cookie

We use cookies to improve your browsing experience. By clicking «Accept all», you agree to the use of cookies.

avatar

Ыйман нуру😊🕌🕋

Ассаламу алейкум ва рахматуллахи вабаракатуху🤝 🕌 Хадистер 📓 Куран 👳Баяндар 📿Зикирлер 🕋Сунноттор Канал түзүлгөн кун 18.03.21

Show more
Advertising posts
720
Subscribers
No data24 hours
-27 days
-2230 days

Data loading in progress...

Subscriber growth rate

Data loading in progress...

11-март күнү орозо кармалат. 2024-жылдагы ыйык Рамазан айы 11-мартта башталат. 10-мартта өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат.😍
Show all...
6
✅📖 АЛЛАХ ТААЛА КУРАНДА ЖУМА КҮНҮ ТУУРАЛУУ АЙТТЫ: «О, ыйман келтирген пенделер! Эгер  Жума күнү (Жума намазына чакырып)  азан айтылчу болсо, тезинен Аллахты  эскерүүгө (мечиттерге) шашылгыла  жана сооданы (намаз бүткөнгө чейин)  токтоткула. Бул өзүңөр үчүн жакшы, эгер билсеңер.   Ал эми, намаз бүткөндө Аллахтын  ырыскыларын издеп, жер бетине  жайылгыла жана Аллахты көп эстегиле. (Ошондо) жеңишке (Бейишке) жетээрсиңер!» (Жума сүрөсү, 9-10 аяттары) 📜 Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) баяндайт. Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салам салаваттары болсун) мындай деген: «Беш убак намаз арасында, жума намазы менен кийинки жуманын аралыгында жана рамазан айы менен келерки рамазан аралыгында чоң күнөөлөр жасалбаса эле, аталган ибадаттар майда күнөөлөрдүн кечирилишине себепчи болот» (📚 Муслим риваяты) 🖋Ибн аль-Коййим аль-Жаузия رحمه الله айтат: (Жума күн) – бул күндү толук ибадатка арнаганың жакшы. Жума күнүнүн башка күндөрдөн парз жана нафиль ибадаттарында артыкчылыктары бар. Аллах Субханаху ва Таала ар диндин өкүлдөрүнө бир күн берди, ал күндө алар дүйнө иштеринен бошонушуп, убактыларын толук ибадатка жумшашат. Ошондуктан Жума – бул ибадат күнү. Рамазан башка айларда кандай болсо, Жума да башка күндөр арасында ошондой. Рамазандагы Кадыр Түн кандай болсо, Жума күнүндөгү дуа кабыл болчу саат ошондой (i). Ошондуктан кимдин Жума күнү дурус болсо – калган бүт аптасы дурус болуптур. Кимдин Рамазаны дурус болсо – калган 11 айы дурус болуптур. Кимдин ажылыгы дурус болсо – калган бүт өмүрү дурус болуптур. Жума – бир аптанын таразасы, Рамазан – бир жылдын таразасы, Ажылык – өмүрдүн таразасы эмеспи. 📔 (“Зад аль-Маъад”: 158) китебинен
Show all...
👍 1