🌸 АЯЛ СЕН АСЫЛСЫН🌸
Open in Telegram
Ассаламу алейкум Айымдар үчүн гана✅ Мырзалар кирүүгө ❌ Бирин бири колдоп Билим алуусуна Чоогу өсүү үчүн ачылган канал✔️
Show more3 462
Subscribers
No data24 hours
-197 days
-8930 days
Posts Archive
3 462
Аял — өмүрлүк жар.
Өмүрлүк жар – бул Жараткан Аллахтын аманаты, Аллахтын белеги, ал үчүн Ага ыраазычылык билдирип, жубайыңа сый жана урматтоо менен мамиле кылуу керек. Аллах, эркектерге өз аялдары менен татыктуу жашоону буюруп, анын кетирген каталарына ырайымдуулук кылып, кечире билүүгө үндөгөн.
3 462
Абу Хурайра (радияЛлаху анху) риваят кылат, Пайгамбар ﷺ айтты:
“Эгер аял беш убакыт намазын окуса, орозо айын тутса, уяттуу жерин арамдан сактаса жана күйөөсүнө моюн сунса – ага айтылат «Бейиштин [сегиз] эшигинин каалаганынан Бейишке кире бер!», — деп” (Ибн Хиббан: 1296; Сахих аль-Жами’: 660).
https://t.me/hadissskg
3 462
Жолукка каршы чыгышса, сизда тынчтык митинг кылыңыз. Раббым кулдарын жалгыз калтырбайт Аллаху Ъалам🖤
3 462
Ассаламу алейкум кандайсыздар мээримдуу эжелер🌷
УРАА🎉🎉🎉
1️⃣ күндөн соң кезекдеги
*Акысыз сабак* устаза Махабат Таирова бирге😍😍😍
⏰2️⃣1️⃣.3️⃣0️⃣
🗓️27.05
*Ыклас*- бул пенденин өзүнүн ибаадатын Аллахга гана арнап, Ага жакындоону жана акыреттин сыйлыгына жетүүнү максат кылуусун түшүнөбүз.
Ар дайым ниетти тууралап,элден үмүт кылбоо, бир гана Аллах ыраазычылыгы үчүн гана ар бир иште- ниетти тууралап туруу менен гана амалдарыбыз кабыл болот ин шаа Аллах 🤲🤲🤲
*Эртең*
Дал ушул *Ыкластуулук жана ыйман* темасында онлайн форматта түз эфирден устазадан сабак алабыз🫶🏻
Акысыз сабакка кирүү үчүн ар бириниздер группага катталып алыныз⤵️
https://chat.whatsapp.com/FDGvfHRJiFmCPjP75spf7i
3 462
السلام عليكم ورحمه الله وبركاته!
💐💐💐💐💐💐💐💐💐💐💐
Урматтуу жана кымбаттуу асыл айымдар!👩🎓
Бүгүн, ин шаа Алла, кечки саат 2⃣0⃣:3⃣0⃣дө, АСЕЛ ИСКАКОВА устазабыз менен, АКЫЙДА илиминен сабак болот!✈️
📎Акыйда илиминин изги максаттарынын бири,
Жараткан Алланын барлыгы, жалгыздыгы багытында адамды толук кандуу канааттандыра турган маалыматка ээ кылып, ишенимин бекемдейт.
Сиздерди сабактан күтөбүз!👩🏫
📚"Илим алуу, бардык мусулман аялга парз"!
📝"Алган илимге амал кылуу, анын акысын берүү"!
😍🥰😍🥰😍🥰😍🥰
3 462
Repost from Бейиштигим🌸
Билесизби бейиштигим;
Менин оюмча бир аял аялдык сыпатын эч качан жоготпоосу керек.
Мейли аял көчөдө отун жарсын, мейли эркек кылган жумушту баарын кылсын,
Мейли короо тазаласын, жер тепсин айта берсең көп бирок бул аялдык сыпаттарды жоготууга себеп болбоосу керек.
Аялдын миң айласы бар демекчи, ар бир нерсенин айласын табуунун жолун издөөнү керек!
Аялдын эн күчтүү куралы да ушул назиктиги жана айлакерлиги болуусу керек!
Канча күчтүү болбоңуз, кандай гана жумуш кылбаңыз, назиктик сөзсүз болуу керек!
