КР ССМ/Минздрав КР
Open in Telegram
Официальный Telegram-канал Министерства здравоохранения КР КР Саламаттык сактоо министрлигинин расмий Telegram-каналы 🌐www.med.kg https://www.facebook.com/MinzdravKG https://www.instagram.com/minzdravkg_official @mz_kr_info_bot
Show more819
Subscribers
+224 hours
+47 days
+530 days
Posts Archive
Кыргызстанда биринчи роботтоштурулган хирургиялык система тааныштырылды
Бүгүн, 10-сентябрда, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кыргызстандагы алгачкы роботтоштурулган хирургиялык системанын презентациясы болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешов жана Нилуфар Алимжанова, медициналык коомчулуктун өкүлдөрү, саламаттык сактоо системасынын жетекчилери жана адистери, ошондой эле КММАнын окутуучулары жана кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө конокторго роботтоштурулган системанын иштөө принциби жана анын хирург үчүн мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов хирургиялык консолго отуруп, системаны башкарууну өзү сынап көрдү.
Министр «робот-хирург» деп аталганына карабастан, операция учурундагы бардык аракеттерди дарыгер аткарарын жана көзөмөлдөрүн белгиледи. Система хирургга хирургиялык инструменттерди так башкарууга, кичинекей кесиктер аркылуу операция жүргүзүүгө жана операциялык талаанын чоңойтулган сүрөтүн алууга мүмкүнчүлүк берет.
https://egov.kg/kg/ministry/health/news/47321
В Кыргызстане представили первую роботизированную хирургическую систему
Сегодня, 10 сентября, в Кыргызской государственной медицинской академии состоялась презентация первой в Кыргызстане роботизированной хирургической системы.
В мероприятии приняли участие министр здравоохранения КР Дамир Осмонов, депутаты Жогорку Кенеша Дастан Бекешов и Нилуфар Алимжанова, представители медицинского сообщества, руководители и специалисты системы здравоохранения, преподаватели и сотрудники КГМА.
Гостям продемонстрировали, как работает роботизированная система и какие возможности она дает хирургу. Министр здравоохранения Дамир Осмонов лично протестировал управление системой, сев за хирургическую консоль.
Как отметил министр, несмотря на название «робот-хирург», все действия во время операции выполняет и контролирует врач. Система дает хирургу возможность более точно управлять инструментами, работать через небольшие разрезы и получать увеличенное изображение операционного поля.
Медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиялоо санариптик форматка өткөрүлдү
Кыргызстанда медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиялоо процессин жөнөкөйлөтүү жана санариптештирүү боюнча реформа аяктады.
Реформанын алкагында мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграцияланган «Саламаттык сактоо тармагында лицензиялоо» маалыматтык системасы иштелип чыгып, өнөр жайлык эксплуатацияга киргизилди.
Эми өлкөнүн каалаган аймагындагы ишкерлер Саламаттык сактоо министрлигине жеке кайрылбастан, лицензия алуу үчүн онлайн режимде арыз бере алышат, керектүү документтерди тапшырып, мамлекеттик кызмат үчүн төлөм жүргүзүп, арызды кароо процессинин жүрүшүн көзөмөлдөй алышат.
https://egov.kg/kg/ministry/health/news/47268
Лицензирование медицинской и фармацевтической деятельности переведено в цифровой формат
В Кыргызстане завершена реформа по упрощению и цифровизации процесса лицензирования медицинской и фармацевтической деятельности.
В рамках реформы разработана и введена в промышленную эксплуатацию информационная система «Лицензирование в сфере здравоохранения», интегрированная с государственными информационными системами.
Теперь предприниматели из любого региона страны могут онлайн подать заявление на получение лицензии, предоставить необходимые документы, оплатить государственную услугу и отслеживать ход рассмотрения заявления без личного обращения в Министерство здравоохранения.
Кыргызстанда окуучулардын профилактикалык медициналык кароолору санариптештирилди
Кыргызстанда «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында окуучулардын профилактикалык медициналык кароолорун жана ооруларын эсепке алууну санариптештирүү боюнча реформа аяктады.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасынын негизинде жана Президенттин Администрациясынын координациясы алдында 095/у формасындагы медициналык маалымкат жана 026/у формасындагы профилактикалык медициналык кароонун картасы электрондук форматка өткөрүлдү.
