en
Feedback
JIStudy

JIStudy

Open in Telegram

Канал өзүн-өзү өнүктүрөм дегендер үчүн!🎓📚 Мында: 📖 ЖРТге, олимпиадага, “Алтын тамга” тестине даярдануу боюнча кеңештер жана материалдар. 💻 Онлайн курстар, хакатондор жана иш-чаралар. 📊 Конкурстар, стипендиялар жана гранттар тууралуу маалымат.

Show more
443
Subscribers
No data24 hours
No data7 days
No data30 days
Posts Archive
Бул жакта ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯ жөнүндө✨ https://www.instagram.com/reel/DUimq6aDNny/?igsh=MjEzOGQ1aGk4YjIy

Чоң максаттар адамды коркутпашы керек – алар адамды ойготушу керек.

Менден курс тууралуу сурап жазып жаткандар, февралдан баштап сабактар өтүлүп башталат.
+2
Менден курс тууралуу сурап жазып жаткандар, февралдан баштап сабактар өтүлүп башталат.

Менден “Математика сага эмне берди?” деп сурашса, “Баарын” деп жооп бермекмин. Чындыгында ал мага баарын берди: мыкты чөйрөнү, актуалдуу кесипти, туруктуу кирешени, жүздөгөн окуучуларды жана чыныгы бактылуу учурларды. 6-класста алгачкы ирет АКМОнун областтык этабында топ-5ке киргенде өзүмө болгон ишеним пайда болгон. Дал ошол кезден жашоом ‘до’ жана ‘после’ болуп бөлүнгөн. Кичинекей Жумаидага бирөө келип:”Сен математикадан өлкөнүн мыктыларынын катарын толуктайсың! Алгачкы бештикте болосуң!”-деп айтса, ишенбесе керек эле. Бирок талант, жана таалыкпас эмгек муну чындыкка айлантты. Бул кичинекей кыз өлкөнүн алдыңкыларынын катарын бир эмес, үч ирет толуктады: мектеп окуучуларынын олимпиадасы, тереңдетилген деңгээл - топ 5, Science(химия, физика, математика) - өлкөнүн биринчилиги, Улуттук олимпиада - Топ-10. Дал ушул жетишкендиктерден кийин бул билимди башкалар менен да бөлүшкүм келди. Эми окуучу эмес, мугалим болуп сабак өтүп баштадым. Окуучуларды ЖРТге даярдап келе жатканыма 4 жыл болоюн деп калыптыр. Бул убакыт ичинде окуучу кезимде иштеп чыккан өз методикамдын негизинде ЖРТге даярдык боюнча математикадан китеп жазып, аны 200 нускада бастырып, сатууга чыгаргам. Китептер бир айда эле сатылып бүткөн. Методикамды патенттейин деп аракеттенип жүрөм. Дал ушул метод, мен окуткан 102 окуучунун 68ине ЖРТдан 160+ баллды алууга мүмкүнчүлүк берди. “Алтын тамга” тести жоюлганга дейре, бул тестке да даярдап, 3 окуучум өз талапкерлигин тастыктап, артыкчылык аттестат ээси болгон. Анан жакында эле мага мындай кат келди “Жумаида, мүмкүн болсо бир күнгө мастер-классты белгилейли. Биз акысы канча болсо да, төлөөгө макулбуз” Эми окуучуларга эле эмес, мугалимдерге да кантип окуучуларды ЖРТге туура даярдоо боюнча сабак өтүп баштадым. Элестеткиле, 21 жаштагы кыз өзүнөн бир кыйла улуу муундагы адамдарга эми мугалим. Мугалимдикти тастыктоочу кагазым жок, бирок андан артыгыраагы, тажрыйба, бар. Айтайын дегеним: чоң жетишкендиктер кичинекей кадамдардан башталат.

Студенттик кездин Нобели - Президенттик стипендия. “Сыйлык - жалкы, сыймык - жалпы!”
+1
Студенттик кездин Нобели - Президенттик стипендия. “Сыйлык - жалкы, сыймык - жалпы!”

https://t.me/jrt_ort_2023 Болушуп койгула 🤗❤️

Достор, ЖРТ тапшырып бүткөндөр, каналды, сиңди -инилеринеге бөлүшүп, сунуштай кетиңиздер 🤗💚

