1 023
مشترکین
اطلاعاتی وجود ندارد24 ساعت
اطلاعاتی وجود ندارد7 روز
اطلاعاتی وجود ندارد30 روز
در حال بارگیری داده...
کانالهای مشابه
ابر برچسبها
هیچ دادهای
مشکلی وجود دارد؟ لطفاً صفحه را تازه کنید یا با مدیر پشتیبانی ما تماس بگیرید.
اشارات ورودی و خروجی
---
---
---
---
---
---
جذب مشترکین
اکتبر '26اکتبر '26
اکتبر '26
+294
در 0 کانالها
سپتامبر '260
در 0 کانالها
Get PRO
اوت '260
در 0 کانالها
Get PRO
ژوئیه '260
در 0 کانالها
Get PRO
ژوئن '260
در 0 کانالها
Get PRO
مه '260
در 0 کانالها
Get PRO
آوریل '260
در 0 کانالها
Get PRO
مارس '260
در 0 کانالها
Get PRO
فوریه '260
در 0 کانالها
Get PRO
ژانویه '260
در 0 کانالها
Get PRO
دسامبر '250
در 0 کانالها
Get PRO
نوامبر '250
در 0 کانالها
Get PRO
اکتبر '250
در 0 کانالها
Get PRO
سپتامبر '250
در 0 کانالها
Get PRO
اوت '250
در 0 کانالها
Get PRO
ژوئیه '250
در 0 کانالها
Get PRO
ژوئن '250
در 0 کانالها
Get PRO
مه '250
در 0 کانالها
Get PRO
آوریل '250
در 0 کانالها
Get PRO
مارس '250
در 0 کانالها
Get PRO
فوریه '250
در 0 کانالها
Get PRO
ژانویه '250
در 0 کانالها
Get PRO
دسامبر '24
+11
در 0 کانالها
Get PRO
نوامبر '24
+19
در 0 کانالها
Get PRO
اکتبر '24
+36
در 0 کانالها
Get PRO
سپتامبر '24
+15
در 0 کانالها
Get PRO
اوت '24
+16
در 0 کانالها
Get PRO
ژوئیه '24
+14
در 0 کانالها
Get PRO
ژوئن '24
+17
در 0 کانالها
Get PRO
مه '24
+28
در 1 کانالها
Get PRO
آوریل '24
+27
در 0 کانالها
Get PRO
مارس '24
+51
در 0 کانالها
Get PRO
فوریه '24
+45
در 0 کانالها
Get PRO
ژانویه '24
+79
در 0 کانالها
Get PRO
دسامبر '23
+29
در 0 کانالها
Get PRO
نوامبر '23
+31
در 0 کانالها
Get PRO
اکتبر '23
+26
در 0 کانالها
Get PRO
سپتامبر '23
+35
در 0 کانالها
Get PRO
اوت '23
+31
در 0 کانالها
Get PRO
ژوئیه '23
+71
در 0 کانالها
Get PRO
ژوئن '23
+26
در 0 کانالها
Get PRO
مه '23
+19
در 0 کانالها
Get PRO
آوریل '23
+50
در 0 کانالها
Get PRO
مارس '23
+22
در 0 کانالها
Get PRO
فوریه '23
+20
در 0 کانالها
Get PRO
ژانویه '23
+59
در 0 کانالها
Get PRO
دسامبر '22
+31
در 0 کانالها
Get PRO
نوامبر '22
+58
در 0 کانالها
Get PRO
اکتبر '22
+73
در 0 کانالها
Get PRO
سپتامبر '22
+7
در 0 کانالها
Get PRO
اوت '22
+28
در 0 کانالها
Get PRO
ژوئیه '22
+15
در 0 کانالها
Get PRO
ژوئن '22
+45
در 0 کانالها
Get PRO
مه '22
+16
در 0 کانالها
Get PRO
آوریل '22
+29
در 0 کانالها
Get PRO
مارس '22
+17
در 0 کانالها
Get PRO
فوریه '22
+33
در 0 کانالها
Get PRO
ژانویه '22
+46
در 0 کانالها
Get PRO
دسامبر '21
+19
در 0 کانالها
Get PRO
نوامبر '21
+7
در 0 کانالها
Get PRO
اکتبر '21
+5
در 0 کانالها
Get PRO
سپتامبر '21
+14
در 0 کانالها
Get PRO
اوت '21
+9
در 0 کانالها
Get PRO
ژوئیه '21
+16
در 0 کانالها
Get PRO
ژوئن '21
+12
در 0 کانالها
Get PRO
مه '21
+230
در 0 کانالها
| تاریخ | رشد مشترکین | اشارات | کانالها | |
| 13 اکتبر | 0 | |||
| 12 اکتبر | 0 | |||
| 11 اکتبر | 0 |
پستهای کانال
сегиз айдан бери бир китепти жарытып окуп бүтүрө албай жүргөн мага бул жаңылык неге мынча жылуу көрүндү дейм да
| 2 | 📚 В Японии люди теперь ходят в ночные клубы, чтобы спокойно посидеть и почитать книгу, пока диджей играет эмбиентную музыку.
