1 642
Subscribers
No data24 hours
-127 days
-6530 days
Posts Archive
1 642
Азыркы кездеги мамилелердин тагдырын "Черный список" менен "Просмотрено 22 минут назад"деген балекеттер чечип калгандай. Сүйүүгө чекит койгон нерселер да сүрүштүрө келгенде ушулар болуп чыга келет.
—Эмнеге мамилеңер бузулуп кетти?
— Өзгөрө баштады!
— Кантип байкадың?
— “Окуп коюп көптөн кийин жооп берет”, “Смайликтерсиз жаза баштады”,“Койгон стористериме мурдагыдай реакция жөнөтпөйт”,“Башка бир кызга/балага подписка таштаптыр,” “Подписки бөлүмүндө кыздардын/балдардын саны көбөйүп кетти” “Мени отметка кылып историясына чыгарбайт”...
Бул жагынан караганда көптөгөн айрылууларга алып келген— адамдын күлкүсүн келтире турган "заманбап" себептер.
Же,мезгил өзгөргөн сайын сүйүүнүн сыноолору да "заманбапташып" баратабы?
Эгер чындап сүйсөңөр,чындап ал адамдын силердик болуусун кааласаңар, аягына чейин,жеткенге чейин аракет кылгыла. Мамилеңерди болор-болбос майда нерселерге садага чаппагыла. Сүйөөрүңөрдү сөз менен, жүрөкчөлөр менен эмес,кыймылыңар менен, аракетиңер менен далилдегиле.
Ага алып баруучу жол мейли таштак болсун,мейли тикенектүү болсун,баш тартпа. Сендеги каалоо менен аракет баарынан күчтүүлүк, баарынан бийиктик кылсын. Чындыгында,сүйүү чечкиндүүлүк менен эрктүүлүктү талап кылат...
✍ Байышбек кызы Мээрим
1 642
Сүйүп,бирок сүйүүсү үчүн күрөшпөгөн, күрөшүүгө аракет да кылбаган адамдар бар. «Буйрубаптыр»,«Тагдыр эмес экен да» деген шылтоолор менен өздөрүн сооротушат.
Ушундай тааныштарыңыз барбы? Балким өзүңүз,балким досуңуз...
"Адам өз тагдырын өзү өзгөртө алат"- деген сөздү уккан белеңиз? Болгондо да маңдайына жазылган, өмүрлүк жары/жолдошу боло турган адамды өзгөртө алат экен. Таң калычтуу э?
Бул жөнүндө мен бир канча ай мурун билдим. "Кантип эле ушундай болсун?" Деп ойлодум башында.
Сыйкырлоо,башын айлантуу, "окутуп алуу" деген жолдорду колдонуп эмес,дуа кылуу аркылуу, чын дилден сурануу аркылуу өзгөртө алат экенбиз тагдырыбызды...
Байкап жатасыздарбы? Азыркы кезде сүйүүгө туруксуздар, эрксиздер, биринен экинчисине секирген "кекиликтер" көбөйүп кеткенин))
Баарынан да, сүйүүсүнө жетүү үчүн чындап аракет кылып, көркөмдөп айтканда "сүйүү үчүн керек болсо чок кечкен" жандар негедир жоголуп бараткандай...
1 642
Эски барактарыңды акырын ачып сага келдим. Айып этпе , тынчыңды дайым керек болгон убагымда гана алганым үчүн. Ооба, бүгүн да дал ошондой күн. Ысык демим барактарына урунганда эле сезген чыгарсың? Ичимдеги чабалактап бири-бирине урунган, башын тартсаң , аягын таппай калган , жер астын жарып , сыртты көздөй атырылып жөнөгөн булак сымал эч эле тынч ала албаган ойлорумду? Булардын баарын болбосо да, сага четинен кымындай жерин баяндап берейин...
Ишенесиңби берекем? Дагы бир ирет сүйүп турам. Анын эркине баш ийип, акырын кызыл эттин четинен орун берип жатам. Жан дилим менен ишенип , көкүрөктө балкыган сезимдер менен сагынып жатам. Билинбеген , туюлбаган күчтөр менен ал тарапка магнит сымал тартылып , эстеген сайын жетпеген жытына магдырап эзилип жатам. Кыйналдым... Жанып турган денеме , анын гана деми жетпей тургансыйт. Көкүрөктөн аймалап, кызгылт тарткан эриндери менен акырын келип сүйүп койгонуң менин эсимди жоготмой болду.
Ооба, ашыктык менен махабаттын ар-намыс менен абийирге сыйгыс касиетин сезип турдум.
Дагы сүйдүм , дагы да болсо ашык болдум... Бирок, унуткан жокмун. Каалабасам да жүрөк өйүгөн бир нерсе , үн чыгарбай добушсуз эле үн каткансыйт. Кыска келген ал шыбышында : "Кайгынын кара тумандуу деңизине азгырып, а , өзү кайтпас болуп , бир кылчайбай кетсечи?" - деген үндөр угулат. Мына дал ушул нерседен корком. Жоготуп алуудан коопсурайм. Бирөө жарым сездирбей келип , изин суутуп өзү менен кошо алып кетчүдөй . Сагынычтын желесине туткун болуп, кайгы менен шериктеш боло калчудай боло берем...
1 642
Женщина может решить любую проблему, свернуть любую гору или повернуть течение реки вспять. Но она не должна этого делать. Природа одарила женщину такими «прелестями», с точки зрения физиологии, что этого достаточно!
Именно поэтому рядом должен быть мужчина. Сильный, ответственный, готовый поддержать тогда, когда женщине тяжело, когда она уязвима.
Бери меня в свои руки, чтобы я чувствовала, что я в безопасности, что я для тебя самое важное в жизни.
@glkirr
1 642
Барбы башка бирөө—
Менден да катуу сүйгөн?
Бүт ааламды издеп көр,
Таппайсың мендей сага күйгөн...
