. Мейли, уктасын, аны жалгыз калтырбаса болду. Кичинекей тамдын бурчунда бүтүндөй бир аалам Белек үчүн агасы эле. Деги эле жашоосунда башка бир адам болбоду. Атасын элес-булас билет. Апасы өзүн төрөп жатканда каза болгон экен. Аны өмүрү көргөн эмес. Бир жашка чыкканда атасы башка аял алып, бул үйдөн чыгып кеткен экен. Ошону менен Белекти агасы Азат бакты. Өзү деле 15 жаштагы өспүрүм бала, кабарсыз кеткен атасынын, каза болгон апасынын ордун жоктотпой жакшы бакты. Азыр нөшөрлөгөн жамгырда эмнегедир агасынын жылуу коюнун эстеп кетти. Агасы болгону эки-үч үй алыс жашайт. Шаша-буша кийинди да, уктап жаткан келинчегине билгизбей агасына жөнөдү. Эмнегедир жарык өчө элек экен. – Ассаламу алейкум, байке? Эмне уктай элексизби? – Жок, могу бут уктатпай жатат. – Баягы күнү келиниңиз алып келип берген мазь жардам берген жокпу? – Баса, ошону сыйпайынчы. Белек текчеде турган дарыны алып агасынын байпагын чечип акырын укалай берип массаж жасап жатты. Андан-мындан, тиричиликтен сүйлөшүп жатышты. – Ии, сен жамгырдан коркуп уктай албай койдуңбу?-деди агасы күлүмсүрөй берип. Белек күлүп жиберди. – Эмнеге коркосуң айтып бердим беле? – Жок, бир себеби барбы? – Кичине кезиңде мен жумушта элем. Сен жалгыз калчу элең, ошол күндөрдүн биринде мени издеген окшойсуң, эптеп эшикти ачып алып сыртка чыгыпсың. Жамгыр катуу жаап жаткан да. Сен 3-4 жашар кичине кезиң. Мени издеп жүрүп бир жерге жыгылып калыпсың. Кошуналардын бирөө көтөрүп үйүнө алып барыптыр. Ошондо ооруп калып, бир-эки жумадай ооруканада жаткан элек. Ошондон кийин жамгырдан катуу коркуп калгансың. Бала кездеги коркунучтар калып калат экен да. Мына, ушу 35 жашка келип, эки баланын атасы болгончо коркуу сезими калып калыптыр. Белек ойлонуп калды. Азат ага кичине кези тууралуу же ата-энеси тууралуу көп айтчу эмес. Өзү ачылып калгандан кийин өзүн кыйнаган нерселерди сурап алайын деди. – Байке, атам ошол боюнча бизге келген жокпу? Сен бир жаштагы мени кантип бактың? Агасы көзүн жумуп ойлонуп калды. Өзү өткөн кыйынчылыктары тууралуу эч кимге айткысы келчү эмес. Бирок бул анын гана сыры эмес да. Атасы да, апасы да Белек экөөнүкү. Азыр балдардын атасы, ата-энеси тууралуу чындыкты билгенге акысы бар. Бирок ошол чындык канчалык ачуу экенин, аны айтып берүү канчалык оор экенин билген билер... – Апам негизи төрөттөн каза болгон эмес, Белек. Атабыз башка бир аял менен байланышып калып, бизди таштап кетмек болду. Аны угуп алып атам менен апам урушуп калышты. Эл атамды күнөөлөп жүрөт. Бирок чындык андай эмес. Атамды сен билбей калдың, кой оозунан чөп албаган жоош, момун киши эле. Жакшы адам болчу. Апамдын тажаалдыгынан үйдөн чыгып кеткиси келчү. Жумуштан келсе эле мээсине чай кайнатып баштачу апабыз. “Эл катары акча таппайсың, андайсың, мындайсың” дей берип кууратчу. Атам көңүлүнө караган бир адамды тапкан окшойт. Апам үчүн ал өлүм болчу. Аябай текебер адам эле. Сени төрөгөнгө аз калганда тиги аялга барып чачтан алып, уруп-согуп айласын кетирген экен. Анан коңшулары милиция чакырып, апамды салып беришет. Ошол апамды милиция алып кеткен убакта толгоосу келип, алар төрөтканага жетиштире албай, кыскасы, апам каза болуп калды. Бирок бул жерде кимдин күнөөсү болгонун билбейм. Атам бир жашка чейин сени багышты. Андан кийин өз жашоосу менен кетти. Кийин жашоосу кандай болду билбей деле калдым. Бизден кабар алган жок. Тиги аял менен бактылуу болдубу же жокпу, билбейм. Орусияга кетти деп уккам. Ушунча жыл болду, кабары чыккан жок. Сен экөөбүз калдык. Социалдык кызматкерлер келип сени алып кетмек болушту. Бирок туугандар ортого түшүп, жашымды улуураак кылып жаздырып, сага опекундукту алып беришти. Айтор, чоңойдук. Чынын айтканда, мен сени менен кошо чоңойдум. – Байке, эмнеге мурун айткан жок элеңиз?
