cookie

We use cookies to improve your browsing experience. By clicking «Accept all», you agree to the use of cookies.

avatar

Белгисиз Маршрут (Билимот)

#билимот #илим #ЖОЖдор #жекеОйлорум #КореядаОкуу #изилдөөчүБолуу #бакалавр #магистратура #аспирантура #химия #тарых #биология #IT #компьютер #физика #инженерия #политика #философия #кесипТандоо #бошСөз #кругозор #логика Телеграм жеке байланыш: @ozbekov

Show more
Kyrgyzstan970Kirghiz243The category is not specified
Advertising posts
787
Subscribers
No data24 hours
No data7 days
-1730 days

Data loading in progress...

Subscriber growth rate

Data loading in progress...

Photo unavailableShow in Telegram
Каримовдун бул кайрылуусун угуп, биздин Орусияга кошулган тарыхыбызды жакшылап окуп чыгуу керек экен деп ойлоп калдым. Бир тарабынан Ормон хан жана ага каршы Боромбай, Балбай баатырлар, Сарыбагыш-Бугу маселеси. Экинчиден, Кокон бизди басып алдыбы, биз эзгинде белек же Кокондун хандары жана аталык-аскер башылары өзүбүздөн чыккандыктан, биздин эле хандыкпы? Албетте, мен Коконду өзүбүздүн эле хандык деп эсептейм. Ал жерде Шерали хан, Алымкул аскер башы, Мусулманкул аталык, Нүзүп бий, Полот хан, Алымбек датка, Курманжан даткалар бар. Мындан сырткары биз билбеген бирок кыргыздан чыккан дагы башка салмактуу кишилер аз эмес деп ойлойм. Алар жөнүндө биздин кабарыбыз жок болгону, орустар жана орускулдар тарыхыбызды жазгандыктан болушу ыктымал. Азыркы кыргыз тарыхы (мектептеги) Коконду душман, орусту бир аз дос көрүү багытында жазылган деп элестетем. Элдин аң сезиминде да ошондой туюмдар калкып жүргөндөй. Тактоо керек…
Show all...
👍 14
Repost from Samat | donsimao
00:50
Video unavailableShow in Telegram
Ислам Каримов тарых жөнүндө
Show all...
IMG_0218.MP44.30 MB
Photo unavailableShow in Telegram
Каримовдун бул кайрылуусун угуп, биздин Орусияга кошулган тарыхыбызды жакшылап окуп чыгуу керек экен деп ойлоп калдым. Бир тарабынан Ормон хан жана ага каршы Боромбай, Балбай баатырлар, Сарыбагыш-Бугу маселеси. Экинчиден, Кокон бизди басып алдыбы, биз эзгинде белек же Кокондун хандары жана аталык-аскер башылары өзүбүздөн чыккандыктан, биздин эле хандыкпы? Албетте, мен Коконду өзүбүздүн эле хандык деп эсептейм. Ал жерде Шерали хан, Алымкул аскер башы, Мусулманкул аталык, Нүзүп бий, Полот хан, Алымбек датка, Курманжан даткалар бар. Мындан сырткары биз билбеген бирок кыргыздан чыккан дагы башка салмактуу кишилер аз эмес деп ойлойм. Алар жөнүндө биздин кабарыбыз жок болгону, орустар жана орускулдар тарыхыбызды жазгандыктан болушу ыктымал. Азыркы кыргыз тарыхы (мектептеги) Коконду душман, орусту бир аз дос көрүү багытында жазылган деп элестетем. Элдин аң сезиминде да ошондой туюмдар калкып жүргөндөй. Тактоо керек…
Show all...
Кайсы облустан болосуз (түбүңүз)?Anonymous voting
  • Чүй
  • Ош
  • Баткен
  • Жалал-Абад
  • Нарын
  • Талас
  • Ысык-Көл
0 votes
Арасынан эң жакшы президент деп кимди эсептейсиз?Anonymous voting
  • Аскар Акаев
  • Курманбек Бакиев
  • Роза Отунбаева
  • Алмазбек Атамбаев
  • Сооронбай Жээнбеков
  • Садыр Жапаров
0 votes
👍 6
IMG_6927.MOV7.74 MB
IMG_6929.MOV15.73 MB
🔥 9
Ак мөңгүлүү аска, зоолор, талаалар, Элибиздин жаны менен барабар. Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп, Сактап келди биздин ата-бабалар. Кайырма: Алгалай бер, кыргыз эл, Азаттыктын жолунда. Өркүндөй бер, өсө бер, Өз тагдырың колуңда. Аткарылып элдин үмүт тилеги, Желбиреди эркиндиктин желеги. Бизге жеткен ата салтын, мурасын, Ыйык сактап урпактарга берели. Эгемендүүлүк майрамыңыздар кут болсун!
