cookie

We use cookies to improve your browsing experience. By clicking «Accept all», you agree to the use of cookies.

avatar

Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар

Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар. https://www.sputnik.kg Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod

Show more
Advertising posts
20 579
Subscribers
-7624 hours
-3657 days
-1 67430 days

Data loading in progress...

Subscriber growth rate

Data loading in progress...

Жогорку Кеңешке эки жаңы депутат келди БШК эки округда мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун жыйынтыгын аныктады. Кара-Суу шайлоо округу боюнча Илимбек Кубанычбеков депутат болду. Ал эми Бекмурза Эргешов Ош шайлоо округу боюнча депутат болуп жарыяланды. @Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Show all...
👎 26👏 7 2🔥 2👍 1
Жогорку Кеңешке эки жаңы депутат келди БШК эки округда мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун жыйынтыгын аныктады. Кара-Суу шайлоо округу боюнча Илимбек Кубанычбеков депутат болду. Ал эми Бекмурза Эргешов Ош шайлоо округу боюнча депутат болуп жарыяланды. @Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Show all...
Сузактагы окуядан кийин ИИМдин 12 кызматкери жазаланды Сузак РИИБдин башчысы, анын орун басары жана иш-чара өткөрүлгөн аймакты тейлеген Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы кызматтарынан бошотулду. Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилик курамына жана Сузак ЖКККББнын бир нече кызматкерине карата тартиптик чара көрүлгөн. Комиссия коопсуздукду өз деӊгээлинде камсыздабай, алдын алуу иш-чараларын так жүргүзгөн эмес деген тыянак чыгарган. @Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Show all...
👍 21🤷‍♂ 3 1🤯 1
Белгисиз жоокердин күмбөзүндөгү Өчпөс оттун отунан жандырылган капсула Бишкекке жеткирилди Аны тапшыруу аземи Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында өттү. Отту Бүткүл россиялык “Элдик фронт” коомдук кыймылынын элчиси, актёр Владислав Демин жеткирди. @Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Show all...
👍 16👎 14🥰 2
Садыр Жапаров Сузактагы окуяда жабыркаган балдардан кабар алды Атайын борт менен алып келинген 10 окуучу учурда Бишкектеги тез жардам балдар клиникалык ооруканасында дарыланууда. Президент дарыгер, балдардын ата-эне, жакындары менен сүйлөшүп, аларды дарылоого мыкты медиктерди тартып, дары-дармек менен толук камсыздоону тапшырды. Мамлекет башчы окуяга кайдыгер мамиле кылгандарга комиссия ишинин жыйынтыгы менен чара көрүлөрүн белгиледи. @Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Show all...
14👍 11
Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиевдин беттеши жыл аягына жылдырылды Сауд Арабиянын көңүл ачуу иштери боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Турки Бетербиевдин жаракат алганын билдирди. Маалым болгондой, Бетербиев тизесине операция жасатат. Жарым оор салмактагы дүйнөнүн абсолюттук чемпиону наамы үчүн мелдеш 1-июнда Эр-Риядда өтүшү керек болчу. Бетербиев 20 беттеште 20 нокаут жасап жеңген. Ал эми Бивол 22 жолу жеңишке жеткен, анын 11ин нокаут менен уткан. Эки мушкер тең бир да жолу жеңилген эмес. @Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Show all...
👏 9👎 3
Кыргызстандык Самат Кулмамбетов ЕЭКтин Ички рыноктордун иштеши боюнча департаментинин жетекчиси болуп дайындалды Кулмамбетов Финансы, Экономика, Өнөр жай, соода жана туризм министрликтеринде иштеген. Ал өкмөттүн ЕАЭБ иштери боюнча бөлүм башчысынын орун басары, эл аралык кызматташтык жана мамлекеттик аппараттын интеграциясы бөлүмүнүн башчысынын орун басары, ЕАЭБ иштери боюнча өкмөттүн атайын өкүлүнүн катчылыгын жетекчиси болуп иштеген. Соңку ирет Садыр Жапаровдун президенттик аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн ЕАЭБ иштери боюнча сектор башчысы болуп келген. @Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Show all...
👍 6🤣 2 1
Будапешт Франциянын президентинин НАТО күчтөрүн Украинага жөнөтүү жөнүндөгү сөздөрүн коркунучтуу деп эсептейт. Бул тууралуу Венгриянын тышкы иштер министри билдирди. "Бул биз кызыл сызыктан өтүп, Москва менен түздөн-түз конфликтиге өттүк дегенди билдирет. Бул нерсе үчүнчү дүйнөлүк согушту жаратат. НАТО менен Россиянын ортосундагы түз тирешүүдөн качуу үчүн баарын жасашыбыз керек", - деди Питер Сиярто. Министр тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо керек деп эсептейт. “Бул Европанын согушу эмес, бул эки өлкөнүн ортосундагы конфликт жана анын күчөшү өтө коркунучтуу”, - деди ал. Франциянын президенти эгер Россия фронт линиясын бузуп өтүп, Киевден өтүнүч түшсө, Украинага аскерлерин жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбай турганын билдирген. Анын айтымында, НАТОнун көптөгөн өлкөлөрү аны менен макул болушкан. @Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Show all...
🖕 11👍 7🕊 2
Сузакта Porter сүзүп кеткен окуучулардын абалы айтылды Саламаттык сактоо министрлиги жабыркагандардын баары дарыланып жатканын айтып, компьютердик томографиядан, айрымдары лабораториялык изилдөөлөрдөн өткөнүн билдирди. Кээ бирине көрсөтмөгө жараша операция жасалат. Жалал-Абаддагы ооруканаларда 9 бала дарыланып жатат. Бардыгынын абалы туруктуу деп бааланды. Биринин абалы жакшырып, үйүнө чыгарылган. Министр Бишкекке кечээ алып келинген окуучулардын бири 9 жаштагы башы жабыркаган кыздын операциясына катышканы айтылды. Окуучунун операциядан кийинки абалы туруктуу. @Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Show all...
🙏 16🕊 4👍 3
Мыктыбек Оролбай уулу атаандашы менен көз караштар таймашын өткөрдү Кыргызстандык спортчунун UFCдеги экинчи беттеши Рио-де-Жанейродо өтөт. Мыктыбектин атаандашы бразилиялык Элвес Бренер. Анын профессионалдык карьерасында 16 жеңиш жана 3 жеңилүү бар. Кыргызстандык 12 ирет жеңип, бир жолу жеңилген. Беттеш жекшемби күнү болот. @Sputnik_KyrgyzstanKG
Show all...
🔥 29👍 6🤣 1