نمایش همه...
🔥 1
Photo unavailableShow in Telegram
-Кел шириним, кийимиңи чечип, тээ кичинеңдегидей жуунтайын, чачыңы тарап өрүп берейин - деп чечинтип баштады. Асылзат тили байланып, эненин ыктыярынан чыга албай соолуктап ыйлай берди. Анткени өзү өмүр бою күткөн эне дегендин колу тийип, жүрөгү өзү үчүн тилинип турганына муюп турат. Биринчи жолу эне дегендин мээримине бөлөнүү акылын абдыратты, өпкөлөп үнү басылбай, бир дүйнөдө адашып жүргөндөй оюн топтой албады. Эне Асылзатты жаш баладай жуунтуп, чачын кургатып, ыйлап да жалынып да жүрөт. -Кел эми жарыгым, жат укта, периштем - деп жөнөөрдө Асылзат эненин колунан бекем кармап: - Апаааа, кетпечии - деп бакырып алды. -Ооба, периштем кетпеймин, өзүм кучактап жатам. Асылзат ошол түнү бейиште жүргөндөй уктады. Эненин көкүрөгүнө башын коюп, тоё жыттап, кумары канбай ыйлап да, сүйлөп да жатты- - Мен өмүр бою ушул жытты, ушул мээримди издеп келбедим беле? Үмүтүмдү үзгөн элем, акыры эне аттууларды жек көрө баштаганмын. Эне, апа дегендин мындай сонун керемет жыты, мээрими болоорун билген эмесмин. Кудайга миң ыраазымын, кеч болсо да бир жыттатып койгонуна. Ошентип бейтааныш эне-бала чоң шашке болгуча укташты. Асылзатты докдурга көргөзөбүз деген уул-келини сыртта күтүп отурушат. Байбиче чыгып, -Жөн эле койгула, үйдөн эле карайбыз, жаралуу жүрөк экен, жаралантпайлы - деди. -Кызды ушул абалга алып келгендер жазасыз калабы? – деди уулу. -Жазасыз калмак беле, Кудайдын таразасына салып коелу, башка чара жок. Ашыкча түйшүктүн эмне кереги бар? Кыз басынып калат. Эне деген эне да, өзүнүнбү баласыбы, башканын баласыбы айырма жок, эне жүрөк эзилет экен го чиркин. Асылзатты карап, тээ көп жыл башта зөөкүрлөрдүн колунан каза болгон кызы эсине түшүп эзилип турду. Кызын арачалай албаганына өкүнүп жашап келет. Түндө Асылзатты алып келгенден кийин дал ошол кызы тирилип келгендей болду. Бул да болсо тагдыр. Өмүрүндө "апа" дегенди айтпаган Асылзат апалуу болду. Жаңы үй-бүлө жакшы кабыл алып, агалуу-жеңелүү, бир туугандуу, апа-аталуу болуп калды. Бетинин шишиги кеткен сайын аны кызыга карашат. Себеби каза болгон кызына окшош эле. Кыздын тагдырын уккан жаңы үй-бүлө "эми биздин кызыбыз болосуң" - деп колго алышты. Бирок Асылзат сызыла жер карайт, анткени ал кош бойлуу эле. Кайраттуу эне- -Эч нерсе эмес, биз баштан тойгон эмеспиз, төрөй бер, ал биздин балабыз, неберебиз болот. Ал сенин ир зүм жашооңдун чыйыры. Сөз ошо менен бүттү. Асылзат да өзү эне болуп, баласына мээрим төгүп, бактылуу болуп отурат. Күйөөсүнө кайрылып барган жок. Баласы бар экенин да айтпады. Апасынын, атасынын көкүрөгүн жыттап, көңүлдүн кетиктерин толтуруп алат. Эх ата-эне жыты, табылгыс мээрими. Ата-энелер аман болгула.
