en
Feedback
Manasuniv

Manasuniv

Open in Telegram

🔹 Official Telegram channel of Kyrgyz Turkish Manas University 🔹 Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi 🔹 Кыргыз-Түрк «Манас» университети 🔹 Кыргызско-Турецкий университет "Манас"

Show more
1 917
Subscribers
+124 hours
+147 days
+16730 days
Posts Archive
2022-2023-окуу жылынын БҮТҮРҮҮ АЗЕМИН MANAS TV YouTube каналынан көрүңүздөр: https://youtu.be/xk0iBam0Wpc

👉 Суюк самын кантип жасалат? | Университет жашоосу 🔹 "Манас" университетинин Тазалык жана гигиеналык каражаттарды өндүрүү лабораториясында түрдүү тазалык каражаттары жасалат. Биз аталган лабораториянын жооптуу инженери Гөкхан Гөнүл менен бирге суюк самын жасадык. Кызыктуу процессти көрүп, бизге катталыңыз! ©️ "Манас" телеканалы https://youtu.be/VioNaf03IVI

👉 Ун өндүрүү процесси кантип жүргүзүлөт? | Университет жашоосу Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин инженердик факультеттин тамак-аш инженердиги бөлүмүнүн студенттери ун чыгаруучу стенддин жардамы менен ун өндүрүү процессин практикалык түрдө үйрөнүшөт. Аны бизге бөлүмдүн кенже илимий кызматкери Айбек Бөдөшев көрсөтүп берди. Күнүмдүк турмушта абдан көп колдонулган азыктардын бири - ун. Аны чыгаруу процесси сизге да кызык болсо керек. Жактыны басып, бизге катталыңыз! 🛑 "Манас" телеканалы https://youtu.be/j8mw9Ol9Feg

photo content

Түркиянын Кахраманмараш шаарында жана ага жакынкы аймактарында катталган жер титирөөдөн жапа чеккен боордошторубузга сабыр ти
Түркиянын Кахраманмараш шаарында жана ага жакынкы аймактарында катталган жер титирөөдөн жапа чеккен боордошторубузга сабыр тилейбиз! Кырсыктын кесепети менен күрөшүп жаткан бир туугандарыбызга Жараткан күч-кубат берсин! Kahramanmaraş’ta meydana gelen ve çevre illerde de hissedilen deprem felaketinden etkilenen vatandaşlarımıza ve aziz milletimize büyük geçmiş olsun! Yüce Rabb’im yaralarımızın bir ân evvel sarılması için canla başla çalışan Devletimizin tüm yetkililerine kuvvet versin!

ВАКАНСИЯ Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин карамагындагы Экологиялык изилдөөлөр, консалтинг жана аудит борборуна Журналистика бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрүн кызматташууга чакырабыз. Байланыш тел. 0999 300 101

Repost from MEDIAMANAS
🔴 Университетибиздин ректору, профессор Алпаслан Жейлан MEDIAMANASтын түз эфиринде конокто. 🔴 Rektörümüz Prof. Dr. Alpaslan Ceylan MEDIAMANAS'ta https://youtu.be/Yl1UsZM7SoA

Repost from MEDIAMANAS
👩🏻‍🔬 Эртең "Жаңы күн" программасында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин инженердик факультетинин окутуучусу Айчүрөк Мажитова конокто болот. Ал эл аралык "Мацумаэ" фондунун илимий гранты менен Японияга барып, "Кумамото" университетинде 6 ай аралыгында изилдөө иштерин жасаган. 👉 "Жаңы күндө" Айчүрөк Мажитованын изилдөөсү жана Япониядан топтогон тажрыйбасы тууралуу кененирээк маалымат ала аласыздар. 📲 Суроолоңуздар болсо, 0555151029 Whatsapp номерине билдирүү жөнөтсөңүздөр болот. 🎙 Берүүнүн алып баруучусу - Шаризат Ибраева. 🔗 www.mediamanas.kg 📱 Facebook: MEDIAMANASKG 🖥 YouTube: MEDIA MANAS 📞 WhatsApp: +𝟗𝟗𝟔 𝟓𝟓𝟓 𝟏𝟓 𝟏𝟎 𝟐𝟗 #mediamanaskg #mediamanas #жаңыкүн