Show all...
Кыргыз_Республикасынын_мамлекеттик_гимни.m4a2.57 MB
🔥 9
Бир ручка бир айга жетпей жатат. Жумушта акыркы айлар продуктивдүү болбой жаткандай сезилгени менен, конспектимди карап жаман эмес окшойт деп калам. Бүгүн жазып атып, жазбай койсо боло турчудай жерлерин да жаза бердим. Кийин китептен издегенден көрө дептерден табуу оңойдой. Анын үстүнө жазып жатып жакшыраак эсте калат экени көпчүлүккө маалым болсо керек. Анткен менен, керектүүнүн баарын жазам десең кайра эле 500 беттик конспект болуп кетет. Универ убагына салыштырганда азыр азыраак жазам, азыраак окуйм (жумушубузда окуу керек болгон нерселер көп), бирок ручка бат түгөп жаткандай. Ичинде сыясы көп, учундагы шариги иштен тез чыгат. Ручканын сапаты жаман эмес, анын үстүнө акчама сатып албайм, компанияныкы. Жукпай калып турганы жакшы экен, иштеп атыптырмын деп сүйүнүп калганы.
Show all...
👍 24🔥 5
Ар жолу дин “аалымдарыбызга” критика жазганымда каналда катталуучулардын саны азаят, комментарийде же личкага жазгандар болот. Туура каналда көбүрөөк катталуучу болгону мага жакшы мотивация, бирок коомдо адилеттүүлүк болгону андан да маанилүү. Билимот проектинин башталышынын себеби да, ансыз деле, коомдогу теңсиздикти жоюу аракети болгон. Билимот онлайн курстарын ачканыбызда толук кандуу иштеген бир да онлайн ЖРТ платформасы жок болчу (2017-2018). Бирөөлөр ачылып жабылып бүткөн, кийинкилери пайда болуп кайра жоголуп, эми эле акыркы 2 жылда бир аз туруктуулар пайда боло баштады. Айылдарда анда ЖРТ мугалимдери жана курстары аз, онлайн дегенди түшүнгөндөр чанда болчу. Бирок регионго ЖРТ материалын салыштырмалуу түрдө арзаныраак баада жана сапаттуураак кылып жеткирүнүн үстүнөн иштеп келүүдөбүз. Кудайга шүгүр, Билимот мүчөлөрүнүн баарынын өз жумуштары бар. Бирибиз Кумтор, экинчибиз программист, өзүм химик жана башкабыз менежер/финансист. Билимот биз үчүн биринчи кезекте материалдык эмес, идеологиялык проект. Муфтияттагы кемчиликти айтып жатсам, динди же дин кызматкерлерин жаман көрсөтүү эмес, коомдогу адилетсиздүүлүктү көрсөтүү, жоюу үчүн болгон аракет деп эсептейм.
Show all...
Бирибиз Орусия, Түркия, башкабыз Корея, Англиялап оор-жеңил жумуштарда мигрантпыз. Адал акча, адал жашоо курганы жан үрөп жүрөбүз көпчүлүгүбүз. Анан жанды кашайтып, эски муфтий миллиондогон сомдорду эмес, МИЛЛИОНДОГОН ДОЛЛАРЛАРДЫ өзүнүн жана досторунун компанияларына ажылыктын акчасынан берип коюп жүрсө, муфтият конкуренцияны бузуп, тең салмактуулукту ыдыраткан коррупционердин акчасына имаратын салып, коррупциянын атасын кадырлап сыйлап отурса, күйбөгөн жериң күл болот экен. Бу муфтияттагы кээ бир адамдарга чочко эти арам, уурдап жеген (коррупция) адал окшойт. Кыска кийген арам, уурдап кийген адал окшойт. Муфтияттагы кээ бир адамдар (баары деп айтпай элемин!) таза динди жайылтуу эмес, чөнтөгүнүн жана кооз имараттарды көбөйтүүнүн гамын көрүп жүргөндөй. “Өзүң эмне кылып койдуң?” деп сурасаңар, жообум бар. Бирок менин жообум кандай болбосун, ал муфтияттагы коррупция менен байланышы жок. Менин кемчилдигим, Максат ажынын миллиондоруна же муфтияттын имаратына тикелей себепчи эмес.
Show all...
Choose a Different Plan

Your current plan allows analytics for only 5 channels. To get more, please choose a different plan.