en
Feedback
Перизат Абдиллажан кызы

Перизат Абдиллажан кызы

Open in Telegram

Башкаларга пайдалуу болууда, жашатуу үчүн жашоодо мени шыктандырган баракчам🤲🌿

Show more
976
Subscribers
-224 hours
-27 days
-1030 days
Posts Archive
Эгиз кыздар үчүн кандай ысымдарды сунуштаганым кызыктуубу?
Anonymous voting

Жашооңузда жолуккан ар бир инсан жөн жерден эмес! Эгер жакшы инсан болсо — шүгүр келтирүү үчүн, жаман болсо — сабыр кылуу үчүн келет экен. Окуяны 2011-жылдары ЖРТга окуучуларды даярдап жүргөн учурдан баштап жазгым келди. Окуу борбор жаңы ачылган, менин болсо биринчи иштеген жерим, биринчи окуучуларым, биринчи кесиптештерим — айтор, “биринчи” дегендин орду өзгөчө болот экен. Ал учурдагы ыкластуулук таптакыр башкача болгонун азыр түшүнүп турам. Окуучулар дага жан дүйнөсү таза, аруу тилек, изги максаттар менен келишчү. Алла Таала бир аз эле аракет кылсак да берекесин берет эмеспи. Балдар да өзгөчө болуп, бир жылдан кийин уядан учушту. Убакыт өтүп, насип болуп, эки окуучум үй-бүлө куруп, бир кыздуу болгондон кийин деңиздин ары жагына кетишкен. Жакында эле “биз эгиз кыздуу болобуз, аттарын сиз сунуштаган варианттардан алсак” дешкенде, аягына өзүмдүн атымды да жазып койгом.😄 Көрсө, ошол Перизат & Элзат деген ысымдар жагып, эсен-аман төрөлгөн эгиздерге ыйгарылыптыр. Силер менин жашоомдо “жакшы эле бар” деп шүгүр кылган инсандарсыңар. Бардык жакшы дуба-тилектериңер кабыл болсун. Аман болгула!

Сиздин жаш
Сиздин жаш

Апрель айынын 1 млн истигфарарына старт башталды. "Астагфируллах аль азиим" 30-апрелге чейин ким канча ала алат?

Садака кылган сайын ырыскы көбөйөт. Намазды коркуп окуган сайын бакыттуулук көбөйөт. Ата-энеге жакшы мамиле кылган сайын жашоодогу ийгилик көбөйөт. Тандоо ар бирибиздин өзүбүздө🤲

Амaлдардын эң оорy ушул төрт сапат: Ачууланган учурда кечире билүү. Кыйынчылык мезгилинде да берешен болуу. Жалгыз калганда адеп-ахлакты сактап, күнөөдөн алыс болуу. Корккон же пайда үмүт кылган адамга карата да акыйкат сөздү айтуудан тайманбоо. Азирети Али (р.а.)

Программа: 1) Элиза эжеке Ясин жана Фатх сүрөсүн окуйт 2) Динара эже Аллах'тын ысымдарын 3) Жалпы дуба Перизат

Бүгүн саат 23:00до телеграм каналдан Куран хатым жана млн истигфарлардын дубасы болот!

Мен 20-күндө калып кетипмин го, кандай кылалы?😃

💫Берекелүү Рамазаным💫 20-күн 🌱Ар бир ишти оң жактан баштоо (сүннөт). 🌱Ата-энеге дуба кылыңыз. 🌱Бул дүйнөдөн өтүп кеткен жакындарыңызга дуба кылыңыз.

💫Берекелүү Рамазаным💫 19-күн 🌱Эрте менен багымдат намазынан кийин терезени ачуу (сүннөт). 🌱4 рекет Духа намазын окуу. Хадис: "Кимде ким төрт рекет духа намазын окуса, ибадаткөй инсандардын катарына аты жазылат". 🌱Садака бериңиз

💫Берекелүү Рамазаным💫 18-күн 🌱Багымдат намазынан кийин 308 жолу Йаа-Фаттаах, Йаа-Роззаак зикирин айтыңыз. "Ал үчүн жабык болгон бүтүн эшиктер ачылат, ырыскысы артат, материалдык проблемасы болбойт". 🌱5 адамдын ооз ачуусуна себепчи болуңуз (1 курма менен болсо да). 🌱"Духа" сүрөөсүн жаттаңыз!

💫Берекелүү Рамазаным💫 17-күн 🌱"Аль-Кариим" ысымын 300 жолу окуңуз! 🌱2 рекет авабин намазын окуңуз. 🌱Бир туугандарыңызга жакшы сөз айтыңыз.

💫Берекелүү Рамазаным💫 🌱Сапар дубасын жаттаңыз: “Субханаллазий саххара лана хазаа ва ма кунна лаху мукриниин. Ва инна ила Роббина ла мунколибуун”. 🌱Хасбуналлоху ва ниъмал вакил (100 жолу) 🌱Алдыдагы беш жылдык планыңызды жазыңыз.

💫Берекелүү Рамазаным💫 15-күн 🌱Адамдар менен учурашканда ичиңизден салават айтыңыз. (сүннөт) 🌱2 рекет тообо намазын окуу Хадис: “Күнөө кылгандардын эң жакшысы дароо тообо кылганы”. 🌱Кошунаңызга тамак-аш менен бөлүшүңүз. (Бере электерге)

💫Берекелүү Рамазаным💫 14-күн Суу ичкендеги дубаны окуңуз. Алхамду лиллахил лазий сакоона азбан фуротам би рохматихи, ва лам йажъалху милхан ужажам бизунубина. Аллахтын Аль- Куддус ысымын 100 жолу айтыңыз. Кечинде жатарда даарат алып кыбыла тарабына жүздөп жатыңыз.

Рамазандын акыркы кадыр түнүндө Үй-бүлөбүзгө Өлкөбүзгө Дүйнөгө тынчтык тилеп дуба кылалы 10.000 Муратбек&Перизат Мунир,Аймир,Мухсин Ушундай абалда жазыңыздар Ким канча алат? 18-мартка чейин "Астагфируллах аль азиим " Баарыңыздар алыңыздар млн бүтүп калсын🤲

💫Берекелүү Рамазаным💫 13-күн 🌱Ас-Саттар ысымын 100 жолу айтуу (күнөөлөрүбүздүн акыретте жашырылуусу үчүн. 🌱Досторуңузга дуба кылыңыз 🌱Фатх сүрөсүн окуу