Эми медициналык кызматкерлер бул документтерди «Sanarip Clinic» маалыматтык системасында түзүшөт. Андан соң алар электрондук түрдө билим берүү уюмдарына жөнөтүлүп, ата-энелер үчүн «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү болот.
https://egov.kg/kg/ministry/health/news/47265
В Кыргызстане цифровизировали профилактические медосмотры обучающихся
В Кыргызстане в рамках программы «Правительственные акселераторы» завершена реформа по цифровизации профилактических медицинских осмотров и учёта заболеваемости обучающихся.
По поручению Председателя Кабинета Министров и под координацией Администрации Президента медицинская справка по форме 095/у и карта профилактического медицинского осмотра по форме 026/у переведены в электронный формат.
Теперь медицинские работники формируют эти документы в информационной системе «Sanarip Clinic», после чего они в электронном виде передаются образовательным организациям и становятся доступны родителям через мобильное приложение «Түндүк».
👶Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда төрт эм менен кош бойлуу аял үч наристесин жарык дүйнөгө алып келди
Бүгүн, 2026-жылдын 8-сентябрында, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунда ЭКУ ыкмасы колдонулбастан, табигый жол менен төрт эм менен кош бойлуу болгон аялга кесарево жолу менен операция жасалды. Операцияны профессор Арсен Аскеров жүргүздү.
Кош бойлуулук жогорку тобокелдик менен өттү. 19-жумада түйүлдүктөрдүн бири өнүгүүсүн токтоткон. Кош бойлуулуктун калган мезгилинде аял адистердин тыкыр жана үзгүлтүксүз көзөмөлүндө болду. Кош бойлуулукту сактап калуу максатында акушердик пессарий коюлуп, жатын моюнчасына тигиш салынган жана прогестерон терапиясы жүргүзүлгөн.
Натыйжада кош бойлуулукту 35 жумага чейин сактап калууга мүмкүн болду. Үч наристе — эки уул жана бир кыз жарык дүйнөгө келди. Алардын төрөлгөндөгү салмагы 2350, 2600 жана 2340 граммды түздү.
Учурда эне жана балдар дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалдары туруктуу.
Өз убагында жүргүзүлгөн медициналык көзөмөл, дарыгерлердин кесипкөйлүгү жана кош бойлуулукту алып баруунун туура тактикасы бул татаал учурду ийгиликтүү төрөт менен аякташына мүмкүндүк берди.
******
👶В НЦОМиД после беременности четверней родились трое детей
Сегодня, 8 сентября 2026 года в Перинатальном центре Национального центра охраны материнства и детства проведено кесарево сечение у женщины с беременностью четверней, наступившей естественным путём, без применения ЭКО. Операцию провел профессор Арсен Аскеров.
Беременность протекала с высоким риском. На 19-й неделе один из плодов прекратил развиваться. Остаток беременности специалисты продолжили вести под постоянным наблюдением. Для её сохранения были применены акушерский пессарий, шов на шейку матки и терапия прогестероном.
В результате беременность удалось сохранить до 35 недель. На свет появились трое детей - два мальчика и девочка. Их вес при рождении составил 2350, 2600 и 2340 граммов.
Сейчас мама и дети находятся под наблюдением врачей, их состояние стабильное.
Своевременное наблюдение, профессиональная работа врачей и правильно выбранная тактика ведения беременности позволили довести этот сложный случай до благополучного родоразрешения.
ДКО: тамактануу жайларынын тазалыгы жана санитардык коопсуздугу көзөмөлдөнүүдө
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары Оюндардын катышуучуларынын жана конокторунун санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган профилактикалык жана көзөмөлдөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүүдө.
Даярдык иштери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганга чейин алдын ала жүргүзүлө баштаган. Адистер жайгаштыруу жана тамактануу объектилерин текшерип, алардын санитардык-техникалык абалына, тамак-аш даярдоочу жайлардын даярдыгына, ичүүчү суунун сапатына, ошондой эле жеке жана өндүрүштүк гигиена талаптарынын сакталышына баа беришкен. Объектилердин жооптуу кызматкерлери жана персоналы менен санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учурда аймактык борборлордон 80ден ашуун адис ишке тартылып, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүүдө.
https://egov.kg/kg/ministry/health/news/47198
ВИК: санитарно-эпидемиологическая безопасность участников и гостей под контролем
В период подготовки и проведения VI Всемирных игр кочевников органы профилактики заболеваний и государственного санитарно-эпидемиологического надзора проводят комплекс профилактических и контрольных мероприятий, направленных на обеспечение санитарно-эпидемиологической безопасности участников и гостей Игр.