Назик болуу керек экен деп мен аны кылбайм, муну кылбайм дебеңиз.
Трактор айдасаныз да сиз аял бойдон каласыз кымбаттуум!
Айлакер болуу үчүн акылдуу да акылманда, убагы келгенде бир аз акылсыз болуп коюу керек! (Мырзаныз менен тартышпоо үчүн)
Ананда кылыктуу болуңуз,
Бул аял заты үчүн өтө маанилүү сыпат.
Кылыктуу аял, кадырлуу жубай болот.
𝓝𝓪𝔃𝓴𝓸✍
3 462
Repost from ОКУРМАНЫММ📖📚
السلام عليكم و رحمةالله و بركاته🌻
❗️ ТАСХИХ КУРСУНА КАТТОО ❗️
Сиздер үчүн ТАСХИХ 30 чу джузга каттоо башталды 🕰
Урматтуу илим талап кылуучу айымдар🌻
Тасхих курсу кимдер үчүн ⤵️
Тажвид эрежелерин билсеңиз
Куран окуп жатканда каталарыңыз болсо
Устазанын көзөмөлүндө Куран окууну каалап жатсаңыз
Билген эрежелериңизди унутуп калбоо максатта кайталап турууну самап жатсаңыз
Анда бул курс сиз үчүн 👍
ГРУППАДА 12 АЙЫМ ИЛИМ АЛАТ
Устазанын көзөмөлүндө Куран аяттарын тууралап окуп тапшырасыз.
Сабактар жумасына 3 жолу болот ин шаа Аллах 🌹
Ар бир илим талап кылуучуга убакыт бөлүнүп, каталарыңызды тууралаганга мүмкүнчүлүк болот
КУРС АКЫСЫ : 1000 СОМ айына✅
Байланыш телефону:
+996705414489 Жанылай
ШАШЫЛАБЫЗ 🌻3 462
Ассаламу алейкум ханышаларым амансыздарбы мамалактарымм💕
Гүлжүрөгүм, назигим, берметим, берекем, сулуум сагындым го сизди кандай жүрөсүз💕
3 462
Аялдын идеалдуу болуусунун сыры, үй-бүлөдө өз ордун жакшы билүүсүндө жатат. Ким жана кайсы нерсе болсун, өз ордунда турбаса ал баркталбай калат. Кызыл алма, шагында жана жашыл жалбырактардын арасында турса кооз көрүнөт. Байкуш аял канчалык ачылып, жасансам, адамдардын көбүн каратсам, ошончо жакшы деп ойлоп, тескерисин кылып жатканын билбейт. Үй-бүлөлүү же турмушка чыга элек болсун, аялдын кадыр-баркы, урмат-сыйы үйүнүн төрүндө. Көчөгө чыгып кеткен аялдын издегени үйүндө калып кетти. Аял көчөгө чыкса бузукулуктун жайылуусуна себеп болот. Албетте, зарылчылык менен чыгуу мындан сырткары.
3 462
Идеалдуу аял болууга умтулбаган аял жок болсо керек. Кээ бирлери ачык айтпаганы менен, жүрөгүнөн идеалдуу болууну каалайт. Баары каалаганы менен, жашоодо бардык аялдар андай эмес экенин көрүп жүрөбүз. Көрсө каалап эле коюу жетиштүү эмес экен. Максатка жетүүнү каалоо менен бирге жолду да туура тандоо зарыл. Араб акыны «..жолдорун баспай туруп кутулууну каалайсыңбы? (Бирок кечирип кой) кеме кургак жерде сүзбөйт» деп айткандай.
3 462
Аялдын үй-бүлөдөгү орду
Бардык мактоолорго Аллах гана татыктуу, себеби Ал бүткүл улуу сыпаттардын Ээси жана баардык айыптардан Таза. Анын акыркы элчиси Мухаммад (с.а.в.) пайгамбарыбызга жана анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына салам жана салаваттарыбыз болсун
3 462
Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын
Тасаттур – сөздүк маниси «оронуу», «жамынуу»; «өзү менен башкалардын ортосуна перде коюу», «бир нерсенин ичинде же аркасында жашынуу» деген маанилерге келет. Ал эми терминдик мааниси талаптары жана өлчөмдөрү диний жактан белгиленген жамынуу милдеттүүлүгү деп түшүнсөк болот.[1] Оронуунун синоними катары хижаб (хиджаб), жоолук, оромрол, паранжы сыяктуу сөздөр аралаш колдонулса, антоними – жылаңачтык. Тагыраагы, исламда табарружга – көңүл бурдуруу жана өзүн көрсөтүүгө тыюу салынган. Биз макалабызда оронуу деп жалпылап колдонууну эп көрдүк.
