2 135
Subscribers
+8424 hours
+307 days
+22230 days
- Subscribers
- Post coverage
- ER - engagement ratio
Data loading in progress...
Subscriber growth rate
Data loading in progress...
*📘 ТАНДАЛГАН ХАДИСТЕР*
Жабир (разияллоху анху)дан риваят Пайгамбар (саллаллооху алейхи ва саллам): *«Намазга коомат айтылганда, асмандын дарбазалары ачылат, Дуба кабыл болот»* - деди. (Муслим)
🍃🍀🍃🍀🍃🍀🍃🍀🍃🍀
Айша (разияллоху анха)дан риваят Пайгамбар (саллаллооху алейхи ва саллам): *«Алла Таала саптын оң жагында тургандарга ырайым кылат, а периштелер алар үчүн кечирим дубасын сурашат»* - деди. (Абу Дауд)
*🕋 ТАНДАЛГАН ХАДИСТЕР*
*________*
📍instagram.com/tandalganhadister_
📍youtube.com/@tandalganhadister
📍tiktok.com/@tandalganhadister
🥏whatsapp:⤵️
📍wa.me/+996704-99-32-87
👍 1
*1-КҮН*
*➣ БИСМИЛЛАХ*
*АЯТ:*
*“Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен!”* (*“Фатиха”* сүрөсү: 1-аят ).
*🌴ХАДИС:* _“Ал (“Бисмиллах”) - Аллахтын ысымдарынан бири болуп саналат. Аллахтын эң улуу ысымдары менен Бисмиллахтын жакындыгы көздүн агы менен карасы сыяктуу”_.
*🌴ОКУЯ:* АР БИР ИШТИН БАШЫ - *“БИСМИЛЛАХ”*.
Мындан бир топ кылым илгери Ислам динин бекем кармаган Салиха аттуу бир такыбаа аял жашап өткөн экен. Анын жакшы бир адаты бар эле. Ал ар бир ишин ар дайым *“Бисмиллах"”* деп баштачу. Бирок анын жолдошу Ислам динине көп деле маани бербеген адам эле. Ал аялынын *“Бисмиллах”* дегенин укканда эле: *“Ар дайым эле* *“Бисмиллах” деп айта бергендин эмне кереги бар?!”* деп өзүнчө кыжыры кайначу.
Бир күнү ал ойлонуп отуруп жубайыма ар дайыма эле *“Бисмиллах”* деп айтуунун эч пайдасы жок экенин бир көргөзөйүн деген максатта ага бир кисе алтын берип, аны ишеничтүү жерге сактап коюусун эскертет. Жубайы кисени алаарда дагы *“Бисмиллах”* деп төркү бөлмөнү көздөй жөнөйт. Күйөөсү анын артынан билгизбей ээрчип, тымызын аңдыйт. Жубайы төрдөгү сандыктын жанына келип, сандыктын оозун *“Бисмиллах”* деп ачып, колундагы кисени салып коёт.
Арадан бир-эки күн өткөндөн кийин күйөөсү сандыкка жашыруун барып, андагы кисени алып, сыртты көздөй шашыла жөнөйт. Айылдын чет жакасында жайгашкан кудукка келип, кисени кудукка ыргытып жиберет. Анан үйүнө келет да, жубайына *“Салиха, акча керек болуп жатат, кисени алып келчи!”* дейт. Жубайына кытмыр карап, *“Ии, эми кантээр экенсиң?..”* деп ичинен кымыңдап отурат. Келинчеги төркү бөлмөгө кирип: *“Бисмиллах”* деп сандыкты ачат. Караса, кисе бир аз сууланып калыптыр. Салиха: *“Кызык, бул кисе кайдан жүрүп сууланып калган?..”* деп өзүнчө күбүрөнүп таң калат. Жолдошу төркү бөлмөдөн чыгып келаткан жубайынын колундагы кисени көрөөр замат мууну калчылдап, апкаарый түшөт. Бир саамдан соң үнү дирилдеп: *“Билесиңби, Салиха! Кисени кудукка мен өз колум менен ыргыткан болчумун.* *“Бисмиллах”* деген сөз сени уят кылган жок. *“Бисмиллахтын”* *кереметине эми ишендим! Кечир мени, күнөө менден кетти”* деп көзүнөн жашы тегеренип кеткен экен.
*📘Булагы: Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен*.
Даярдаган: *ТАНДАЛГАН ХАДИСТЕР* ЖАМААТЫ..
*🕋ТАНДАЛГАН ХАДИСТЕР*
*________*
📍instagram.com/tandalganhadister_
📍youtube.com/@tandalganhadister
📍tiktok.com/@tandalganhadister
📍t.me/tandalganhadister_kg
🥏 whatsapp ⤵️
📍wa.me/+996704-99-32-87
👍 1
ОТКУДА ТЫ ❓
РОССИЯ 🇷🇺 (45%)
АРМЕНИЯ 🇦🇲 (25%)
УЗБЕКИСТАНА 🇺🇿 (15%)
УКРАИНА 🇺🇦 (15%)
ДРУГИЕ 🌍
Пайгамбар айтты: "Кимде-ким кайгыга, же туйшукко же ооруга же кыйынчылыкка кабылганда"
«АЛЛАХУ РОББИ, ЛАА ШАРИИКА ЛАХУ》 Аллах менин раббим, анын шериги жок
-деп айтса, анда ал нерседен кутулат - деди.
https://chat.whatsapp.com/HCdfBwpHJWrLNbZNQ5RVjl
👍 1
*➣ЗАКАРИЯ А.СДЫН ДУБАСЫ*
*رَبِّ هَبْ لِي مِنْ لَدُنْكَ ذُرِّيَّةً طَيِّبَةً ۖ إِنَّكَ سَمِيعُ الدُّعَاءِ*
*🌴ОКУЛУШУ:*
*⪻Робби Хаб лии мил-лядунка зуррийатан тайиба иннака сами' уд-ду' аа⪼*
*🌴МААНИСИ:*
*⪻Оо, Роббим мага такыба урпак насип кыл..! Чындыгында, Сен дубаларды угуучусуң⪼* ⦅Аль Имран: 38⦆
*🕋 ТАНДАЛГАН ХАДИСТЕР*
*_________*
📍instagram.com/tandalganhadister_
📍youtube.com/@tandalganhadister
📍tiktok.com/@tandalganhadister
📍t.me/tandalganhadister_kg
🥏 whatsapp ⤵️
📍wa.me/+996704-99-32-87
➣ *МУСА А.СДЫН ДУБАСЫ*
*رَبِّ إِنِّي لِمَا أَنزَلْتَ إِلَيَّ مِنْ خَيْرٍ فَقِيرٌ*
*🌴ОКУЛУШУ:*
_⪻Робби инни лима анзальта иляййя мин хайрин факир⪼_
*🌴МААНИСИ:*
*⪻Роббим, сен жиберген ар бир жардамына муктажмын⪼*
*🕋 ТАНДАЛГАН ХАДИСТЕР*
•┈┈┈┈•❈••✾••❈•┈┈┈┈•
📍instagram.com/tandalganhadister_
📍youtube.com/@tandalganhadister
📍tiktok.com/@tandalganhadister
📍t.me/tandalganhadister_kg
🥏 whatsapp ⤵️
📍wa.me/+996704-99-32-87