1 316
Subscribers
No data24 hours
-37 days
-2130 days
Posts Archive
1 316
Сиздерди сыйкырдуу ачык асман поэзия кечесине чакырабыз! Жайкы кечтин атмосферасында жандуу пианинонун коштоосунда ырлар окулат 🤍 Жана дагы сиздерди башка сюрприздер күтөт ✨
Күнү: 06.07.2024
Убактысы: 18:00
Дареги: Чокморов көчөсү 121а
Билет баасы: 1500 — 2000 сом
Билет үчүн: 0704555695
Орундар чектелүү.
Кечеден соң @cholpontentieva уюштура турган “ЭРГҮҮЛӨНҮҮ” кечеси болот. Ал кечеге билеттер боюнча кененирээк бизге байланышып билиңиздер ✨
Сиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз!
1 316
Учуп келип бир чымчык,
жүрөгү менен сайрады :
”Неге калдың мени эсетебей?
сени менен дайым биргемин,
ааламга болгон сенин ар бир,
ар бир көз карашыңда,
ар бир сага тийген жылуу күндө,
балкыган булуттун нөшөрүндө,
жалт эткен чагылгандын назарында,
дем алганда дем болуп кошо кирем
эстесе деп мен жөнүндө…
кошо ачылам көзүң менен жылуу таңда,
кошо уктайм түш болуп түн маалында.
мен бармын…
кыялкеч мен бармын,
күйүп турган жашоонун ыргагына,
а сен болсо койдуң баарын унутуп
кыялдарды катып койдуң курутуп…
мен бармын…
мени унутпа…
Жашаганды унутпа,
жашоо өзү улук да!
мени эсте,
мен бармын
балалыгың балкыган,
жашооңмун сенин жаркыган!” -
деди дагы ал чымчык
учуп кетти булутка.
— Роза Рысбек.
1 316
Роза кыргыз поэзиясы өзгөчө сыйкырга ээ деп ишенет эле…
Бир күнү ал аны менен пикирлеш достор менен кезигип калды. Алар кыргыз поэзиясы адамдардын жүрөгүнө тынчтык алып келчү күчү барына бекем ишенишери далил болду. Алардын достугу бекем командага айланып идеяларды ишке ашырчу күн келди.
Сиздерге жаңы форматтагы поэзия кечелерин тартуулап турууга болгон күчүбүздү жумшайбыз… Жашасын поэзия ✨
