cookie

We use cookies to improve your browsing experience. By clicking «Accept all», you agree to the use of cookies.

avatar

💕Нарын жаштар күчү коомдук бирикмеси 💕

Нарыным алтын бешигим❤️

Show more
The country is not specifiedThe language is not specifiedThe category is not specified
Advertising posts
184
Subscribers
No data24 hours
No data7 days
No data30 days

Data loading in progress...

Subscriber growth rate

Data loading in progress...

БАЙ МУСУЛМАН китебинен конспект Китеп жалпы 4 бөлүмдөн турат. •Ислам жана Байлык; •Бай жашоого шарт түзгөн эрежелер; •Акча жана анын күчү; •Адал ырыскынын ачкычтары жана акча табуунун тыюу салынган түрлөрү. Биринчи бөлүмдө: -Исламдагы байлык тууралуу, мусулман адам деле бай болуш керек деген негизде бир топ сөздөр айтылат. “Аркан,чотун алып барып тоодон отун алып келип сатуу-суранып отуруудан жакшы” деген хадис бар. Демек мусулман адам кайсы бир деңгээлде бай болушу керек. Динибиздин 5 негизинин экөөсү байлыкка тиешелүү “ЗЕКЕТ” “АЖЫЛЫК” Биздеги иштебесең да Алла Таала ырыскыңды берет деген ойдон арылышыбыз керек. Китепте биз кедей,жупуну,алсыз жашаган деп ойлогон Сахабалардын байлыктары,калтырган мурастары,дин үчүн берген садакалары кенен берилет. Байлыкка болгон көз карашыңызды өзгөртөт. Экинчи бөлүм: -“Амалдар ниетке жараша” деген хадисти барыбыз эле билебиз. Бир нерсеге жетүү үчүн НИЕТ,МАКСАТ,АРАКЕТ керек. Элдерге жардам берген,мектеп,мечит, университет,медресе, оорукана салган бай инсандарды көрүп суктанып мактап калабыз. Эмне үчүн алар кылганды биз кыла албайбыз?! “Бир нерсени билүүнүн жападан-жалгыз жолу-бул бир нерсе жасоо” Б.Шоу. Жөн гана ордубуздан туруп,бир нерсе жасап, тагыраагы жаңы нерсе жасап,үйрөнүшүбүз керек. Жашоодо кээ бир эрежелерди жашообузга киргизишибиз керек: -Ниет жана Ыклас -Максатка умтулуу -Тырышчаак болуу -Жалкоолукту жоюу -Эрте туруу -Убакытка так болуу -Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырбоо -Каталардан сабак алуу Ушул эрежелерди жашоого аз-аздан болсо жа киргизүү керек. Үчүнчү бөлүм: -Бай болуу үчүн-БАЙЛАРдай ой жүгүртүү керек. Акча, бизнес жөнүндө бирөөдөн окуп үйрөнүү сөзсүз керек. Антпесе биз көбүн эсе акчаны туура эмес жакка пайдаланып берекесин кетиребиз. Ой жүгүртүүнү өзгөртүңүз. Ал үчүн көп китеп окуп, ар дайым жаңы маалыматтарга ээ болуп туруу керек. Сизге тоскоол болгон же эч кайсы бир тармактан билими жок адамдардан алыс болгонуңуз жакшы. Алар өздөрү өнүгүүнү каалабайт жана сизди да өнүктүрө албайт. Артка тартат. Ар дайым кайрымдуулукка акча жумшап туруңуз. “Садака байлыкты кемитпейт” деген хадисти угуп эле жүрөбүз. Ийгиликке жеткен инсандар тууралуу окуп билип алыңсаңыз сизге мотивация болуп турат. Акчанын зыянын эмес пайдаларын ойлоңуз. Акча же байлык бул -Чоң МҮМКҮНЧҮЛҮК. Төртүнчү бөлүм: -Кандай гана байлыкка ээ болбоңуз эң негизгиси-АДАЛ болсун. Бул мусулман адам үчүн аябай маанилүү. Адалдан таап Адалга сарптоо мусулман адамдын иши. ✍️Дагы да кененирээк билгиңиз келсе ушул китепти сөзсүз окуп коюңуз. “Акча,байлык мусулмандар үчүн эмес. Мусулман адам байлыктан алысыраак болуш керек” деген ойдон арылышыбыз керек😊
Show all...
Игорь Манн “Номер 1” - китебинен кыскача. -Китепти Россиядагы маркетинг боюнча адис, өз ишинин номери “1” болгон Игорь Манн жазган. Жана өзүнүн жашоодон алган тажрыйбалары менен бөлүшөт. -Канткенде адам баласы өз ишинде номер “1” боло алат? •Ал үчүн китепте атайы берилген инструменттер,мисал,эрежелер берилген. •Китепти көбүнчө- сатуу менеджерлери, тренерлер,башчы-директорлор,бизнес ээлери окуса жакшы түшүнөт деп ойлойм. •Китепте ар кандай мотивациялык цитатар,сөздөр жазылган. Алардын бири: “Жашагың келсе-тездеткенди да бил” •Башкача айтканда- убакыт келет деп күтүп отура бербе. Убакыт ансыз да кыска. Ошол узак уьакытта алынчу маалыматты,билимди аз убакытта кантип алуунун жолдорун ойлоп тап. •Кайсы гана тармакта иштебе сөзсүз китеп оку. Канчалык көп окусаң ошончолук көп идеяга,маалыматка ээ болосуң. Ошол китепти да бат окууну үйрөн.( Менин сөзүм эмес,автордон😊) •Номер “1” болгуң келсе, башка тармактагы НОМЕР “1” адамдар менен сүйлөш,баарлаш. Ой алмашып тур. Ар дайым эле сүйлөп эмес, адамды уга да билүү керек. •Сырткы көрүнүшүң да сүйлөгөнүңө жараша болсун. Адамдар менен бат тил табышып, иштешүүнү үйрөн,оку. Ар дайым жылмайып жүр. -сүйлөөнү -угууну -жылмаюуну -бөлүшкөндү -убакытка так болууну үйрөн. ✍️Жалпысынан китеп маалыматтар көп. Окуп койсоңуз ашыкча болбойт🤓
