🌐BATKEN_TV
🇰🇬Баткендиктер үчүн атайын Telegram каналы! 🌎 Жаңылыктар биздин каналда! 📽 видео жаңылыктар болсо бизге жөнөтүңүз, каналга чыгарабыз 👇 @Batken_Tvbot
Show more1 102
Subscribers
-524 hours
-277 days
-12630 days
- Subscribers
- Post coverage
- ER - engagement ratio
Data loading in progress...
Subscriber growth rate
Data loading in progress...
Photo unavailableShow in Telegram
❗️Эми жол эрежесин бузган электр самокаттын айдоочусу айыпка жыгылат. Мыйзамга Садыр Жапаров кол койду.
Самокат, скейтборд, гироскутер, сигвей жана монодөңгөлөк тебүү эрежелерин бузгандарга 1000 сом айып салынат, мас абалында айдагандар 3000 сомго жазаланат.
00:27
Video unavailableShow in Telegram
#Бул кызыктуу
Японияда тыюу салынган тамак катары саналган уулуу балык
Фугу балыгы - жапон ашканасынын эң белгилүү тамагы. Бул балык өтө уулуу жана туура эмес бышырылган болсо, аны жеген адам өлүп калышы мүмкүн. Ошондуктан фугу атайын ресторандарда даярдалат.
Бул тамакты даярдаган ашпозчулар атайын окуудан өтүп, уруксат алышы керек. Уруксат алуу үчүн практикалык тестирлөө учурунда алар өз колдору менен жаңы эле даярдаган тамакты жеш керек болот.
448213317_8060581170626747_3579839265360371785_n.mp42.23 MB
Кыргызстанда кан берген донорлордун пенсиясын жогорулатуу сунушталууда
Мыйзам долбоору парламентте иштелип чыккан. Учурда өлкөдө "КР ардактуу донору" төш белгиси менен 1554 жаран сыйланган, 810у пенсионер.
Алардын пенсиясына 1997-жылдан бери акча кошула элек. 27 жыл бою пенсияга кошумча 100 сом гана каралган. Депутат Нуржигит Кадырбеков аны 1000 сомго чейин көбөйтүүнү сунуштады.
Эл өкүлү пенсияга кошумча төлөмдөрдү көбөйтүү башкаларды донор болууга шыктандырат деп эсептейт.
Photo unavailableShow in Telegram
13-июнь – Чакан саякаттар күнү
Жай келип, бирөө чет өлкөгө эс алууга, бирөө тоого саякатка чыгат. 13-июнь жумуштан тойбогондор, алыскы сапарга чыгууга мүмкүнчүлүгү жоктор үчүн кичи саякат күнү деп жарыяланды.
Бүгүн, мүмкүн болсо, жүктөрдү жыйнап, үй-бүлөңүз же досторуңуз менен жок дегенде бир күнгө кичинекей саякатка чыгып, көңүл ачыңыз.
❗️Баткенде 2 жашар кыз катуу сабалып, комага түштү
Наристе облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 7-июнда түшкөн. Саламаттык сактоо министрлиги кыз комада экенин, ИВЛ аппаратында жатканын айтты.
“Мээнин жабык жаракаты, мээнин чайкалышы деген диагноз коюлду. Абалы өтө оор деп бааланууда”, — деп билдирди министрлик.
Милиция кылмышка шектүү деп наристенин 40 жаштагы өгөй атасын кармады. Ал Бужум айлынын тургуну экени, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылды.
Photo unavailableShow in Telegram
Кыргызстандыктардын 82,6%ы Садыр Жапаровго ишеним көрсөтөт. Бул тууралуу министрлер кабинети Бишкек мамлекеттик университетинин Коомду изилдөө борбору жүргүзгөн сурамжылоого таянып билдирди.
Сурамжылоо 25инен 31-майга чейин өткөн. Суроолорго телефон аркылуу жана онлайн форматта 1000 адам жооп берген.
Респонденттердин 72,5%ы соңку үч жылда жашоо деңгээли жакшырганын айткан.
00:09
Video unavailableShow in Telegram
Кутман таң, жакшылар! Мал-жан аманбы?
Синоптиктер бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаай турганын билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 25...30, Таласта 24...29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 31...36, Ысык-Көлдө 19...24, Нарын жергесинде 20...25 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 27...29, Ош шаарында 34...36 градуска жетет.
Спорт — ден соолуктун булагы. Көнүгүү жасап турууна унутпаңыз, саламат болуңуз.
Видео: @NationGeographic
IMG_1959.MP41.89 MB
00:09
Video unavailableShow in Telegram
Кутман таң, жакшылар! Мал-жан аманбы?
Синоптиктер бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаай турганын билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 25...30, Таласта 24...29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 31...36, Ысык-Көлдө 19...24, Нарын жергесинде 20...25 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 27...29, Ош шаарында 34...36 градуска жетет.
Спорт — ден соолуктун булагы. Көнүгүү жасап турууна унутпаңыз, саламат болуңуз
IMG_1959.MP41.89 MB
"Аккула" ипподромунда чагылган түшкөн адам каза болгонун социалдык тармактарда жазышууда
Сүрөт: Shtrafkg
00:00
Video unavailableShow in Telegram
Сиздин ватсабыңызга белгисиз номерлерден күнүнө 300 сомдон 50 миң сомго чейин айлык сунуштаган кат келип жатабы?
Ишенбеңиз жана аларга жооп да жазбаңыз.
5312411749_An96fiwwHzatiN7gN0Pv_EdW5v9nSaygKhHGl_6vRKWGDTQjj1pV6.mp427.66 MB