KTMÜ Tanıtım Filmi 🤩 КТМУнун таанытуу тасмасы 😍

Repost from MEDIAMANAS
🍊 Башка цитрус жемиштери сыяктуу эле, мандариндер витаминге жана клетчаткага өтө бай. Аларды үзгүлтүксүз жана рационалдуу, азык катары пайдалануу адамдын ден соолугуна пайда алып келет. 💪 Мандаринде адамдар үчүн маанилүү минералдар көп санда кезигет. Мисалы: кремний, кобальт жана молибден. Бул заттардын баары көптөгөн ички процесстердин туура иштешине жардам берет. 🍊 Мандарин жез булагы болуп саналат. Бул мөмөдөгү жездин концентрациясы суткалык керектөөнүн 10%дан азыраагын гана түзсө да, башка көптөгөн жемиштерге салыштырмалуу көбүрөөк болуп саналат. Жез ден соолук үчүн абдан маанилүү, анткени ал кызыл кан клеткаларын түзүүгө, темирди сиңирүүгө жана ткандарга кычкылтекти ташууга жардам берет. 🍊 Бардык цитрус жемиштери С витамининин эң сонун булагы болуп саналат. Орто өлчөмдөгү мандаринде бул заттын суткалык керектөөсү 30% дан 40%га чейин барат. Башкача айтканда, мандаринди күнүмдүк рационуңузга кошуу сизге керектүү С витаминин алуунун эң сонун жолу. 🍊 Аскорбин кислотасы ошондой эле антиоксидант касиетке ээ. Ал организмдеги кычкылдануу менен күрөшүүдө иммундук клеткалардын ишине таасир этет. Ошондой эле, окумуштуулар жазгандай, бул зыяндуу микробдордун өлүмүнө өбөлгө болот, теринин жана ткандардын бүтүндүгүнө таасир этет. ☝️ Организмге зыян келтирбөө үчүн диетологдор күнүнө үч же төрттөн ашык эмес мөмө жегенди сунушташат. Мандаринди ач карын жегенге болбойт, анткени цитрустун курамындагы кислоталар ашказан-ичеги трактынын былжыр челине зыян келтириши мүмкүн. 🙅 Тамактануудагы клетчаткалардын өзгөрүүсүнө сезгич адамдар этият болуусу абзел, себеби, диетологдордун айтымына караганда, алар жетиштүү өлчөмдөн бир аз көбүрөөк жеген учурда: диарея, ашказандагы ашыкча газдын пайда болушу деген сыяктуу ж/б көйгөйлөргө дуушар болушу мүмкүн. Бул абдан жекече (индивидуалдуу) жагдай жана көп нерседен көз каранды; кимдир бирөө ыңгайсыздыкты сезиши үчүн 2-3 мандарин жесе жетиштүү, ал эми кимдир бирөө килограммды да беймарал жей берет. А сиз канча өлчөмдө жей аласыз? Деги эле, бул мөмөнү жакшы көрөсүзбү?🤔🤗 #mediamanaskg #mediamanas

Repost from MEDIAMANAS
Жаңы жылдык концерт ✨ Manas Akustik Yılbaşı Konseri 🎊 https://youtu.be/U73KFbZMhAc

Repost from MEDIAMANAS
🎼 Сиздерди көркөм өнөр факультетинин окутуучусу, Түрк дүйнөсүнүн кадырлуу ырчы жана обончусу Ирфан Гүрдалдын “Түрк дүйнөсүнүн баяндуу абаздары” аттуу концертин "Манас" телеканалынан жана MEDIAMANAS YouTube каналынан көрүүгө чакырабыз! 🎼 Güzel Sanatlar Fakültemizin öğretim elemanlarından Türk Dünyası’nın saygın sanatçısı İrfan GÜRDAL’ın “Açıklamalı Türk Dünyası Müzikleri” temalı konserini Manas Televizyonumuzdan ve MEDIAMANAS YouTube kanalımızdan izleyebilirsiniz. 📆 31-декабрь 2022 / 31 Aralık 2022 🕚 16:00 / 16.00 🔔 Концертти алгачкылардан болуп көрүү үчүн билдирүүнү күйгүзүңүз. 🔔 Konseri en başından izlemek için YouTube bildirimlerini lütfen açınız. 🇹🇷🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷🇰🇬🇹🇷🇰🇬 #manasuniversity #mediamanaskg #studentsmanasedukg #bir_üniversiteden_ötesi #университтендаартык #ирфангүрдал #irfangürdal