БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
رفتن به کانال در Telegram
2 922
مشترکین
اطلاعاتی وجود ندارد24 ساعت
-37 روز
-4030 روز
در حال بارگیری داده...
کانالهای مشابه
ابر برچسبها
هیچ دادهای
مشکلی وجود دارد؟ لطفاً صفحه را تازه کنید یا با مدیر پشتیبانی ما تماس بگیرید.
اشارات ورودی و خروجی
---
---
---
---
---
---
جذب مشترکین
ژوئیه '26
ژوئیه '26
+37
در 0 کانالها
ژوئن '26
+18
در 0 کانالها
Get PRO
مه '26
+25
در 0 کانالها
Get PRO
آوریل '26
+29
در 0 کانالها
Get PRO
مارس '26
+39
در 0 کانالها
Get PRO
فوریه '26
+220
در 0 کانالها
Get PRO
ژانویه '26
+265
در 0 کانالها
Get PRO
دسامبر '25
+38
در 0 کانالها
Get PRO
نوامبر '25
+43
در 0 کانالها
Get PRO
اکتبر '25
+52
در 0 کانالها
Get PRO
سپتامبر '25
+29
در 0 کانالها
Get PRO
اوت '25
+53
در 1 کانالها
Get PRO
ژوئیه '25
+42
در 0 کانالها
Get PRO
ژوئن '25
+46
در 1 کانالها
Get PRO
مه '25
+30
در 1 کانالها
Get PRO
آوریل '25
+63
در 2 کانالها
Get PRO
مارس '25
+180
در 1 کانالها
Get PRO
فوریه '25
+317
در 2 کانالها
Get PRO
ژانویه '25
+76
در 0 کانالها
Get PRO
دسامبر '24
+81
در 1 کانالها
Get PRO
نوامبر '24
+48
در 0 کانالها
Get PRO
اکتبر '24
+64
در 2 کانالها
Get PRO
سپتامبر '24
+83
در 1 کانالها
Get PRO
اوت '24
+88
در 2 کانالها
Get PRO
ژوئیه '24
+92
در 1 کانالها
Get PRO
ژوئن '24
+107
در 1 کانالها
Get PRO
مه '24
+121
در 2 کانالها
Get PRO
آوریل '24
+122
در 2 کانالها
Get PRO
مارس '24
+520
در 6 کانالها
Get PRO
فوریه '24
+217
در 5 کانالها
Get PRO
ژانویه '24
+273
در 3 کانالها
Get PRO
دسامبر '23
+711
در 3 کانالها
Get PRO
نوامبر '23
+681
در 10 کانالها
Get PRO
اکتبر '23
+192
در 23 کانالها
Get PRO
سپتامبر '23
+158
در 0 کانالها
Get PRO
اوت '23
+198
در 0 کانالها
Get PRO
ژوئیه '23
+142
در 0 کانالها
Get PRO
ژوئن '23
+71
در 0 کانالها
Get PRO
مه '23
+54
در 0 کانالها
Get PRO
آوریل '23
+97
در 0 کانالها
Get PRO
مارس '23
+333
در 0 کانالها
Get PRO
فوریه '23
+176
در 0 کانالها
Get PRO
ژانویه '23
+292
در 0 کانالها
Get PRO
دسامبر '22
+221
در 0 کانالها
Get PRO
نوامبر '22
+1 918
در 0 کانالها
| تاریخ | رشد مشترکین | اشارات | کانالها | |
| 30 ژوئیه | +3 | |||
| 29 ژوئیه | +1 | |||
| 28 ژوئیه | +4 | |||
| 27 ژوئیه | 0 | |||
| 26 ژوئیه | +4 | |||
| 25 ژوئیه | +2 | |||
| 24 ژوئیه | +2 | |||
| 23 ژوئیه | 0 | |||
| 22 ژوئیه | +3 | |||
| 21 ژوئیه | 0 | |||
| 20 ژوئیه | 0 | |||
| 19 ژوئیه | +1 | |||
| 18 ژوئیه | +2 | |||
| 17 ژوئیه | +1 | |||
| 16 ژوئیه | +2 | |||
| 15 ژوئیه | +2 | |||
| 14 ژوئیه | +2 | |||
| 13 ژوئیه | +2 | |||
| 12 ژوئیه | +1 | |||
| 11 ژوئیه | 0 | |||
| 10 ژوئیه | +1 | |||
| 09 ژوئیه | +1 | |||
