en
Feedback
Перизат Абдиллажан кызы

Перизат Абдиллажан кызы

Open in Telegram

Башкаларга пайдалуу болууда, жашатуу үчүн жашоодо мени шыктандырган баракчам🤲🌿

Show more
976
Subscribers
-224 hours
-27 days
-1030 days
Posts Archive
Июль айынан 465 000 истигфар бүтпөй калган ошону бүтүрүп анан жаңы баштайлы ин шаа Аллах 🤲 Ким канча алат? "Астагфируллах аль азиим " Бүткөндө бүттү деп жазуу шарт эмес, аманат катары сөсүз окушуңуздар керек! 10-сентябрга чейин

Жолдошум төрт күндөн бери иш сапарында болгондуктан, балдарды бала бакчага өзүм ташып аттым. Чынын айтсам, бала бакчага алып
Жолдошум төрт күндөн бери иш сапарында болгондуктан, балдарды бала бакчага өзүм ташып аттым. Чынын айтсам, бала бакчага алып барып-алып келүү түйшүк деп ойлобопмун. Көрсө, бул да көп эмгекти, күчтү жана убакытты талап кылган иш экен. Балким, башкалар үчүн бул оңой болушу мүмкүн. Бул жерден өзүм үчүн эмне сабак алдым: бири-бирибизди убагында барктап, бири-бирибизди сүйүп, учур чакты жашоого аракет кылышыбыз керек экен. Бар болгон нерсебизге шүгүр келтирип, жаныбыздагы адамдардын баркын билүүбүз экен эң маанилүүсү. Кээде жаныбыздагы адамдын жөн гана бар экени эле чоң бакыт, чоң жеңилдик экен. 🤍

Жолдошум төрт күндөн бери иш сапарында болгондуктан, балдарды бала бакчага өзүм ташып, өзүм алып келдим. Чынын айтсам, бала б
Жолдошум төрт күндөн бери иш сапарында болгондуктан, балдарды бала бакчага өзүм ташып, өзүм алып келдим. Чынын айтсам, бала бакчага алып барып-алып келүү мен үчүн чоң түйшүк экен деп ойлоп жүрчүмүн. Көрсө, бул да көп эмгекти, күчтү жана убакытты талап кылган иш экен. Балким, башкалар үчүн бул оңой болушу мүмкүн. Бул жерден өзүм үчүн чоң сабак алдым: бирибизди убагында барктап, бири-бирибизди сүйүп, учур чакта жашоого аракет кылышыбыз керек экен. Бар болгон нерсебизге шүгүр келтирип, жаныбыздагы адамдардын баркын билишибиз керек. Кээде жаныбыздагы адамдын жөн гана бар экени эле чоң бакыт, чоң жеңилдик экен. 🤍

Апамдын биздин үйгө келип, биз менен бирге жашап жатканына бүгүн туура үч жума болуптур. ❤️ Үч жума бат эле өтүп кеткени мене
Апамдын биздин үйгө келип, биз менен бирге жашап жатканына бүгүн туура үч жума болуптур. ❤️ Үч жума бат эле өтүп кеткени менен, ичинде жүрөгүбүздө өмүр бою эстеп жүрө турган канчалаган сонун көз ирмемдер калды. Үйдүн куту, мээрими, жылуулугу башкача болуп турду… Эртең байкем келип, апамды алып кетет. Сапары байсалдуу болсун, ин шаа Аллах. 🤲🏻 Бирок ичимден «кетип калат» деген ойго батып бир башкача болуп турам… Апам жакшы көргөн зебра пирогун жасап койдум. Буюрса, жанына салып дагы берем. Ушундай бактылуу, берекелүү күндөрүбүз көп болсун! Эми буюрса, жакында ата-энелерибизди — кайын энемди,кайын атамды да алып келебиз. Бүгүн ата-энебизге кылган мамилебиз — эртең балдарыбыздан кайта турган мамиле. Кандай болуп кайтышын — бүгүн өзүбүз тандайбыз. Ин шаа Аллах, балдарыбыздын сый-урматын, мээримин көргөн бактылуу ата-эне бололу. 🤍 Апам экөөбүз жасаган манты 😘