3 462
Аял — өмүрлүк жар.
Өмүрлүк жар – бул Жараткан Аллахтын аманаты, Аллахтын белеги, ал үчүн Ага ыраазычылык билдирип, жубайыңа сый жана урматтоо менен мамиле кылуу керек. Аллах, эркектерге өз аялдары менен татыктуу жашоону буюруп, анын кетирген каталарына ырайымдуулук кылып, кечире билүүгө үндөгөн.
3 462
Аял-эне. Тастыкталган хадисте айтылгандай: «Бейиш энелердин таманынын астында». Демек, энеге болгон мамиле, биздин түбөлүк жашообуздун ырыс-кешиктүү болушун аныктайт. «Бир адам пайгамбардан (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) сурады: “Эй, Аллахтын элчиси, адамдардын арасынан ким жогорку даражадагы сыйга жана жакшы мамилеге татыктуу?”
— “Эне” — деп жооп берди пайгамбар.
“Андан кийин ким?” Жараткандын элчиси дагы бир жолу
— “Эне” — деди.
— “Дагы ким?”
— “Эне” — деп үчүнчү жолу кайталады.
“Андан кийинчи?”
— “Ата”». Ата-энеге болгон жакшы мамиле, жакшы амалдардын катарына кирет. Аллах жана анын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!), баарыбызды ушуга үндөп, аны менен бирге, аялдардын исламда ээлеген жогорку ордун жана алардын жашоодогу маанисин көрсөтөт.
3 462
Аял - деген ким?
Аял - үй бүлөнүн чырагы! Жаркырап жанып турган чыракка махабат менен караган эркек - нагыз эркек.
Аял көп сүйлөйт. Себеби аялда жакшы ой көп. Ою ишке ашкан сайын аялдын сөзү азая берет. Аялым көп сүйлөбөсүн десең, алдын-ала оюн окуп кой да, ошого жараша аракет кыл..
Аял таарынган күнү үйдөн береке кетет. Берекеден айрылгың келбесе, аялды таарынтпа!
Аялды төмөндөтпө! Аялыңа төмөн карасаң, перзентиң ынжык, жазганчаак болот..
Аялын баалай билген эркектин эл алдында абройу артат, эңсеси көтөрүңкү жүрөт..
Аял - назик гүл! Аны баптап күтө билсең, үйүңөн күндө жыпар жыт аңкып турат..
Аялдын бетине тырыш түшкөн менен, жүрөгүнө тырыш түшпөйт..
Аял менен айтышпа!
Аны тыңдап, колдоп, коргой билсең жеңиш сенде болот!
Аялды урба, сөкпө, тилин чыгарасың. Тили чыккан аял тикенекке айланат...
Аял өтө сезимтал жан. Сезгенин айтса, ишенимсиздик таанытпа..
Тууганың менен жакындаткан да аял, алыстаткан да аял. Тууган-урук менен таттуулук - аялдын тилинде. Таттуу тил табыштырат, заардуу тил чагыштырат.
Аялдын жүрөгү жамандыктан тилинет. Тилинген жүрөктү жамаган менен тыртыгы калат. Эси бар эркек аялынын жүрөгүн бүтүн калпында кармайт.
Аялдын жанын түшүнгүң келсе, деңизге түш, терең туңгуюгуна көз сал, толкундар менен ойно.
Сулуулук менен жылуулук аялда!
Сулуулугуна тамшанып, жылуулугунан кубат аласың. Аялды баалай бил! Өмүрүңдү жайнаткан да, кара казанды кайнаткан да аял!
Урматтуу аялдар коому! Ар бириңе бакыт тилейм! Силердин көзүңөрдөн бир тамчы жаш көргүм келбейт. Жаныңарда башыңарды баалай билген жан болсун🖤🌸💐
https://t.me/hadissskg
