Киргизия-Россия дружба на веки
Open in Telegram
Show more
The country is not specifiedThe category is not specified
228
Subscribers
No data24 hours
-37 days
-1930 days
Posts Archive
🇰🇬🇷🇺 "АвтоВаз" эми Кыргызстанда. Орусиянын унаалары баарына.
“Ата мекендик” унаалар долбоорун алдыга сүрөө үчүн кошумча салыктар киргизилиши же бюджет тарабынан колдоо көрсөтүлүшү мүмкүн.
https://t.me/eurasianforpost
+2
Депутат Эльвира Сурабалдиева 8-марттагы тынчтык жүрүшүнө тоскоолдук кылбоого чакырды.
Эльвира Сурабалдиеванын айтымында, ага аялдар кыймылынын өкүлдөрү кайрылып, алар Эл аралык аялдар күнүнө карата тынчтык жүрүшүн өткөрүүнү каалашууда.
https://t.me/eurasianforpost
Кошумча маалымат, Central Asia Capital фонду "АвтоВаз" менен биргеликте 2026-жылы Токмок өнөр жай аймагында (Кыргыстан) Muras бренди астында Lada унааларын чогултуучу заводду ишке киргизүү боюнча долбоорду ишке ашырат
https://t.me/eurasianforpost
+1
Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭС каскадын орусиялык "РусГидро" компаниясы менен кайра жандандырууну көздөөдө
Мурда "Русгидро" менен биргеликте жалпы кубаттуулугу 238 мегаватт болгон 4 станцияны куруу пландалган.
Ошондо долбоордун баасы $727 млн деп бааланган, бирок бир катар себептерден улам ишке ашпай калган.
Өткөн жылы Орусиялык компания кайрадан бул долбоорго кызыгуусун көрсөттү
https://t.me/eurasianforpost
+2
Орусиялык «Central Asia Capital» инвестициялык фонду Кыргызстандын Токмок шаарында унаа чогултуучу завод куруу долбоорун жана «Майлуу-Суу» лампа заводун жаңылоо долбоорун сунуштады.
Долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөргө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Ал эми «Central Asia Capital» фондунун атынан Орусиянын президенттик администрациясы менен тыгыз иш алып барары айтылып келген бизнесмен Андрей Степанюк жана башка өкүлдөр катышты.
Баса, бул фонддун өкүлдөрү жакында эле КРнын ИИМге салым кошкону үчүн, медалдар менен сыйланышкан.
https://t.me/eurasianforpost
+4
Мунарбек Имаров блогер, журналист жана активист.
Акыркы убакта ал Кыргызстандын медиасында чуу жаратып жаткан адамдардын бири катары айтылып келет. Айрымдар аны умра сапарлары жана Кыргызстандын Муфтияты боюнча «иликтөө» жүргүзгөн патриот блогер деп мүнөздөшөт. Бирок бул иликтөөлөрдүн артында ким же кайсы күчтөр турушу мүмкүн деген суроолор да коомчулукта жаралууда.
Маалыматтарга караганда, Мунарбек Имаров 2025-жылдын жай айларында Москва шаарында болуп келген. Расмий маалыматта бул сапар медиа форум жана конференцияга катышуу катары көрсөтүлгөн. Уюштуруучулар катары «ЕВРАЗИЯ» уюму аталат. Айрым булактарда бул уюм Орусиянын «жумшак күч» саясатынын алкагында түзүлгөнү айтылып жүрөт.
Буга чейин да «ЕВРАЗИЯ» уюму медиа тармагында иштеген Кыргызстандын жарандары үчүн «Орусияны бил, маалыматты туура бер» аттуу тренингдерди өткөрүп келгени маалымдалган. Мындай иш-чараларга катышкан айрым жарандардын кийинчерээк резонанстуу иликтөөлөрдү жүргүзүп чыгышы коомчулукта ар кандай божомолдорду жаратууда.
Кээ бир маалыматтар боюнча Кыргызстан Орусиядан гана аскердик техникаларды сатып алууну көздөп жатат. Себеби орусиялык техника өзүнүн эффективтүүлүгүн согуш талаасында көрсөттү.
Сүрөт. Архив. 2023-2024.
https://t.me/eurasianforpost
Ош шаарынын тургундары мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаевке нааразычылыктарын билдиришти.
https://t.me/eurasianforpost
АЭС куруу боюнча талкуулар жана мамлекеттик медиа тараптан талкуулар жүрүүдө.
Эскерте кетсек, АЭСти Орусия куруп бергени даяр экени маалыматтарда айтылган
https://t.me/eurasianforpost
Кыргызстанда саясий абалды курчутуп. Чоң даражадагы адамдардын ич ара сүйлөшүүлөрүн соц.тармакка жайылткан күчтөр же уюмдар, алар кимдер?
Максаттары кандай экени белгисиз, бирок байкалгандай эле саясий өзгөрүү өтө тездик менен жүрүп жаткандай, мындай тездик Кыргызстандын келечегине оор таасир берүүсү мүмкүнбү?
Кыргызстан боордошторунан жана өнөктөштөрүнөн айрылышы мүмкүнбү?
Баарын убакыт көрсөтөт.
https://t.me/eurasianforpost
Юстиция министринин орун басары ээлеген кызматынан кетти
Орозбек Сыдыков маалыматты тастыктады. Ал бул кызматта 2021-жылдан бери иштеп келген.
https://t.me/eurasianforpost
Канат Табалдиев берген арызынын негизинде Ош облусунун Кара-Суу районунун акими кызматынан бошотулду
Манас Мураталиев берген арызынын негизинде Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акими кызматынан бошотулду
https://t.me/eurasianforpost
+2
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги «Central Asia Capital» фондунун жетекчилигин сыйлады.
Сыйлангандар:
- Орусиянын президенттик академиясынын бүтүрүүчүсү жана фонддун негиздөөчүсү Антон Собин жана
- Орусия президентинин администрациясы менен тыгыз байланышта иш алып барган бизнесмен, акционер Андрей Степанюк.
Алар ИИМге чоң салым кошкону үчүн төш белгилер менен сыйланышты
https://t.me/eurasianforpost
⚡️Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевке карата тергөө иштери башталганы тууралуу маалыматтар айтылууда
https://t.me/eurasianforpost
Генерал Камчыбек Ташиев менен байланышы бар, бардык кызматкерлер жумуштан алынып жана алмашат деген маалыматтар айтылууда.
https://t.me/eurasianforpost
+2
Кыргызстанда чуу жаратып жаткан блогер, журналист жана өзүн саясий эксперт катары көрсөткөн адам.
Мурда СДПК партиясынын саясий комитетинин мүчөсү болгон Мирбек Айтикеев
Сапар Исаковду ачык колдоп, аны актоого аракет кылып келген активист.
Бул аракеттери Сапар Исаковдун кайра саясатка келишине саясий аянтча даярдообу? Кызык…
https://t.me/eurasianforpost
ЭлТРдин салык кызматындагы коррупция тууралуу чуу жараткан иликтөөсүндө Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары жана айыл чарба министри Эрлист Акунбековтун да аты аталган болчу.
Иликтөө 2 ай мурда чыккан.
+2
🗣"ЖККУ (ОДКБ) - бул Евразия аймагынын келечегин аныктайт."
© УКМК төрагасынын жаңы дайындалган орун басары жана УКМКнын антитеррор бөлүмүнүн башчысы Алишер Эрбаев
https://t.me/eurasianforpost
