2 774
Subscribers
No data24 hours
-137 days
-8530 days
Posts Archive
2 774
Сен бул жайды уктабай өткөр…
Уктабай дегеним тамак жесең даамын сез, жаңы даамдарды тат, жакканын, жакпаганын бөлүш…
Жумуштан үйгө баратсаң эки жакты кара, таң кал, суктан. Мурун баспаган көчөлөр менен бас. Жаңы жерлерди, жаңы дүкөндөрдү, жаңы имараттарды кирип көр.
Апаң менен же досуң менен отурсаң башкача баарлашып көр. Тереңирээк суроолорду бер, келечектеги пландарын сура, бир кинону талкуула…
Айлыгыңды (карызың жок болсо) бул жолубашкача бөлүштүр. Боёнгучка азыраак, саякатка көбүрөөк, кийимге азыраак, жер-жемишке көбүрөөк…
Анан сезимдериңди дайыма өзүңө калтырып көнгөн болсоң, бул жолу ачык айтып көр. Балким, бактыңды өзүң кармап жаткандырсың.
Кыскасы, уктабачы. Байкап көрчү. Бул жайда жашабаганда качан жашайсың?
#диби_деди
2 774
Жаштарыбыз жол тартышып алыска,
Эми чындап түштү белем жарышка.
Жатышпайт тек,
Билим издеп,
Алып учуп,
Жүрөк дегдеп,
Бали, жаштар,шыбагаңдан калышпа!
©️М.Элебаев
2 774
Баягы эле көчөдө басып жүрөм,
Башкаларга сүйүүнү түшүндүрүп.
“Cүйдүң беле сен өзүң”- деп сурашса,
Билмексендей акырын жүзүм буруп.
-qais
#поэзия #poetry #kyrgyzpoetry #көчөдөгү_кагаздар
2 774
Баягы эле көчөдө басып жүрөм,
Башкаларга сүйүүнү түшүндүрүп.
“Cүйдүң беле сен өзүң”- деп сурашса,
Билмексендей акырын жүзүм буруп.
2 774
🍂🍂
Жүз миң адам жашаган ушул шаарда,
Жакын таппай жалгызсың сырдашаарга…
🖊️ Калыс Жумадил
