1 642
Subscribers
No data24 hours
-127 days
-6530 days
Posts Archive
1 642
Келген дүйнөмө кетүүчү сен коноксуң,
Бүттү баяны, тарыхы кең жомоктун.
Мейли деп бошоттум,түшө бер өз жолуңа,
Мен эмес билгенге, мендейди сен жоготтуң…
— “Кара сызык”
1 642
Термелер,айтыштар,ретро-ырларды угуудан ырахат алам,эс алам.
Жаңы ырлар,заманбап ырлар
мага тузсуз,маанисиздей эле сезиле берет. Бат тажайм,башым ооруп кетет. Уга албайм..
1 642
Термелер,айтыштар,ретро-ырларды угуудан ырахат алам,эс алам.
Жаңы ырлар,заманбап ырлар
мага тузсуз,маниисиздей эле сезиле берет. Бат тажайм,башым ооруп кетет. Уга албайм..
1 642
Мен көркөмдөп жазганды жакшы көрөм. Кээде кошуп,кээде кемитип жазам. Жазгандарымда көбүнчө сезимдеримди,жашоомду,ички дүйнөмдөгү буркан-шаркандарды сүрөттөйм. Соттобогула…
1 642
Сени кое бергеним,сенден кеткеним үчүн башында өкүнсөм,азыр аябай сүйүнөм. Ырас эле кылыптырмын дейм,чын айтам. Азыр баягы “кызгылт көз айнегим” жок. Сени ойлобой,ойлосом да кайдыгер,көңүл кошмун. Түнү уктаарда сени түшүмдө көрсөм экен дебей калгам. Ким менен жүргөнүң,эмне ойлогонуң эч эле кызыксыз. “Мени ойлойт болду бекен?” деп да ойлонбой калгам,баса.
Бир кездери сенсиз эч нерсени элестете албай,сенсиз жашоом бүтүп калчудай туюла берчү эле. “Сүйүүнүн көзү сокур” дегени чын окшойт. Сокур болдум. Эми түшүнүп жатам,көрсө,жашоом сенсиз кооз экен… Сенин да жашооң менсиз кооз болсун!
Башкалар сыяктуу “Мен сага татыктуу эмесмин” деп айтпайм. Биз бири-бирибизге татыктуу эмес элек: Сен—мага,
мен—сага…
— Мээрим Байышбекова
#ойлор
1 642
Сени кое бергеним,сенден кеткеним үчүн башында өкүнсөм,азыр аябай сүйүнөм. Ырас эле кылыптырмын дейм,чын айтам. Азыр баягы “кызгылт көз айнегим” жок. Сени ойлобой,ойлосом да кайдыгер,көңүл кошмун. Түнү уктаарда, сени түшүмдө көрсөм экен дебей калгам. Ким менен жүргөнүң,эмне ойлогонуң эч эле кызыксыз. “Мени ойлойт болду бекен?” деп да ойлонбой калгам…
Бир кездери сенсиз эч нерсени элестете албай,сенсиз жашоом бүтүп калчудай туюла берчү эле. “Сүйүүнүн көзү сокур” дегени чын окшойт. Сокур болдум. Сокур болдук. Бири-бирибизди кыйнап сүйдүк. Эми түшүнүп жатам,көрсө,жашоом сенсиз кооз экен… Сенин да жашооң менсиз кооз болсун!
Башкалар сыяктуу “Мен сага татыктуу эмесмин” деп айтпайм. Биз бири-бирибизге татыктуу эмес элек: Сен—мага,
мен—сага…
#ойлор #МээримБайышбекова
1 642
Сен чоң сүйүүнү жолуктургуң,идеалдуу мамилени кургуң,мамиле адамы болгуң келет. Мен сүйүүдөн качам,убактымды,жашоомду бир адамга арнап,байлап койгум келбейт. Мен сүйүүнү эмес,өзүмдү тапкым келет. Мамиле үстүнөн эмес,өзүмдүн үстүмдөн иштөөнү каалайм. Биз бөлөкпүз. Биздин айырмабыз чоң…
— Мээрим Байышбекова
1 642
Башталгыч класста окуп жүргөндө, сабактардын арасына “Уйку сабагы” да кошулса деп кыялдана берчүмүн. 1-2 саат уктап,анан көргөн түштөрүңөрдү баарыңар айтып берип,мугалимиң менен кошо талкууласаң… Кыялым ушул болчу. (Уйкуну ошондо эле жакшы көрчүмүн)
Азыр сабактамын. Уйкум келип отурам. Баягы оюмду, ”орундалбас”кыялымды кайра ойлоодомун:
“Уйку сабагы да болсо,ээ..?”
1 642
Көөдөндө жаткан арманым билбей,
Күйүткө эмне салганын билбей,
Бүгүнкүм жүрөт түшүнбөй мага,
Бүт оюм сенде калганын билбей.
Турмуштун чынын,жалганын билбей,
Тынчымды эмне алганын билбей,
Азыркым жүрөт түшүнбөй мени,
Ак сүйүүм сенде калганын билбей…
— Гүлзат жаш акын