| 08 ژوئیه | 0 | |||
| 07 ژوئیه | +2 | |||
| 06 ژوئیه | 0 | |||
| 05 ژوئیه | 0 | |||
| 04 ژوئیه | +1 | |||
| 03 ژوئیه | 0 | |||
| 02 ژوئیه | 0 | |||
| 01 ژوئیه | 0 |
پستهای کانال
Ар бир күн Алланын бизге берген белеги. Жашоо турмушубузда ар бир баштап жаткан, кылып жаткан иштерибизди" бисмиллах " менен баштап, жыйынтыгын Аллага тапшырып ибадатка айлантсак, ар бир кадамыбызды жакшылык иштерге шилтесек, ар бир жеген тамагыбызга, Жаратканга шүгүр айтсак, өзүбүздө бар нерселерди сезип, багып , гүлдөтсөк, аз нерселерден бакытты таап, көптөй көрүп бааласак, мына ушундай кылса гана бакыттын кайда жашынганын табабыз. Эң негизгиси кеп биздин таза ойлорубуз, тунук акылыбыз, ачык көңүлүбүз , жумшак жүрөгүбүз, таттуу тилибиз менен караңгы түндөн жарык таңды сууруп чыккан таңдын Раббысын тосуп алган жүрөгүбүздө жайгашкан..
💖Бакытты башка жактан эмес өзүңдөн изде...
🤗Жаңы китеп...Бактылуу болгум келет...
🧕🏻Насиба Абдуллаева
https://chat.whatsapp.com/Cm3vECwNeNaBT3HBmAqBZ5?s=cl&p=a&ilr=1
| 2 | بدون متن... | 152 |
| 3 | Эки жүздүүлөрдүн бири Умарга Аллах андан ыраазы болсун келип: "Ээ Умар, мен такыр намаз окубайм, бирок сенин Кудайың мени жазалабай жатат." дегенде момундардын башчысы " Сага сажда кылууну насип кылбады, мындан өткөн жаза барбы?" деп жооп берген экен...
🤲Жаратканым намазыбызды акыркы демибизге чейин таштап кетпеген түбөлүктүү жолдош кылгын!
🌹Жума маарек болсун жакшылар!
https://chat.whatsapp.com/DxnyIsr4K3TAmuXXHD3lPw?s=cl&p=a&ilr=1 | 354 |
| 4 | بدون متن... | 325 |
| 5 | 📖 "Эң сонун ысымдар Алланыкы. Ага ошол сонун ысымдары менен дуба кылгыла.”
(Аьрааф сүрөсү, 180-аят)
"Ал Рошид - Туура жолду көрсөтүүчү " Эгем менин! Бизди туура жолго салганыңдан кийин, туура жолдун акыйкатын көрбөй көр болгон көөдөнүбүздүн көзүн ачкын, жакыр болгон жан дүйнөбүздүн жаракасын Өз ырайымың менен бүтөп, кечиримиңе муктаж болгон алсыз кулдарыңды Өзүң кечир! Омиин!
🧕🏻Насиба Абдуллаева
https://chat.whatsapp.com/EIcLz7N1SwFAZCk4ZLWYvz?s=cl&p=a&ilr=1 | 381 |
| 6 | بدون متن... | 366 |
| 7 | بدون متن... | 590 |
| 8 | Жума таңына ойготуп, улуу күндүн жакшылыгын насип кылган Раббыма шүгүрлөр болсун!
🌹Жума маарек болсун жакшылар! | 537 |
| 9 | Аттиң, акты сатпаган кыргыз, дин үйрөнүп “дуба” сатып калдыбы?!
⠀
Илгертен ак (акча) зарылбы, ар зарылбы десе, арды бийик койгон эл элек. Салтты туу, уятты абийир тутуп, мал сойсо да, сатса дагы агын (сүтүн, майын) сатканды өөн көргөн, кошунасынын казаны кайнабай калса, өз ашын бөлүп берген кыргыз элек го.
