en
Feedback
JIStudy

JIStudy

Open in Telegram

Канал өзүн-өзү өнүктүрөм дегендер үчүн!🎓📚 Мында: 📖 ЖРТге, олимпиадага, “Алтын тамга” тестине даярдануу боюнча кеңештер жана материалдар. 💻 Онлайн курстар, хакатондор жана иш-чаралар. 📊 Конкурстар, стипендиялар жана гранттар тууралуу маалымат.

Show more
443
Subscribers
No data24 hours
No data7 days
No data30 days
Posts Archive
ЖРТга даярдыкты баштадыңарбы?
Anonymous voting

Каналда 2024-жылдын бүтүрүүчүлөрү барбы? Ким ?
Anonymous voting

Көптөн күткөн убак да келди!🌞 Бул каналды жаңы админстраторго өткөрүп беребиз. Канал жүргүзүүнү каалаган, жоопкерчиликтүү, маалыматы, билими көп, өзүндө болгон маалыматы менен бөлүшө алган быйылкы жылдын бүтүрүүчүлөрү, мага жеке катка өзүңөрдүн жыйынтыгыңар менен кайсыл тармакты тандап жатасыңар, ошолор тууралуу жазып койгулачы! Каналды мыкты деңгээлде жүргүзө алам дегендер гана жазгыла ээ. @jumaidam04

Ал эми көксөгөн жыйынтыгына жеткендерди, албетте, куттуктайм!🤍

“Болуп жатса бир хайыр, болбой жатса миң хайыр” 📌Күрөшүүгө чыккан адам жеңүүнүн да женилүүнүн да даамын татканга даяр болуш керек. ЖРТнын жыйынтыгын угуп депрессияга түшкөндүн пайдасы жок! Тескерисинче аны да бир жакшылык деп эсептегиле. Балким ошол себеп болуп, Кыргызстандын эмес чет өлкөлүк мыкты ЖОЖдордо окуп каласыңар. Балким жашооңордо силер күтпөгөн аябагандай сонун мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Жаратканым бир жагынан берсе, бир жагынан тыят. Өзүңөрдү жемелөөнүн кереги жок. Мен да дал бир жыл мурун өзүм күткөндөй балл албай калганыма ыйлап, жадагалса окууга тапшырбоого чейин баргам. Бирок ойлонуп отуруп тапшырдым. Менин ырыскымды дал ушул университетке жазыптыр, ырыскымды терип жүрөм. Аябагандай сонун, потенциалы жогору, “окуйм, өсөм, өнүгөм” деген студенттердин арасында жүрөм, баары кыйындар, ар кимисинин өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Азыр мен ошол алган баллыма ыраазымын. Алтын сертификат албай калса эле потенциалы төмөн же алтын сертификат алса эле аябагандай кыйын адам деп ойлооого такыр болбойт. ЖРТ-бул логикалык тест. ЖРТ силерге ЖОЖго тапшырууга гана көмөкчү, ал тест силердин IQңарды текшербейт. Антип, “менин мээм иштебейт” деп өзүңөрдүн бааңарды түшүрбөгүлө. Баары алдыда!

Сүйүнчүлөрдү күтөм😍!

Мени издегендер болсо, мен мындан ары бул каналды жүргүзөм, ушул жакта сүйлөйм, ушул жакта баарлашам😇. (Бул канал бүт тараптуу study канал). Сый менен мен,Имамалиева Жумаида. https://t.me/jistudy

Кутман кеч! Саламатсыңарбы? 🌷 Ал-абалыңар жакшыбы? Былтыр бул каналдын негиздөөчүсү-Нуриза Алимбаева каналды биз, Имамалиева Жумаида, Ахлидин кызы Нурсулууга өткөрүп бергендей эле , быйыл биз бул каналдын жоопкерчилигин быйылкы көрсөткүчү ар тараптуу жогору, өзүнүн тажрыйбасын башкалар менен бөлүшкөнгө даяр болгон абитуриентке өткөрүп беребиз😊. Биз айтарыбызды айтып бүттүк. Жаңы тажрыйбалар, кеңештер менен бөлүшүлсүн. Мындан ары ушуну менен бизден жаңы посттор чыкпайт(окууга талон таштоодо көмөктөшөбүз).🙃 Өткөн бир окуу жылы ичинде силерге жакшы маалымат берип, мотивация бере алдык деген ишенимдемин.😇 Силерди сыйлоо жана урматтоо менен, каналдын админдери.🌷 Абитуриент 2024, силерге ийгилик!

Кутман кеч! Саламатсыңарбы?😁 Буйруса, “мына-мына” деп көптөн күткөн, ойго салып, түнү уйку бербеген- эртеңки күн, эртеңки тест, эртеңки сынак, силерди күтүп турган чагы. Баарыңарга тестти эң жакшы деген жыйынтыкка тапшырууңарды каалайм🥹❤️. Билем, силер аябай чоң максаттар менен, тестке күчүңөрдүн болушунча даярдандыңар.🤓 Эми,Кудай буйруса, үзүрүн да көргүлө, мындан бир ай өтүп, көзүңөрдөн кубанычтын жашы аксын.🫶🏻❤️Көксөгөн окуу жайдын студенти болуп, каалаган кесибиңердин ээси болгула.💗 Азыркы силердин акыбалыңарды аябай жакшы түшүнүп турам.☺️ Эч кандай шокко алдырбагыла, бүгүн тытынып окугандын кереги жок, мээңерди эс алдырып, болушунча эртерээк уктаганга аракет кылгыла.😇 “Мыкты уйку-мыкты күн!”🔥 Мээңерди болбогон нерселерди ойлонуп, кыйнагандын кажети жок! Эми ушул убакка чейин билим казаныңарга толтурган байлыктарыңарды практикада көрсөтөсүңөр. Баарыңарга ийгилик❤️❤️❤️! Ак мектебиңердин ак үмүтүн актап, ата-эне гана эмес, эл сыймыгы болгула!😘 Силерди жакшы көрөбүз. Силерди сыйлоо жана силерге ийгилик каалоо менен админдер❤️.

Челлендж старт алды 🤓

катышуучуларга эскертуу

Анан дагы закрытый аккаунттарды ачып кое аласыздарбы, эгер анчейин оор болбосо. Отчетторунуздарды көрбөй калам.

Челлендж боюнча катталгандар, мага project21jsi деп жеке катка жазып коюнарды өтүнөм.

Анан дагы мен негизги пландарды түзүп койдум, ага өзүңөр кошумча пландарды киргизсеңер болот.
Анан дагы мен негизги пландарды түзүп койдум, ага өзүңөр кошумча пландарды киргизсеңер болот.

Отчет божомолдуу ушундай типте болуусун өтүнөөр элем😊.

Челлендж менин өздүк инста баракчамда өтөт.
Челлендж менин өздүк инста баракчамда өтөт.