Үй-бүлө кургандан кийин жолдошум экөөбүз сегиз жыл бою экөөбүз эле жашадык. Чынында, бул убакыт биз үчүн бири-бирибизди жакшыраак таанып, үй-бүлөбүздүн пайдубалын бекемдеп, мамилебизди чыңдап, Аллахтын жолундагы кызматтарыбызды кеңири алып барууга берилген чоң мүмкүнчүлүк эле. Ошол жылдары жолдошумдун байпагына чейин үтүктөп берчүмүн. Кээде досторум: «Байпакты да үтүктөйсүңбү?» — деп таң калышчу. Бирок мен үчүн бул сүйүүмдү жана камкордугумду көрсөтүүнүн бир жолу эле. Убакыт өтүп, Аллах бизге эгиздерди, андан кийин дагы бир наристени насип кылды. Жакында эле жолдошумдун өзүнүн кийимин өзү үтүктөп жатканын көрүп, ичимден кызыктай болуп кеттим. «Мурда мен үтүктөп берчүмүн, азыр эмне үчүн мындай болуп калды?» деп өзүмө суроо бердим. Мен "жолдошум кийимин өзү үтүктөп, тамагын өзү жасайт"-дегендерге көп суктанбайм. Анткени үй-бүлөдө эркектин да, аялдын да өз орду, өз милдети бар деп эсептейм . Албетте, турмушта ар кандай жагдай болот, кээде бири-бирине жардам берүү зарыл. Бирок үйдүн жылуулугун сактаган — аялдын мээрими, жасаган даамдуу тамагы, таза үйү жана тыкан даярдаган кийимдери деп ойлойм. Ошондуктан акыркы убактарда кайрадан өзүмө көңүл кайтып 😄үйдөгү иштерди мурдагыдай иретке келтирүүгө аракет кылып жатам. Бүгүн болсо бир айга жеткидей кийимдерди үтүктөп, иреттеп койдум. Бул мага абдан жагат. Анткени бир ай бою «эмне кийебиз?» деп шашпайсың. Шкафтан дайыма таза, үтүктөлгөн кийимди алып кийгенде, өзүмө да, жолдошума да жылуу маанай тартуулайт деп ишенем. Үй-бүлөдөгү ушундай майда көрүнгөн камкордуктар чоң сүйүүнүн жана берекенин себептеринин бири экенин улам тереңирээк түшүнүп жатам.

Июь айын старт бердик ин шаа Аллах 🤲 Ким канча алат? "Астагфируллах аль азиим " Бүткөндө бүттү деп жазуу шарт эмес, аманат катары сөсүз окушуңуздар керек!

Адам ата (а.с.)дын денеси алты түрдүү топурактан жаратылганы айтылат. Балким, адамдардын кулк-мүнөзү жана табиятынын ар түрдүү болушунун бир сыры ушунда жаткандыр. «Биз топурактан кантип жаратылдык?» деген суроо жаралат. Ислам аалымдарынын айтымында бала эненин боюнда 120 күн болгондо периштелер келип, анын тагдырын жазып, эненин жатынында өсүп жаткан балага топурак себишет деп-төрөлүшүнө берилген өкүл. ( болбосо замершая беременность болуп калат экен. Мунун маңызы — адамдын жаралышы Аллахтын кудурети менен ишке ашаарын эске салуу. Жашоодо кандай ийгиликке жетпейли, кандай даражага көтөрүлбөйлү, баары бир Аллах Тааланын «бол» деген өкүмүнөн ашып кете албайбыз. Топурактын дагы түрү көп: катуусу бар, жумшагы бар, түшүмдүүсү бар. Адамдардын да мүнөзү ар кандай. Бирок алардын ичинен эң көркөм сапат — кичипейилдик. Адамдын (а.с.) денеси топурактан жаратылып, андан соң ага рух үйлөнгөндө гана өзгөчө даражага ээ болгон. Ошондон кийин периштелерге ага сажда кылуу буйругу берилген. Демек, адамдын чыныгы баалуулугу анын сырткы көрүнүшүндө эмес, руханий дүйнөсүндө, жүрөгүнүн тазалыгында жана Раббисине болгон жакындыгында өлчөнөт. Калганынын баары — убактылуу.

Баланын сыртка чыгып ойногону кооптуубу? Эгиздерибиз май айында төрт жашка чыгышты. Акыркы бир айдан бери сыртка чыгып ойной башташты. Көп жыл күтүп көргөн балдарыбыз болгондуктан, аларды дайыма тыкыр көзөмөлдөчүбүз. Биринчи күнү Мунир сыртка чыкканда он жолу терезеден карадым окшойт. Бир маалда көрүнбөй калганда: — Мунир! — деп кыйкырсам, — Апа, мен ушул жердемин. Эмнеге кыйкырасыз? — дейт😄 Мунирдин Куткелди менен Нурэлес деген достору бар экен. Аймир болсо Медина деген кыз менен дос болуп алыптыр. Үйдүн эшигин кагып: — Балаңыз ойнойбу? — деп чакырып келишсе, жүрөгүм элжиреп кетет. Балдарыбыз чоңоюп, өз досторун таап, өз дүйнөсүн куруп жатканын көрүү өзгөчө сезим экен. Убакыт өтүп, биз да көнүп кетербиз. Бирок азырынча алардын ар бир кадамын көзүм менен узатып, жүрөгүм менен коштоп турам...