Достор, кандайсыңар? Ден соолуктарынар, даярдыктар кандай?🤗🌹 Бүгүн аналогия жөнүндө сүйлөшөлү ээ, менин эң кыйналган бөлүмүм ушул эле😅 Байланышты табам, көпүрө сүйлөм деле түзөм, өзүмө 100% ишенимдүү деле болом, бирок жыйынтыгында 18-21 гана туура болуп калган учурлар баарыбызда болсо керек ээ?😁Мен өзүм аналогия иштеп жатканда кетирген каталарымдан баштайын ээ? 1️⃣ Өтө тереңден кирип кетет элем;(аба десе абанын функциясын өтө эле тереңдештирип) 2️⃣Баланыштырчуу сүйлөмдү туура эмес түзүп койчумун; 3️⃣Бир аналогиянын логикасын түшүнбөсөм, ошону гана карап отуруп , кийинкилерге убакыт жетпей шашып иштеп салчумун; 4️⃣ Сүйлөм толуктоомо аябай катуу ишенет элем, аналогиядан беш ката кетирсем дагы, сүйлөм толуктоону 10/10 кылып, 25± кылам деп; Бирок булардын баары башында даярданып баштаганда болду.Кийин анализ жасап, ЦООМОнун тесттерин 1-2 тапшырганда фокусту жакшылап коюп, оңдоого кириштим, а бирок сүйлөм толуктоомо болгон ишенич дагы деле сакталып, көңүл бурбадым... Чыныгы ЖРТде сүйлөм толуктоодон кыйналдым. Жыйынтык: 📍Аналигиядан аксасанар өзүңөр аналогия түзгүлө, өзүңөр автор болгондо изденесинер; 📍Татаалдаштыра бербегиле; 📍Тынымсыз аракет; 📍 Колуңардан келсе күнүнө 10дон өзүңөр аналогия түзгүлө; Сунуштаган материалдар: 📚Секом тесттер жыйнагы 📚Рекорд кыргыз тили (1-2) 📚Секом кыргыз тили(1-3) 📚Нова 2-китеп, аналогия менен окуп түшүнүүгө арналган(адашпасам 2022-жылкысына кошумчаланып , толукталып чыгарылган) 📚ЦООМО (Негизги тест) 📚Интернет булактарындагы сапаттуу тесттер 💻"Видео сабактар ☘️ЦООМОнун каналындагы сабактар: https://youtube.com/@user-ot1xd4io5n ☘️ Нургүл Тайыр кызы (жалпак тил менен өтө жакшы түшүндүрөт) https://youtube.com/@user-nc9vw1ei8k ☘️Капар Момуналиев (кыргыз тилчи, жай шашпай талдап берет) https://youtube.com/@KaparMomunaliev NGEN (кыргыз тили боюнча 2-3 сабагы бар, Фарида эжей өткөн, "мощный"түшүндүрөт эжей😅😎 https://youtube.com/@ngen4996 ☘️Сапат билим берүү мекемеси: https://youtube.com/@sapatonline4483 Ошо, алгач ушулардын видео сабактарын көрүп бүткүлө ээ, конспектилеп 🤗💚 Пайдалуу болсо- кубанычтабыз!💛 Ийгилик, *сага, абитуриент2024!**❤️🌻

Курстарды рекламалап жазбооңуздарды да өтүнөбүз! ❗️Сапатын, деңгээлин билбеген курстар тууралуу биз чоң аудиторияга маалымат бере албайбыз, бербейбиз!

Саламатсыңарбы? Кандайсыңар, ал-абалыңар дуруспу? 🔹Урматтуу каналдын жана группанын мүчөлөрү, бул жактан ашыкча маалыматтарды(курстарды рекламалоо, окуудан тыш нерселер, ж.б нерселерди) жибербөөңүздөрдү суранабыз! ❗️Бул группа талкуу үчүн ачылган, ар кандай жарнамаларды бөлүшүү үчүн эмес!

Окуп койгула, тушуносунор Дал биз курактууларга керек кенештер экен 🫶

Repost from men❤️‍🩹
photo content
+9

Бардык темалар боюнча конспекттер жазылган, теория учун 📌 Англис тилинде жакшы тушуно алсанар, анда Khan academy тиркемесин ачып, sat' math курсун же каалаган бир болумду тандап бутургуло. Нолдон баштап жогорку математикага чейин баары бар 👍 Аябай жакшы тушундурулгон, конугуулору менен 🫶 📍Англис тилин билуунун дагы бир пайдасы ушул— ар кандай булактардын сапаттуу, бат билим ала аласын

Repost from Evening Media
Everything You Need To Ace Math in one BIG FAT NOTEBOOK 📘

+5
#мат101 #ru #теория

+1
1.SAT Rules 21.pdf9.87 MB

Бул геометрия боюнча, жооптору менен

Repost from SAT Files 📚
+1
All 2019's real SAT Geometry questions with their explanations in the 2nd file by #Mr_Amr_Mustafa

Математика учун тесттер, Sat сынагынан.

Repost from SAT Files 📚
Real SAT Math Explanations (2021).pdf46.77 MB