Подготовительная работа была начата заблаговременно до начала ВИК. Специалистами проведены обследования объектов размещения и питания, оценены их санитарно-техническое состояние, готовность пищеблоков, качество питьевой воды, соблюдение требований личной и производственной гигиены. С ответственными лицами и персоналом объектов проведена разъяснительная работа по соблюдению санитарных требований.
Непосредственно в период проведения ВИК к работе привлечено более 80 специалистов территориальных центров, осуществляющих усиленный санитарно-эпидемиологический контроль.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медициналык кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өтүшүнө байланыштуу Ысык-Көл облусундагы саламаттык сактоо уюмдары күчөтүлгөн тартипке өткөрүлдү. Катышуучуларга, конокторго жана туристтерге өз убагында медициналык жардам көрсөтүү үчүн Бишкек шаарынан, облустун башка райондорунан жана республиканын аймактарынан кошумча адистер тартылды.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде Ысык-Көл районунун ЖДПБсы нөөмөттөгү медициналык уюм катары аныкталган. Бул жерде негизги профильдеги дарыгерлер күнү-түнү иштеп жатышат. Медициналык кызмат педиатрлар, инфекционисттер, хирургдар, травматологдор, кардиологдор жана нейрохирургдар менен күчөтүлдү.
27-августтан 3-сентябрга чейин Ысык-Көл районунун ЖДПБсына медициналык жардам алуу үчүн 1559 адам кайрылган. Алардын ичинен 748и ДКОнун коноктору, туристтер жана катышуучулары. Ооруканага 146 бейтап жаткырылган, алардын 50сү ДКОнун коноктору жана катышуучулары.
https://egov.kg/kg/ministry/health/news/47196
Медицинские службы работают в усиленном режиме в дни VI Всемирных игр кочевников
В связи с проведением VI Всемирных игр кочевников организации здравоохранения в Иссык-Кульской области переведены на усиленный режим работы. Для оказания своевременной медицинской помощи участникам, гостям и туристам дополнительно привлечены специалисты из Бишкека, других районов области и регионов республики.
Центр общеврачебной практики Иссык-Кульского района определен дежурной медицинской организацией на период проведения Всемирных игр кочевников. Здесь круглосуточно работают врачи основных профилей. Медицинская служба усилена педиатрами, инфекционистами, хирургами, травматологами, кардиологами и нейрохирургами.
С 27 августа по 3 сентября в ЦОВП Иссык-Кульского района за медицинской помощью обратились 1559 человек. Из них 748 гостей, туристов и участников ВИК. Госпитализация потребовалась 146 пациентам, из которых 50 гости и участники ВИК. Большинство обратившихся получают необходимую медицинскую помощь амбулаторно и после осмотра и оказания помощи покидают медицинское учреждение.
КР Саламаттык сактоо министрлиги жана ЮНФПА жатын моюнчасынын рагын скринингден өткөрүү программасын өнүктүрүү жана АПВ ДНК-тестирлөөнү киргизүү маселелерин талкуулады
Бүгүн, 2026-жылдын 4-сентябрында, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев менен БУУнун Калк фондунун (ЮНФПА) Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда ЮНФПАнын КР Саламаттык сактоо министрлиги менен репродуктивдик ден соолукту коргоо багытындагы кызматташтыгынын негизги багыттары талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мамлекеттик саясат деңгээлинде жана медициналык кызмат көрсөтүүдө ЮНФПА тарабынан көрсөтүлүп жаткан техникалык жардамдын жана эксперттик колдоонун ролун жана салымын талкуулашты.
https://egov.kg/kg/ministry/health/news/47189
Министерство здравоохранения КР и ЮНФПА обсудили внедрение ВПЧ ДНК-тестирования и развитие программы скрининга рака шейки матки
Сегодня, 4 сентября 2026 года, состоялась встреча Заместителя министра здравоохранения Кыргызской Республики Нурбека Букуева с представителями Фонда ООН в области народонаселения (ЮНФПА) в Кыргызской Республике. Встреча была посвящена ключевым направлениям сотрудничества ЮНФПА с Министерством здравоохранения КР в сфере охраны репродуктивного здоровья.