⠀
Асмандан издегенибиз жерден табылып, динчил болуп, ыймандуу болуп кеткенибиз ушубу анан?!
Кадимки эле кагазды ала калып, сыртына «Төрөттүн дубасы» деп чиймелеп, толгоосу бышып, жаны көзүнө көрүнүп жаткан эненин айласыз абалын пулдап отургандарды ким деп түшүнөбүз? Бул эмне деген шумдук?
⠀
Динди, Кудайдын сөзүн базардын утурумдук арзан товарындай соодага айланткан мындай жорук — жүрөктүн сокурлугу, ыймандын качканы эмеспи!
⠀
Дин үйрөнгөнүбүз ушулбу, же динди бетке кармап, элди тоноонун жаңы жолун тапканыбызбы?
⠀
Кана, көзүбүздү чоң ачып, тегерегибизди бир карап көрөлүчү. Биз «каапыр» деп мурун чүйүргөн, мазактаган ошол эле Орусияда, колунда кыргыз паспорту болгонуна карабай, көз жарган биздин энелерге сүйүнчү пул берип, ар тараптуу колдоп жатышат. Чоочун эл эне менен баланын амандыгына күйүп, шарт түзүп берсе, биздин өз ичибизден чыккан «ыймандуу сөрөйлөр» жаш эненин кыйналган мүнөтүнөн пайда көрүп, чөнтөк кагуунун айласын издеп отурушат. Бул кандай гана уят, кандай гана рухий жакырлык, кандай гана наадандык!
⠀
Кудайдан корккон адам кыйналганга каралашат, булар болсо соодалашат. Сабатсыздыктын, көр казган ач көздүктүн мындай кадамына бүтүндөй коом болуп бөгөт койбосок, эртең адамдык сапатыбыздын да, улуттук жүзүбүздүн да күлү көккө сапырылары турган кеп. Мындай ыплас соодага, динди жамынып элди алдагандарга унчукпай карап туруу — кылмышка ортоктош болгон менен бирдей!
Урматтуу мусулман бир тууганым, эсиңе кел! Ар кайда каңгырап, акыл үйрөткөндөрдүн кулу болбой, намысыңды, арыңды ойло! | 774 |
| 10 | بدون متن... | 486 |
| 11 | 🤗"Таңдын кереметин көрүп, жүрөгүм шүгүр менен толду. Ар бир ойгонгон күн — Раббымдын ырайымы!" деп шүгүр менен күнүн баштаган жакшыларга жума маарек болсун!
🌹Алхамдулиллах! | 532 |
| 12 | 🤲КҮНӨӨНҮН ДАРЫСЫ
⠀
Бир күнү аалым, такыба инсан Баязид Бистами шаар аралап бара жатып, жол боюндагы жиндикананын жанында дары даярдап жаткан бир табыпты көрөт. Ага жакындап келип:
⠀
— Мен күнөөсү көп пендемин. Мендей күнөөкөрдүн жүрөгүн айыктыра турган дарың барбы? — деп сурайт.
⠀
Табып жооп бере электе эле, жиндикананын тосмосуна жөлөнүп турган бир бейтап сөзгө аралашып мындай дейт:
⠀
— Бар. Ал үчүн тообанын тамырын алып, ага истигфардын жалбырагын кош. Экөөнү ыкластын дил куржунуна сал. Анан тавхиддин токмогу менен жакшылап майдала. Ыймандын элегинен өткөрүп, көз жаштын тамчысы менен жакшылап аралаштыр. Аны Аллахка болгон сүйүүнүн тандырында бышыр. Даяр болгондон кийин багымдат менен шам намазынын ортосунда улам-улам колдон. Ошондо бул дары күнөөлөрдөн жараланган жүрөгүңө шыпаа болуп, рухуңду айыктырат.
⠀
Бул сөздөрдү укканда Баязид Бистаминин көзүнө жаш тегеренип, жүрөгү титиреп кетет. Ал башын асманга көтөрүп:
⠀
— Оо, Жаратканым! Сенин сырың кандай улуу! Эл жинди деп эсептеген бул жайларда кандай даанышман табыптарың бар экен! — деп көз жашын сүртүп, терең ойго батып жолун улайт.