Май айында истигфар алган баарыңыздардын атыңыздар аталды ин шаа Аллах 🤲 Июнь айын старт бердик ин шаа Аллах 🤲 Ким канча алат? "Астагфируллах аль азиим " Бүткөндө бүттү деп жазуу шарт эмес, аманат катары сөсүз окушуңуздар керек!

Арабанын түнү бүгүн, күндүзү эртең , бүгүн 21:00до дуба сааты кылалы

Арафа күнүнүн багымдан намазынан баштап, Курман айттын 4-күнүнүн аср намазына чейин ар бир фарз намаздан кийин Такбири ташрик айтылат. اللّٰهُ أَكْبَرُ، اللّٰهُ أَكْبَرُ، لَا إِلٰهَ إِلَّا اللّٰهُ وَاللّٰهُ أَكْبَرُ، اللّٰهُ أَكْبَرُ وَلِلّٰهِ الْحَمْدُ Аллаху акбар, Аллаху акбар, Лаа илааха иллаллаху валлаху акбар, Аллаху акбар ва лиллахил хамд. Мааниси: Аллах Улук, Аллах Улук. Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Аллах Улук. Аллах Улук жана бардык мактоо Ага таандык.

📍Ассаламу алейкум кирип келген Зуль -Хижжа айыныздар кут болсун Аллахым берекелүү кылсын. • 1-Зул-хижжа — 18-май ⁠ • 9-Зул-хижжа (Арафа күнү) — 26-май ⁠ • 10-Зул-хижжа Курман айт— 27-май иш ша Аллах Абдуллах ибн Умар риваят кылат: Пайгамбар ﷺ айтты: «Аллах алдында бул он күндөн улуу жана сүйүктүү күндөр жок. Бул күндөрдө “Лаа илааха иллаллах”, “Аллаху акбар”, “Алхамдулиллах” сөздөрүн көбөйткүлө». — Ахмад, хадис сахих деп бааланган. Бул он күндө эмнелерди кылуу керек ? • Намазды көбөйтүү • Куран окуу • Зикир жана такбир • Тообо кылуу • Садака берүү • Күчү жетсе 10 ичинде көбүрөөк орозо кармоо , өзгөчө Арафа күнү сөзсүз орозо кармоо • Курмандык чалуу эң жакшы амал .

Аллахыма шүгүр келтире турган нерселер чексиз, алардын арасынан бири ширин балдарды насип кылганы🤲
Аллахыма шүгүр келтире турган нерселер чексиз, алардын арасынан бири ширин балдарды насип кылганы🤲

Май айынын 1 млн истигфарарына старт башталды. "Астагфируллах аль азиим" 31-майга чейин ким канча ала алат? Курман айттын алдынан руханий тазалануу ниетинде-ар бирибиз өзүбүздүн күнөөбүздүн төгүлүүсүнө ниет кылабыз 🤲

Ассаламу алейкум жамаат кандайсыздар? Эртең 21:00до ин шаа Аллах дуба саатын кылалы 🤲

Москвада болсоңуз келиңиз же жакындарыңыздарга бөлүшүп коюңуздар!

“Ниса” айымдар коому сиздерди, Токторова Перизат устазанын катышуусунда “Эки дүйнө бактылуу болом десең, кел” аттуу семинарга чакырат. 📅 25-апрель 🕕 18:00 📍 Дарек: Волгоградский проспект 28, с 1 Келип, жан дүйнөңүзгө азык алып кетиңиз. Руханий тарбия, пайдалуу кеңеш жана маңыздуу баарлашуу сизди күтөт. Сиз менен жолугушууга кубанычтабыз! Катталуу учун төмөндөгү номерлерге байланышыңыздар: ➡️+79160372747 ➡️+79266689832

Ушул ысымдар болчу, мүмкүн сиздерге дагы пайдасы тийип калат😍
Ушул ысымдар болчу, мүмкүн сиздерге дагы пайдасы тийип калат😍