Концепция называется JUCY BOOK RAVE. Здесь нет необходимости танцевать или кричать, чтобы поговорить с человеком, сидящим в 30 сантиметрах от вас. Участники приносят с собой книгу, устраиваются в приглушенном освещении и читают под музыку, которая сопровождает их вечер. | 390 |
| 3 | я скучаю по культуре сохранёнок во вконтакте | 726 |
| 4 | чалды-куйду нерселерди маал-маалы менен жазып, айрымдарды үркүтүп, кубалап турайын деп атам. миң кырк алты катталуучунун мага нафиг кереги бар? | 871 |
| 5 | рандом жаңылыктардан: баякүнү алты жылдан бери жазам деп, баштабай жүргөн романымдын алгачкы абзацы жөнүндө ой келди. ал болжолдуу мындай болушу мүмкүн:
"мындан сегиз жыл мурун болсо керек, студенттер үчүн акысыз психологиялык жардам бөлүмүндө отуруп, көп мастурбация кыларымды айтып арыздангам. мен өмүрүмдө бир эле жолу психологго бардым, бул ошондогусу болчу. азыр ойлоп, өзүмдүн ошондогу акмактыгыма таң калам. жылдар өтүп, мен арызданган мастурбация жалгыз досум болуп каларын кайдан билиптирмин ал кезде. андан көрө акчам жоктугуна арыздансам болмок экен. ошол кезде деле акчам жок болчу, азыр деле акчам жок. ошол кезде деле кол эмгек кылчумун, азыр деле кылам. бирок азыр бир эле акчам жоктугуна арызданам, калганы мага канааттандырарлык." | 859 |
| 6 | азырынча молдовадан дугай салам. бул жерде жол жээгиндеги жүзүм талааларын тартмакмын, көрүнбөй калыптыр. же телефонум эски, же мен эски. | 685 |
| 7 | эч кими жок экинчи каналым бар. ал жерге эч кимден уруксат сурабай эле бир нерсе жазып, жөнөтүп турсам болот экенин унутпай жөнөтүп турам. ошого акыркы учурда жөнөтчүлөрүм да, жазчуларым да ошол жакта жыйналуу. мен кокустан керебеттен кулап түшүп өлүп калсам, менин акыркы айларымды ошол жактан издешсин жакындарым, айтып койгула | 642 |
| 8 | бул жерде каналым бар экенин унутуп калам. эч кимден уруксат сурабай эле бир нерсе жазып, жөнөтүп турсам болот экенин да унутуп калам. | 614 |
| 9 | پیام ویدیو | 649 |
| 10 | پیام ویدیو | 633 |
| 11 | پیام ویدیو | 599 |
| 12 | Бир программага өтүнмө жиберүү үчүн текст жазууга толгоо кармай албай отурам. Гугл дискимдеги Applications деген папканы ачсам, мурда сансыз жолу жазылып, сансыз жолу дарексиз кеткен өтүнмөлөрүмдүн документтери сакталуу экен. Анын арасынан былтыр бир резиденцияга жазган мотивациялык катымдын черновиги көңүлүмдү өзгөчө бурду. Төмөндө ошол каттын алгачкы абзацтарын калтырам:
2021-жылдын март айы. Кыргызстандын түштүгүндөгү тоолуу айылдардын биринде алгачкы “Ромео” аттуу тасмамды тартканы даярданып жүргөн кез. Жаз келгенине карабай, бийик тоолуу айыл болгондуктан, уламдан-улам токтобой кар жаап жаткан. Күн сайын тасмага тартылчу балдар менен күндүзү репетиция кылып келип, түндөсү жылыткычы жок, муздак бөлмөдө төшөккө оронуп алып, экраны жаракага толгон кичинекей эски Redmi 4X үлгүсүндөгү телефондон ар кандай тасмаларды көрөм.