⠀
Бул окуя бизге чоң сабак берет. Дененин оорусуна дары табуу оңой болушу мүмкүн. Бирок жүрөктүн оорусу — күнөө, текеберлик, кайдыгерлик жана руханий боштук — тообо, истигфар, ыклас, ыйман жана Аллахка болгон сүйүү менен гана айыгат. Ким жүрөгүн ушул дары менен дарыласа, анын жүрөгү тазара баштайт, ал эми тазаланган жүрөккө Аллахтын ырайымы жакын болот.
⠀
«Ким бир жамандык кылса же өзүнө зулумдук кылып алып, андан соң Аллахтан кечирим сураса, Аллахты Кечиримдүү, Ырайымдуу табат.» (Куран, «Ниса» сүрөсү, 110-аят).
⠀
👤Даярдаган: Нуркамал Абдуллаев.
⠀
https://chat.whatsapp.com/DxnyIsr4K3TAmuXXHD3lPw?s=cl&p=a&mlu=1 | 431 |
| 13 | بدون متن... | 402 |
| 14 | Көрбөй туруп кучактатып, билбей туруп бир туугандай жакындаткан, жүзүбүзгө жылмаюу тартуулап, жүрөктөрүбүздү бириктирип жакын кылган динибиздин бары кандай жакшы!
⠀
Китептеримдин арты менен канчалаган жакшы инсандарды жолуктурдум. Кээ бирлери менен жүз көрүшүп отуруп маектешпесем да, жүрөгүбүздү бириктирген ыйман, дуба жана Аллах үчүн болгон сүйүүбүз бар. Ошондой жакшы адамдардын көпчүлүгү — Ноокаттык эже-сиңдилерим. Алхамдулиллах!
⠀
Пайгамбарыбыз ﷺ: «Жамаат менен болгон иштерде береке бар» дегендей, бул эжелерим жамаат болуп Куран окушат, намаздарын бекем карманышат, илим үйрөнүшөт жана башкаларга да үйрөтүшөт. Китеп окууну адат кылып, уккандарына амал кылууга аракеттенишкен аракетчил, амалкөй айымдар.
⠀
Китептерим жарык көргөндөн бери алар эң көп окугандардын катарында болушту. Бири-бирине жакшылык күндөрдө колдон колго өткөн чүпүрөк, жоолук ордуна жакшы китепрди белек кылганды адат кылгандары мени аябай кубантты. Китепрди окуп бүткөн соң: «Пайдасын көрдүк, жашоом өзгөрдү, намаздарыма бекем болууга себеп болду» деп ыраазычылык билдиришкенде жүрөгүм сүйүнүп максатыма жеттим деп шүгүр кылам...
⠀
Ошондой учурларда Пайгамбарыбыз ﷺдын: «Аллах сен аркылуу бир адамды туура жолго салса, бул сен үчүн эң баалуу байлыктан да артык» деген маанидеги хадиси эсиме түшүп, дагы да көбүрөөк аракет кылууга шыктанам.
⠀
Сиздердей китепкөй, илимкөй жана амалкөй энелерибиз менен эже-сиңдилерибиз көп болсо, келечегибиз да жарык болот. Андай тарбияны көрүп чоңойгон муундар ыймандуу, адептүү, илимдүү болуп өсүп, элине-жерине кызмат кылган инсандардан болот ин шаа Аллах!
⠀
Ардактуу эжелерим, жамаатыңыздарга Жараткандын ырайымы, кечирими жана берекеси жаасын! Биримдигиңиздер бекем болуп, жүрөктөрүңүздөр дайыма жакшылыкта бириксин. Бул дүйнөдө Курандын нуру менен жашап, акыретте да бири-бириңиздерден ажырабай, Аллахтын ырайымы астында баарыбызды бирге жолугууну насип кылсын. Омиин..
⠀
Ыраазычылык билдирген бардык окурмандарыма терең таазим! Жазган эмгектерим сиздердин жүрөгүңүздөргө жол таап, жашооңуздарга жарык нурун чача берсин!
