𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀
Open in Telegram
4 079
Subscribers
-124 hours
-197 days
-5930 days
Posts Archive
4 079
АЛЛАГА ШҮГҮР КЫЛАЛЫ!
Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media
💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
4 079
🔰 МЕККЕ АЧЫЛГАНДАН КИЙИН ХИЖРАТТЫН КЕРЕГИ ЖОК.
Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.
Имам Бухаринин "Сахих ал-Бухари" китебин чечмелеп, түшүндүрүп, кеңейтип жазган Ибн Хажардын "Фатх ал-Баари" китебин алуу үчүн дүкөнгө бардым. Китеп үч жүз риал турат экен. Сатып алгандан кийин, илимпоздун эмгегин көз алдыман чубаттым. Бул эмгекти изилдеп, көркөмдөп, тактап, түшүндүрмө берип жазып чыкканча отуз эки жыл кеткен. Тагыраагы, автор отуз эки жылдык өмүрүн пайдалуу ишке жумшаган. Анткени исламда Курандан кийинки экинчи орунда турган - ушул китеп.
Белгилүү аалым Аш-Шавканиге: "Сахих ал-Бухариге" түшүндүрмө жазбайсызбы?" - дешкенде, ал: "МЕККЕ ачылгандан кийин хижраттын кереги жок", - деген жообун берген. Тактап айтканда, Ибн Хажардын эмгегинен кийин "Сахих ал-Бухариге" кайра түшүндүрмө жазуунун кажети жок деген маанини айткан.
Бир адамдын ушунча жылдык өмүрү жана мээнети менен жазылган китептин баасы үч жүз риал экен. Бул бир адамдын түшкү тамагына жете тургандай акча. "Фатх ад-Баари" китебин окуп, түшүнгөн адамдын төбөсү жылдызга жеткендей эле болот. Пайгамбарыбыздын ( ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун ) бүтүндөй сүннөтү көз алдыбызга тартылат. Жалгыз Аллахка ибадат кылууга шык берип, кайгы-кападан алынууга шарт түшөт.
Эмнеге буга ой жүгүртпөйбүз? Эмне үчүн окууга кызыкпайбыз? Денебиздин жыргалы үчүн канча акча коротуп жатабыз, а жан дүйнөбүз үчүнчү? Бүтүндөй жашоо мыйзамы, жыргалы катылып жаткан китептин баасын бир түштөнүүдө эле жеп, анан бир сааттан кийин "таштоочу жерге" таштап коюп жатпайбызбы? Эмне үчүн илимдин кадырын билбейбиз? Жашоодо жалаң пайдалуу ишти кылуубузга эмне тоскоол болуп жатат? Эмнеге пайдалуу менен зыяндууну ажырата албайбыз?
Келгиле, таттуу уйку, кенен тамак, жыргап эс алуу дегендин баарын курмандык чалып, бүт өмүрүн арнап, бизге даяр кылып койгон эмгектерди арзыбаган тыйынга сатып алып окуудан зерикпейли. Менимче, жашоодо арзан, бирок "баалуу" буюм - китеп. Арзан китептерди сатып алып окугула: кымбат маалыматтарды табасыңар.
📗 Булагы: “Бакыттын сырын ачтым” китебинен.
Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️
Бизге катталыңыз!☟︎
🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222
4 079
ЫЙМАНДУУ АЯЛ
Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media
💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
4 079
🔰 ҮМҮТ
Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.
🌴 АЯТ: "...Аллахтын ырайымынан үмүт үзбөгүлө. Анткени, Аллахтын ырайымынан каапыр болгондор гана үмүт үзөт... - деди". ("Юсуф" сүрөсү; 87-аят)
🌴 ХАДИС: "Аллах Тааланын ырайымынан үмүт кылган, өзүнүн күнөөлөрүнөн корккон адамды Аллах Таала коопсуз кылат, үмүт кылган нерсесине жеткизет".
🌴 ОКУЯ: АЛЛАХТАН ҮМҮТ ҮЗБӨӨ
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай дейт:
"Тозоктун отуна кирген эки киши аябай катуу кыйкырык салат. Аллах Таала: "Буларды чыгаргыла!" деп буйрук кылат. Чыгаргандан кийин алардан:
- Эмне себептен аябай катуу кыйкырдыңар? - деп сурайт.
- Бизге ырайым кылаарсың деп ушундай кылдык, - дешет.
- Менин силерге болгон ырайымым: кайрадан барып, өзүңөрдү отко таштагыла! - дейт Аллах Таала.
