fa
Feedback
ИСЛАМ БУЛАГЫ

ИСЛАМ БУЛАГЫ

رفتن به کانال در Telegram

Адамзаттын эң биринчи биле турган нерсеси - бул таухид. Таухид- бул Исламдын булагы. ✒Автор: Нематулла Кадайев (Медина, ислам эл аралык университети)

نمایش بیشتر
4 047
مشترکین
اطلاعاتی وجود ندارد24 ساعت
-157 روز
-4830 روز
آرشیو پست ها
⚖️ АДИЛЕТСИЗДИК ЭМНЕ ҮЧҮН КӨБӨЙДҮ? 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF Бүгүнкү күндө адамдар: «Коом эмне үчүн бузулуп бара жатат? Эмне үчүн адилетсиздик, алдамчылык, ажырашуулар, зомбулук жана ишенимсиздик көбөйдү?» – деген суроолорду көп беришет. Ар ким өз жообун айтат. Бирок Ислам бизге булардын түпкү себебин так көрсөтүп берет: бул ыймандын алсырашы жана Аллахтан болгон коркуунун азайышы. Бул тууралуу Аллах Таала мындай дейт: «Кургакта да, деңизде да бузукулук адамдардын өз колдору менен кылган иштеринин айынан пайда болду. Аллах аларды кылган иштеринин айрымдарынын азабын таттыруу үчүн, балким алар кайра кайтышар». (Рум: 41-аят) Бул аят ар бирибизге сабак. Коом өзүнөн өзү бузулбайт. Коомду адамдар түзөт. Адам оңолсо – коом оңолот. Адам бузулса – коом да бузулат. Бүгүн көпчүлүк адамдар дүйнөлүк пайда үчүн акыретти унутуп калышты. Чындыкты жашыруу, жалган сүйлөө, аманатка кыянаттык кылуу, пара алуу, зынага жол ачуу, ата-энени капа кылуу кадимки көрүнүшкө айланып баратат. Мындай абалдын негизги себеби – жүрөктөгү такыбанын азайышы. Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: «Денеде бир кесим эт бар. Эгер ал оңолсо, бүт дене оңолот. Эгер ал бузулса, бүт дене бузулат. Ал – жүрөк.» (Бухари жана Муслим) Жүрөк Аллахты эстөө менен тирилет. Намаз, Куран окуу, зикир жана тообо жүрөктү тазалайт. Ал эми күнөөлөр жүрөктү карайтат. Карарган жүрөк акыйкатты кабыл албай калат. Дагы бир чоң көйгөй – эки жүздүүлүк. Айрымдар сыртынан жакшы көрүнгөнү менен, ичиндеги ниети башка болот. Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: «Мунафыктын белгиси үчөө: сүйлөсө – жалган сүйлөйт, убада берсе – аткарбайт, аманат берилсе – кыянаттык кылат.» (Бухари жана Муслим) Бул сыпаттар бир адамда көбөйгөн сайын коомдогу ишеним жоголот. Ишеним жок жерде биримдик болбойт, биримдик жок жерде береке болбойт. Аллах Таала дагы мындай дейт: «Чындыгында, Аллах бир коомдун абалын алар өздөрүн өзгөртмөйүнчө өзгөртпөйт.» (Раъд: 11-аят) Демек, өзгөрүү өзүбүздөн башталат. Ар бирибиз таухидке бекем болсок, беш убак намазыбызды бекем кармасак, адал менен арамды айырмаласак, үй-бүлөбүзгө жакшы тарбия берсек, чынчыл жана адилет болсок – коом акырындап оңолот. Урматтуу мусулман бир тууган! Коомду оңдоонун эң күчтүү жолу – өзүңдөн баштоо. Өзүңдү өзгөрт, үй-бүлөңдү өзгөрт, анан айланаңа жакшы үлгү бол. Анткени эң жакшы даават – бул жакшы сөздөн мурда жакшы амал. Аллах Таала баарыбызды туура жолдон айырбасын, жүрөгүбүздү ыйман менен бекемдесин, коомубузга тынчтык, ынтымак жана береке насип кылсын. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев ▶️ YouTube: 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF

https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF «ТӨРТ ЭРЕЖЕ» ТУУРАЛУУ 9-САБАК Бул ширкти таанып, таухидди туура түшүнүүгө жа
https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF «ТӨРТ ЭРЕЖЕ» ТУУРАЛУУ 9-САБАК Бул ширкти таанып, таухидди туура түшүнүүгө жана аны жүрөктө бекемдөөгө жардам берген маанилүү сабак. Ар бир мусулман үчүн эң маанилүү илим – Аллахты туура таануу жана Ага эч нерсени шерик кылбай ибадат кылуу. Ушул себептен пайгамбарлардын баары өз коомун эң биринчи таухидге чакырып, ширктен сактанууну эскертишкен. Бул тууралуу Аллах Таала мындай деп айткан: «Биз ар бир үммөткө: “Аллахка гана ибадат кылгыла жана тагуттан алыс болгула”, – деген элчи жибердик.» (Нахл: 36-аят). «Төрт эреже» китеби ушул улуу чакырыкты жөнөкөй, так жана далилдер менен түшүндүрөт. Ошондой эле ширктин айла-амалдарын таанытып, таухидди бекем кармоого жана пайгамбарлардын жолун туура түшүнүүгө жардам берет. 📚 Бул сабакты көңүл коюп угуп, үйрөнүп жана жакындарыңыз менен бөлүшүүгө аракет кылыңыз. Балким, Аллах ушул илим аркылуу жүрөктөрдү туура жолго салат. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев ▶️ YouTube: 👉https://youtu.be/6ZepES2xVGc?si=HmZWwRrYjScMNTMF

🌿 ТИЛИҢДИ ЗИКИР МЕНЕН АЛЕК КЫЛ Имам Ибн аль-Каййим (рахимахуллах) мынтип айткан: «Адамдын тили — Аллахты эстеп, зикир кылуучу тил болот, же болбосо пайдасыз бош сөздөрдү сүйлөөчү тил болот. Бул экөөнүн бирөөсү сөзсүз болот. Анткени, эгер напсиңди акыйкат менен алек кылбасаң, анда ал сени жалган, пайдасыз жана зыяндуу нерселер менен алек кылат». 📚 «Аль-Уабил ас-Саййиб» ⸻ 🌱 Ой жүгүрт: Адамдын напсиси бош турганды жактырбайт. Эгер аны жакшы иштер, зикир жана пайдалуу нерселер менен тарбиялабасаң — ал өзүңдү пайдасыз жана зыяндуу иштерге тартып кетет. ⸻ ЗИКИР ҮЧҮН ЭМНЕ ТОСКООЛ БОЛОТ? «Сени Аллахты зикир кылуудан эмне тосуп жатат? Сен отуруп эле: سُبْحَانَ اللهِ Субхааналлах — Аллах бардык айып-кемчиликтерден аруу жана таза зат. الْحَمْدُ لِلَّهِ Альхамдулиллах — бардык мактоо Аллахка таандык. لَا إِلٰهَ إِلَّا اللهُ Лаа илааха иллаллах — Аллахтан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок. اللهُ أَكْبَرُ Аллаху акбар — Аллах баарынан Улуу. деп айтууга эмне тоскоол болуп жатат? Сен менен бул зикирлердин ортосунда эч кандай тоскоолдук жок! Бул үчүн ордуңдан туруунун да кереги жок, даарат алуунун да зарылдыгы жок. Эч кандай өзгөчө даярдык талап кылынбайт. Бул — эң жеңил жана эң улуу ибадаттардын бири!» ⸻ 📌 Эсиңде болсун: Тил бош калса — аны жалган, пайдасыз нерселер ээлейт. Тил зикир менен алек болсо — жүрөк тирилет. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев 📲 Telegram: 👉 https://t.me/islambulagy 📸 Instagram: 👉 https://instagram.com/islambulagy ▶️ YouTube: 👉 https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA 📘 Facebook: 👉 https://www.facebook.com/groups/1009528672915026

