en
Feedback
🌸 АЯЛ СЕН АСЫЛСЫН🌸

🌸 АЯЛ СЕН АСЫЛСЫН🌸

Open in Telegram

Ассаламу алейкум Айымдар үчүн гана✅ Мырзалар кирүүгө ❌ Бирин бири колдоп Билим алуусуна Чоогу өсүү үчүн ачылган канал✔️

Show more
3 462
Subscribers
No data24 hours
-197 days
-8930 days
Posts Archive
Кайрылуу!!!! ~~~~• Урматтуу айымдар •~~~
Кайрылуу!!!! ~~~~• Урматтуу айымдар •~~~

Аял затын гүлгө абдан окшоштурам. Негизи аял заты баары гүл сыяктуу назик,сулуу, ажарлуу болушса керек. Анткени гүлгө көңүл буруп, жакшылап карап, өз убагында тамагын берип турса алар даайыма гүлдөп, жайнап турушат да. Анысы кандай эркектер баардыгынан кем кылбай, камкор болуп, гүлдөй назик, аяр мамиле кылса аялдар дайыма гүлдөп, супсулуу болуп,жайнап турат беле дейм да. Тилекке каршы бизде андай эркектер азайып бараткан сыяктуу. Айла жок анан гүлгө окшош аялдарыбыз тышка чыгып, эркек уйго кирип аял болуп, өздөрүн карабай, багылбаган гүл сыяктуу соолуп бараткандай... https://t.me/hadissskg

🌹 ~ Турмушка чыккан аялдар жакшы, жарашыктуу кийинип, сулууланып, күзгүгө бой-келбетин карап жүрмөгү абзел, муну ал башка эркектерди суктандыруу, аларды артынан ээрчитүү үчүн жасабайт, өзүнүн күйөөсүнө жакшы көрүнүү үчүн жасайт. 🕊 БАКТЫЛУУ ҮЙ-БҮЛӨ

⭕️ • ХАДИС. "Бир момун аялына ачууланбасын! Жаман мүнөзү бар болсо жакшы мүнөзү да бардыр. "Аял алсыз жаратылган. Алсыздыгын унчукпастан жеңгиле! Үйдөгү кемчиликтерин көрбөгөнгө аракет кылгыла!”  1.Муслим 2.Ибни Лал •~•~•~•~•~•~•~•~•~•~•~•~

Ассаламу ъалайкум рахматуллохи ва баракатуху. 🌹🌹🌹      Аллах таалага чексиз шүгүрлөр жана мактоолор болсун .   Пайгамбарыбыз алейхи саламга салават айтууну унутпаңыз😊 🌺"Аллалумма солли ала набиййина Мухаммад."🌺 ЖУМА МААРЕК БОЛСУН!🌹

глаза видят красоту в том, что научилось любить сердце. научитесь любить Аллаха и вы увидите красоту во всем, что Он предопре
глаза видят красоту в том, что научилось любить сердце. научитесь любить Аллаха и вы увидите красоту во всем, что Он предопределил.🌸

Кече Ош тарапта 25 жаштагы бир келин каза болуптур. Дароо экспертиза кылынып, биздин доктур аталмыштар: " ал кыз өзү даары ичип, өзүн-өзү өлтүрдү, өз жанын өзү кыйды" деп экспертизанын жыйынтыгын айтыптыр. Жеңесинин (кыздын акесинин аялы) айтуусуна караганда, кыз турмушка чыккандан кийин, ар жеринде көгала пайда болгонун, анан да кыз ар дайым төркүнгө келгенде жеңесине күйөөсү уруп атканын айтып берет экен. Ошондон, ал кыздын өлүмүнө күйөөсү себеп болгон деген ойлор айтылып жатат. Макул эми. Аллахым эжебиздин жайын жаннаттан кылсын. Жаткан жерин бейиштин бакчаларынан бир бакча кылсын. Эми менин эркектерге, өзүн эркекмин деп жүргөн ага-инилерге бир ооз сөзүм бар. Ээ жигиттер эмне эле болуп баратабыз? Ушунчалык күчтүү болуп кеттикпи эмне? Же урганга аялдарыбыздан башка адам таппай калдыкпы? Же аялдарын кордомой, өлтүрмөй мода болуп жатабы? Эмнеге мындай мыкаачы болуп баратабыз? Биздин урпагыбызды улай турган ошол аялдарыбыз го,(каттуу айтсам кечирим сурайм ) Биздин кумраыбызды кандыра турган, жаныбызга рахат таруулай тургандар да аялыбыз го. Байкуш кыз ата-энесин таштап сенин жанына келип жашап атат го. Сенин атаңды "кайната" дебей "ата" деп, апанды "кайнене" дебей "апа" , "эне" деп жатат го. Биз үчүн өмүрүн берип жатат го аялдарыбыз. А бизчи? Биз эркектер эмне кылып жатабыз? Аялдарыбыздын ушунча эмгегине айтылган рахмат ушулбу? Же биз пайгамбарыбыз Мухаммад алайхис саламдан ушундай осят алдык беле? Пайгамбарыбыз Мухаммад алайхис салам акыркы хутбасында биз эркектерге: "Аялдарынарга жумшак мамиле кылгыла" деп айткан эле го. Урматтуу жигиттер. Аялдар бизге Аллах тараптан берилген аманат. Биздин милдет: Аялдарыбызды уруу эмес - балким эркелетүү, көңүлүн көтөрүү. Аларды кордоо эмес - колдоо. Жаман сөздөрдү айтып, көңүлүн оорутуу эмес - балким, жакшы, ширин сөздөрүбүздү айтып, көңүлүн көтөрүү. Эртең Аллахтын алдында бул аманат туурасында өтө катуу сурак беребиз жигиттер. Ойлонолу. Аялыбыз - бир ата-эненин эрке кызы, бирөөнүн эжеси, бирөөсүнүн карындашы. Эми өзүң ойлочу, сенин кызыңды эртең келечекте бирөө ошондой кордосо, көгала кылып урса, тепсе сен эмне кыласың? Кандай абалда каласың? Же каалайсыңбы өз кызыңа ушунча азапты? Жок албетте, каалабайсын, ыраа көрбөйсүң туурабы? Аялыңды да ушундай ойло тууганым. Урматтуу агам (иним) эгерде үйдө падышадай жашоону кааласаң, аялыңа ханышадай жашоо куруп бер. Ошол сенин милдетиң!!! Ойлонолу жигиттер, ойлонолу. Күчүбүздү - керек жерде, күч иштетиле турган адамдарга иштетели, аялдарыбызга эмес! Баарыбызга тиешелүү!!! © Мухаммад Абилов