Алар артка кайтышып, алардын бирөөсү кайрадан өзүн отко таштайт. Аллах Таала кулду өкүмүн аткаргандыгы үчүн, отту муздак жана салкын кылат. Экинчиси өзүн отко таштабай коёт. Аллах Таала андан:
- Эмне себептен шеригиңдей болуп өзүңдү отко таштаган жоксуң? - деп сурайт.
- Оо, Жараткан! Мен оттон чыгарылгандан кийин кайрадан мени отко таштабооңуздан үмүт кылып сыйындым, - дейт.
- Өтүнүчүңдү жана үмүтүңдү кабыл алдым, - дейт Аллах Таала.
Ошентип, Аллах Тааланын ырайымы менен экөөсү тең бейишке кирген экен".
📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”
Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️
Бизге катталыңыз!☟︎
🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222
4 079
ИСТИГФАРДЫН ПАЙДАСЫ
Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media
💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
4 079
🔰 КАЙГЫНЫН ДАРЫСЫ - ПАЙДАЛУУ ИШ.
Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.
Азыркы замандагы эң баалуу, эң зарыл китеп деп доктор Башар Аваддын "Ал - Муснад ал-Мусаннаф ал-Муьлал" китебин эсептейм. Кырк үч жыйнактан турган бул хадис китеби биздин замандагы изилденген, такталган, көркөмдүк сапаты жакшы эң көлөмдүү топтом.
Бир жолу телефон чалсам, эми Ибн Хаазимдин "Ал-Махал" китебине изилдөө, Ибн Абд ал-Барга түшүндүрмө жазып бүткөнүн айтты. Албетте, булар аябай чоң китептер, изилдеп түшүндүрмө жазуу оңой убакытты талап кылбайт.
Доктор Башар Авад сүннөт китептеринен "Тахзиб ал-Камаал вал-Муснад ал-Жаами" китебин да изилдеп, тактоо жазган. Мунун баарына кантип жетишип жатканына таң каласың. Көрсө, багымдаттан кийин ал күнү канча барак жазарын болжолдоп, ошого жеткирүүгө тырышат тура. Ишин парз намаздары, анан бир аз жеңил уйку гана токтотот экен. Берилип эмгектенүү, анан ушуга чыдаган сабыры, аны ийгиликке жеткиргенин көрдүм.
Анын капалуу жүргөнүн такыр көрүүгө болбойт. Мунун сыры өзүнөн-өзү белгилүү, ал убактысын ары кызыктуу, ары пайдалуу эмгек менен өткөрүп жатса, санаага убакыт табылмак беле.
Дегеним, эгер күнүң жумуш, ибадат, Куран окуу, же башка бир пайдалуу ишке толуп турса, кайгырганга, капаланганга убакыт таба албайсың. Пайдалуу иш менен алектенүү - кайгы-кападан арылтуучу дүйнөдөгү эң таасирлүү дары. Мына ушуну эсиңден чыгарба.
📗 Булагы: “Бакыттын сырын ачтым” китебинен.
Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️
Бизге катталыңыз!☟︎
🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222
4 079
Нахл сүрөсү 51-53-аят
Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media
💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
4 079
🔰 МУНАФЫКТАР (ЭКИ ЖҮЗДҮҮЛӨР) 🎭
Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.
🌴 АЯТ: "Аларга: "Аллах түшүргөн нерселерге жана Аллахтын Элчисине кайрылгыла" деп айтылса, эки жүздүүлөрдүн сенден жүз үйрүп кеткенин көрөсүң". ("Ниса" сүрөсү; 61-аят)
🌴 ХАДИС: "Кимде-ким бул төрт нерсеге ээ болсо, таза мунафык болот. Кимде-ким булардын бирөөсүнө ээ болсо, аны таштаганга чейин, анда мунафыктыктан бир мүнөз калат. Алар жалган айтат, аманатка кыянаттык кылат, ант бергенде антын аткарбайт, душмандык кылганда акыйкаттан кур калат". (Муслим; 88)
🌴 ОКУЯ: МУНАФЫК ДОС БОЛБОЙТ
Зайд ибн Сабит (р.а.) бир адам менен бирге Меккеден Таифке баруу үчүн жолго чыгат. Зайд ибн Сабит (р.а.) анын мунафык экенинен эч кандай кабары жок болчу. Жолдон тыныгып алуу үчүн бир жерге токтошот. Зайд ибн Сабит (р.а.) уйкуга киргенде мунафык аны өлтүрмөк болуп, колу-бутун байлап салат.