⠀
🧕🏻Насиба Абдуллаева | 534 |
| 15 | بدون متن... | 425 |
| 16 | 🤗Бир эле жылмаюу...
⠀
Таң заарынан күн нурлары жерди жарып, асман мөлтүрөп турган кез эле. Үйдүн ичи тынч. Күйөөсүнүн жумушка кетер маалы жакындап калган. Аялы анын жүзүнө мээрим толгон көздөрү менен карап, жылуу жылмайып ойготту. Күйөөсү көзүн ушалап, жубайынын жылмайган жүзүн көрүп көңүлү көтөрүлө түштү. Аялы жылуу чайын сунуп, таттуу сөздөрү менен күнүн жакшы баштоосуна өбөлгө түздү. Күйөөсү кечээ жумушунда болгон түйшүктөрдү, чарчоо менен капаны бир заматта унутту. Анын жан дүйнөсү тынчып, жүрөгү жылуулукка толуп жумушуна бет алды.
⠀
Көчөдө жамгыр себелеп жаткан. Бирок анын көңүлү ачык, жубайынын ошол жагымдуу жылмаюусу көз алдында турду. Ушул жагымдуу сезим менен көптөн бери убакыт бөле албай жүргөн жакын досу эсине түштү. Досуна кат жазып, анын эң жакшы сапаттарын эскерип, кечирим сурап, жылмайган быйтыкчаны жиберди. Катты алган досу таң калды. Көптөн бери күтүп жүргөн жылуу сөздөр анын көңүлүн көтөрүп, жүзүнө кубаныч тартуулады.
⠀
Эртең мененки тамагын жеп бүтүп калган досу, каттын таасиринен улам көңүлү жайдары болуп, аны тейлеген кызга жылмайып, ашыкча чайлык акча таштап кетти. Чон суммадагы чайлык акчага кубанган кыздын жүзү жарып, жумушунан чыгып баратып жол боюнда соода кылып отурган, жашы улгайган чоң атаны көрүп калды. Ал тартынбай акчанын жарымын ага сунду. Эки күндөн бери бир да соода жасай албай, курсагы ачкан чоң ата ыраазычылык менен бата берип, сүйүнүч менен ашканага бет алды. Курсагын жылуу тамак менен тойгузуп, калган акчасына үйүнө азык-түлүк алып жөнөдү.
⠀
Үйүнө кайтып бара жатып, жол четинде үшүп турган арык, ачка итти көрүп, анын абалына жүрөгү зырп этти. Чөнтөгүнөн нан алып чыгып итке сунду. Ит мээримге суусап калгандай, чоң атанын артынан унчукпай ээрчип, анын үйүнө барды. Жылуу жерге кирип, бир аз курсагы тойгон ит түнү бою сак болуп жатты.
⠀
Түн жарымында, тынчтыкты бузуп, ит катуу үрө баштады. Чоң ата ойгонуп, үйүнүн терезесинен сыртты караса, кошуна үйдөн түтүн чыгып жатыптыр. Ал дароо кемпирин ойготуп, коңшулардын эшигин такылдатты. Иттин үргөнүнөн улам коңшулары да ойгонуп, сыртка шашылыш чыгып, өрттөн аман калышты. Бир эле иттин сактыгы бүтүндөй бир нече үй-бүлөнүн өмүрүн сактап калды.
⠀
Ал эми эртең менен күйөөсүнө карап жылмайган аял бул окуядан кабарсыз болчу. Бирок анын ошол бир гана жылмаюусу көптөгөн адамдардын жүрөгүнө жылуулук тартуулады.
⠀
📍Сабак: Бир эле жылмаюу дүйнөнү өзгөртө алат. Кичинекей жакшылык кылуу менен сиз бирөөнүн күнүн жарык кыла аласыз. Жакшылык кылсаң, кайтып келет деген сөз бекеринен айтылган эмес. Башкаларга жылмайып, мээрим тартуулаңыз ал жакшылыктын кайда, кантип кайтарын эч качан билбейсиз.
⠀
📙 "Үмүттүн шооласы өчпөсүн" китебинен..
