Цитаталар МБ📚🍃
Open in Telegram
Адам менен адамдын айырмачылыгы-акыл менен адамгерчилигинде. @moldoshov1
Show more1 719
Subscribers
No data24 hours
-87 days
-7730 days
Posts Archive
1 719
"Жакшы тарбия дасторконго соусту төкпөшүңүздө эмес, балким аны башка бирөө төгүп жибергенде сезбей калышыңызда жатат."
©Чехов
1 719
Эркек качан ыйлайт?
Эркек акыркы жылдары азайып баратат. Эркек өзүнүн ким экенидигин, табигатын, маңызын унутуп калды. Ошого катар анын баалуулуктары өзгөрдү. Ошого жараша алар ыйлайт турган иштер да башка болду. Бүгүн эркек “кызы” таштап кетсе ыйлайт, сүйгөнү таштап кетсе ыйлайт, аялы таштап кетсе ыйлайт. Башка нерсеге ыйлабай калды. Негизги жашоосу кыз, кыз деп келип, кыз деп жашап, кыз деп өлүп беришүүдө. Мурда кыз үчүн ыйлоо уят болсо, бүгүн сыймык жана кадыр барк болду. Бакрга окшогон, Алыкулга окшогон, жана башка ыйлаак эркектер көбөйүп эркектердин мээсин уландырууда. Эркек кызды сүйөт, жетет. Жетпесе, максатын көздөй кадам шилтей берет. Кыздын көңүлүн алуу, ага убакыт бөлүү, романтика жасоо, максатсыз, караңгы эркектин иши. Андай иш-аракетти эркектен талап кылган, күткөн кыз, кем-акыл, түркөй. Эркек максат койбой жашагандыгына ыйласын. Максатына бараткан жолдо ыйласын, максатына жетпей калганда ыйласын. Башка учурда ыйлабасын! Максатка кыз эч качан кирбейт. #эркекбол
1 719
Жаңы таанышкан адам эле сизге:-Менин мүнөзүм жаман,мен абдан наглыймын, мен андаймын мындаймын, мен мен мен…
Дей берсе эмне деш керек?
1 719
Сен кинолордон көрүп же китептерден окуп, же жашоодон көрүп жүргөн идеалдуу ( кызга жетүү үчүн романтика жасаган) эркекти жашоодон издеп жүргөндө, сага чыныгы эркектердин келип кеткенин байкабай каласың. Байкабай калганың жакшы бир чети… Аябай эле жакшы…
Албетте сага эмес ал үчүн жакшы…
1 719
Менде да ката көп. Катам болсо айтып түз жолго салгыла. Туура болсом, колдогула. Багытыбызда көп оорчулук жана бут тосуулар болот. Жеңил эч нерсе жок. Аллах коомубуздун жана биздин ортобузду акыйкат менен ачсын.
Сүйлөсөк жакшы сөз сүйлөйлү, болбосо унчукпайлы. 💛
1 719
Жаман балдар койнуңа кирүү үчүн жалган сүйлөйт.
Жакшы балдар жүрөгүңө кирүү үчүн кооздоп сүйлөйт.
Мыкты балдар жалган, кооздоп сүйлөбөйт. Бирок сен аларга ишенбейсиң.
Себеби ага чейинкилердин баары алдап келген.
1 719
Эң чоң адамдын акы бул анын жашоосу, сезимдери менен ойноо, адамга бир нерселерди кыялдандырып аткарбай коюу. Бирөөнүн сезимдери менен ойноп жатканда анын Жараткан Эгеси бар экенин унутпа. Себеби Кудай Таала жүрөгү жараланган кулунун дубасын аткарбай койбойт.
1 719
Азап келеби - өзуңду эч аябай азаптан; ый келеби - ичте буртук калганча ыйлагын; майрам керек болдубу - өзүңдөн аянбай тасмал жайгының; ийгилик баш бактыбы - ийилип баарын имергин; жокчулукпу, тарткылыкпы - көтөргүн. Капилет өлүм кабылса - башты салбай, чөгөлөбөй өлгүнуң.
1 719
Жашоо деп аталган ушул дүйнөдө,
Адамзат сагынуусуз жашоосу кыйын.
Мүмкүн дүйнөдөгү эң маңкурт инсан,
Бир жанды сүйүп сагынып жашайт...!
1 719
Билип турам керектүүсүн табаарың,
Суранаарым муңайбасын жамалың.
А мен болсо такыр сендик эмесмин,
Деп айтты эле эң керектүү адамым...!
1 719
Бул жалганда болсо эгер шарт.
Эгер инсан жаралса да миң ирет
Кайра кайра келип дүйнөгө .
Кайра кайра сени сүймөкмүн,
Кайра дагы чөгүп сүйүүгө.
Айдай сени кайра сүймөкмүн...!
1 719
Ар бир күн бизге берилген эң чоң мүмкүнчүлүк, эң кымбат белек!
Ар бир минута бул кайталангыс көз ирмем!
Кечээки өткөн күндү кайтара албайбыз, бирок сенде бүгүнкү күн бар. Аракет кыл,максат кой, план түз, эмгектен, максатыңа жет! Сени ким кармап турат? Өз бизнесинди ач!
Бирөөнүн кол астында өмүр бою анын көзүн карап иштегенче, өзүңүн кол астыңда ошолорду иштет!
Жашоо сени күтүп турбайт! Азыртадан аракетти башта...!
1 719
Аял заты көчөдө бизнес менен алектенгенче,
Үйдө бизнесмендердин тарбиясы менен алек болгону жакшы...!