В ходе встречи стороны обсудили роль и вклад ЮНФПА в предоставлении технической помощи и экспертной поддержки на уровне государственной политики и практического оказания медицинских услуг.
Кыргыз Республикасында Жугуштуу ооруларды изилдөө боюнча илимий борбордун курулушу башталды
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Жугуштуу ооруларды изилдөө боюнча илимий борбордун курулушунун башталышына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Иш-чарага видеоконференция аркылуу Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын бакубаттуулугун камсыз кылуу чөйрөсүндө көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) жетекчиси Анна Попова да катышты. Салтанаттын алкагында Дамир Осмонов менен Анна Попова биргеликте Борбордун курулушуна старт беришти.
«Мындай борборду түзүү — бул жарандардын коопсуздугуна жана ден соолугуна, өлкөнүн илимий потенциалын өнүктүрүүгө жана саламаттык сактоо системасынын жугуштуу оорулардын коркунучтарына натыйжалуу жооп кайтарууга даярдыгын жогорулатууга салынган инвестиция», — деп белгиледи Дамир Осмонов.
https://egov.kg/kg/ministry/health/news/47142
В Кыргызской Республике началось строительство Научного центра исследования инфекционных болезней
Министр здравоохранения Кыргызской Республики Дамир Осмонов принял участие в торжественной церемонии, посвящённой началу строительства Научного центра исследования инфекционных болезней.
В мероприятии по видеоконференцсвязи также участвовала Руководитель Федеральной службы по надзору в сфере защиты прав потребителей и благополучия человека Анна Попова. В рамках церемонии Дамир Осмонов и Анна Попова совместно дали старт строительству Центра.
«Создание такого Центра - это инвестиция в безопасность и здоровье наших граждан, научный потенциал страны и готовность системы здравоохранения эффективно отвечать на инфекционные угрозы», - отметил Дамир Осмонов.
🩺VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медициналык камсыздоо штаттык режимде жүргүзүлүүдө
Оюндар өтүп жаткан аянтчаларда медициналык пункттар, тез жардам бригадалары жана мобилдик госпиталь иштеп жатат
ЧОЛПОН-АТА, 2026-жылдын 2-сентябры. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларына, конокторуна, көрүүчүлөрүнө жана кызматкерлерине медициналык жардам көрсөтүү иш-чаралар өтүп жаткан бардык негизги аянтчаларда уюштурулду. Зарыл медициналык жардамды көрсөтүү үчүн медициналык пункттар, мобилдик медициналык комплекстер, тез жардам бригадалары жана мобилдик госпиталь тартылган.
2026-жылдын 27-августунан 2-сентябрына чейин Оюндар өтүп жаткан бардык аймактарда медициналык жардам алуу үчүн 507 адам кайрылган. Кайрылгандардын басымдуу бөлүгүнө зарыл медициналык жардам түздөн-түз жеринде көрсөтүлдү.
https://egov.kg/kg/ministry/health/news/47122
🩺Медицинское обеспечение VI Всемирных игр кочевников осуществляется в штатном режиме
На площадках Игр организована работа медицинских пунктов, бригад скорой помощи и мобильного госпиталя
ЧОЛПОН-АТА, 2 сентября 2026 года. Медицинское обеспечение участников, гостей, зрителей и персонала VI Всемирных игр кочевников организовано на всех основных площадках проведения мероприятий. Для оказания необходимой помощи задействованы медицинские пункты, мобильные медицинские комплексы, бригады скорой медицинской помощи и мобильный госпиталь.
С 27 августа по 2 сентября 2026 года по всем локациям проведения мероприятий в рамках Игр за медицинской помощью обратились 507 человек. Основная часть обращений получила необходимую медицинскую помощь непосредственно на месте.
🚑 Бишкекте өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинен кийин, Тез жардам борборунун 20 бригадасы Ысык-Көлгө сапар алды.