САБЫР ЖАНА НАМАЗ – МОМУНДУН КҮЧҮ Аллах Таала Куранда: «Эй, ыйман келтиргендер! Сабыр жана намаз менен кубаттангыла! Албетте, Аллах сабырдуулар менен бирге» деп буюрат (Бакара, 153). Бул аят момун адамга жашоодогу бардык сыноолордо эки улуу тирекке таянууну үйрөтөт: сабыр жана намаз. Сабыр — кыйынчылыкта нааразы болбой, Аллахтын өкүмүнө ыраазы болуу. Намаз болсо — пенденин Раббиси менен түз байланышы, жүрөктүн тынчтыгы жана руханий күч булагы. Дүйнөлүк же диний иштерде тоскоолдукка учураганда, адам жалгыз эмес. Сабыр кылып, намазга бекем болсо, Аллахтын жардамы жакын болот. Анткени Аллах Таала сабырдуулар менен бирге экенин убада кылган. —•—•—•—•— 🔎 «САБЫР» тууралуу толук сабакты «Ислам Булагы» YouTube каналынан уга аласыз. 📌 Каналга катталууну унутпаңыз! ▶️ YouTube: https://youtu.be/6t-1eRjuoIc?si=FQ2iRdym7IFr_601 ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев Telegram 👉https://t.me/islambulagy

«ФИТНАЛАР МЕЗГИЛИНДЕГИ МУСУЛМАНДЫН МАМИЛЕСИ ЖАНА ПОЗИЦИЯСЫ» Шейх Мухаммад ибн Салих аль-Усайминдин (рахимахуллах) сабагынан кыскача сабак.

АШУРА ОРОЗОСУН КАНТИП КАРМОО КЕРЕК? Мухаррам айынын онунчу күнү — Ашура күнү. Бул күндүн орозосу чоң соопко ээ. Аллахтын Элчиси ﷺ Ашура күнү орозо кармоого үндөп, анын артыкчылыгы тууралуу мындай деген: «Ашура күнүнүн орозосу өткөн бир жылдын күнөөлөрүнө каффарат болот деп Аллахтан үмүт кылам». (Муслим) Яхудийлер да Мухаррам айынын онунчу күнү орозо кармашкан. Абдуллах ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Аллахтын Элчиси ﷺ Мадина шаарына келгенде, яхудийлердин Мухаррам айынын онунчу күнү болгон Ашура күнү орозо кармап жатканын көрдү. Анан алардан: — Бул кандай күн? — деп сурады. Алар: — Бул улуу күн. Бул күнү Аллах Муса пайгамбарды жана анын коомун Фиръаундан куткарып, Фиръаунду жана анын коомун сууга чөктүргөн. Ошондуктан Муса пайгамбар Аллахка шүгүр кылып орозо кармаган, — дешти. Ошондо Аллахтын Элчиси ﷺ: — Биз Мусага силерден да жакыныраакпыз, — деп айтты да, өзү орозо кармады жана мусулмандарга да ушул күнү орозо кармоону буйруду». 📚 Бухари (2004), Муслим (1130) Мына ушул себептен мусулмандар Ашура күнү орозо кармашат. Бул күн — Аллах Тааланын Муса пайгамбарга жана анын элине берген улуу жеңишин жана куткаруусун эскерген күн. Ошондуктан Аллахтын Элчиси ﷺ мусулмандардын алардан айырмаланышы үчүн онунчу күнгө дагы бир күн кошуп орозо кармоону каалаган. Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) айткан: «Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: “Эгер кийинки жылга чейин жашасам, сөзсүз тогузунчу күндү да орозо кармайм”». (Муслим) Ошондуктан аалымдар Ашура орозосун төмөнкү даражалар боюнча кармоону айтышкан: ⸻ 1. Эң жакшы жана эң толук түрү Мухаррам айынын 9, 10 жана 11-күндөрүн орозо кармоо. Бул эң артыкчылыктуу түр болуп саналат. Анткени: • Ашура орозосунун сообуна жетет; • Яхудийлерден айырмалануу ишке ашат; • Ай сайын үч күн орозо кармоонун сообуна да ээ болот. ⸻ 2. Экинчи даражасы 9 жана 10-күндөрдү орозо кармоо. Бул Аллахтын Элчисинин ﷺ сөзүнө жана ниетине ылайык келгендиктен эң жакшы жана эң этияттуу түрү болуп эсептелет. ⸻ 3. Үчүнчү даражасы Мухаррам айынын 10 жана 11-күндөрүн орозо кармоо. Бул дагы яхудийлерден айырмалануу максатын ишке ашырат. Айрыкча, 9-күнү орозо кармай албай калган адам үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болуп саналат. ⸻ 4. Төртүнчү даража Мухаррам айынын 10-күнүн гана орозо кармоо. Бул дагы уруксат берилген жана Ашура орозосу болуп эсептелет. Бирок жакшыраагы — ага 9-күндү же 11-күндү кошуп орозо кармоо. Анткени бул Пайгамбарыбыздын ﷺ көрсөтмөсүнө көбүрөөк ылайык келет жана яхудийлерден айырмаланууну камсыз кылат. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев

АШУРА КҮНҮ ЖАНА МУХАРРАМ АЙЫНЫН АРТЫКЧЫЛЫГЫН БИЛЕСИҢБИ? Ашура күнү — хижрий жыл санагынын он эки айынын биринчиси жана ыйык Мухаррам айынын онунчу күнү. Бул ай исламда ыйык айлардын бири болуп эсептелет. Аллах Таала айлардын жана күндөрдүн арасынан айрымдарын башкаларынан артык кылып койгон. Ошол улуу жана берекелүү айлардын бири — Мухаррам айы. Аллахтын Элчиси ﷺ мындай деп айткан: «Рамазандан кийинки эң жакшы орозо — Аллахтын айы болгон Мухаррам айындагы орозо». 📚 Муслим, 1163 Бул хадис Мухаррам айында орозо кармоонун улуулугун жана анын сообу чоң экенин көрсөтөт. Ошондуктан бул айда орозону көбөйтүү мустахаб амалдардан болуп эсептелет. Кээ бир аалымдар бул айда толук орозо кармоо да уруксат экенин айтышкан. Бирок мүмкүнчүлүккө жараша ибадатты көбөйтүү — эң жакшы амалдардын бири. Ашура күнү Мухаррам айындагы эң маанилүү күн — Ашура күнү, башкача айтканда онунчу күн. Бул күнгө өзгөчө көңүл буруу жана орозо кармоо чоң сооптуу иш болуп эсептелет. Ошондой эле Ашура орозосун жалгыз кармабоо үчүн, анын алдына тогузунчу күндү же кийинки он биринчи күндү кошуп орозо кармоо сунуш кылынат. Ашура орозосунун сообу Абу Катада (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Аллахтын Элчиси ﷺ айткан:«Ашура күнүндөгү орозо үчүн Аллах өткөн бир жылдын күнөөлөрүн кечирет деп үмүт кыламын». 📚 Муслим, 1162 Бул хадис Ашура күнү кармалган орозонун улуулугун жана анын өткөн бир жылдын кичине күнөөлөрүнө каффарат болоорун билдирет. Жыйынтык Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Аллахтын Элчиси ﷺ айткан: «Рамазандан кийинки эң жакшы орозо — Аллахтын айы болгон Мухаррам айындагы орозо. Ал эми парз намаздардан кийинки эң жакшы намаз — түнкү намаз». 📚 Муслим, 1163 Ошондуктан Мухаррам айы — ибадатка, айрыкча орозого өзгөчө көңүл буруучу улуу мүмкүнчүлүк. Бул айда орозону көбөйтүү жана Ашура күнүн калтырбоо — ар бир мусулман үчүн чоң жакшылык. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев 📲 Telegram: 👉 https://t.me/islambulagy 📸 Instagram: 👉 https://instagram.com/islambulagy ▶️ YouTube: 👉 https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA 📘 Facebook: 👉 https://www.facebook.com/groups/1009528672915026

