A᥎ᥱᥱ Pᥣᥲyᥱr 🇰🇬♻️️︎
Open in Telegram
Ⲁⲥⲥⲁⲗяⲙⲩ ⲁⲗⲉύⲕⲩⲙ ⲩⲁ ⲣⲁⲭⲙⲁⲧⲩⲖⲗⲁⲭυ ⲩⲁ ⳝⲁⲣⲁⲕⲁⲧⲩⲭ❤️ ▷ ◉───────────── 0:05 Ⲟⲣυⲅυⲏⲁⲗ ᥎iᤁᥙᥲᥣiᤁᥱr# Ⲁⲇⲙυⲏυⲥⲧⲣⲁⲧⲟⲣ ⬇️⬇️⬇️ @Syimyk5
Show more1 140
Subscribers
No data24 hours
No data7 days
+2330 days
Posts Archive
1 140
*“НАМАЗ ОКУБАЙ КОЮНУН ЖАЗАСЫ“*
Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айткан:
*“Кош көңүлдүк кылып намаз окубай койгон адамды Алла Таала он беш нерсе менен жазалайт. Алардын алтоосу бул дүйнөдө, үчөөсү өлүмдүн алдында, үчөөсү кабырда, калган үчөөсү кабырдан кайра тирилип чыккан кыямат күнү берилет”*.
*Дүйнөдө берилүүчү алтоосу:*
*(1)*. Алла Таала өмүрүнү берекесиз кылып коёт.
*(2)*. Алла Таала ал пенденин жүзүнөн салих такыба пенделердин белгисин өчүрүп коёт.
*(3)*. Кылган иштерине сооп берилбейт.
*(4)*. Кылган дубасы асманга көтөрүлбөйт.
*(5)*. Адамдар бул дүйнөдө эле аны жек көрүп сыйлабай калышат.
*(6)*. Ал адамга салих адамдардын дубасынын пайдасы тийбейт.
*Өлүм алдында берилүүчү үч азап:*
*(1)*. Кор болуп өлөт.
*(2)*. Курсагы ачка жан берет.
*(3)*. Чаңкап жан берет, ошол кезде деңиздин суусун ичсе да чаңкаганы басылбайт.
*Кабырда берилүүчү үч азап:*
*(1)*. Алла Таала ал адамдын кабырын тар кылып коёт, кабыры кысып кабыргалары бири-бирине кайышып калат.
*(2)*. Алла Таала ал адамдын кабырына алоолонуп жанган от күйгүзүп коёт.
*(3)*. Кабырда ал адамга кара чаар жыландар азап берет.
*Кыяматта берилүүчү үч азап:*
*(1)*. Кыямат күнү жүзү менен тозокко сүйрөлүп киргизилет.
*(2)*. Кыямат күнү Алла Таала ал адамга каардуу көз караш менен карайт, анын себебинен бетинин эттери ажырап жерге түшөт.
*(3)*. Алла Таала ал адамды катуу эсеп-кысапка алат жана периштелерге муну тозокко киргизгиле деп буйрук берет.
Багымдат намазын окубаган адамдын жүзүндө нуру болбойт.
Түшкү (пешим) намазын окубаган адамдын ырыскысында береке болбойт.
Аср (дигер) намазын окубаган адамдын денесинде күчү болбойт.
Шам намазын окубаган адам балдарына өзүнүн пайдасын тийгизе албайт.
Куптан намазын окубаган адамдын уйкусунда рахат болбойт.
Азан айтылып жаткан кезде музыка, ыр уккан адам жан берип жаткан кезде “шахадат: Лаа илааха иллаллох” келмесин айта албайт.
Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам):
*“Менден бир аят болсо да жеткиргиле”* – деп айткан.
Бул маалыматты жакындарыңызга жеткизиңиз!!!
1 140
📢 Сиз үчүн өтө пайдалуу ❕📿
1.СУБХААНАЛЛАХ - Аллах бардык кемчиликтерден таза зат.✅
2.АЛЬХАМДУЛИЛЛААХ - Шүгүрлөр таза Зат болгон ааламдардын Роббиси Аллага болсун.✅
3.АЛЛАХУ АКБАР - Аллах Улук.✅
4.ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛОХ - Аллах Тааладан башка сыйынуучу илах жок.✅
5. ЛАА ХАВЛА ВА ЛАА КУВВАТА ИЛЛА БИЛЛААХ - Эч кандай күч-кубат жок, бир гана Алланын жардамы менен гана.✅
6.СУБХААНАКА АЛЛОХУМА ВА БИХАМДИКА - Сен тазасыӊ,Аллахым Сага мактоо болсун.✅
7. ЛАА ИЛААХА ИЛЛАА АНТА СУБХААНАКА ИННИИ КУНТУ МИНАЗЗООЛИМИН - Сенден башка ибадат кылууга ылайык Зат жок, жабыр тартуучулардан болуп калдым.✅
8. АСТАГФИРУЛЛОХ - Аллах мени кечир.✅
9. АЛЛААХУММА СОЛЛИ ЪАЛАА МУХАММАДИН ВА ЪАЛА ААЛИ МУХАММАД.✅
Көптөгөн соопко ээ болдуңуз. Ин шаа Аллах 😊 Күндө айтууга адат кылыңыз.