Тез жардам унаалары борбор калаадан түнү менен чыгып, учурда Оюндун негизги локацияларына жетип барышты. Алар катышуучуларга жана конокторго медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылышат.
🏥 Медициналык бригадалар иштөөгө толугу менен даяр. Жардамга муктаж болгон ар бир жаран кароосуз калбайт.
----------
🚑После церемонии открытия VI Всемирных игр кочевников в Бишкеке 20 бригад Центра экстренной медицины направились на Иссык-Куль.
Ночью машины скорой выехали из столицы и уже прибыли к основным локациям Игр, где будут обеспечивать медицинское сопровождение участников и гостей.
🏥 Медицинские службы готовы к работе. Без помощи никто не останется.
Көчмөндөр оюндарынын ачылышы медициналык кызматтын штаттык режимдеги иштөөсү менен өттү
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде «Бишкек Аренада» медициналык камсыздоо иштери штаттык режимде жүргүзүлдү.
Бир күндүн ичинде медициналык кызматкерлер жеринде 55 адамга медициналык жардам көрсөтүштү. Оор жана шашылыш учурлар катталган жок. Ооруканага жаткыруу же бейтаптарды тез жардам бригадаларына өткөрүп берүү зарылдыгы болгон эмес.
Медициналык жардамга кайрылгандардын арасында эки жаракат алуу учуру жана жугуштуу ооруларга шектелген сегиз учур катталды.
************
Медицинское обеспечение на «Бишкек Арене» во время открытия VI Всемирных игр кочевников осуществлялось в штатном режиме.
За день медицинскую помощь на месте получили 55 человек. Тяжёлых и экстренных случаев не зарегистрировано, госпитализация и передача пациентов бригадам скорой медицинской помощи не потребовались.
Среди обращений — два случая травм и восемь случаев с подозрением на инфекционные заболевания.
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов VI ДКОго тартылган негизги медициналык объектилерди кыдырып, даярдыктар менен жеринде таанышты.
Медициналык кызматтардын даярдыгы жакшы, бардык кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө даяр.
****
Министр здравоохранения КР Дамир Осмонов объехал ключевые медицинские объекты, задействованные на VI ВИК, и ознакомился с ходом подготовки.
Медицинские службы готовы и работают в усиленном режиме, обеспечивая необходимую помощь участникам и гостям Игр.
Кыргыз Республикасынын неонатологдорунун жана неонаталдык медайымдарынын ассоциациясынын VIII форуму өттү
2026-жылдын 28–30-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын неонатологдорунун жана неонаталдык медайымдарынын ассоциациясынын VIII форуму болуп өттү.
Форумдун ишине өлкөнүн бардык аймактарынан келген неонаталдык жардам көрсөтүү жаатындагы 70тен ашык адис катышты. Үч күндүн ичинде катышуучулар жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүүнүн актуалдуу маселелерин, неонаталдык жардам көрсөтүүнүн заманбап жана натыйжалуу ыкмаларын талкуулап, практикалык тажрыйба алмашышты.
Иш чарага Казакстан Республикасынын неонаталдык жана перинаталдык кызматынын алдыңкы адистери Бектурган Карин — Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы неонатологу, «КР акушер-гинекологдор жана неонатологдор ассоциациясы» коомдук фондунун жетекчиси, Толыкпаев Талгат Жоробекович — Казакстан Республикасынын Тараз перинаталдык борборунун неонаталдык бөлүмүнүн башчысы катышты.
https://egov.kg/kg/ministry/health/news/47063
Состоялся VIII Форум Ассоциации неонатологов и неонатальных медицинских сестёр Кыргызской Республики
28–30 августа 2026 года в городе Чолпон-Ата состоялся VIII Форум Ассоциации неонатологов и неонатальных медицинских сестёр Кыргызской Республики.
В работе форума приняли участие более 70 специалистов в области неонатального ухода из всех регионов страны. В течение трёх дней участники обсудили актуальные вопросы оказания медицинской помощи новорождённым, современные и эффективные подходы к неонатальному уходу, а также обменялись практическим опытом.
На форум были приглашены ведущие специалисты в области неонатальной и перинатальной службы Республики Казахстан Бектурган Карин — главный неонатолог Министерства здравоохранения Республики Казахстан, руководитель ОФ «Ассоциация акушеров-гинекологов и неонатологов РК», Толыкпаев Талгат Жоробекович — заведующий отделением неонатального блока Таразского перинатального центра Республики Казахстан.
