cookie

We use cookies to improve your browsing experience. By clicking «Accept all», you agree to the use of cookies.

avatar

ЛЕЙЛЕК РАЙОНУ🇰🇬

Лейлек району, Сүлүктү, Раззаков шаарлары, Баткен облусу, КР боюнча маалыматтар. Видео-фото болсо жөнөтүңүздөр 👉 @ceoxxx111 Реклама боюнча 👉 @ceoxxx111

Show more
Advertising posts
210
Subscribers
-124 hours
+17 days
+530 days

Data loading in progress...

Subscriber growth rate

Data loading in progress...

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы – сомдун жүгүртүүгө киргизилген күнүн белгилөөнүн алкагында жана Эл аралык музей күнүнө карата окуучуларды жана студенттерди, Бишкеке шаарынын жашоочуларын жана конокторун, ошондой эле нумизматика дүйнөсүнө кызыккан адамдарды Улуттук банктын музейинде 2024-жылдын 17-майында өтө турган ачык эшик күнүнө чакырат. Музейге келген адамдар улуттук валютанын өнүгүү тарыхы менен таанышып, банкноттор кандай  жасала тургандыгы тууралуу маалымат алуу менен катар эле, Улуу Жибек жолу доорунан тартып Кыргызстандын аймагында табылган кайталангыс байыркы монеталар экспозициясын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошондой эле, музейде Улуттук банк тарабынан 1995-2024-жылдары чыгарылган коллекциялык монеталардын жана  чет өлкө акча белгилеринин үлгүлөрүнүн экспозициялары жайгаштырылган. Экскурсия саат 09.00дөн 17.00гө чейин өткөрүлөт. Кирүү акысыз. Экскурсияга келүүчүлөрдүн жанында инсандыгын тастыктаган документ (паспорт, студенттик билет, айдоочунун күбөлүгү) болууга тийиш. Экскурсияга төмөнкү телефондор аркылуу: 0 (312) 66-90-08; 0 (312) 61-24-14 жана 0 (552) 66-90-08 же [email protected]. электрондук дарек аркылуу алдын ала жазылууга болот
Show all...
👀
Show all...
КЫРГЫЗ ЭЛИНИН НАРКТУУ ЖАШОО ЭРЕЖЕЛЕРИНЕН: -Кыргыздын теги түптүү! -Кан бийлигинен -нарк күчтүү! -Кандын башы элге көпүрө! -Кум жыйылып, таш болбойт! -Кул жыйлып, баш болбойт! – Баш кийимди бийик кой. – Баланы башка урба. – Атты башка чапба. – Күл дөбөнү баспа. -Кесирлик кылба. -Адамды аттаба. –Кыркы чыга элек баланы көрсөтпө -Бешикти куру терметпе – Акты сатпа (азыр сата башташты). – Өзүңдөн улууга каяша айтпа. -Улууга урмат, кичүүгө ызаат. -Ачууга алдырба. -Акылмандын кебин тыңша. -Токтоо бол! -Үйдүн ээси- аталар, -Үй бүлө куту -энелер. -Атанын салган жолу бар, -Эненин бычкан тону бар! – Ата-энени урматта! -Шамда уктаба. -Түндөсү тырмак алба. -Босогодо турба. -Колунду төбөңө алба. -Бөйрөгүңдү таянба. -Укпайт деп ушак айтпа, -Көрбөйт деп уурулук кылба! -Душманга колтугунду ачпа, -Мекенди көздүн карегиндей сакта! -Баарын койуп Манасты айт! -Түркөй болбой айкөлдүккө кайт! -Билеги күчтүү -бирди жыгат. -Билими күчтүү-миңди жыгат. -Билермандын иши алга жылат. -Билим ал! -Ак- караны, ажырата бил. – Булакты көрсөң көзүн ач. -Жетим-жесирге каралаш. -Эл менен жер киндиктеш. -Жер энеге акаарат келтирбе. -Сууга түкүрбө. -Чөптүн да убалы бар -Убал-соопту биле жүр! -Жаман жолго барба, Абийириди жашыңдан сакта! Чачынды жазба, жесирликтин белгиси. Жаагынды таянба, жамандыктын белгиси. -Уят-намыстуу бол! Тарга тар, кеңге кең дүнүйө. -Пейилди кенен кой. -Напсини тый! -Аманатка кыянат кылба. -Элдин акын жебе. -Атаңа наалат келтирбе! -Барга-жокко каниет кыл. -Топуктуу бол! -Сабырдын түбү сары алтын. -Касиетиңди карман. -Илимден адеп улук. -Адам бол! -Керсейип бой көтөрбө. -Сөөмөй менен кезебе. -Менменсинбе, элден чыкпа. -Күч бирдикте! -Бала төрөлгөндө сүйүнчү берет. -Жаңы басканда ак жол тилеп, тушоосун кесет. -Ата-эне балдарына энчи бөлөт. -Жети атасын билбегенди кул дейт. -Тегиңди бил! -Кумурскага да бейчээки зыяның тийгизбе. -Колуңдан келсе ажаат ач! -Сөздү уккан жерге сүйлө. -Бирөөнүң үстүнөн мыскылдап күлбө. -Алсыздарды кордобо. -Жамандын жолун жолдобо. -Түз жүр! -Ак ийилет, бирок сынбайт! -Калптын казаны кайнабайт -Жалган айткан жарыбайт. -Кеп чынынан бузулбайт. -Турмуш туткасы-адилеттик! - Аял киши куралга кол тийгизбейт, - эркектен озунуп баспайт. -Купуя тилек ар кимге айтылбайт. -Түштүн башы тоодой, мойну кылдай, кандай жоорусаң ошондой болот. -Жигиттик намыс, кыздык абийир өлүмдөн өйдө турат. -Устатына шакирти каршы чыкбайт. – Чакыруусуз өзү келген конокту кудайы конок дейт. – Үйгө келген кишини «келиңиз, нан ооз тийиңиз» дейт. – Үйдөн жылан чыкса өлтүрбөйт, ак чачып чыгарат. – Алыс жолдон келген кишинин башынан тегеретип суу чачат. -Жаңы келген келиндин оозуна май салат. -Оорулууну караңгыда барып көрбөйт. -Дээринде бар адам көп ойлонуп, аз суйлөйт! – Тажыяга баратып башка иш жасабайт. -Өткөн кишини жамандабайт. – Атчан киши жөөгө салам берет. -Жеке адамга караганда элдин жолу улуу болот. -Эрден өтмөк бар, элден өтмөк жок. -Чатакташа кетсе, биринчи кечиримди кичүүсү сурайт. – Төргө аксакал же жолу улуу адам олтурат. –Устукан улуулата, же жолу улуулата тартылат. -Жол улуу, жөн билги ,сөз билги адам бата берет... ж.б Элден алып, элге берели. Билгениңиздерди жазып калтырыңыздар. Жараткандын көзү түз болуп,кел келибиз келсин! Жан дүйнөбүз аруулансын! Ынтымак - биримдигибиз бекемделсин! Кыргыз көчү байсалдуу улансын! Эл ичинен топтоп, иретке салган К.Кошалиев,«Кыргыз жолу» коомунун Биримдик кенешинин төрагасы. Бишкек - 2017.19.11 Эл. почта: [email protected]
Show all...
👍 1
Show all...
Тынар Курбаналиев - Мал чарбасы, айылы, балалык кези тууралуу маек.

«Агроветазия» Кыргызстандын бардык аймактарында агрохимикаттарды жана ветеринардык продуктыларды жайылтуу, сатуу жана камсыздоо жаатындагы алдыңкы компания б...

😄👍
Show all...
😂
Show all...