نمایش همه...
👍 1
КУСАЛЫК Асылзат балдар үйүнө кантип келгенин деле билбейт. Тарбиячыларынын айтканына караганда бир жумалык экенинде январь айынын бир түнүндө ушул балдар үйүнүн короосуна таштап кетишкен экен. Кыштын суугу наристеге өтүп, эки өпкөсүнө таасирин тийгизип, кароонун күчү менен араң жакшы болгон дешет. Кичинекейинен такай укол, дарыны көп алгандыктанбы илмийип арык болуп чоңойду. Андай болгону менен кичинекей арык, сары кыз чыйрак жана акылдуу эле.Көп сүйлөбөгөн, жулунбаган жоош кыз, ар кимди үмүттүү карап, улутунуп калат. Ата-эне эмне экенин деле билбей калды. Барган сайын бойго жетип, китептерден окуп, кинолордон окуп ата-энеге болгон кызыгуусу артып, кадимкидей куса болуп жүрдү. Уктабай тирмийип терезени карап, өзү билбеген, көрбөгөн ата-энесин сагынып, айрым түндөрү түшүнө бей тааныш аялдар кирип, апалап-аталап ыйлап түшүркөп, тарбиячыларын бир топ түйшүккө да салды. Уктаймын деп эрте жатып алган менен уктачу эмес. Ал кыялындагы ата-энесин элестетип, китептен окуган, кинодон көргөн каармандарды менчиктеп, ата-энем ушулардай болсо керек деп кыялданат. Бирок эмнеге келбейт? Эмнеге таштап кетишти? Алар каякта деген суроого жооп таппай, көзүнөн ачуу жаш жаздыгына сарыгып, бир колу менен одеялын мычкып бышактап жатып уктап калчу. Бул абдан көп кайталанды, абдан көп жолу. Акыл эс кирип калгандагы билгени ата - эне деген ким болушу керек жана алардын орду тууралуу ой пайда болду. Ата, апа деп айткысы келчү, бирок айта турган киши жок кимди айтмак. Ошентип балдар үйүнө келгендерди үмүттүү карап бойго жетти. Ыйлады, өксүдү, күттү бирок эңсеген, сагынган ата-эне Асылзатка келбеди. Наркы-беркиге акылы жеткенден кийин ата-апа дегенди эле эмес, ошол сөздүн өзүн ушунчалык жек көрдү. Көңүлү калды, эмне кереги бар мындай таш боор ата-эненин деген ой менен жашады. Өзү бир жылуу мээрим көрбөгөндүктөн, муштумдай кезде төккөн көз жаштын айынан музга айланып бара жатты. Окуу жайын бүтүрүп, турмуш курсам мен эч качан баламды ыйлатпайм деген таттуу ойдун кучагында бойго жетти. Балдар үйүнөн туура эле тигүүчүлүк окууга тапшырып, анда окуп калды. Бараар жери жок, бирге окуган 3 кыз менен бирге батирге чыгышып, тигүүчүлүктү окуу менен бирге иштеп да күнүмдүк оокатын өткөрүп жатты. Болгону 17 жаштагы кыз ошентип өзкиндигин кесип, жашоо үчүн күрөшүүнү баштады. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, тааныбаган эле бир жигит сүйөм, күйөм деп артынан калбай жүрүп, ала качып барып акыры үйлөнүп тынды. Анысы ата-энелүү, жетишкен жердин өпкөсүн колуна кармаган, бар менен жок менен иши жок, жаман жолго көп басканын бала болчу. Анын бул сапатын билген Асылзат түн уйкусунан калып, тагдырына таарынып ызаланат кетүүнү ойлой баштады. Кудайым элге берген бакыттан мени эмнеге кур калтырды деген суроого жооп таппай чебеленет. Күйөөсүнөн таяк жебесе чыдап жүрө берсе керек эле. Жаш келин болуп келген күндөн жеген таяктын уусу жанга батып, айласын таппай, деги эле адамдардан көңүлү калып баратат. Ата-эне мээримин көрбөгөн кыз, күйөөсүнө биротоло таянып, мурунку көңүл кетиктерин бир мээримге толтуруп бактылуу болом деген ой тилеги бар эмес беле. Баары желге учкандай жок болуп, ойлоор оюн, басаар жолун таппай калды. Бир эле билгени бул жерден кетиш керек деген түшүнүгү болду. Бир, эки жолу кетем деп айтканы үчүн аябай токмок жеп, карандай суу ичип жатып калган. Жаткан бөлмөсүнө киши кирбей, тамак-ашты киргизип берип айыктырышкан. Сурап алаары бар беле мунун дегендей, кайненеси бир жолу акыбалын сурап, маңдайынан сылаган жок. Колунда бир сом акчасы жок Асылзат көз жашын төгүп, документтерин ички кийимине катып, бирин-экин кийимин кийди да күйөөсү жокто, эл уктаганда качып чыкты. Ээн талаа, мүрзөдөн коркпой, жолдон жарык чыкса качып, карагайлардын далдоосуна бекинип бара берди. Жакшы эле келе жаткан, бир мезгилде алдынан бир топ атчандар чыгып калды. Ошол атчандардын арасында күйөөсү да бар экен. Күйөөсү Асылзатты көрүп калып, жин урган немедей аттан секирип түшүп башка-көзгө тепкилеп уруп баштады. Кошо жүргөндөр арачы болушту, бирок жинденген күйөөсү:
نمایش همه...
👍 1
- Мени таштап кетем деп ойлоп жатасыңбы, өлүгүн чыгат айылдан - деп бет талаштыра уруп, башка тээп салды. Мына ошол соккудан Асылзаттын эси ооп, жанындагылар кыймылдатса, шылкылдап эч нерсе билбейт. -Өлдү, өлүптүр - деди жигиттердин бирөөсү. Бирок ал өлгөн эмес болчу. Бул сөздү жигит тиги күйөө сөрөй уксун, корксун деген ойдо айткан. Бул сөздөн кийин баары, күйөөсү кошо батырап аттарын минип качты. Тиги жигит эси оогон келиндин жанында аты жок, эмне кылаарын билбей кала берди. Таштап кете берейин десе кеч күздөгү түнкү суукта өлүп калсачы? Аты да жок, ээн талаада эми эмне кылам - деп турганда, шаарды карай бир жарык чыкты. Эмне болсо да жардам беришээр деп ойлонуп, келинди так көтөрүп жолдун ортосуна таштады да, караңгылыка сиңип кетти. Тиги машинада үй-бүлөлүү улгайып калган аял, күйөөсү экөө бара жаткан. Жолдогу кызды көрүп чочулап, машинасын алыс токтотушту. Делдектеп чуркап барган аял, жерде эс-учун билбей жаткан Асылзатты карап: -Ий, катыгүн, кыз турбайбы бул? Кел, түш, жардам бер? Кудай ай, тоңуп калыптыр да, үшүп. Күйөөсү жетип келип, кызды колуна көтөрдү. -Каап, кийими да жука экен, бары