en
Feedback
Kyrgyz Football Union

Kyrgyz Football Union

Open in Telegram

Кыргыз футбол биримдигинин расмий телеграм-каналы 🇰🇬

Show more
2 369
Subscribers
-324 hours
-17 days
-2430 days
Posts Archive
КФБ Президентинин катышуусундагы КФБ Аткаруу комитетининин отурумунун жана Жогорку Лиганын клубдарынын жетекчилери менен жумушчу чогулуштун көз ирмемдери 🎥 #kfu_kg

КФБНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖОГОРКУ ЛИГАНЫН КЛУБДАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖУМУШЧУ ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ 8-сентябрда Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде КФБнын Президенти Адылбек Касымалиев Жогорку Лигада ойноп жаткан 16 клубдун жогорку жетекчилиги менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Кириш сөзүндө КФБнын Президенти жолугушуунун негизги максаттары футбол тармагындагы жана өзгөчө клубдук футболдогу учурдагы абалды талкуулоо, клубдардын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алуу, пикир алмашуу, көйгөйлүү маселелерди аныктоо жана аларды чечүү жолдорун биргелешип кароо экенин белгиледи. Жолугушуунун алкагында КФБнын Биринчи вице-президенти Нурдин Букуев калыстык багытын өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле КФБнын Аткаруу комитетинин мүчөсү, «Азия» клубунун Президенти Өмүрбек Бабанов клубдук футболду өнүктүрүүгө багытталган сунуштарын презентация түрүндө тааныштырды. Анда клубдарга субсидия берүү механизмдерин кароо, стадиондордун ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүүнү КФБга өткөрүп берүү, ошондой эле легионер футболчуларга байланыштуу бир катар сунуштар айтылды. Мындан тышкары, КФБнын Аткаруу комитетинин мүчөсү жана КПФЛдин Президенти Асылбек Кадралиев футболду популяризациялоо, спорттук мелдештерди өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле оюн жыйынтыктарын бурмалоого жол бербөө маселелерине арналган презентациясын сунуштады. Асылбек Кадралиев аталган багыттар боюнча тиешелүү чараларды күчөтүү зарылдыгын белгилеп, бул маселелерди укуктук жана ченемдик жактан жөнгө салуу боюнча сунуштарын билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө клубдардын жетекчилери өздөрүн кызыктырган маселелер боюнча пикирлерин билдиришти. #kfu_kg

photo content
+3

photo content
+9

КФБ ПРЕЗИДЕНТИНИН КАТЫШУУСУНДА КФБ АТКАРУУ КОМИТЕТИНИН КЕЗЕКТЕГИ ЖЫЙЫНЫ ОРУН АЛДЫ Бүгүн, 8-сентябрда Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде КФБнын Аткаруу комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынга КФБнын Президенти Адылбек Касымалиев төрагалык кылды. Жыйындын күн тартибине ылайык, Кыргыз футбол биримдигинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маанилүү маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Атап айтканда, КФБнын иш-чаралар реестри жана 2026-жылга карата бюджети толуктоолор менен бекитилди. Ошондой эле КФБнын туруктуу комитеттеринин жаңыланган курамдары бекитилди. Белгилей кетсек, КФБнын туруктуу комитеттери футболду өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча иш алып барышат. Алардын катарында техникалык, финансылык, калыстар, мелдештер, футзал жана кум үстүндөгү футбол, кыз-келиндер футболу, маркетинг жана социалдык жоопкерчилик, ошондой эле стратегиялык өнүгүү боюнча комитеттер бар. Туруктуу комитеттер өз багыттары боюнча маанилүү маселелерди карап, КФБнын Катчылыгы тарабынан сунушталган демилгелерди талкуулап, Аткаруу комитетинин кароосуна тиешелүү сунуштарды иштеп чыгышат. КФБнын туруктуу комитеттеринин жаңыланган курамы менен kfu.kg расмий сайтынан таанышууга болот. #kfu_kg