🏥Кыргызстанда адистештирилген Гепатологиялык борбордун курулушу башталууда
2026-жылдын 29-августунда Бишкек шаарында Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында болочок Гепатологиялык борбордун пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Г.К. Аалиев, «Ильшат» коомдук фондунун негиздөөчүсү Анвар Маметов жана башка расмий өкүлдөр катышты.
Гепатологиялык борбордун курулушу «Ильшат» коомдук фондунун колдоосу менен ишке ашырылып, Кыргыз Республикасында боор оорулары менен жабыркаган бейтаптарга адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүнү өнүктүрүүгө багытталган.
Гепатологиялык борбордун заманбап төрт кабаттуу имаратын куруу пландалууда. Борбор «ачкыч тапшыруу» принциби боюнча керектүү медициналык жабдуулар, диагностикалык жана дарылоо аппараттары, ошондой эле катуу жана жумшак инвентарлар менен толук камсыздалат.
https://egov.kg/kg/ministry/health/news/47053
🏥В Кыргызстане начинается строительство специализированного Гепатологического центра
29 августа 2026 года в Бишкеке состоялась торжественная церемония закладки капсулы в основание будущего Гепатологического центра на территории Республиканской клинической инфекционной больницы.
В мероприятии приняли участие Торага Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Марлен Маматалиев, министр здравоохранения Кыргызской Республики Дамир Осмонов, мэр города Бишкек Айбек Джунушалиев, главный врач Республиканской клинической инфекционной больницы Г.К. Аалиев, основатель Общественного фонда «Ильшат» Анвар Маметов и др.
Планируется строительство современного четырехэтажного здания Гепатологического центра, которое будет сдано «под ключ» с необходимым медицинским оснащением, диагностическим и лечебным оборудованием, а также твердым и мягким инвентарем.
🚭Всемирные игры кочевников — территория спорта и здоровья!
Министерство здравоохранения КР напоминает, что согласно Закону КР №121 курение в зданиях и помещениях учреждений, на территории стадионов; на открытых площадках в период проведения культурно-массовых, спортивных мероприятий запрещено.
*За исключением специально выделенных мест для курения.
Берегите здоровье, выбирайте спорт!
🚭Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – спорттун жана ден соолуктун аймагы!
КР Саламаттык сактоо министрлиги эскертет, КР №121 Мыйзамына ылайык, имараттардын жана орун-жайлардын ичинде, стадиондордун аймактарында; ачык аянтчаларда маданий-массалык, спорттук иш-чараларды өткөрүү учурунда тамеки чегүүгө тыюу салынат.
*Тамеки чегүү үчүн атайын бөлүнгөн жайлардан башка жерлерде.
Ден соолукту сактагыла, спортту тандагыла!
Ысык-Көлдө Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин каражатына «Ден-Соолук» ден соолукту чыңдоо борборунун жаңы корпусунун курулушуна старт берилди
2026-жылдын 27-августунда Ысык-Көлдүн жээгинде «Ден-Соолук» ден соолукту чыңдоо борборунун жаңы корпусунун курулушуна расмий түрдө старт берилди. Маанилүү иш-чаранын алкагында мезгил кутусун салтанаттуу түрдө салуу аземи өттү. Долбоор өлкөнүн социалдык чөйрөсүндөгү өзгөчө демилге болуп саналат: Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу эс алуу жана ден соолукту чыңдоо багытындагы жаны имарат Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мүчөлүк төгүмдөрүнүн эсебинен курулууда.
Жаңы комплекс күн сайын элдин саламаттыгын сактоо милдетин аркалаган дарыгерлер, фельдшерлер, медайымдар жана саламаттык сактоо системасынын бардык адистери үчүн ден соолукту калыбына келтирүүгө, күч-кубат топтоого жана үй-бүлөсү менен эс алууга ыңгайлуу заманбап жай болуп эсептелет. Жаңы имарат 40 орунга ылайыкташып, эс алуучулар үчүн максималдуу ыңгайлуулукту камсыз кылып жаңы, заманбап эмеректер менен толук жабдылат.
https://egov.kg/kg/ministry/health/news/47020
На Иссык-Куле дан старт строительству нового корпуса оздоровительного центра «Ден-Соолук» на средства Профсоюза работников здравоохранения
27 августа 2026 года на побережье озера Иссык-Куль дан официальный старт строительству нового корпуса оздоровительного центра «Ден-Соолук». Знаковое событие ознаменовалось торжественной закладкой капсулы времени. Проект стал беспрецедентным для социальной сферы страны: впервые за всю суверенную историю Кыргызстана объект оздоровления и отдыха возводится за счет членских взносов Профсоюза работников здравоохранения.
