cookie

We use cookies to improve your browsing experience. By clicking «Accept all», you agree to the use of cookies.

avatar

СУРОО - ЖООП

✅ Урматтуу катталуучу! Кызыктуу суроо-жооп каналына кош келиңиз! 💠 Өзүңүздүн ислам дининдеги илим деңгээлиңизди текшериңиз! 💡 Диндик сабатыңызды арттырыңыз! ❓Күн сайын жаңы суроолор жана алардын туура жооптору! Сунуш - пикирлер үчүн @SuroooBot

Show more
Advertising posts
4 122
Subscribers
-424 hours
-107 days
-3130 days

Data loading in progress...

Subscriber growth rate

Data loading in progress...

Айша энебиз (андан Аллах ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын Элчиси ﷺ Рамазан айынын акыркы он күнү киргенде белин бекем бууп, үй-бүлөсүн ойготуп, түнүн ибадат менен тургузат эле." 📚Бухари 2024.     Ахли сунна аалымдары хадисти мындайча түшүндүрүшөт: Астынкы кийимдин белин бекем бууган дегендин мааниси - акыркы он күнү киргенде жубайларына кошулбай, түнүн ибадат менен өткөрүүгө абдан катуу көңүл бурган деп айтышкан.          Ал эми үй-бүлөсүн ойготкон дегени - үй-бүлөсүн башка түндүн акыркы бөлүгүндө витир намазын окуу үчүн тургузган болсо, бул он түнүн ибадат менен өткөрүү үчүн тургузган дешкен.           Түнүн тургузат эле дегени - Аллахтын Элчиси ﷺ акыркы он күндүн ар бир түнүн намаз, зикир, дуба ибадаттары менен өткөргөн эле деп айтышкан.          Урматтуу мусулман бир тугандар! Бизге туура жолду көрсөтүп, бардык жакшылыкта чыныгы үлгү болгон Аллахтын Элчиси ﷺ мурунку жана кийинки күнөөлөрү кечирилгенине карабастан Аллахтын Өзүнө берген чексиз нээматтарын эскерип, түнкүсүн намаздар менен өткөргөн. Бул ибадаттарын көргөн Айша энебиз (андан Аллах ыраазы болсун): "Аллах сиздин өткөн жана кийинки күнөлөрүңүздү кечирген эмес беле?" - дегенде Аллахтын Элчиси ﷺ: "Аллахтын берген нээматтарына кантип шүгүр кылган кулу болбойун?!" - деп жооп кайтарган.          Албетте Аллахтын ар бирибизге берген жакшылыктары сан жеткис. Биз дагы хадиске амал кылып, ушул саналуу түндөрдө үй-бүлөбүздү ойготуп намаз, Куран окуу, дуба кылуу жана Аллахты зикир кылуу менен өткөрөлү. Аллах Таала ушул акыркы он күндө бардык амалдарды кылууга жардам берип, ар бирибиз Рамазандан күнөөлөрүбүз кечирилген абалда чыгуубузду насип кылсын. 🖋Талас Артыкбаев ____ Башкалар менен бөлүшүп, соопко шериктеш болуңуз! https://t.me/islamtaanuu/218
Show all...
ИСЛАМ ТААНУУ