ЖАКШЫ АМАЛДАРДЫ КЫЛУУГА ШАШЫЛГЫЛА Аллах Таала айтат: «Жакшылыктарга жарышкыла….». 📖 Куран, Бакара: 148. Аллах Таала адам баласына өмүрдү, ден соолукту, убакытты жана мүмкүнчүлүктөрдү чоң аманат катары берген. Бирок бул нематтар түбөлүк эмес. Бир күнү ден соолук алсырайт, күч кетет, убакыт өтөт, ал эми өмүр аяктайт. Ошондуктан мусулман адам жакшы амалдарды кийинкиге калтырбай, мүмкүнчүлүк турган учурда аткарууга шашылышы керек. Бирок жакшы амалдарга шашылуу деген сөз — башка милдеттерди унутуу эмес. Ислам тең салмактуулукту үйрөтөт. Адам Раббисинин акысын аткарган сыяктуу эле, балдарынын, ата-энесинин жана үй-бүлөсүнүн да акыларын унутпоого тийиш. Дагы бир аятта: «Раббиңердин кечиримине жана кеңдиги асмандар менен жердей болгон, такыбалар үчүн даярдалган Бейишке шашылгыла». 📖 Куран, Ааль-Имран: 133-аят. Дагы бир аятта Закария пайгамбар жана анын үй-бүлөсү жөнүндө Аллах Таала мындай дейт: ﴿ إِنَّهُمْ كَانُوا يُسَارِعُونَ فِي الْخَيْرَاتِ وَيَدْعُونَنَا رَغَبًا وَرَهَبًا وَكَانُوا لَنَا خَاشِعِينَ ﴾ «….Алар жакшы иштерге шашылышкан, Бизге үмүт жана коркуу менен дуба кылышкан. Алар Бизге мойун сунуп, баш ийишкен.». 📖 Куран, Анбия: 90. Салафтар убакыттын баркын кандай билишкен? Өткөн аалымдар убакыттын ар бир көз ирмемин баалап жашашкан. Алардын бири Хатыб аль - Багдади мындай деген: «Мен илим талап кылууда бул үч адамдан өткөн кишини көргөн жокмун: аль-Жахиз, аль-Фатх ибн Хакан жана Исмаил ибн Исхак». Аль-Жахиз колуна тийген ар бир китепти башынан аягына чейин окуп чыгат эле. Китеп канчалык чоң болсо да токтобой окуйт эле. Аль-Фатх ибн Хакан китебин дайыма өзү менен алып жүрчү. Бир жерден экинчи жерге бара жатканда, атүгүл муктаждык үчүн чыкканда да убакытты текке кетирбей окуп жүргөн. Ал эми Исмаил ибн Исхакты көргөндөр аны дээрлик дайыма китеп окуп отурган абалда көрүшкөн. Имам Шафии болсо түндү үч бөлүккө бөлгөн: бир бөлүгүндө илим менен алектенген; бир бөлүгүндө намаз окуган; бир бөлүгүндө эс алган. Бул улуу инсандар убакыттын канчалык баалуу экенин түшүнүшкөн. Анткени өткөн убакыт эч качан кайра кайтып келбейт. Фитналар келбей туруп амал кылгыла Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген: «بَادِرُوا بِالْأَعْمَالِ فِتَنًا كَقِطَعِ اللَّيْلِ الْمُظْلِمِ، يُصْبِحُ الرَّجُلُ مُؤْمِنًا وَيُمْسِي كَافِرًا، أَوْ يُمْسِي مُؤْمِنًا وَيُصْبِحُ كَافِرًا، يَبِيعُ دِينَهُ بِعَرَضٍ مِنَ الدُّنْيَا». «Караңгы түндүн бөлүктөрүндөй болгон фитналар келбей туруп жакшы амалдарды кылууга шашылгыла. Адам эртең менен момун болуп туруп, кечинде каапыр болуп калуусу мүмкүн же кечинде момун болуп жатып, таң атканда каапыр болуп калуусу мүмкүн. Ал өз динин дүйнөнүн аз гана пайдасына сатып жиберет». 📚 Сахих Муслим (118). Бул хадис адамды мүмкүнчүлүк бар кезде амал кылууга үндөйт. Себеби фитна келгенде адамдын көңүлү чачырап, жүрөгү өзгөрүп, ибадатка болгон күчү жана каалоосу азайып калышы мүмкүн. Имам Навави бул хадисти түшүндүрүп жатып: «Бул хадис адамды фитналар менен алек болуп калуудан мурда жакшы амалдарды кылууга үндөйт», — деген. 📚 «Шарх Сахих Муслим». Фитна дегенде көпчүлүк адамдар ооруну, жакырчылыкты же кайгыны гана түшүнүшөт. Бирок байлык да, мансап да, ден соолук да, атак-даңк да фитна болушу мүмкүн. Аллах Таала айтат: «Биз силерди жамандык жана жакшылык менен сынайбыз. Анан Бизге кайтарыласыңар». 📖 Куран, Анбия: 35. Ар бир нематтын артында сыноо жатат. Адам ошол немат аркылуу Аллахка жакындайбы же андан алыстайбы — маселе ушунда. Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси ﷺ мындай деген: «Жети нерсе келерден мурда жакшы амалдарды кылууга шашылгыла: Аллахты унуттурган жакырчылык келерден мурда, Чектен чыгара турган байлык келерден мурда, Адамды алсыраткан оорудан мурда, Күч-кубатты кетирген карылыктан мурда, Өлүм жетип келерден мурда, Дажжалдын чыгышынан мурда, Кыяматтын келишинен мурда». 📚 Тирмизи. Бул хадис мусулмандын жакшы амалдарды кийинге калтырбай, мүмкүнчүлүк бар кезде дароо аткарууга тийиш экенин эскертет. Анткени адамдын абалы каалаган убакта өзгөрүп кетиши мүмкүн. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев

السَّلامُ عَلَيْكُم وَرَحْمَةُ اللهِ وَبَرَكَاتُهُ Бүгүн, 30 -май күнү, Бишкек убактысы боюнча шам намазынан кийин Telegram к
السَّلامُ عَلَيْكُم وَرَحْمَةُ اللهِ وَبَرَكَاتُهُ Бүгүн, 30 -май күнү, Бишкек убактысы боюнча шам намазынан кийин Telegram каналыбызда «Аллах менен болгон адеп» тууралуу онлайн сабак болот. Сабакты биздин канал аркылуу түз эфирде уга аласыздар. ➖➖➖➖➖➖➖➖ 🎙 Нематулла Кадайев Telegram: 👉 https://t.me/islambulagy

КАДЫРЛУУ МУСУЛМАН БИР ТУУГАНДАР! Сиздерди Курбан айт майрамыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз! Аллах Таала бизден да, сиздерден да салих — жакшы амалдарды кабыл кылсын! Жубейр ибн Нуфейр (рахимахуллах) айтат: «Пайгамбарыбыздын ﷺ сахабалары Айт күнү бири-бири менен жолугушса: “Аллах бизден да, сиздерден да (жакшы амалдарды) кабыл кылсын” — деп айтышчу.» 📚 Салат аль-ъидайн, аль-Махаамили (Шейх Альбани сахих деп өкүм берген). ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев 📲 Telegram: 👉 https://t.me/islambulagy 📸 Instagram: 👉 https://instagram.com/islambulagy ▶️ YouTube: 👉 https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA 📘 Facebook: 👉 https://www.facebook.com/groups/1009528672915026

КАДЫРЛУУ МУСУЛМАН БИР ТУУГАНДАР! Сиздерди Курбан айт майрамыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз! Аллах Таала бизден да, сиздерден да салих — жакшы амалдарды кабыл кылсын! Жубейр ибн Нуфейр (рахимахуллах) айтат: «Пайгамбарыбыздын ﷺ сахабалары Айт күнү бири-бири менен жолугушса: “Аллах бизден да, сиздерден да (жакшы амалдарды) кабыл кылсын” — деп айтышчу.» 📚 Салат аль-ъидайн, аль-Махаамили (Шейх Альбани сахих деп өкүм берген). ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев 📲 Telegram: 👉 https://t.me/islambulagy 📸 Instagram: 👉 https://instagram.com/islambulagy ▶️ YouTube: 👉 https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA 📘 Facebook: 👉 https://www.facebook.com/groups/1009528672915026

