SUPER.KG - Соңку кабарлар
Open in Telegram
Актуалдуу, кызыктуу жана ыкчам маалыматтар. Фейсбук- https://www.facebook.com/Super.kg.Portaly/?ref=pages_you_manage Инстаграм- https://instagram.com/super.kg_official?utm_medium=copy_link
Show more2 857
Subscribers
+224 hours
-87 days
-4130 days
Posts Archive
📌Ош шаарында 5-июнь - Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө арналган иш-чара өттү. Жыйынга шаар мэриясынын өкүлдөрү жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
https://www.super.kg/kabar/news/489042
📌Бүгүн, 5-июнда Баткен облусунун Кадамжай районунда катуу жамгырдан улам сел жүрдү.
https://www.super.kg/kabar/news/489039
Кечээ, 4-июнда Бишкек шаарында Хюндай Портер үлгүсүндөгү 2 унаа кагылышты.
https://www.super.kg/kabar/news/489018
📌Бишкекте жол тескөөчүлөр кырсыктаган жаранга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Кайгуул кызматы билдирди.
https://www.super.kg/kabar/news/489020
📌Кечээ, 4-июнда президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов Ак-Татыр айыл аймагынын эли менен жолукту.
https://www.super.kg/kabar/news/489013
📌Кечээ, 4-июнда “Чон-Капка автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда Орусиядан импорттолуп кирген 24 тонна кебек артка кайтарылды.
https://www.super.kg/kabar/news/489004
📌Кечээ, 4-июнда Беларустун премьер-министри Александр Турчин Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында Бишкек санитардык полигонунун аймагына барды.
https://www.super.kg/kabar/news/489001
📌Ат-Башы районундагы Арпа өрөөнүндө калыңдыгы 15-20 сантиметрге жеткен кар жаады. Бул тууралуу 5-июнда ӨКМдин Нарындагы башкармалыгы кабарлады.
Учурда аймактагы малчыларга жем-чөп жеткирүү иштери уюштурулууда.
Мындан тышкары, ӨКМдин Ат-Башы райондук бөлүмүнөн ыкчам топ аймакка жөнөп жатат. Абал көзөмөлдө экени айтылды.
https://www.super.kg/kabar/news/488998
📌Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 270-271-чакырым аралыгына чоң көлөмдөгү таштар кулап, жол убактылуу жабылды.
https://www.super.kg/kabar/news/488990
Кыргыз, өзбек жана казак кино дүйнөсүнүн таланттуу актёрлорун бириктирген “Наёмщиктер” тасмасынын жабык көрсөтүүсүнө күбө болдук.
Комедия жанрында тартылган фильм көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулап, кызыктуу окуялары жана күлкүлүү эпизоддору менен өзгөчө таасир калтырды. Бул долбоор үч элдин чыгармачыл өкүлдөрүн бир аянтчага чогултуп, маданий байланыштын жана достуктун мыкты үлгүсүн көрсөтө алды.
Жабык көрсөтүүгө тасманын режиссёру, актёрлору жана атайын коноктор катышып, кино тууралуу ойлорун бөлүшүштү.
Кеченин жүрүшүндө тасма жаратуучулары бул кинонун экинчи бөлүгү да жакынкы аралыкта тартыларын, ага белгилүү казак актёру Куандык Шакиржанов катышарын билдиришти.
Толугу менен SUPER.KG медиа порталынын YOUTUBE каналынан көрүңүздөр!
https://youtu.be/Mmzer6bPZ5Q?si=1jJZkHZcnuCzjIqr
2026-жылы АКШ, Канада жана Мексикада өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна 48 өлкөнүн курамынан жалпы 1248 футболчу катышат. Бул тууралуу маалыматты FIFA расмий сайтына жайгаштырды.
https://www.super.kg/kabar/news/488953
📌3-июндан 4-июнга чейин Чүй облусунда "Бандит" аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу облустун милициясынан билдиришти.
https://www.super.kg/kabar/news/488939
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков парламент жыйынында абакта төрөлгөн балдардын келечегине тынчсыздануусун билдирди.
https://www.super.kg/kabar/news/488941
Интернет желесинде аксакалдын жубайына өзгөчө романтикалуу белек тартуулаган видеосу тарады.
https://www.super.kg/kabar/news/488923
Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайланышына жарыла кубанышты.
https://www.super.kg/kabar/news/488933
Бишкек шаарындагы Дордой конушунда 570 орундуу мектеп курулууда. Объекттин курулушу ушул жылдын февраль айында башталган.
https://www.super.kg/kabar/news/488927
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын "Неэгохян" футбол клубунун айымдар курамасын куттуктады.
https://www.super.kg/kabar/news/488924
Өлкө башчы Садыр Жапаровго атайын бут кийим жасаган Алмаз Өмүр президентке жолукканын билдирди.
https://www.super.kg/kabar/news/488917
📌Бүгүн, 4-июндагы Жогорку Кенештин жыйынында мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору үчүнчү окууга киргизилди.
https://www.super.kg/kabar/news/488912
📌Бүгүн, 4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Марлен Маматалиев өлкө жарандарын Кыргызстан БУУнун Коопсуз кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайланышы менен куттуктады.
https://www.super.kg/kabar/news/488909
Available now! Telegram Research 2025 — the year's key insights 
