Перизат Абдиллажан кызы
Open in Telegram
Башкаларга пайдалуу болууда, жашатуу үчүн жашоодо мени шыктандырган баракчам🤲🌿
Show more976
Subscribers
-224 hours
-27 days
-1030 days
Posts Archive
💫Берекелүү Рамазаным💫
12-кун
🌱Ар күнү даараткана менен жатыңыз
🌱Ар күнү кечинде “Вакиа” сүрөөсүн окуңуз, кедейликтин жок кылат
🌱Тамак жасап жатканда 7 жолу Аятал-Курсий окуп дем салып коюңуз. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ыйманына, жин шайтанан коргонууга себепчи болот.
Ассалому алейкум эртеңден "усманий хатым" ( бир жумада толук окулган) хатымды баштап атабыз...
Аз.Осмондун өзгөчө сонун методу, катышам дегендер жазыңыздар!
💫Берекелүү Рамазаным💫
11-күн
🌱Оорулуу инсандарга арнап 500 жолу "Йаа Шаафи" дуасын окуу.
🌱Бешимден кийин 15 мүнөт Кайлула (уктоо) кылыңыз. Зээнди өрчүтөт.
🌱Ашказанды үчкө бөлүп тамактаныңыз! Сүннөт.
💫Берекелүү Рамазаным💫
10-күн
🌱1 күндүк каза намаз
🌱 Хажат намазын окуңуз
🌱 Оозуңузду ачып жатканда 20 адамдын атын атап дуба кылыңыз
💫Берекелүү Рамазаным💫
9-күн
Досторуңузга чалып, аларды жакшы көрөрүңүздү айтып, кармаган орозолору менен куттуктаңыз.
Балдарыңыз менен чогуу таравих намаз окуңуз.
10 адамдын ооз ачуусуна себепчи болуңуз (бир курма менен болсо да).
💫Берекелүү рамазаным💫
8-күн
🌱Оорулуу адамды зыярат кылып дубасын алыңыз.
🌱Хадис жаттоо: "Шашылган адам ката кылат" (Байхаки)
🌱Жатаарда 33 жолу Субханааллах
33 жолу Аллохуакбар
33 жолу Алхамдулиллах деп айтыңыз.
💫 Берекелүү Рамазаным 💫
7-күн
🌱«Ыймандын жетимиштен ашык шаңы бар. Алардын эң улуусу – «Лаа илааха иллаллох» сөзү, эң кичинекейи — жолдогу ызы берүүчү нерсени алып коюу. Ошондой эле уялуу да ыймандын бир шаңы».
(Муслим).
🌱Гыйбат кылбоо
🌱Үй-бүлө м-н бирге ифтар кылуу
💫Берекелүү Рамазаным💫
6-күн
🌱Аллах ысымын 1000 жолу айтуу (Алла Таала ал кишини Өзүнө жакын элдердин (акыретти көрүп тургандай ыйман келтиргендердин) катарына кошот).
🌱"Хасбия-ллаху ва ни’мал вакил" (100 жолу)
🌱Таза абада басуу
💫Берекелүү Рамазаным💫
5-күн
🌱Ыйманга муктаж болгон 3 инсаныңыз үчүн ар бир намазыңызда дубда кылыңыз.
🌱Эртеңден кечке такыр негатив сөз айтпаңыз.
🌱Ашказандын орозосу эле эмес, көздүн орозосун, тилдин орозосун да карманыз )
💫 Берекелүү Рамазаным 💫
4-күн
🌱 Эки рекет нафил аввабин намазын окуңуз, шам намазынан кийин
🌱 аль-Гоффар 100 жолу
🌱 Бут кийимиңизди ар кийген сайын, кагып кийүү (сүннөт)
💫 Берекелүү Рамазаным 💫
3-күн
🌱 2 рекет тообо намазын окуңуз
🌱 Кошунаңызга жакшылык кылыңыз
(Тамак-аш менен бөлүшсөңүз болот)
🌱 Адамдар менен учурашканда ичиңизден салават айтыңыз
💫 Берекелүү Рамазаным 💫
2-күн
🌱 Аюб ( а.с)дын дубасын 100 жолу окуңуз
Робби инни массаният дурру ва анта архамур рохимийн
🌱 Жолдогу таштандыны алып коюңуз
🌱 Күзгүгө көрүнгөндөгү дубаны жатабыз
Аллохумма ахсанта холкии фахассин хулукии.
💫Берекелүү Рамазаным 💫
1-күн
🌱 500 истигфар
"Астагфируллах аль азиим"
(Бардык сизди капа кылгандарды кечириңиз)
🌱 Эрте менен турганда дуба менен туруу
"Алхамду лиллахи -лаазии ахяана багда маа аматана ва илайхин-нушуур".
🌱 Ата-энеңизге жакшы көрөм деп айтыңыз.
https://t.me/perizattoktorova
Ушул ссылканы бардык тааныштарыңыздарга бөлүшүп койсоңуздар болот!
Жакшы ишке себепчи болуу, аны аткарган менен барабар дейт Пайгамбарыбыз (с.а.в) жакшылыкка себепчи бололу 🤲
Ассаламу алейкум урматтуу эжелер!
Айлардын султаны болгон ыйык Рамазан айын баарыбызга берекелүү өткөрүү насип болсун 🤲
Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: "Амалдардын эң жакшысы-аз да болсо уланып турганы"-деп
Андыктан күн сайын үч амалдан турган тапшырмаларды жазып турам күн сайын, калоорчулар программаңыздардын бир четине кошуп алсаңыздар болот!