photo content
+7

photo content
+9

АТА МЕКЕНДИК КАЛЫСТАР  U-20 АЗИЯ КУБОГУНУН ТАНДОО ОЮНДАРЫН ТЕЙЛЕШТИ   КФБнын калыстар корпусунун  өкүлдөрү 2027-жылы Кытайда өтө турган U-20 Азия Кубогунун тандоо оюндарындагы беттештерди тейлешти. Кыргызстандык расмий өкүлдөр турнирдин ар түрдүү тайпаларындагы оюндарга дайындалышты. “F” тайпасынын беттештеринде Санжар Жакыпбеков жана Элдияр Салыбаев кызмат өтөштү. Бул тайпада Ирак, Таиланд, Бириккен Араб Эмираттары жана Түркмөнстандын жаштар курама командалары күч сынашты. “H” тайпасынын оюндарын Зайниддин Алимов жана Абдугани Абдукаримов тейлешти. Аталган тайпада Австралия, Индонезия, Малайзия жана Лаостун жаштар курама командалары ат салышты. Ал эми “J” тайпасында Нурзатбек Абдыкадыров жана Нураалы Абдунабиев кызмат өтөштү. Бул тайпада Кытай Тайбэйи, Сингапур, Бутан жана Макаонун жаштар курама командалары беттешти. Жалпысынан ата мекендик калыстардын U-20 Азия Кубогунун тандоо оюндарын тейлөөгө катышуусу, Азия футбол конфедерациясы тарабынан кыргызстандык расмий өкүлдөргө көрсөтүлүп жаткан жогорку ишенимдин жана алардын кесиптик деңгээлинин дагы бир далили. Белгилей кетсек, 2027-жылы Кытайда өтө турган U-20 Азия Кубогунун финалдык баскычына тандоо оюндарынан ийгиликтүү өткөн командалар жолдомо алышты.  Кыргыз футбол биримдиги биздин расмий өкүлдөрдү ийгиликтүү аткарган иштери менен куттуктап, эл аралык аренадагы мындан аркы ийгиликтерди каалайт!

photo content
+5

КЫРГЫЗСТАНДЫК КАЛЫСТАР FIFA ASEAN CUP 2026 МЕЛДЕШИНДЕ КЫЗМАТ ӨТӨШӨТ Кыргыз Республикасынын калыстар корпусунун алты өкүлү эл аралык FIFA ASEAN Cup 2026 турниринин беттештеринде кызмат өтөө үчүн дайындалышты. Мелдеш 2026-жылдын 24-сентябрынан 5-октябрына чейин Индонезия жана Гонконг аймактарында өтөт. Турнирдин беттештерин тейлөөгө Азия жана Океания өлкөлөрүнөн футболдук расмий өкүлдөр чакырылууда. Кыргызстандын атынан турнирге төмөнкү калыстар катышат: Зайниддин Алимов Абдугани Абдукаримов Элдияр Салыбаев Нурзатбек Абдыкадыров Санжар Жакыпбеков Канат Мырсабеков Эл аралык турнирге Кыргызстандын калыстар корпусунан бир эле учурда алты өкүлдүн дайындалышы, ата мекендик футбол калыстары үчүн маанилүү окуя. Бул кыргызстандык калыстардын кесиптик деңгээлинин өсүп жатканын жана аларга эл аралык деңгээлде көрсөтүлүп жаткан ишенимди дагы бир ирет далилдейт. ____ ОТЕЧЕСТВЕННЫЕ СУДЬИ ПРИМУТ УЧАСТИЕ В FIFA ASEAN CUP 2026   Шесть представителей судейского корпуса Кыргызской Республики получили назначения для работы на матчах международного турнира FIFA ASEAN Cup 2026. Соревнование пройдет с 24 сентября по 5 октября 2026 года на территории Индонезии и Гонконга. Для обслуживания матчей турнира ФИФА планирует привлечь футбольных официальных лиц из различных стран Азии и Океании. Кыргызскую Республику на турнире представят: Зайниддин Алимов Абдугани Абдукаримов Элдияр Салыбаев Нурзатбек Абдыкадыров Санжар Жакыпбеков Канат Мырсабеков Назначение сразу шести отечественных представителей на международный турнир под эгидой ФИФА является важным событием для кыргызстанского судейского корпуса и подтверждает растущее доверие к квалификации отечественных футбольных арбитров на международном уровне.

