cookie

نحن نستخدم ملفات تعريف الارتباط لتحسين تجربة التصفح الخاصة بك. بالنقر على "قبول الكل"، أنت توافق على استخدام ملفات تعريف الارتباط.

avatar

БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

Formula.KG - Бактыңыздын багыты!

إظهار المزيد
مشاركات الإعلانات
3 701
المشتركون
-124 ساعات
-137 أيام
-5630 أيام

جاري تحميل البيانات...

معدل نمو المشترك

جاري تحميل البيانات...

01:00
Video unavailableShow in Telegram
c18af6fc402ff99e7d030cbb4679a0f070e5b44b105cda91d2b831ad18cbe803.mp44.13 MB
👍 4
🤲🏻 ЫРЫСКЫ СУРАСАҢ БЕРЕКЕСИН КОШО СУРА. ⠀ 📖 "Эң сонун ысымдар Алланыкы. Ага ошол сонун ысымдары менен дуба кылгыла.” ⠀ (Аьрааф сүрөсү, 180-аят) ⠀ " Ар Роззааку- Өтө чоң Ырыскы берүүчү"  Эгем менин! Өмүрүмдүн аягына чейин ырыскымды адалдан кенен берекелүү кылгын - деп көп жазып, көп сурап, көп дуба кыламын. Анткени,  Аллах таала ар бир адамдын ырыскысын белгилеп койгон. Өмүрүбүздүн аягына чейин өлүмүбүз кандай кууган болсо ырыскыбызды да ошондой кууп жүрөт. Ал кандай абалда болсо да бешенесине жазылган ырыскысына сөзсүз жетет. Бирок биз ырыскы десе башкача түшүнөбүз. Бир эле жеген тамагыбыз, иштеген ишибиз, тапканыбызды ырыскы дейбиз. ⠀ Эгер Аллах биздин тапканыбызга, байлыгыбызга  ырыскы берсе, аны көбөйтөт, жолубузду ачык кылат, Өзү жакшы көргөн жакшылыктарга насип кылат, берешендик нематтын жүрөгүнө салып, зекет - садака берип, жакшылык иштерди кылууга мүмкүнчүлүк берет.. ⠀ Эгер  үй- бүлөсүнө, бала-чакасына берсе, аларды тууралыкка салат, дин менен жашоону жеңил кылат, сый- урмат, мээримдүүлүккө бөлөп, бактылуу жашоону насипщ кылат.. ⠀ Эгер адамдын денесине берсе, аны күч-кубаттуу кылат, ден соолугун чың кылат, жүрөгүн тынчтанып, Өзүнө толук моюн сундуруп, ибадаттарды өз убагында  кемчиликсиз аткарат.. ⠀ Эгер адамдын илимине берсе, эки дүйнөсүнө пайдалуу кылат, Өз илиминен терең түшүнүк берет, башкаларга жеткирүүдө даанышмандуулук илимин берет, акылын тунук, эс тутумун жакшы, зээнин курч, ыйманын бекем кылат. ⠀ Эгер адамдын өмүрүнө, убактысына берсе ар бир таңын, күнүн, түнүн Өзү менен өткөрүп, Өзүнө жаккан иштердин эшигин ачып берип, барга шүгүр, азга каниет, жокко сабыр кылган нематтарын жүрөгүнө салып, өмүрүнүн аягына чейин жашоосу ибадатка айланат... ⠀ Жаратканым бизге берген бардык ырыскысын адалдан кенен, берекелүү кылсын!... ⠀ 🧕 Насиба Абдуллаева. ⠀ https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907
إظهار الكل...
"Бактылуулук Формуласы" | WhatsApp Channel

