en
Feedback
Жᥲн дүᥔнөⲙ✨🕊

Жᥲн дүᥔнөⲙ✨🕊

Open in Telegram

• Китептер • Турмуштук окуялар • Күндөлүк ойлор • Автордук чыгармалар • Поэзия • Жандуу үн Бул менин дүйнөм. Менин дүйнөмө кош келдиң окурманым✊💚 Мухаммад Абилов

Show more
1 441
Subscribers
No data24 hours
-17 days
-1130 days
Posts Archive
Дуба кылып турунуздар, аман эсен жетип алайын... 🇰🇬

Узак айрылуудан кийин Мекениме баратам. Унаадамын. Сезимдер өзгөчө, мекенимди сагыныпмын... Аз калды мекеним, 1 кун калды. Бир күндөн кийин сага жетем. Сени абдан сагындым Жүрөгүм менин Мекеним🇰🇬❤️ © Мухаммад Абилов

Юсуф сүрөөсү. Окуган: Мухаммад Абилов

Жүрөгүбүздүн төрүнөн сенден башка кимге орун берген болсок, ошол инсандар менен сыналдык. Оо Аллахым кечир бизди...... © Мухаммад Абилов

"Ашык болгум келип жүрөт 🕊🫀" Билбеймин, мага эмне болду Алла, Көп издедим, издей берем мен дагы да. Ашык болгум келип жүрөт оо Жараткан, Жүрөгүндө ыйманы бар, бир сулууга. Көргөнүмдө сени эске салып турган, Ыйманымдын жарымын толуктаган. Сооп иштерди же жакшы амал кылганымда, "Аллах үчүн кылыңыз" деп айтып турган. Эмне кылсам, дайым мени колдоп турган, Каш - кабагын бүркөбөстөн, күлүп турган. Мен урушсам, эркелеп мага дайым, Балдарыма мыкты эне боло турган. Автор: Мухаммад Абилов

Ашыктыкка аныктама Ашыктык - адамды бирде акын кылат, Ашыктыктын себебинен канча ырлар, канча дастандар, канча роман, повесттер жазылат. Бирде шарапсыз эле мас кылат. Болгондо да ушундай мас кылат дейсиң... Көзүңө андан башкасы көрүнбөй калат. Кудум эле дүйнөдө андан сулуу, андан жакшы адам жоктой... А кээде ушунчалык күчтүү кылат. Ал адамга үйлөнүү (турмушка чыгуу) кыйынчылык, машакат жарата турганын билсе да, өмүрүн тобокелге салып, аягына чейин күрөшүүгө шык, дем берет. Анан да кээде ушунчалык алсыз кылып койот. Өзүнчө эле бук болуп, сыгылып, кыйналып жүрө бересиң. Ушундай бир учурлар болот - ушундай чоң ааламга батпай каласың. Айтор, ашыктык - адамды ар нерсе кылат. Ашыктык бул - өзгөчө бир сезим...✨🕊 © Мухаммад Абилов

Сүйүү - кемчиликсиз адамды табуу эмес, Кемчиликтерине карабай сүйө билүү… с. Мухаммад Абилов

Сен жазасын бир, эки сүйлөм, Аны кайра кайра окуй турган мен. Сенин дагы жазышын үчүн, Ар кандай шылтоо тапкан дагы мен❤️ Ашыгым🫀 © Мухаммад Абилов

Нашид ырдап көрдүм) Окшоптурбу?

✨🕊

Саат 02:30 Мен уктабай сенин жазышыңды күтүп жатам... Сени күткөнчө "инстаграмга" бир кирип коёюн деп кирсем өзүнчө эле "ДШБ" видеолор чыгып алыптыр. Бир аз барактадым, карасам баары эле "ДШБ". Анан өзүмө өзүм: - "Ээх, буларды мен неге убакыт кетирип көрүп жатам. Анан да мага пайдасы жок неме экен. Менин сүйгөнүм бар, мен аны абдан сүйөм. Ал мени сүйбөсө да макул. Мен өзүм аракет кылып жүрүп сүйдүрүп алам. Эң башкысы мен "ДШБ" болуп жаткан жокмун жана болбоймун дагы. Мен суйгөнүмө сөзсүз жетем" - дедим да инстаграмдан чыктым. Анан сени күтүүнүн жаңы ыкмасын ойлонуп отуруп акыры таптым. Мен сенин жазаарыңды китеп окуганча күтүүнү уланттым... Гүлүм 🫀 #түндөгүойлор с. Мухаммад Абилов

Voice message00:49

Кээде ушундай бир учурлар болот, башыңа бир сыноо келет. Анын артынан дагы башка сыноолор келе берет, келе берет. Бир сыноодон сынбай, жеңип өтсөң, кийинкиси келет. Сыноолордун оордугунан, машакатынан, кээде туруп ыйлагың келет (эркек башың менен.)Үстөккө-босток, айланаңда сен "жакыным" деп жүргөн инсандардын баары сени таштап кетет. Сыноолор менен жалгыз каласың... Башыңа мүшкүл иш түшкөндө, кимдин ким экенин билесиң. Айланаңдагы адамдардын бет кабы (маскасы) чечилет. Бирок айла жок чыдайсың. "Бул күндөр да өтөт" деп өзүңдү өзүң алдап жашап каласың. Бирок унутпа, бул күндөр да өтөт. Бул кыйынчылыктардын, сыноолордун артынан сөзсүз бактылуулук келет. Сен кыялданган жашоо келет, сен каалаган үйүңдө жашайсың, кыялданган машинаны айдайсың, өзүң кыялданган адам менен турмуш куруп, чогуу бактылуу жашайсың. Ошол күн келгенге чейин сен сынба, чөкпө, аракеттен токтобо. Сен аракетиңди кыла бер. Калганын Аллахка тапшыр. Буйруса баары жакшы болот. Сен өзүңө ишен, сен өзүңө ишенбесең сага эч ким ишенбейт. Ушуну унутпа!!! Сынба, чөкпө, түңүлбө. Келечегиң үчүн, максатыңа жетүү үчүн, мыкты инсан болуу үчүн аракет кыл. Сенин колуңдан келет. Мен сага ишенем. Максатка карай бараткан жолуң шыдыр болсун, чарчаба сүйүктүү окурманым...✨🕊 © Мухаммад Абилов

Биз Аллахка канчалык баш ийсек, Аллах Таала биздин даражабызды көтөрүп коёт...✨🕊 © Мухаммад Абилов

Кадыр түн маарек болсун жалпыга...✨🕊
Кадыр түн маарек болсун жалпыга...✨🕊

Сени бир көрдүм да, ашык болдум... Жүрөгүм❤️ © Мухаммад Абилов