cookie

We use cookies to improve your browsing experience. By clicking «Accept all», you agree to the use of cookies.

avatar

أنت في قلبي🫀

Акыңар жок сүйүүдөн уялууга, Сүйгүлө, сүйүлгүлө, кубангыла. Алтын - күмүш, байлыктан эмне пайда? Ак сүйүүсүз жүрүүдөн уялгыла...

Show more
Advertising posts
1 372
Subscribers
-1124 hours
-137 days
-12530 days

Data loading in progress...

Subscriber growth rate

Data loading in progress...

АКЫМ БАРБЫ СҮЙҮЛҮҮГӨ, СҮЙҮҮГӨ Өзүмдү ойлоп, өрттөнбөдүм, күйбөдүм, Өзүм үчүн, оокат кылып жүрбөдүм. Өздүгүмдү унутсам да асылым, Өзүңдү эстеп жашап жүрөм сүйгөнүм. Капа кылат, кайдыгер бул мамилең, Кайдан, кимден, алам айтчы жаңы дем? Кайпаластап сени гана сүйүп мен, Кантсең дагы өзүң үчүн жан үрөйм. Эми мен да,  сый көрсөтсөң сыйлаймын, Эссиз болсоң, мен да сени кыйнаймын. Деген менен дале жүрөк даа бербей, Делбирим ай, жамандыкка кыйбаймын. Акым жокпу,  ашык болуп сүйүүгө, Акым жокпу, бакыт даамын билүүгө. Алоолонуп сен деп соккон жүрөгүм, Ашыктыктыктын  тозогунда күйүүдө.
Show all...
❤‍🔥 1
00:10
Video unavailableShow in Telegram
4.80 MB
🕊 2😍 1
МАХАБАТ ПЕРИШТЕСИ Мен өзүмдү жүрөм сен деп жеп ичтен, Тартынамын бирок жакын келиштен. Махабаттын периштеси сен белең? Жер бетине келген кокус бейиштен. Сени көздөй алып учуп сезимдер, Ашык болгом алгач көргөн кезимден. Күндүз оюм, түндө ырым ээлеп сен, Чыкпас болдуң жатсам-турсам эсимден. Сүрдөй берем кокус жолдо кезиксең, Сүйөрүмдү улам айтып мен ичтен. Сүйүү берчи, бакыт берчи бир тутам, Ак сүйүүмдү көздөрүмдөн сезип сен.
Show all...
❤‍🔥 6
Тахаджутта дуба кылам жаратканга мен, Дубаларым мазмуну жалгыз гана сен. Жараткандан дуба кылып күтүп жүрөм, Жубай болуп, ыйманымды толукта сен. Гүлүм🫰🏻🫀 Автор: Мухаммад Абилов
Show all...
❤‍🔥 7😇 2
Сен келечектеги жарындын кандай болуусун кааласан, Озун да ошондой бол. Сен жарындын таза болуусун, эч ким менен суйлошпоосун каалайсынбы? Анда сен да таза бол, эч ким менен суйлошпо!!! Тазалар - тазалар учун... Бардык журоктор Аллахтын колунда. Аллах Таала эч качан таза журок менен кир журокту бирге кылбайт!!! Ойлон тууганым. Мен али жашмын, ойноп-кулуп алайын, журуп алайын, жаштыктын доорун суруп алайын, уйлонгондо (турмушка чыкканда) жакшысына уйлонуп алам (тийип алам) дебе!!! Сен кандай болсон - сага да ошондой жолугат. Андыктан козунду ач!!! Жаштыгынды бекер эле, пайдасыз откоруп жибербе! Аллахым баарыбызды туура жолдон адаштырбасын. Жаман создон, жаан коздон сактасын. ААМИИН... ✍🏻 Мухаммад Абилов
Show all...
8
Эфирге кириңиздер жакшылар
Show all...
Эфир ачылды кириңиздер
Show all...
Ассаламу алейкум урматтуулар. Бүгүн Москва сааты боюнча 18:30 да ушул каналда түз эфир жакшы сөздөр болот. Баарыныздар даяр туруңуздар. Баарыңыздарды эфирден күтөм ✊💚
Show all...
😍 6👏 1
Баса Мукутай деген мен, атам эркелетип ошентип койот😁
Show all...
🤣 5❤‍🔥 3
Ата-энем менен болгон маек Ата-энем, иним бир жумадан бери ооруп төшөктөн тура албай жатышат. Мен кызматта. Бүгүн түшкү тамакты мен жасадым, даамы бир аз ачуурак болуп калыптыр, тузду көбүрөөк салып коюпмун. Тамакты салып, дасторконго коюп баарыбыз тамакка отурдук, атам биринчи баштап бир кашык жеп эле: - Ммммм, Мукутай келинге каттуу ашык болгон окшойсун го ээ, тамактын тузу өтүп кетиптир гоо - деди. Мен сыр билгизбей: - Билбейм ата, мага сезилбеди - десем, Апам: - Бул баланын ой-кыялы Гүл.....да, тойгоздун го эй. Кичине оюнду жыйначы, адам ушунчалык да ашык болобу? - деп сүйлөндү. - Эй катын, бул баланы үйлөбөсөк болбой калды окшойт - дейт атам. Апам бул сөздү угуп бир саамга ойлонууп отурду да: - Балам, кызың Москвада беле? - Ооба, ушул жерде - Айт кызыңа адрессин берсин. - Эмнеге апа, эмне кыласыз анын адресин? - Ой тообо эмне кылат элем бир аз айыгып алып жуучулукка барабыз да. Туурабы атасы? - деп апам атамды карады. Атам: - Ооба туура. Балам сени үйлөбөсөк болбой калды окшойт. Ой-кыялыңдын баары ошол кыз. Эмне кылып атасың, эмне жеп жатасың, каяка баратасың билбейсиң. - Ата-апа ооба мен каттуу ашык болдум. Бирок, кыз жаш да эртең сиздер анын колун сурап барсаңыздар ата-энеси баарибир каршы болот. Кызыбыз али жаш дейт. - А жаш болсо эмне болуптур? Эгер азыр бербейм десе күтөбүз. Сен келинге айт, дарегин берсин. Биз атаң экөөбүз барып, ата-энесинин алдынан бир өтүп коёбуз. Жакшылап сүлөшөбүз, ыраазы болбосо ыраазы кылабыз. Кыскасы сен дарегин алып бер, калганын бизге кой. Ата-энесин ыраазы кылып, келинге сөйкө салып койобуз. Анан кыз чоңойсо той кылабыз - деди. - Макул апа мен дарегин сурап көрөйүнчү - дедим. Ушуну менен баарыбыз дуба кылып туруп кеттик. Мен учуп жүрөм го чиркин... Дүйнөдө менден өткөн бактылуу инсан жок го азыр😁🫀 © Мухаммад Абилов 13.06.2024
Show all...
❤‍🔥 5🕊 4👏 1🤣 1