"Бактылуулук Формуласы" WhatsApp Channel. . 856 followers

👍 7
00:11
Video unavailableShow in Telegram
7.79 MB
👍 2
00:17
Video unavailableShow in Telegram
12.75 MB
👍 5
🤲🏻ҮЙ - БҮЛӨ КУРА ТУРГАН ЖАШТАРГА ДУБА.. ⠀ 📖 "Эң сонун ысымдар Алланыкы. Ага ошол сонун ысымдары менен дуба кылгыла.” ⠀ (Аьрааф сүрөсү, 180-аят) ⠀ "Ал  Латиифу - Пендесинин көөдөнүндө катылган бардык сырларды билүүчү" Эгем менин! Менин жүрөгүмдө, ойлорумда, ниетимде эмнелер бар баарын Өзүң сезип, билүүчүсүң. Мен каалаган инсан жашоом үчүн жакшылык болсо бизди бирге кыл, адашкан болсом менден алыс кыл. Өз сөздөрүң менен Куранда убада кылгандай " Таза эркектер таза аялдарга, таза аялдар таза эркектерге " деген эскертүүңө татыктуу болууну, татыктуусун насип кыл Йа, Раббым!... ⠀ Оо, Раббим! Менин тагдырыма ушундай бир инсанды туш кылгын, анын жүрөгүнөн мен издеп, мен каалаган бакытты, Сени табайын. Сен сүйүп, сүйүнткөн такыба кулуң болсун, анын акылы Сени  тааныган тунук, жүрөгү мечит, көңүлү Кааба болсун! ⠀ Оо, Раббим! Ушундай акылдуу, даанышман инсанды жолуктургун илимимди, ыйманымды, динимди толуктап, билгенине амал кылган, Сага толук моюн сунган, Сенин илимиң менен суугарып,  кеңешчим болсун. .. ⠀ Оо, Раббым! Ушундай бир инсанды туш кылгын, ниети, багыты бир болсун, диниме, элиме кызмат кылууда бирге болуп, күчүм - кубатым, түбөлүк бейишим болсун. Биздин никебизди ушундай берекелүү кылгын, кармаган колубуз үзүлбөсүн. Турмуштук сапарыбызда биз менен дайыма бирге бол. Өзүңдөн келген мээрим, сүйүүнү жүрөгүбүзгө толтургун, үйүбүздүн куту өчпөсүн, бир билек, бир жүрөк болуп жашоону насип кылгын. ⠀ Оо, Раббым! Ушундай бир  инсанды насип кылгын. Эч нерсеге муктаж кылбасын, үйүм мечитим, бейишим болсун, ибадаттарыма бекем болуп, толук моюн сунуп, балдарыма жакшы тарбия берип, татыктуу бейиштик эне болоюн. Ырыскысы кенен, тапканы адалдан болсун, жүрөгүнө берешендик нематтын толтургун, жоомарт, колу ачык болсун муктаждардын муктаждыгын чечип, жакшылык кылуудан чарчабасын... ⠀ Оо, Раббым! Ушундай инсанды туш кылгын, көздөрүн караганда жылмаюусу менен кубанткан, жумшак мамилеси, жакшы сөздөрү, чырайлуу кулк - мүнөзү менен мээримине бөлгөн, чыныгы мусулман сыпатын жүрөгүнүн күзгүсүнөн карап, башкалар суктанып, үлгү алып, ээрчиген сүйүктүү кулуң болсун!... ⠀ 😊Дуба мусулмандын куралы. Дуба менен суугарылып,  көгөрүп, жашообузду жакшылыкка толтуралы. Жакындарыңызга жөнөтүп, башкалар менен бөлүшүп жакшылыкка себепчи болуңуз.. ⠀ 🧕Автор: Насиба Абдуллаева. ⠀ https://chat.whatsapp.com/Jp54UvBehKn7G8LKPNjupX
إظهار الكل...
🧕🏻3-Бактылуулук формуласы

WhatsApp Group Invite

👍 5🔥 1
00:21
Video unavailableShow in Telegram
13.71 MB
🤲Момун пенденин ар бир кадамы сыноо, Раббысы момун пендесин сыноо арты менен тазалап, Өзүнө жарык жүз жолугууну каалайт. Момун пенденин үмүтү жаны үзүлгөнчо үзүлбөйт... Аллах Куранда мусулмандарды эмес, момун пендесин эстеп, эскертип, даражасын көтөрүп, Өзү ыраазы болоорун айткан. "Момундун күнөөлөрү кечирилгенге чейин балээ жана оору келет.” [Хаким] Жаратканым бейиш күтүп ала турган момун пенде болуп, жашап Өзүнө жолугууну насип кылсын Омиин!.. 👤Насиба Абдуллаева.
إظهار الكل...
👍 8
00:13
Video unavailableShow in Telegram
10.34 MB
👍 2🔥 1
🕌 Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим *📍Бейпил жашоого шарт түзгөн 5 насаат!* ▪️1. Жан дүйнөң таза болсун. Ошондо Жараткан Аллах Таала сага белгисиз жактан жүзүңө көрк, жүрөгүңө нур берет. Анан да адамдардын сый-урматы күчөп, алдыңа койгон максаттарың ишке ашат; ▪️2. Ниетиң түз болсун. Аллах Таала түз ниет менен аткарылган амалдарды гана кабыл кылат. ▪️3. Адамдардын баарына бирдей жакшылык кыл. Мына ошондо сага да адамдар ошондой мамиле кылышат; ▪️4. Эч кимге ичи тардык кылба. Бирөөнүн бактылуу болуусу - сенин бактыңды кемитпейт. Бирөөнүн бай болуусу - сенин ырыскыңды азайтпайт. ▪️5. Жүзүңдөн жылмаю кетпесин. Жылмаю да садака экенин эсиңден чыгарба. Автор: Абдишүкүр ажы Нарматов Булагы: *"БАГЫТ"* китебинен. Даярдаган: Ахунов Акжол 🕌 *Бактылуулуктун формуласы!*
إظهار الكل...
👍 12
00:12
Video unavailableShow in Telegram
8.31 MB
👍 3
اختر خطة مختلفة

تسمح خطتك الحالية بتحليلات لما لا يزيد عن 5 قنوات. للحصول على المزيد، يُرجى اختيار خطة مختلفة.