Show all...
*Мусулман бир туугандар!* _Баарыңыздарды Орозо Айт майрамыңыздар менен куттуктайбыз. Ыйык Рамазан айында туткан орозоңуздарды, кылган ибадаттарыңыздарды жана жакшылыктарыңыздарды Аллах таалам кабыл кылып, эки дүйнөдө бактылуу жана сүйүктүү пенделеринен кылсын.🤲🏻🤲🏻🤲🏻 Ар бириңиздерге бекем ыйман, үй-бүлөлүк бакыт жана берекелүү ырыскы тилейбиз.🤲🏻🤲🏻🤲🏻 Аллах таалам ойлогон ой-максаттарыңыздарды, тилектериңиздерди жана кылган дубаларыңыздарды кабыл кылсын. Ишиңиздерди дайым ийгилик коштосун. Улуу майрам болгон Орозо Айт күнүндө баарыңыздарга майрамдык маанай каалайбыз._ © Нарын жаштар күчү кб
Show all...
📚Сөз жөнүндө дастан 🤴Сулайман Рысбаев СӨЗ-ЫЙЫК, СӨЗ-КЕРЕМЕТ Сүйлөп жатканы эле болбосо, бардык адам эле сөз биле бербейт. Сөз билген адам анын ички поэтикасын, тышкы музыкасын сезет, туят. Сөз билген адам сүйлөсө – ал ырдап тургансыйт! Сөз, адамдын ички жигерин аныктап билгизет. Сөз билген, анын баасын, күчүн туйган адам таасын, так сүйлөйт, тандап, таап айтат. Өз учурунда гана айтат. Ага ошол акырын айткан бир ооз сөзү жетиштүү болот. «Cөз билген адам таап сүйлөйт, билбеген адам каап сүйлөйт» деген ошо. Керек учурда гана айтылган сөз өз угуучусун табат. Ал сөз-дарыга, алтынга тете. Ошол үчүн «айтар сөзүң – алтын болсо, унчукпай тек турганың - күмүш» - деген эмеспи элибиз. Сөз – адамдын маданияты. Куучирендиги эмес, адамдын сөзү, жүрүм-туруму гана анын маданияттуулугун айгинелейт. Адамды адам менен бириктирген – сөз, аны ажыраткан дагы - сөз. Сөз – улуу тарбиячы, акылман насааатчы, мыкты мугалим. Жоокердин куралы – кылыч, соттун куралы – түрмө, жасоолдуку – айбалта. А тарбиячынын куралы – сөз. Ал курал баарынан күчтүү, курч да, баарынан өткүр. Сөз кандай болсо - тарбия да ошондой. Демек, сөз баарынын башаты да, баарынын натыйжасы дагы. Сөз - адамдын өзү, автопортрети. Эл билген аким сөз билген чеченге башын ийиптир. Эл билген – улуу эмес, сөз билген – улуу. Эл билген акимдин артында бийлиги калбайт. Сөз билгендин артында сөзү калат. Ошол үчүн элибиз: «Жылуу сөзгө жылан ийнинен чыгат», «Ачуу да сөз, таттуу да сөз», «Сөз менен жаралайт, сөз менен айыктырат», «Өнөр алды – кызыл тил», «Сөз өлтүрөт, сөз тирилтет», «Ок жарасы бүтөт, сөз жарасы бүтпөйт» - деп бекер айтпаган. Бөскө таарынган дос эмес, дос сөзгө таарынат. Дарыгердин биринчи дарысы – сөз. Баатырдын кылычы да, элчинин күчү да – сөз. Адамдын бактысы да, шору да сөз. Адамдын жүрөгүнө сөз менен гана жол таап кирет. Сөз – керемет ачкыч. Падыша өлсө анын алтын тагы башка кишиге өтөт, а даанышман өлсө, анын сөзү өзүнүкү бойдон калат. Кийген киймиңе эмес, сүйлөгөн сөзүңө жараша ызат-сый көрөсүң. Эл көзүңө эмес, сөзүңө карап ишенет. Адамдан жан кеткени - сөздүн кеткени, а сөздүн кеткени – жандын тирүү туруп кеткени. Жаның туруп сөзүңдүн жоктугу – жаныңдын жоктугу – ошо, - дей бер. А жаныңдын бар экенин сөзүң менен далилде. @narynzhashtarkuchukb👑
Show all...
هدية إلى الأحباب Ким ички дүйнөсүн оңдосо. Аллах анын сыртын ондойт. Кимде-ким Аллах менен болгон мамилесин оңдосо, Аллах анын адамдар менен болгон мамилесин ондойт! https://youtu.be/AkAvAY1ReMg @narynzhashtarkuchukb
Show all...
Туубаса шал элем,жатып алып намаз окучум Алла түшүмдө аян берди.Кудайдын кудурети

#Максат_ажы_ТоктомушевАссалому алейкум! Максатбек ажы Токтомушев ютуб каналына кош келиңиз. Каналга катталып пайдалуу суроо-жооптор менен кабардар болуңуз.Су...

Choose a Different Plan

Your current plan allows analytics for only 5 channels. To get more, please choose a different plan.