photo content
+3

ТАЛАС ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ СТАДИОНДУН ТЕХНПИКАЛЫК АЧЫЛЫШЫНА ДАЯРДЫК КӨРҮЛҮҮДӨ Кыргыз футбол биримдигинин Башкы катчысы Медербек Сыдыков Талас шаарына болгон иш-сапарынын алкагында жаңы Борбордук стадиондун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, объектти пайдаланууга берүү жана алдыдагы техникалык ачылышына даярдык көрүү маселелери боюнча жумушчу кеңешмеге катышты. Кеңешменин жүрүшүндө курулуш иштеринин учурдагы абалы, объектти белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүү жана ачылыш аземин уюштуруу боюнча маселелер талкууланды. Белгилей кетсек, Талас шаарындагы жаңы Борбордук стадиондун курулушуна 2025-жылдын 7-апрелинде мезгил кутусун салуу аземи менен старт берилген. Заманбап талаптарга жооп бере турган жаңы стадион 5055 көрүүчүгө ылайыкталат. Стадиондун негизги оюн талаасы табигый чөп менен жабдылып, анын айланасында чуркоо жолдору курулат. Ошондой эле, стадионго караштуу аймакта жасалма чөптүү машыгуу талаасы, воркаут жана фудкорт аянтчалары жайгашат. Комплекстин аймагында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, 180 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулат. Үч кабаттуу трибуналардын алдында спортчулар үчүн кийим алмаштыруучу жана функционалдык бөлмөлөр, жатакана, тамактануу жайы, конференц-зал жана административдик бөлмөлөр орун алат. Ошондой эле VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү, телеберүү адистери жана беттештин расмий өкүлдөрү үчүн атайын орундар каралып, VAR системасын орнотууга шарт түзүлөт. Учурда жаңы стадиондо курулуш жана ачылышка даярдык иштери улантылууда. #kfu_kg

photo content
+9

КЫРГЫЗСТАНДЫН U-20 КУРАМАСЫ ТҮШТҮК КОРЕЯ МЕНЕН ТЕҢ ЧЫКТЫ Бүгүн, 6-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2027-жылкы U-20 Азия Кубогунун тандоо турунун алкагында жыйынтыктоочу Кыргызстан – Түштүк Корея беттеши орун алды. Оюн 0:0 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталды. Эске салсак, Кыргызстан «А» тайпасында Ливан жана Түштүк Корея менен жайгашкан. Алгач, 31-августта Ливан жана Түштүк Корея курамалары беттешип, оюн 3:2 эсебинде Түштүк Кореянын жеңиши менен аяктаган. Ал эми 3-сентябрда Кыргызстан Ливанга каршы ойноп, 2: 3 эсебинде Ливан курама командасынын жеңиши менен аяктаган. Жалпы мелдештин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын U-20 курамасы Азия 2027-жылкы Азия кубогуна жолдомо ала алган жок. 2027-жылкы AFC U-20 Азия Кубогунун тандоо этабына жалпысынан 44 улуттук курама команда катышып, алар 11 тайпага бөлүнгөн. Квалификациялык оюндар Бахрейн, Камбоджа, Кыргызстан, Лаос, Катар, Таиланд, Өзбекстан жана Вьетнамда өткөрдү. Мелдештин финалдык баскычы 2027-жылдын 24-марты – 10-апрелинде Кытайда өтөт. #kfu_kg