🐑 КУРБАНДЫК ЭТИН ЖЕТИМДЕРГЕ, ЖЕСИРЛЕРГЕ ЖАНА МУКТАЖДАРГА ТАРАТУУНУН АРТЫКЧЫЛЫГЫ Курбандык (удхия) — Аллах Таалага жакындоо максатында аткарылган улуу ибадат. Бул ибадаттын эң маанилүү максаттарынын бири — этти бөлүштүрүү аркылуу муктаждарга жардам берүү жана коомдо боорукерликти жайылтуу. ⸻ Аллах Таала айтат: فَكُلُوا مِنْهَا وَأَطْعِمُوا الْقَانِعَ وَالْمُعْتَرَّ “Андан жегиле жана канаат кылып (сурабаган) муктаж адамдарга да жедиргиле.” (Хаж сүрөсү, 36-аят). Жана дагы: فَكُلُوا مِنْهَا وَأَطْعِمُوا الْبَائِسَ الْفَقِيرَ “Андан жегиле жана оор абалдагы кедейлерге жедиргиле.” (Хаж сүрөсү, 28-аят) Бул аяттар курбандык этинен өзүбүз жеп, ошол эле учурда жетим, жесирлерге жана муктаж адамдарга таратуу керек экенин көрсөтөт. ⸻ ✨ 1️⃣ ЖЕТИМДЕРГЕ ЖАНА ЖЕСИРЛЕРГЕ ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУУ Ислам дини жетимдерге жана жесирлерге мээрим көрсөтүүгө катуу үндөйт. Аллах Таала айтат: فَأَمَّا الْيَتِيمَ فَلَا تَقْهَرْ “Жетимди кысымга алба.” (Духа сүрөсү, 9-аят) Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Мен жана жетимди багып өстүргөн адам бейиште ушундай болобуз” — деп, эки манжасын (сөөмөйү менен ортоңку манжасын) бириктирип көрсөткөн. 📚 (Сахих Бухари). ⸻ 🐏 2️⃣ КУРБАНДЫКТЫН ЭТИН ҮЧКӨ БӨЛҮҮ — СООПТУУ ЖАНА ЖАКШЫ АМАЛДАРДЫН БИРИ 🏠1. бир бөлүгүн үй-бүлөсүнө 2. бир бөлүгүн кошуна-колоңго, тууган-урукка, досторго 3. бир бөлүгүн жетимдерге, жесирлерге жана муктаждарга садака кылуу ⸻ ✨ 3️⃣ ЖЕТИМДЕРГЕ, ЖЕСИРЛЕРГЕ ЖАНА МУКТАЖДАРГА БЕРҮҮ УЛУУ СООБ • Бул — чоң садака жана улуу сооптуу амал • Коомдо боорукерликти күчөтөт • Жетимдердин жүрөгүн кубантат • Аллахтын ырайымына себеп болот Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Мусулман башка мусулмандын муктаждыгын жеңилдетсе, Аллах анын кыяматтагы кыйынчылыгын жеңилдетет.” 📚 (Муслим) ⸻ Курбандык — бул жөн гана мал союу эмес, бул: Аллахка жакындоо Муктаждарга мээрим көрсөтүү Коомдо ырайымдуулукту жайылтуу Айрыкча жетимдерге, жесирлерге жана муктаждарга курбандык этин таратуу — Исламдагы улуу ахлак жана чоң сооптуу амал. ➖➖➖➖➖➖➖➖ ✍ Нематулла Кадайев 📲 Telegram: 👉 https://t.me/islambulagy 📸 Instagram: 👉 https://instagram.com/islambulagy ▶️ YouTube: 👉 https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA 📘 Facebook: 👉 https://www.facebook.com/groups/1009528672915026 📢 Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз, бир тууган.