Анас ибн Маликтен (Аллах ыраазы болсун) риваят: "Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Оозду жапкыла! Себеби таң атаардагы ооз жабууда береке бар."" Бухари 1923 Бул хадисте Аллахтын Элчиси: Таң атаарда тамактанып сухур кылгыла! Себеби таң атаарда тамактанып ооз жабууда береке бар деп айткан. 👉t.me/islamtaanuu Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз!
Show all...
📜Сабактын темасы: Рамазан айында кылынуучу жети амал 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп койуңуздар.
Show all...
Урматтуу мусулман бир туугандар! Аллах насип кылса ар бир мусулмандын кыялы болгон, Исламдын мекени, Аллах жакшы көргөн жер жана Анын Элчисинин сүйүктүү шаары болгон Мекке менен Медина шаарына берекелүү Рамазан айынын ортосунда сапарга чыкканы жатабыз. Себеби Абдуллох ибн Аббастан риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси: Рамазан айында  умра кылуу мени менен ажылык кылгандай соопко ээ болот деп айткан. Эгерде биз менен барып Умра ибадатын Сүннөттүн негизинде өтөп келүүнү кааласаңыз - анда бизге кайрылыңыз! Аллах Таала баарыбызды Өзүнүн сүйүктүү үйүнө барып, умрабызды туура аткарууга мүмкүнчүлүк берсин жана жасаган салих амалдарыбызды кабыл кылган болсун! Байланыш номери: 0702219990 0550753425 👉 t.me/islamtaanuu
Show all...
Шектик күн качан? Шектик күн - бул Шаабан айынын отузунчу күнү. Себеби Рамазан айы жаңыруусун билүү үчүн Шаабан айынын жыйырма тогузунчу күнү кечке ай каралат, айды кароодогу максат: эртең Шаабан айынын отузунчу күнүбү же Рамазан айынын биринчи күнү  болуп орозо кармалабы, ушул. Эгер Шаабан айынын жыйырма тогузунчу күнү кечинде асман булут же чаң ж.б. себептен улам ай көрүнбөй калса, анда эртеси Шаабандын отузунчу күнү болуп эсептелет бирок Шаабандын жыйырма тогузунчу күнү кечинде асман булуттуу болгондуктан ай кароо мүмкүндүгү болбосо - Шаабандын отузунчу күнү Рамазандын биринчи күнү эмес бекен деген шек бар. Асман ачык болгондо ай көрүнмөк беле деген  күмөн болгондугу үчүн - бул күн шектик күнү, тактап айтканда Шаабандын отузунчу күнүбү же Рамазандын биринчи күнүбү деп шектенип турган күн болгондуктан ушундай айтылып калган. Мына ошондуктан шектик күн кээ бир адамдар ойлогондой  жыйырма тогузунчу күнү эмес,  отузунчу күнү. Шаабандын жыйырма тогузунчу күнүн эч ким Рамазандын биринчи күнүбү же Шаабандын отузунчу күнүбү деп шектенбейт. Шектене турган күн ал отузунчу күнү. Шектик күнү (Шаабандын 30-күнү) орозо кармаса болобу? Шаабан айынын отузу (шектик күнү) адамдар Рамазан айынын биринчи күнү болуп калышы мүмкүн деп этияттык кылып орозо кармоону Абу Ханифа мазхабы, имам  Маликтин, имам Шафиъийдин мазхабдарында жана имам Ахмаддын бир  риваятында бул күнү орозо кармоо болбойт, арам дешкен. Себеби Аллахтын Элчиси ﷺ хадистеринде бул күнү орозо кармоодон ачык кайтарган. Буга далил: Аммар ибн Ясир (андан Аллах ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Кимде-ким шектик күнү орозо кармай турган болсо - ал Касымдын атасы Мухаммадга каршы келген болот"" 📚Абу Дауд 2334, Тирмизий 686, Ибн Мажах 1645, Ибн Хажар, Албани хадисти сахих дешкен. Шектик күнү орозо кармоо - Аллахтын Элчисинин ﷺ кайтарган кайтаруусуна карама-каршы келет деген. Экинчи далил Абу Хурайрадан (андан Аллах ыраазы болсун) риваят: "Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Рамазандын алдын бир же эки күн мурда (Рамазандан деп этият кылып) орозо кармабасын. Ал эми кайсыл бир адамдын  адатынча кармаган (биринчи төртүнчү ж. б. күндөрдөгү) орозосу ошол күнгө туш келип калса кармай берсин."" 📚Бухари 1914, Муслим 1082 Урматтуу мусулман бир тууган ушул жана башка далилдер себептүү Шаабан айынын отузунчу күнү, шектик күнү Рамазандын биринчи күнү болуп калышы мүмкүн деп ойлогон акыбалда орозоо кармоо - мүмкүн эмес. Бул ачык кайтарылган амалдардан. Ал эми кайсы бир адамдын  адатта кармап жүргөн биринчи, төртүнчү күндөрү же күн ара ж.б. кармап жүргөн сүннөт орозосу ушул күнгө туш келип калса аны кармаса болот жана ошондой эле бир адамдын өткөн Рамазан айынан калган карызы бар болсо - ошол карызын башка күндөрү өтөй албай, өтөө күнү ушул күнгө туш келип калса - аалымдар өтөсө болот дешкен. Анткени жогорудагы хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ адатта кармап жүргөн адамдын орозосу ушул күнгө туш келип калса - кармай берсин деген. 🖋 Талас Артыкбаев 👉  t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүүнү унутпаңыздар!
Show all...
ИСЛАМ ТААНУУ

📜Ислам динин Куран-Сүннөттүн негизинде таанып билүүнү кааласаңыз бул канал сиз үчүн.

📜Сабактын темасы: • 6 ай дуа - - - - - - - - - - - - 👉 t.me/islamtaanuu Тикток: https://vt.tiktok.com/ZSFDuFedT/ - - - - - - - - - - - - Инстаграм: https://www.instagram.com/reel/C4GRqXhoy1v/?igsh=MWhvNG91emFyd25rOQ== - - - - - - - - - - - - Сабакты толугу менен: Ютуб жана Телеграм баракчаларыбыздан көрсөңөр болот. Башкалар менен бөлүшүп койуңуздар.
Show all...
📜Сабактын темасы: Үч негиз китебинин үчүнчү сабагы 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп койуңуздар.
Show all...
📜Сабактын темасы: Шаьбаан айында орозо кармоонун артыкчылыгы 👉 t.me/islamtaanuu Башкалар менен бөлүшүп койуңуздар.
Show all...