Кыйынчылык келген учурда сабыр кылуу "Ыйман",- деп аталат. Ырыскың тар болуп, тамак-аш аз болгон кезде сабыр кылуу "Каниет",- деп аталат. Бирөөнүн сырын сактап эч кимге жарыя кылбай сабыр кылуу "Сыр сактоочу",- деп аталат. Достукту сактап калуу үчүн кыйынчылыктарга сабыр кылуу "Убадага бекем, убаданы аткаруучу",- деп аталат. Кимде ушул төрт касиет болсо, ал чыныгы момун.✨ ~ "Адам адеби" китебинен🕊

Насыят Мейли болсун жер жүзүнүн султаны. Калат ажал чеңгелинде бул дагы. Тапсаң дагы Кызыр.Илыяс жашоосун. Эй адамзат бул дүйнөдөн өтөсүң Нухтун жашын жаша. мейли карабайт Азиз жанды ачуу ажал жаралайт Сопу Аллаяр

Абу Хурайра (радияЛлаху анху) риваят кылат, Пайгамбар ﷺ айтты: “Эгер аял беш убакыт намазын окуса, орозо айын тутса, уяттуу жерин арамдан сактаса жана күйөөсүнө моюн сунса – ага айтылат «Бейиштин [сегиз] эшигинин каалаганынан Бейишке кире бер!», — деп” (Ибн Хиббан: 1296; Сахих аль-Жами’: 660).

photo content

Каналыбызда макала үчүн реакция сурайбыз, Амалдар үчүн бизге Аллахымдан кандай реакция болду экен....💔 Өкүнүчтүү 𝓝𝓪𝔃𝓴𝓸✍️

A Аял үй-бүлөлүк милдеттерин этиятсыз аткарышы же күйөөсү жек көргөн нерсени жасашы мүмкүн, бирок ал үй-бүлөлүк жашоосун сактап калуу үчүн буга чыдашы керек ... ❤️Эгер күйөөсү аялынын кемчиликтерин байкаса, анда анын жакшы сапаттарын көрүшү керек. 📚 Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтты: "Ыймандуу эркек ыймандуу аялды жек көрбөшү керек, эгерде анын инсандык касиеттеринин бири жакпаса, анда экинчисине ыраазы болот". Муслим №1469.✅

Күндөрдүн бир күнүндө шакирти устазынан сураптыр: - Максатка жетүү үчүн каалоо кандай болуш керек? Устазы сууга жетелеп алып барыптыр да күтпөгөн жерден сууга башын тыгып думуктура баштаптыр. Шакирти аба жетпей өлүп калбашы үчүн суудан башын чыгарууга аракет кылыптыр. Устазы чыгуу аракетине карабай сууга башын тыга бериптир, бир нече ирмем сууда кармап, шакиртин коё берип,  устазы ага суроо бериптир. ⁃ Кандай каалоо болду? ⁃ Эч нерсеге карабай, кандай болсо да суудан чыгышым керек болду. ⁃ Максатка жетүү үчүн ушундай каалоо керек», - деген экен устат.