⠀
Жума маарек болсун жакшылар! Жума күндүн урматына бир жылмайып коюңуз!
⠀
🧕🏻Насиба Абдуллаева.
⠀
https://chat.whatsapp.com/BFFN6BL1seK3hWXTdRXqce?s=cl&p=a&mlu=1 | 603 |
| 17 | بدون متن... | 406 |
| 18 | 🫢БИР КҮНДӨ ҮЧ ӨЛҮК КӨМГӨН АЯЛ
(Аңгеме)
Мафтуна тиричилик иштеринин баарын ийне-жибине чейин тыкан аткарган тың келин эле. Колунан бардык иш келет. Анын ишинен эч ким айып таба албайт. Өкүнүчтүүсү — тили аябай жаман болчу. Заарын чачып сүйлөчү. Ал жаштайынан эле ушундай эле. Башканы мындай кой, өзүн төрөгөн апасына да тил кайрычу. Андайда энеси байкуш:
— Ушул тилиң бир күнү сенин башыңды жейт, кызым. Жакшы сөз да, жаман сөз да бир ооздон чыгат. Сылык-сыпаа, жакшы сөздөрдү сүйлөп үйрөн. Эртең эрге берсем, кайын журтуң кылган ишиңе эмес, жасаган мамилеңе, сүйлөгөн сөзүңө жараша кеп айтат. Ушуну унутпа, — деп кейип-кепчип калчу.
Бирөө менен урушуп калса, оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан Мафтуна апасынын кебине көңүл деле бурчу эмес.
Мына, бой жетип, турмушка чыгып, балалуу болсо да анын тил бузук адаты калган жок. Кайненеси анын бир да ишинен айып таба албайт. Бирок тилинен болсо...
Бул келин үчүн балдары шоктук кылса:
— Жаның чыккыр, тыбырчылабай жөн отур! Түсүң суубай өл! Жаагыңды жап! Доошуңду өчүр! Азыр өлтүрүп салам! — деген суук сөздөр менен каргап-шилөө кадимки көрүнүш эле.
Мафтунанын тун перзенти уул болчу. Беш жашта. Экинчиси кыз эле, али наристе, бешиктен бели чыга элек.
Кызы ыйласа эле бешикке колу тиери менен Мафтуна адатынча:
— Бала болбой өл сен! Иш кылдырбайсыңбы, жокпу?! Өлтүрүп коём азыр, доошуңду өчүр! — деп карганып жатып калчу.
Кээде апасынын какшап жатканын уккан бешиктеги наристе жым болуп, тынчтанып калчу.
Мафтунанын күйөөсү үй-бүлөнүн улуусу болгондуктан, ата-энесинен бөлүнүп чыгып, өз алдынча түтүн булатышы керек эле. Көп өтпөй ошондой да болду. Алар жаңы үй салышып, ата-энесинен бөлүнүп чыгышты.
Мафтуна күйөөсү менен кечээтен бери ажатканага чуңкур казып жатышкан. Бүгүн дагы казышса, кыйла тереңдеп калмак. Кызы болсо бешикте, уулу сыртта ата-энесинин жанында ойноп жүргөн.
Күйөөсү шаты менен чуңкурга түшкөн соң, Мафтуна шатыны алып коюп, арканга челек байлап күйөөсүнө узатты. Аңгыча ичкериден наристенин ыңалаган үнү угулду.
— Уфф, өлсүн! Дароо ойгонду. Кичине уктап турса өлөбү?! Такыр иш кылдырбай турган болду. Колуң ишке тийсе эле кыңкылдай баштайт, — деп Мафтуна адатынча сүйлөнө баштады.
— Бар, карап кел. Уктатып чык, — деди күйөөсү кызынын ыйлап жатканын уккан соң.
— Ээ, азыр ошого убактым барбы? Ыйласа ыйласын. Ичеги-карыны кеңейет. Күн ысып кеткиче тезирээк бүтүрөлү, — деди ал челекти аркан менен ылдый түшүрүп жатып.
Күйөөсү челекке топурак сала баштады.
Наристе болсо улам катуураак ыйлап, токтобой койду.
