cookie

We use cookies to improve your browsing experience. By clicking «Accept all», you agree to the use of cookies.

avatar

Ыймандуу жүрөк, баарына күйөт.🥰

Ислам да сүйүүгө тыюу салынбайт анын адал болушун гана талап кылат 🥰✨💖

Show more
Advertising posts
247
Subscribers
No data24 hours
-47 days
-2030 days

Data loading in progress...

Subscriber growth rate

Data loading in progress...

Напсинин мартабаларынын биринчиси: قوله تعالى: «۞ وَمَا أُبَرِّئُ نَفْسِي ۚ إِنَّ النَّفْسَ لَأَمَّارَةٌ بِالسُّوءِ» (سورة يوسف/٥٣) Жамандыкка буйруй берчү өзүт (Нафс аммараh бис-су') Көпчүлүк адамдардын өзүтү(напсиси) ушул топко кирет. Ал кап-кара күмүрөй түндөй өзүт. А Жаратканды эстеп, зикир кылуу, ал үчүн караңгы бөлмөгө жагылган чырак 🏮 сымал. А тасаввуфтун негизги максаттарынын бири ушул көр өзүттү нурлантуу, жаркытуу Улуу олуялардын бири Абул Хасан Ан-Нурийден (Аллах ырайымына бөлөсүн) "Тасаввуф эмне" деп суралды. Ал айтты: "Өзүт каалаган нерселерди таштоо" Анткени Ыйык Куранда: Мисир төбөлүнүн аялы айтат: "Мен өзүмдү(напсимди) актабайм, чындыгында өзүт жамандыкка көп буйруйт". (Юсуф сүрөөсү/53)
Show all...
Салаваттын мааниси - Жараткандан болсо, анда ал камкордук, артыкчылык, жакшылык жана өзгөчө мээримди өз ичине камтыйт. А жумшалдардан(периште) болсо, ал бата-дуба, береке суроо жана кечирим тилөө болот.
Show all...
Бардык учурда дегени бардык абалда дегенге алып келет. Анткени учур, орун, абал бири-бирине тыгыз байланышкан. Мындан тил менен нажас жерлерде зикир кылуу чыгарылат. Ага өзүнчө далил келген. Бирок андай жерде жүрөк менен зикир кылууга тыюу салынган эмес. Жүрөк менен зикир кылуу эч качан түшпөйт. Мунун мисалы: "Ыйман" сымал. Шариятта белгиленген учурларда тил менен ыйманга сөз айтууга уруксат берилген. А жүрөктөн эч качан үзүлбөшү керек. Зикир да эч качан жүрөктөн үзүлбөшү керек. Айша энебиз баяндаган хадиске келсек: Пайгамбарыбыз (ага алкыш-саламдар болсун) бүт учурда зикир кылса, айрым адамдар ойлогондой: отуруп алып эмес, бүткүл кыймыл аракетинде зикир кылган. Бул кандай көрүнүштө болсо да, зикир кылууга далил. Зикирди бир көрүнүшкө чектегендер ошол чектөөсүн бизге далилдеп берсин...
Show all...
قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: "لا يزال لسانك رطبًا من ذكر الله" ايضا ما رواه عائشه (رضي الله عنها) "كان النبي صلى الله عليه وسلم يذكر الله على كل أحيانه" رواه مسلم "Тилиң Жаратканды зикир кылуу менен нымдалып турсун" Дагы Айша энебиз баяндаган хадисте: "Жолдоочу (ага Алланын алкыш-саламдары болсун) кандай гана учур болбосун зикир кылар эле. " (Муслим)
Show all...
Апа Мына апа, кетениңе беш жыл болду, Беш жылда нелер өтүп нелер болду. Сизди жоготуп ыйлап жаткан кезим болчу, Сагынып, куса болуп жашым толду. Ал күндөрүм кайра - кайра кайталанчуу, Билбейм апа, азыр жашоон кандай экен. Бейиштик экениңди билет элем, Ак гүлдөр арасында, ак көйнөкчөн жүрөт элен. Билгенсип мен түшүмдөн көргөн элем, Жаңылбастан түшүм туура чыкты экен. Бир сыр айтып, бизге бирда билдирбестен, Ойгонгуча жашоомдон кетипсиң апа. Балким мен жүрөгүмдү берет элем, Азыр сага Куран окуп багыштаймын. Колумдан башка эч нерсе келбейт экен, Кабыл алып ыраазы болуп коюн апа. Башка белек берүүгө айла жок апа, Тирүүңүздө бир гүл сунуп бере албадым. Кабырыңа барып бир гүл коюп келе албадым, Акылы жок кызыңды кечир апа. Алар сизге татыктуу кыз боло албаган, Апа сиз ооруп жатат окшойсуз деп. Бир да даары сунуп койбоптурмун, Балким апа, ошол даары таасир берет беле. Ташбоор өлүм ушунчалык мерез белең, Кеткенден соң апа кайтып келер белең. Өлүм сен бир ааз гана күтө турганыңда, Апаке... деп менда көңүл бураар элем. Мен өзүмдү карасам карайм апа, Сизди карай албаган менде ката. Сиздин сүйкүм элесиңиз көз алдымда, Унчуга албайт экенминда мен тагдырга. Синдим болсо сагындым деп ыйлайт апа, Кичинелик кыла берет тынбай апа. Кучактап аргасыздан мен сиңдимди, Сүйлөдүм, угулбады ыйым менен. Автор: Кадырова Азиза @_kg.02_
Show all...
Сен эмне ойлосоң ошолсуң. Ойлогон оюңа маани бер...🍁
Show all...
1
Ас саламу алейкум кандайсыздар ыймандууларым амансыздарбы
Show all...
2
"Ал(Аллах) аларды(Ага толук моюн сунуп, ыраазылыгын көздөгөндөрдү) жакшы көрөт жана алар да Аны жакшы көрүшөт." (Маида/54) Жаратканга болгон сүйүүнү таткан кишинин суусуну канат да, анын жүрөгү жаратыктарга болгон сүйүүнү чаңкабай калат.
Show all...
Шейх Абул Хасан Аш-Шазилий (Аллах ырайымына бөлөсүн) айтат: "Тасаввуф бул - өзүттү(нафс) кулчулукка, сыйынычка көндүрүү. Аны Жараткандын жарлыгына жүгүндүрүү, буйругуна бүгүндүрүү.
Show all...