📍Катталуу үчүн ватсап группага кирип Куран Курска катталам деп жазыңыз https://chat.whatsapp.com/IuLh2JwOkgr5zRW7wYzUp5 ✨Куранды тез, эч кыйынчылыксыз, үйдө отуруп эле окуп калгыныз келеби?   Анда сиз туура жерди таптыныз!🤗 ✅ *«Ясина Академиясы»* Онлайн Куранды нөлдөн баштап үйрөнүү курсуна кабылдоо жарыялайт!🌹 Биз менен сиз: 📚1-2 Айда араб тилинин тамгаларын таанып, шар кошуп окуп каласыз (БАШТАЛГЫЧ КУРАН КУРСУ) 📚 3 чү айда Куран окуу эрежелерди мыкты уйрөнүп, катасыз Куран окуп каласыз Ин Шаа Аллах. (ТАЖВИД КУРСУ) 📚Сабактар өтө женил форматта берилген 📚 Баардык тапшырмаларды практика жүзүндө аткарасыздар 📚 Устаза ар дайым сиз менен байланышта болот, сабактарды күнүгө тапшырасыздар, бир дагы сабак түшүнүксүз калып калбайт.☝️ 🎁 Эн негизгиси ар бир окуучуга эн баалуу *“Курани Карим китеп менен Тажвид китеби”* белек болуп берилет!😍 🔸 Жакшы окуп бүткөн окуучуларга *сертификат* ыйгарылат! 📚Ал эле эмес Аллахтын сүйүктүү жамаатына кошулуп, өзүнүздү руханий жактан азыктандырылып жатканынызды сезип турасыз!☺️ 📚Жана дагы Сиздин акыретиңиз үчүн чон бонус катары, Тажвид сабагын аяктаган соң *«Ясина академиянын»* _Куран Хатм(Куранды толук окуп чыгуу)_ түбөлүктүү жамаатына кошуласыз! Ал жерден ар дайым мусулман эжекелер менен биргеликте Куран окуп, илиминизди бышыктайсыз!✨ 📘Ошондой эле биздин баракчада АКЫСЫЗ ар жума сайын: - ТААЛИМДЕР - Акыйда илими - Марафондор өтүп турат🌹 📍 Катталуу үчүн ватсап группага кирип Куран Курска катталам деп жазыңыз https://chat.whatsapp.com/IuLh2JwOkgr5zRW7wYzUp5

Жигиттер үйлөнөрдө ушул 2 суроону өзүңүздөргө берип көрүңүздөр. 1/Эгерде мен ушул тандап жаткан адамга үйлөнсөм тагдыр болуп эки буту баспай калса баштартпай өз көмөгүмө алып карай аламынбы? Аны менен андан ары жашоомду улантамынбы? 2/эгерде тагдыр болуп бала төрөй албай жалгыз болуп калса туура кабыл алып баарына дайынмынбы? Эгер ооба дайынмын деген болсоңуз ойлонбостон Бисмиллах деп үйлөнүңүз😊 Үйлөнүү бул бактылуу болуу эмес, бактылуу кылуу. https://t.me/hadissskg

Сиздин жайнамазыңыз топурак болгон я Расулуллах ﷺ. Азыркы жайнамаздар  эң жакшы гилем болду бирок намаз окулбай атат я Расулуллах ﷺ. Түнү таң атканча намазы окуйт элеңиз я Расулуллах ﷺ. Сиздин үммөтүңуз болсо <<жүрөгүм таз>> деп намаз окулбай калды я Расулуллах ﷺ. 🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂 ♻️https://t.me/hadissskg

Энеден Сурашты —Кайсы Балаңыз ды көбүрөөк жакшы көрөсүз ? Ошондо Эне жылмайып туруп жооп берди —жакшы болуп кеткиче ооруп жат
Энеден Сурашты —Кайсы Балаңыз ды көбүрөөк жакшы көрөсүз ? Ошондо Эне жылмайып туруп жооп берди —жакшы болуп кеткиче ооруп жаткан баламды  Кайтып келгиче Сапарда жүргөн Баламды Чоңойгуче кичине баламды Меримдуу энелердин эч качан көңүлү чөгүп оорубасын 🍃🍃🍃🍃🍃🍃🍃🍃 ♻️https://t.me/hadissskg

Абу Хурайра (радияЛлаху анху) риваят кылат, Пайгамбар ﷺ айтты: “Эгер аял беш убакыт намазын окуса, орозо айын тутса, уяттуу ж
Абу Хурайра (радияЛлаху анху) риваят кылат, Пайгамбар ﷺ айтты: “Эгер аял беш убакыт намазын окуса, орозо айын тутса, уяттуу жерин арамдан сактаса жана күйөөсүнө моюн сунса – ага айтылат «Бейиштин [сегиз] эшигинин каалаганынан Бейишке кире бер!», — деп” (Ибн Хиббан: 1296; Сахих аль-Жами’: 660).

2-сабак Араб тамгалары менен жакындан таанышуу. Каналга катталып жаңы сабактарды калтырбай көрүңүздөр. https://t.me/hadissskg