— Бар, тиги жаның чыккыр карындашыңдын үнүн өчүрүп чык! Азыр өзүм кирсем өлтүрүп коём! — деп беш жашар уулуна бакырды Мафтуна.
Ойноп жүргөн уулу апасынын бакырган үнүнөн коркуп, чуркаган бойдон үйгө кирип кетти.
Ал үйгө кирери менен:
— Доошуңду өчүр! Болбосо азыр өлтүрүп салам! — деп бешиктеги карындашын уруша баштады.
Наристе болсо өчөшкөндөй андан бетер катуу кыйкырып ыйлап жатты.
Эри челекти топуракка толтуруп:
— Тарт! — деди.
Мафтуна челекти тарта баштады. Ошол учурда наристенин үнү чыкпай калды.
Ичкериден беш жашар уулу өңү бозоруп, колдору канга боёлгон бычак менен чыгып келди.
Баласынын:
— Апа, тынчтан дедим. Үнүңдү өчүр десем, өчүргөн жок, — дегенин угаар замат Мафтуна жамандыкты сезгендей:
— Түсүң суубай өл! Эмне кылдың?! Эмне кылдың?! — деп кыйкырып жатып, колундагы арканды кантип коё бергенин өзү да билбей калды.
Аркандагы ичи топуракка толгон челек күйөөсүнүн башына кулап түштү. Ал ошол замат мүрт кетти.
Апасынын кыйкырыгынан коркуп, өзү эмне кылганын аңдабай калган бала да катуу коркунучтан жүрөгү жарылып жыгылды...
Куду апасы айткандай, Мафтунанын тили ошол күнү анын башын жеди.
Ошол күнү кечки күгүмдө көпчүлүк тил бузук келиндин үйүнөн күйөөсүнүн жана эки перзентинин табыттарын көтөрүп, мүрзөнү көздөй жол алышты...
Фахриддин Шамсетов
👤Которгон: Нуркамил Абдуллаев | 524 |
| 19 | بدون متن... | 343 |
| 20 | Жашообузда жолуккан адамдар да, башыбыздан өткөн кубанычтар менен кайгылар да, келип-кеткен мүмкүнчүлүктөр да жөн жерден болбойт экен. Баары Аллахтын каалоосу жана улуу хикматы менен болот тура.
⠀
Жакшы нерселер бизге үлгү болуп, шүгүр кылууну үйрөтсө, кыйынчылыктар сабак берип, ойлонтуп, руханий жактан ойготот экен.
⠀
Бүгүн китеп жазып отуруп, «Муну дагы кандай жакшыртсам болот?» деп ойлонуп калдым. Ошол учурда Жараткан жүрөгүмө бир таланттуу кызды салды. Ал мурда абдан мыкты китеп жазган эле. Дароо номерин издеп таап, байланыштым. Саламдашып жазсам, ал кыз беш-алты жыл мурда бирге макала жазышып, бири-бирибиздин эмгегибизди оңдоп, колдоп жүргөн сиңдим болуп чыкты.
⠀
Чынында казына тапкандай сүйүндүм. Экөөбүз көпкө чейин жазышып, өткөн күндөрдү эскердик.
⠀
Мен көп учурда: «Оо, Аллахым! Мага даанышмандык илиминен насип эт. Жазган китебимдеги ар бир тамга адамдардын жүрөгүнө себилген пайдалуу үрөн болсун», – деп дуба кылчумун.
⠀
«Кээде бир жолугушуу бүтүндөй бир жолду өзгөртөт. Ал эми кээде бир сөз бир адамдын жашоосуна жарык берет. Балким, бул күтүлбөгөн жолугушуу менин ийгилигиме жол ачкан, Жараткандын өз убагында жиберген белегидир деп үмүттөндүм.
⠀
Ар бирибиз мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша кыялдарыбыздын кемесин туура багытка буруп, максатыбыздан жана жакшы ниетибизден жаңылбай, Жараткан ыраазы боло турган иштерди кылууга аракет кыла берели.
⠀
🤗 Ин шаа Аллах, эң жакшы күндөр али алдыда!🌷
⠀
🧕🏻Насиба Абдуллаева | 485 |