(Пайгамбарыбыздын маалында тили менен ыйман келтиргени менен, жан дилинде каапыр болгон 300гө жакын мунафык боло турган)
Зайд ибн Сабит (р.а.) ойгонуп колу-бутунун байланганын көрүп, тиги адамдын мунафыктардан экенин баамдайт. Ал мындан кутулууга өзүнүн күчү жетпей турганын сезет. Зайд ибн Сабит (р.а.) бир гана Аллах Тааланын бул нерсеге күчү жете ала тургандыгына көзү жетип: "Оо, Мээримдүү Аллахым! Мага жардам бере көр!" деп дуба кылат.
Ал мынтип айтканда, дубалдын артынан бийик көтөрүңкү үн менен: "Өлтүрбө!" деген добуш угулат. Ошондо мунафык: "Мен муну өлтүрсөм, ал да мени өлтүрөт" деп толкунданат. Эшикке чыгып караса, эч ким көрүнбөйт. Кайрадан Зайд ибн Сабит (р.а.) өлтүрүү үчүн ичкериге киргенде, баягы добушту дагы угат. Бул үн үч жолу кайталанат. Үчүнчү жолу сыртка чыкканда, ат минип, кылычын колуна кармаган бир адам турганын көрөт. Ала адам мунафыкты өлтүрүп, Зайд ибн Сабиттин (р.а.) колу-бутун бошотот. Анан ага:
- Сен Аллахка дуба кылганыңда, мен асмандын жетинчи кабатында болчумун. Аллах мага: "Мен момундардын коргоочусумун" деди да, мени сени куткаруу үчүн жиберди, - дейт.
📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”
Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️
Бизге катталыңыз!☟︎
🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222
4 079
БУЛ ДҮЙНӨДӨ АМАЛ БАР СУРАК ЖОК! АКЫРЕТТЕ СУРАК БАР АМАЛ ЖОК!
Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media
💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
4 079
ЖУМА НАМАЗГА БАРУУНУН СООБУ!
Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media
💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
4 079
ЖЕТИМ ЖЕСИРГЕ ЖАРДАМ БЕРГЕНДЕРДИН СООБУ!
Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media
💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
4 079
САДАКА БЕРБЕЙ ӨТКӨРГӨН КҮН ҮЧҮН КЕЙИШ КЕРЕК!
Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media
💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
4 079
☪️ ЖУМА КҮНДҮ САДАКА МЕНЕН БАШТАЙЛЫ
Бүгүнкү жума күнү сообу эсепсиз бериле турган амалдардын бири “САДАКА" берүүгө чакырабыз!
"Күндү садака берүү менен баштоо балээлердин алдын алат.” (Дайлами)
Урматтуу мусулман бир туугандарым! Жардамыңыздарга муктажмын🥺 атым Тунук 32 жаштамын өзүм 4 жылдан бери оору менен алышып келе жатам, биринчи жолдошум каза болуп калган,😢 экинчи жолу турмушка чыккам ал күнүгө мас болуп келип балдарымды сабап бизди таштап башка келинге үйлөнүп кеткен. 2 уул 1 кызым менен ар кайсы жерде күн өткөрүп келе жатабыз, туугандар болсо балдар менен батырбай жетим деп балдарымды сабаганынан айлам кетип квартирага чыгууга туура келди. Азыркы учурда даарыланууга каражат жок. Кокус бир нерсе болсом балдарым кантет деп сарсана болуп кыйналып кеттим😢Сиздерден сураныч кайдыгер карабай жардам берип коюңуздарды суранам Аллахым сиздерден ыраазы болсун!🤲
Келиңиздер туугандар! Тунук эжеге колдон келишинче жардам кылалы.
Мбанк
0502254512 Тунук Ж деп чыгат
О! Деньги 0502254512
Москвадан Единица кылып салса да болот. (О!)
Абдулла бин Умар (разияллооху анху)дан риваят: Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтат: “Ким бир тууганынын муктаждыгын бүтүрсө, Алла Таала анын муктаждыгын бүтүрөт”. (Абу Дауд)
Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам, айтты: “Суу отту өчүргөн сыяктуу эле, садака да күнөөнү өчүрөт”. (Тирмизи)
Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтат: "Жашыруун берилген садака Аллахтын ачуусун кетирет.” (Байхаки)
Пайгамбарыбыз (ﷺ) айтат: “Жетимди кепилдигине алган адам экөөбүз, Бейиште ушунчалык аралыкта жакын болобуз” – деп, ортоңку колу менен сөөмөйүн көрсөттү. (Имам Бухари).