Бир күнү Ким Ки Дуктун "Ариран" тасмасын көрүп отургам. Тасмада режиссер өзүнүн ошол кездеги жан дүйнөсүндөгү оор абалы менен ачык бөлүшүптүр. Анын ыйлап сүйлөгөн сөздөрүн угуп отуруп, мен жалгыз эмес экенимди түшүндүм. Ким Ки Дук ушул тасманы өзүн жалгыз сезгени үчүн тартса керек. Анан ал тасманы көргөн дүйнөдөгү башка өзүн жалгыз сезген толтура адам өзүн жалгыз эмес сезсе керек. Тасманы ортосунан өчүрүп, өзүмдүн ойлорума жүгүрүп кеттим.
“Искусство жалгыздын иши. Искусство жалгыздыктан жаралат. Искусство жалгыз киши үчүн жаралат. Бири-бирине чоочундашкан, өзүнө-өзү чоочун адамдарды жалгыздыктан куткарыш үчүн жаралат искусство. Искусство жалгыздарды бириктирет. Искусство жалгыздыкты чагылдыруу менен жалгыздын жалгыздыгын унуткарат. Эч болбогондо жалгыз сен жалгыз эместигиңди түшүндүрөт. Искусство жок - тилдин баркы кетет, адамдар сүйлөшүүнү, пикир алышууну токтотот. Искусство болбой жашоолор өчөт, адамдар жашабай калышат, сүйбөй, сүйүлбөй калышат. А коркок адам, жалгыздыктан корккон пенде дайым искусство менен жашайт. Өзү үчүн эмес, тегерегиндегилер үчүн, тегерегиндеги жалгыздар үчүн.”
Бул ошондо өзүмдүн күндөлүгүмө шашылыш чиймелей салган абзац. Түшүнүксүз болсо кечирим сурайм. Ооба, менин мотивациялык катым ушинтип башталат. Киришүү көп болсо да кечирим сурайм.
Ооба, мен бир жалгыз пендемин. Күн сайын өзүмдүн сансыз ойлорум жана санааларым менен бетме-бет жалгыз калам. Жана күн сайын ал жүктү жеңилдетүү үчүн куткаруу издейм. Куткарууну мен дайым искусстводон табам. Бул эскапизм эмес, бул даарылануу, өсүү, үйрөнүү, сочувствие и сострадание.
Менин тасмаларым менин кичинекей дүйнөмдөгү жалгыздыкты, ал менен күрөштү чагылдырат. Менин каармандарым мага окшоп сезимдерин ачык билдире албаган, тартынчаак, көп сүйлөбөгөн, карама-каршылыктуу, түнт адамдар. Мен алар аркылуу көп учурда байкала бербеген сезимдерди экранда чагылдыргым келет.
Бул акылдуусунган сөздөр негедир жүрөгүмдү тешип кетти. Балким мен азыр өзүмдүн бир жалкий, бир одинокий адам экенимди сезип жүргөндөн болсо керек.
Алматыдамын. Кеткиче толтура досума жолугуп, толтурасы менен эч болбосо көрүшүп кетишим керек. Досторум көп. Бирок мен баары бир ошол эле жалкий, ошол эле одинокий пендемин. ска | 953 |
| 13 | "Мен сени өтө-өтө жакшы көрөм" дедим, кенже кызымды колума көтөрүп өпкүлөп жатып. Анан ортончу уулум жетип келди, аны да өпкүлөдүм. Оң жагымда отурган 5 жашар улуу баламды да боорума кыстым. Үчөөнү кучактап отуруп көзүм илешип кетиптир. Ошол бойдон ал түш дайынсыз жоголду. Бүгүн күн бою балдарымды сагынып жүрдүм. Кинотеатрда отуруп, киного ыйлаган болуп, качан, кайда, кантип төрөлүшү али белгисиз балдарымды сагынып-сагынып, толкундануудан көкүрөгүм мыжыгып-мыжыгып, көздөрүмдү жашылдантып алдым. | 1 124 |
| 14 | Бул күүнү былтыр монголиялык музыканттан телефонума жаздырып алгам. Күүнүн аталышы эсимде жок, бирок кандайдыр бир канаттууу тууралуу уламышка тийишеси бар деп айтышкан. Азыр ноутбугумду тазалап жатып, эсим ооп угуп отуруп калдым. Ушундай мукамдуу жана ошол эле учурда жашоого шыктаган, ыктаган обон экен. Эки аптадан кийин Монголияга сапар алабыз. Бул мен көптөн бери көксөп күткөн сапар. Киндигибиз бекем байланган могул элинин салт-санаасы менен кенен таанышып, чексиз талаасына бут баса зыярат кылып келишти чыдамсыз күтүп жүрөм.