жогу ылай, суу го. -Деги аман бекен? Дем алып жатабы? Тирүүбү? -Ой тирүү, көп сүйлөбөй эшикти ач. Аялы чуркап арты орундукка отуруп кызды тартып алды. Машинанын ички жарыгын күйгүзүп чочуп кетишти. Анткени Асылзаттын бети көрүнбөгөн шишик, көк ала жана кан болчу. -Ий, кудай, буга бирөө кол салган окшойт. Чүкөдөй арык кыз экен. Кызым, кызым, көзүңдү аччы, кызым. -Азыр жооп бере албайт, эсине келтирели абал, ме, муну ууртатчы, оозуна куйчу. Үшүп да калыптыр. Күйөөсү желим идишке суусундук куюп сунду. -Иче алса бир аз жуткур, мен печканы жагайын, кичине жылыса өзүнө келээр, артта менин тонум турат, ошону алып берейинби? Жылуулаш керек. -Ии, макул, ошону алып берсең, муну иче ала бекен? Тонунду жаап кой, ооба, үшүп калыптыр. Ошентип алар жолун улашты. Тиги аял Асылзаттын башын тизесине коюп жаткырып, кучактап алган. -Жакынкы жердеги докдурга алып баралыбы я? -Жети түндө кайдагы оорукана, түз эле үйгө алып бара берели? Аялын машинанын күзгүсүнөн бир карап түшүндү. -Макул анда, үйгө кеттик. Бир аздан кийин өзүнө келген Асылзат, башын көтөрүп чочуп кетти, коркконунан сүйлөй албай да койду. Анын коркконун көргөн аял бооруна кысты. -Кагылып кетейин элеңдеген, коркпо, коркпо. Биз жаныңдабыз, сага эч ким тийише албайт эми. Башка суроо да, сөз да болгон жок. Бир топ жүргөндөн кийин шаарга жетишип, үйлөрүнө келип түшүштү. Асылзатты сүйөп таяп ваннага киргизип бетин жуушса, туюк шишик, көз көрүнбөйт. Асылзат дендароо болуп турган мэзгилде акырын чачын сылап турган жылуу колду туйду. Колдун жылуулугу чачынан, башынан өтүп, дене бою чымырап кетти. Ал кол саамайын тарап, жүзүн сылап турган менен, бирөө ыйлап турганын деминен сезди. Башкача бир сонун жыт мурдун өрдөп, кусалык сагынычы күчөп, өзү да бошошо мурдун шуу тартып үшкүрүнүп алды. - Алда садага кетейин периштем ай, кандай күнгө туш болдуң каралдым? Эркетай кызым, көпөлөгүм. Сени ким ушул акыбалга алып келди? - деп жалынган, каргылданган эненин үнү Асылзаттын жан дүйнөсүн эзип, жүрөгүндөгү качанкы тоңгон музду эритип турду. Ооба өмүрүндө биринчи жолу эне дегендин биринчи жолку жалынуусу, мээрими, жылуу колу, эжигей жыттанган көкүрөгү Асылзатты башка дүйнөгө жетеледи. Буга чейинки көргөн азап тозогуна, жеген токмогуна ыйлаган жок. Эненин бир мээрими азаптуу, армандуу кыздын жан дүйнөсүнүн чыйрыгын жазды. Өксүп, өксүп, төгүлүп өзү да озондоп ыйлап турду. Бөжүрөгөн эне- -Айланайын алтын кызым, кандай күнгө туш келдиң? Келчи боорума кысайын - деп кучактап, башынын жарылып, кан шүйшүңдөп агып жатканын көрдү. Андан сайын эзилген эне,
نمایش همه...
1
Photo unavailableShow in Telegram
🤗 1