Жума маарек болсун!🌹
4 079
🕋 ЖУМА КАНДАЙ КҮН
Жума – кубанчыбыз толкуп-ташый турган күн. Ар кандай түйшүктү саамга болсо да унутуп, көңүлдү намазга жана ибадатка бура турган күн. Турмуш-тиричиликтен чарчап-чаалыккан жан дүйнөнү эс алдырып, рухту азыктандыра турган күн. Билип-билбей кетирген кичинекей күнөөлөрдөн аруулана турган күн. Айрыкча дуба кылып, Алла Тааладан сурай турган күн.
إِنَّ فِى الْجُمُعَةِ سَاعَةً لاَ يَسْأَلُ اللَّهَ الْعَبْدُ فِيهَا شَيْئًا إِلاَّ آتَاهُ اللَّهُ
“Жума күнү бир саат бар. Кул ошол саатта Алладан эмне сураса да сөзсүз берет”
(Тирмизи, Жума, 2)
Жума маарек болсун! 🌹🤗
Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️
Бизге катталыңыз!☟︎
🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222
4 079
АЛЛАХ ТААЛАНЫН АЛДЫНДА ДҮНҮЙӨНҮН КАДЫРЫ ЖОК!
Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media
💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
4 079
🔰 ӨЛҮМ АР БИР ЖАНГА ЭСКЕРТҮҮ!
Кандай эскертүү?
Куранда Аллах Таала эскертип мындай дейт:
كُلُّ نَفْسٍ ذَائِقَةُ الْمَوْتِ ۗ
“Ар бир жан өлүм даамын татуучу” (Аали Имрон сүрөсү 185-аят)
Аллах Таала ар бир жан өлүүчү экенин айтып, эскертип жатат. Сен дагы бир күн бул дүйнөдөн өтөсүң. Сен да Аллахка кайтып баруучусуң. Өлүмдү эстөө жамандык эмес! Кайра ал сен үчүн жакшылык! Кандай жакшылык бар өлүмдө? Ал сага сенин өлүмүңдү өлүүчү экениңди эскертип турат. Күнөө иштериңден тыйып, соопту амалдарды жасап калууңа жардам берет! Бул тууралуу бир икая айтайын:
Дауд (а.с.) пайгамбар аябай күчтүү жана кызганчаак болгон. Ал өз үйүндө чоочун бирөөнү көрүп калса, аябай ачууланчу. Жана анын үйүнө өзү каалаган адамдардан башка эч ким кире алчу эмес. Бир күнү сырттан келсе, короосунан бирөөнү көрөт. Аябай ачууланып: ”Эй, сен кимсиң? Менин короомо кимден уруксат сурап кирдиң?” -деп сурайт.
Жанагы киши: “Биз эч кимден уруксат сурабай келебиз” -деп жооп берет.
Дауд (а.с) пайгамбар бул киши Азреил (өлүм периштеси) (а.с.) экенин билет да: “Менин өлүм даамын тата турган күнүм келдиби?” -деп сурайт.
Азреил (а.с.): “Ооба” -деп жооп берет. Ошондо Дауд (а.с.) пайгамбар: “Эмнеге мага алдын эскертүү берилген жок?” -дейт. Азреил (а.с.):
- Биз сага эскертүү бердик..
- Кантип? Мага эч кандай эскертүү берилбеди го?
- Сенин баланча агаң кайда? - деп сурайт Азреил (а.с)
- Ал өлгөн..
- Сенин баланча эжең кайда?
- Ал да өлгөн…
- Сенин баланча кошунаң кайда?
- Ал да өлгөн..
- Мына ошолор сага эскертүү болчу -деп жооп берип, анын жанын алды…
Мынакей, тууганым. Бизге ар бир нерсе өзүнчө эскертүү, сабак, үлгү! Биз өзүбүзчө келечекке чоң - чоң максаттарды коюп, үмүт кылабыз ээ? Бирок, ошол эле учурда өлүмдү өлөөрүбүздү да унутпашыбыз керек.
Аллах Таала Куранда мындай дейт:
“Бир дагы жан эртең эмне болоорун жана кайсыл жерде өлөрүн билбейт. Чындыгында, Аллах - Билүүчү, Кабардар!”. (Лукман сүрөсү 34-аят)
Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️
Бизге катталыңыз!☟︎
🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222
4 079
БЕЙИШКЕ КИРГИҢИЗ КЕЛЕБИ
Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media
💌 Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