Баса, Монголиядагы монголдор менен каны-жаны бир бурят элиндеги бир уруу өздөрүн ак куудан тараганбыз деп айтышат экен. Былтыр дүйнө элдеринин тотемдик жаныбарларына арналган лагерде ошол ак куу тууралуу уламышты үй тапшырма катары аудио-визуалдык баяндама кылып жасадык эле. Бул анын шилтемеси. | 1 517 |
| 15 | پیام ویدیو | 1 401 |
| 16 | Бала жүрөгүмдүн таза учкундары себилген тоолорго көз аарчып коюп, сол ныптамдан өпкүлөгөн күндүн табына наз арта, жели жок абада максатсыз сеңселген шибердин ыргагына жуурулушуп отурсам, миң талаага сызып учкан ойлорум четинен кайтып келет. Акыркы жылы көңдөй ээн тартып жүргөн ичим толо баштаган сыңары көңүлүм тоюп, көөнүм семиргенсийт. Жаңы орулган чөптүн жытына сергип алып, тээ четтеги бака теректин башында чырылдаган чымчыктардын чырына эргип алып, ушул тоолордон ашыра-ашыра, көбүртө-көбүртө салам айткым келет. | 1 326 |
| 17 | мен ноутбуктан кыска эле деп термелей салган тексттерди телефондон караса, жыландай созулуп жатып калат турбайбы. Ушуну чарчабай окуган адамдардын убалынан сактасын | 1 686 |
| 18 | а бул рецензиядагы маанилүү абзацтардын бири:
«Кассандра» тасмасы романдагы идеянын кичинекей гана бөлүгүн өзүнө батырганга аракет кылып, андан ары өз арабасын өзү тартып жөнөйт. Романда эненин жүзүндөгү эн тамга түйүлдүктөгү баланын бул кирдеген дүйнөгө келишинен баш тартуусу катары мүнөздөлөт. Ушул аркылуу автор түйүлдүктөгү баланы эмес, ал төрөлүүдөн баш тартып жаткан дүйнөнү көңүл чордонуна коюп, адамзатынын чириген, былгыган баалуулуктарын сынга алат. Ал эми тасмада бул идея тескерисинен, эненин жүзүндөгү эн тамга түйүлдүктөгү баланын келечекте жамандык алып келүүсүнүн белгиси сымал берилип калгандай ойго салат. Ушундан улам авторлор зомбулук жасаган адамды анын маңдайына жазылган тагдыры менен актап жаткандай сезим жаралат. Мисалга, тасмадагы негизги зөөкүр катары көрсөтүлгөн Жаннат Керимбаевдин каарманы прологдогу жүзүндө кассандра тамгасы бар келиндин баласы экенин билебиз. Сценаристтер бул аркылуу эгер ал төрөлбөсө мындай зомбулук болбойт эле деп бизге ымдап жатышкан сыяктуу. Жыйынтыгында жоопкерчилик зомбулук жасаган кишиге эмес, аны тарбиялаган коомго эмес, бешенеге, тагдырга, баланы төрөгөн энеге, анын жүзүндөгү кызыл такка, аны көрүп чара колдоно албай калган Толгонайга эле артылып калат. Ошондуктан тасмада зомбулук да, кассандра тамгасынын идеясы да сюжетке ыңгайлуу болсун үчүн номиналдуу түрдө гана көрсөтүлүп калган. | 1 579 |
| 19 | Жазуудан өөн тартып калган манжаларымды кырсылдатып алып Сынчы үчүн бир нерселерди чиймелейм, андан бош убактарымда тексттерди редакциялап коюп жүрөм. Жасаганга жаңы нерсе болгондуктан, азырынча жагып жатат. Күн сайын кызык окуяларга туш болом. Кыргыздын жашоосу кызыксыз өтпөйт да. Оюмда толтура этюддар жыйылып кетти. Баарын чогултуп бул жерге жөнөтүп-жөнөтүп салгым келет, ска. Аны жазып отурганга көчүк бошосочу бир.