Новый комплекс задуман как современное пространство для реабилитации, восстановления сил и семейного отдыха тех, кто ежедневно держит на своих плечах здоровье нации: врачей, фельдшеров, медицинских сестер и всех специалистов системы здравоохранения. Корпус рассчитан на 40 мест и будет полностью оснащен новой, современной мебелью для обеспечения максимального уюта.
Саламаттык сактоо министрлигинин жамаатына министрин жаңы орун басары тааныштырылды
Бүгүн, 2026-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы Жыпариса Рысбекова Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратына министрдин жаңы орун басарын тааныштырды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, министрдин орун басары болуп Нурбек Букуев дайындалды.
Букуев Нурбек Медетбекович — хирург, онколог-гинеколог, медицина илимдеринин доктору, доцент. Клиникалык, башкаруучулук жана илимий-педагогикалык багыттарда 21 жылдык эмгек тажрыйбасы бар.
2024-жылдан тартып Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гематология борборун жетектеп, дарылоо, илимий жана билим берүү иштерин уюштуруу, заманбап клиникалык протоколдорду киргизүү, ошондой эле мамлекеттик жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүү багытында иш алып барган.
https://egov.kg/kg/ministry/health/news/47004
Коллективу Минздрава КР представили нового заместителя министра
Сегодня, 27 августа 2026 года заведующий отделом отраслевой политики - заместитель начальника Управления по подготовке решений президента и Кабинета министров Администрации президента КР Жыпариса Рысбекова представила центральному аппарату Министерства здравоохранения КР нового заместителя министра.
Согласно распоряжению Кабинета Министров КР новым заместителем министра назначен Нурбек Букуев.
Букуев Нурбек Медетбекович - врач-хирург, онколог-гинеколог, доктор медицинских наук, доцент, имеет 21-летний опыт клинической, управленческой и научно-педагогической работы.
С 2024 года возглавлял Национальный центр онкологии и гематологии в Бишкеке, где занимался организацией лечебной, научной и образовательной деятельности, внедрением современных клинических протоколов и развитием сотрудничества с государственными и международными организациями.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына саламаттык сактоо системасынын даярдыгын көзөмөлдөөдө
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги саламаттык сактоо уюмдарынын жана тиешелүү кызматтардын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдөгү даярдыгына мониторинг жүргүзүүдө.
Мониторингдин алкагында эл аралык иш-чаранын катышуучуларына, конокторуна жана көрүүчүлөрүнө медициналык жардамды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүүгө медициналык уюмдардын даярдыгы, ошондой эле тез медициналык жардам кызматтарынын ишин уюштуруу деңгээли бааланууда.
Медициналык уюмдардын зарыл болгон медициналык каражаттар менен камсыз болушуна, медициналык кызматкерлердин даярдыгына, нөөмөттөрдү уюштурууга, бейтаптарды маршруттоого, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдары менен мамлекеттик кызматтардын өз ара аракеттенүүсүнө өзгөчө көңүл бурулууда.
https://egov.kg/kg/ministry/health/news/46963
Минздрав Кыргызской Республики проводит мониторинг готовности системы здравоохранения к VI Всемирным играм кочевников
Министерство здравоохранения Кыргызской Республики проводит мониторинг готовности организаций здравоохранения и соответствующих служб к проведению VI Всемирных игр кочевников.
В рамках мониторинга оценивается готовность медицинских организаций к своевременному и качественному оказанию медицинской помощи участникам, гостям и зрителям международного мероприятия, а также организация работы служб экстренной медицинской помощи.
Особое внимание уделяется обеспеченности необходимыми медицинскими ресурсами, готовности медицинского персонала, организации дежурств, маршрутизации пациентов и взаимодействию между организациями здравоохранения и государственными службами.