photo content

КЫРГЫЗСТАНДЫН U-20 КУРАМАСЫ БҮГҮН ТҮШТҮК КОРЕЯГА КАРШЫ ОЙНОЙТ Бүгүн, 6-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2027-жылкы AFC U-20 Азия Кубогунун тандоо турунун алкагында Кыргызстан – Түштүк Корея беттеши өтөт. Беттеш саат 20:00дө башталат. Ал эми оюн алдындагы күйөрмандар үчүн уюштурулган концерттик шоу-программа саат 18:00дө башталат. Эске салсак, Кыргызстандын U-20 жаштар курама командасы 3-сентябрда өткөн беттеште Ливандын курамасына каршы ойноп, 3:2 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми ага чейин Ливан-Түштүк Корея беттеши, 3:2 эсебинде Түштүк Кореянын жеңиши менен аяктаган. Белгилей кетсек, 2027-жылкы AFC U-20 Азия Кубогунун тандоо этабына жалпысынан 44 улуттук курама команда катышып, алар 11 тайпага бөлүнгөн. Квалификациялык оюндар Бахрейн, Камбоджа, Кыргызстан, Лаос, Катар, Таиланд, Өзбекстан жана Вьетнамда өткөрүүдө. Мелдештин финалдык баскычы 2027-жылдын 24-марты – 10-апрелинде Кытайда өтөт. Эскертүү! Билеттерди Ticketon.kg сайтынан ала аласыздар. Стадионго кирүү билет аркылуу гана жүргүзүлөт, кирүү акысыз. #kfu_kg

photo content

КЫРГЫЗСТАНДА 2017–2019-ЖЫЛДАРЫ ТӨРӨЛГӨН ОКУУЧУЛАР АРАСЫНДА «КФБ МЕКТЕП ЛИГАСЫ» ДОЛБООРУ СТАРТ АЛАТ Кыргыз футбол биримдиги балдар футболун өнүктүрүүгө жана мектеп окуучуларынын арасында сергек жашоо образын жайылтууга багытталган жаңы масштабдуу «КФС Мектеп лигасы» долбоорун баштаган. Турнирге Кыргыз Республикасынын бардык облустарындагы жана шаарларындагы мамлекеттик жана жеке менчик мектептер катыша алышат. Долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен ишке ашырылат. Турнир үч этапта өтөт 1-этап — райондук этап Ар бир облустагы ири шаарлар жана райондор өзүнчө топторго бөлүнүп, командалар күчтүүлөрдү аныкташат. Райондук этапта жеңишке жеткен команда облустук этапка жолдомо алат. 2-этап — облустук этап Бул этапта райондук баскычтан өткөн күчтүү командалар күч сынашат. Командалар эки тең топко бөлүнүп, ар бир топтун мыкты командалары жарым финалга жана финалга чыгышат. Финалдын жыйынтыгында биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар республикалык этапка жолдомо алышат. 3-этап — республикалык финал Турнирдин финалдык баскычында өлкөнүн бардык аймактарын өкүлчүлүк кылган 16 мыкты мектеп командасы күч сынашат. Республикалык финал 2027-жылдын жаз айларында борборлоштурулган түрдө өткөрүлөт. Финалдын так өтүүчү күнү жана жери кийинчерээк уюштуруучулар тарабынан аныкталат. Турнирдин форматы Оюндун форматы: 5+1 Оюндун убактысы: 2 тайм, ар бири 15 мүнөттөн Команданын курамы: аралаш командалар — уулдар жана кыздар Командада 2017, 2018 жана 2019-жылдары төрөлгөн окуучулар биргелешип ойной алышат Бардык оюнчулар бир мектептин атынан катышат Милдеттүү талап: команданын билдирмесинде кеминде үч кыз болушу керек Оюндун жүрүшүндө талаада дайыма кеминде бир кыз оюнчу болушу зарыл Турнирдин мөөнөттөрү 📍 Райондук этап: 2026-жылдын 15-сентябрынан 30-октябрына чейин 📍 Облустук этап: 2026-жылдын 1-ноябрынан 30-ноябрына чейин 📍 Республикалык финал: 2027-жылдын жаз айларында өтөт Кантип катышууга болот? Долбоорго катышуу үчүн мектептер өз аймагындагы Кыргыз футбол биримдигинин регионалдык өкүлчүлүгүнө кайрылышы керек. Байланыш номерлери Бишкек шаары: Осконали уулу Кайратбек — 0771 757 789 Шабыров Адель Алмазович — 0755 585 585 Ош шаары жана Ош облусу: Черепанова Диана — 0554 555 770 Маликов Таймурас — 0550 217 151 Ысык-Көл облусу: Имагазиев Азамат — 0709 062 679 Апиев Улукбек — 0708 306 974 Жалал-Абад облусу: Мажитов Азамат — 0775 262 680 Матав Медет — 0773 669 416 Чүй облусу: Чолпонбаева Жамиля — 0550 550 453 Тутуев Рахат — 0501 008 595 Талас облусу: Сатаев Алманбет — 0706 260 733 Осмонов Аскат — 0707 398 549 Баткен облусу: Эргешали уулу Эмилбек — 0776 535 555 Гапаров Уланбек — 0772 812 581 Нарын облусу: Кочоров Бекназар — 0706 422 627 Жумакадыров Мирбек — 0702 100 739 «КФБ Мектеп лигасы» өлкөнүн бардык аймактарындагы жаш футболчулар үчүн чоң мүмкүнчүлүк болот. Долбоор аркылуу балдар мелдештик тажрыйба топтоп, өз мектебинин жана аймагынын намысын коргоп, чоң футболдогу алгачкы кадамдарын жасай алышат.