"Неге жазбайсың" деп эч ким сурабайт деле. Ошентсе да, сурап жатышкан өңдөнүп: "азырынча бул текстти окуп тургула, чырактарым",-деп кое берейин, ска.
"Бул текст" дегеним Пирматов деген мажориктин жаңы тасмасына жазган рецензиям. Мен үчүн бул жылдын эң күтүлгөн кыргыз тасмасы болчу. Баякүнү пресс-көрсөтүүсүнө барып, көрүп келгем. "Пресс-көрсөтүүсү" десе, тиги мажорик мага пресстерин көрсөтүптүр деп ойлоп албагыла. Тасма чыгар алдында атайын прессанын өкүлдөрүнө мини-көрсөтүү кылып турушат, журналисттер, сынчылар алдын-ала материалдарын жазып даярданып алышы үчүн. Бул эми дүйнөлүк тажрыйбада ошондой. А бизде биринчиден - пресс-көрсөтүүлөрдү чанда эле уюштурушат, экинчиден - уюштуршса да, ага деле баягы эле ашкабак айпон көтөргөн "инфлюенсерлер" келишет. "Закрытый показ" деген культ пайда болду го биздин коомдо. Аны жөн эле "жабык көрсөтүү" десе, бирөөнүн ичи өтөбү дейм да. Тим эле жабык ВИП клуб сыяктанып, карапайым калк ошондой иш чараларга барууну кыялданат экен эй. Ал эми атайын кутуча менен чакырууга ээ болгон бактылуулар алган белектерине курсан болушуп, акысыз кино көргөнүнө сүйүнүшүп, фотозонадан жүз бир миң сторис тартып алып кетишет. Же бир омоктуу ой айтылса өлөйүн ошолордон, толку жок да, толку жок. Эми жалпылабайын, кээ бирлери дейинчи, эртең мени тепкилеп кетпегиле, ска. Анан ушундай безобразияга аралашкым келбей, көп учурда жабык көрсөтүүлөргө чакырышса да барбайм. Көп деле чакырышпайт негизи. Бирок бул жолу бардым. Себеби тиги мажорик 8 жыл кино тартпай жүрдү да күттүрүп. Тасма чын эле башкалардан айырмаланат. Бирок бүткөндөн кийин, ичимде бир кемтик калып кеткендей эле тыржыйып отуруп калдым. Финалы ары чапчып, бери чапчып жасалгандай болуптур. Бул тууралуу тасманын продюсерлеринин бирөөнө да "сындай бер бетке эле" дегенине: "Башы сонун башталган болчу, экинчи жарымы жаккан жок, финалы өтө эле ванильный болуп калган сыяктуу, развязкасына ишенген жокмун",- деп балп этип койдум. Билбейм, туура эле кабыл алды окшойт. Өзү сурады да. Анан кечинде, түнкү үчтөрдө үйгө кайтып келатып эле ой артынан ой келет, кой десем болбой. Анан чыдабай жазып койдум.
Эмнеси болсо да, бул тасма талкууга, сүйлөшүүгө татыктуу. Авторлор өздөрү сапат тууралуу кеп кылып жаткандан кийин, аны кыргыз киносундагы контекстсиз карай албайбыз. Ошого, "көргүлө" эле демекмин. бүгүн бир казак досумдун тасма тууралуу суроосуна "фильм хороший, но восторг вокруг него говорит больше о состоянии кыргызского кино, нежели о самом фильме" деп жооп бердим. Бул эми тасма тууралуу жөн эле бейрасмий тантырап койгонум. Ал эми расмий түрдө, редакциянын атынан сүйлөгөн текстимди бул шилтемеден окугула. Кааласаңар пикир калтыргыла бул посттун астына, же инстаграм посттун астына. | 1 300 |
| 20 | Биздин телеграм канал - @synchykg
Инстаграм баракча - https://www.instagram.com/synchy.kg/
Тредсте - https://www.threads.com/@synchy.kg
Сайт - synchy.kg | 1 047 |