photo content

КЫРГЫЗСТАНДЫН ФУТБОЛ БОЮНЧА УЛУТТУК КУРАМАСЫ ЭКИ ЖОЛДОШТУК БЕТТЕШ ӨТКӨРӨТ Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы жаңы башкы машыктыруучунун жетекчилиги алдында сентябрь жана октябрь айларындагы алдыдагы ФИФАнын эл аралык терезелеринде эки жолдоштук беттеш өткөрөт. Мальдив аралдарынын жана Ливандын улуттук курама командаларына каршы беттештер Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо төмөнкү тартипте өтөт: 28.09.2026 | 20:00 Кыргызстан — Мальдив аралдары 04.10.2026 | 20:00 Кыргызстан — Ливан Мальдив аралдары менен Ливандын курама командалары 1-октябрда өз ара беттеш өткөрүшөт. Кыргызстандын улуттук курама командасы 21-сентябрда окуу-машыгуу жыйынын баштайт. Команда Бишкек шаарындагы «Мурас Юнайтед» окуу-машыгуу базасында жайгашат. Алдыдагы окуу-машыгуу жыйыны жана жолдоштук беттештер улуттук курама команданын 2027-жылдагы Азия кубогунун финалдык этабына даярдыгынын маанилүү баскычы болот. - НАЦИОНАЛЬНАЯ СБОРНАЯ КЫРГЫЗСТАНА ПО ФУТБОЛУ ПРОВЕДЕТ ДВА ТОВАРИЩЕСКИХ МАТЧА Национальная сборная Кыргызстана по футболу под руководством нового главного тренера проведет два товарищеских матча в предстоящие международные окна ФИФА в сентябре и октябре. Матчи против сборных Мальдив и Ливана состоятся на стадионе имени Д. Омурзакова по следующему расписанию: 28.09.2026 | 20:00 Кыргызстан — Мальдивы 04.10.2026 | 20:00 Кыргызстан — Ливан Сборные Мальдив и Ливана также проведут очную встречу 1 октября. Национальная сборная Кыргызстана начнет учебно-тренировочный сбор 21 сентября. Команда будет базироваться на учебно-тренировочной базе «Мурас Юнайтед» в Бишкеке. Предстоящий УТС и товарищеские матчи станут важным этапом подготовки национальной сборной к финальной стадии Кубка Азии 2027 года. #kfu_kg