en
Feedback
ИсламЖолу

ИсламЖолу

Open in Telegram

islamjolu.kg сайтынын телеграмдагы расмий каналы. Ислам жолу - жаңы баштоочуга. Админ: @isjladm - Вотсапта - 🚹 мырзалар группасы: https://chat.whatsapp.com/G19qjWDdSBCJNo4S8dPkhe 🚺 айымдар группасы: https://chat.whatsapp.com/DizRWgJlS4wA6egwr5UmpB

Show more
2 324
Subscribers
No data24 hours
-87 days
-3930 days
Posts Archive
Пайгамбарыбыз ﷺ өзү дарыланган ж'а башкаларды дарыланууга үндөгөн. Дары ичүү ыйманга каршы келбейт. Бул уруксат этилген СЕБЕП.

Кедейликтен коркуп ибадат кыла албай, арамды таштабай жаткандар ырыскы кемийт деп ойлошпосун! Ырыскынын баары алдын ала жазылган!

Умар (радияЛлаху анху) айтты: "Кесиптин ээси болгула (кесип үйрөнгүлө). Чындыгында ал силерге кереги тиет"

https:

"О, ыйман келтиргендер! Исламды толугу м'н кабыл кылгыла!" (2:208) Исламдын жаккан жерин карманып, жакпаганын таштоо болбойт❕

Намаз бул коомдун бир бөлүгү гана аткарчу кесип эмес. Намаз окуу АР БИР адамдын парзы.

Жакшы доктурдун эки сыпаты: 1) ЧЫНЧЫЛ 2) кесибин жакшы билген АДИС (профессионал). Ден-соолук бул аманат. Кимге барасың кара 🌺

Аллах айтат: "Ыймандууларга жардам берүү Биздин милдет" (30:47)

"Алла кандай гана #оору түшүрбөсүн, шыпаасын кошо түшүргөн. Ошондуктан дарылангыла!" (Бухари) Дарылануу Шариатка каршы келбейт.

Ибадатты ж'а такыба адамдарды сүйүү, күнөөнү ж'а күнөөкөрлөрдү жек көрүү - ыймандын белгиси.

🎙 Онлайн дарс 📣 Үй-бүлөгө тийиштүү насааттар №79 - сабак Тема: "Куран-Сүннөттү кармануунун зарылдыгы" ⏰ Среда, 22-янв. Саат
🎙 Онлайн дарс 📣 Үй-бүлөгө тийиштүү насааттар №79 - сабак Тема: "Куран-Сүннөттү кармануунун зарылдыгы" ⏰ Среда, 22-янв. Саат 20:30❗️ (Бишкек убактысы менен) Устаз: Бакай Мамбетказиев ✉️ Сабакка тиешелүү суроолорду түз эфирде же бул жерден (@surooberuu_bot) алдын ала берсеңиз болот 🚀 Сабак онлайн 👇 бул жерде өтмөкчү https://t.me/islamjolu

💥.💥.

🔥.🔥.

🔥🔥

🔥

🇺🇸 КАБАР. 2025-жылдын башында Лос-Анджелес шаарында токойлор өрттөнүп, ал адамдар жашаган райондорго чейин таркап, өрт азыркыга чейин токтобой келет. 14000 үй-курулуштар өрттөлдү, жалпы чыгым $200 млрд. ашты, адамдардын арасында өлгөндөр бар. Кырсыктар — адамдардын күнөөсү себептүү болот. Аллах Таала айтты: “Кандай гана балээ силерге жетпесин, бул колдоруңар менен тапкандын кесепети. Аллах көбүн кечирет” (42:30) От – Аллахтан адамдарга тиги дүйнөнүн, Тозоктун оту тууралуу эскертүү. Өзүңөр жагып жаткан отко байкоо салдыңарбы? Анын (отун болгон) дарагын өзүңөр жаратып алдыңарбы же Биз жаратып бердикби?! Аны Биз (адамдарга) эскерме ирээтинде жана мусапырлар пайдаланышы үчүн жараттык” (56:71-73). Жүрөгүндө ыйман бар адам, келген балээ-кырсыкта тооба кылып, Аллахка кайтат. Каапырлар болсо, балээ Аллахтан экенине дагы деле ишенбейт. Керек болсо асман бөлүнүп баштарына түшүп жатса да. Аллах Таала айтат: “Эгер алар асман тилке-тилке болуп түшүп келе жатканын көрүшсө да, «Бул түрмөктөлгөн булуттар», - деп коюшат” (52:44). ❗️ Канча деген Аллахтын акыйкат экендигинин аят-белгилери жашообузда өтүп жатат, момундар андан пайда алышат, ыймандарын бекемдешет; ал эми ишенбегендер дагы деле ишенбей жүрө беришет. #акш #өрт #балээ 📲 https://t.me/islamjolu/5050

photo content
+4

✅ Прибытие 11-го самолета в Сирию от «Центра гуманитарной помощи» С. Аравии 🇸🇦 «Saudia Press» © t.me/saudiapress
✅ Прибытие 11-го самолета в Сирию от «Центра гуманитарной помощи» С. Аравии 🇸🇦 «Saudia Press» © t.me/saudiapress

🇸🇾 🇸🇦 Сирийская делегация высокого уровня во главе с министром иностранных дел прибыла в Эр-Рияд (КСА) 1 января 2025 🇸🇦 «Saudia Press» © t.me/saudiapress

СУРОО.❓ Азан айтылып жатканда көчөдө басып бара жаткандар отуруу керекпи? Анан азандан кийин дуасын айтканда сөзсүз отуруп ду
СУРОО.❓ Азан айтылып жатканда көчөдө басып бара жаткандар отуруу керекпи? Анан азандан кийин дуасын айтканда сөзсүз отуруп дуа кылуу керекпи❓ ЖООП. 📣 Азан айтылганда отургула деп бир дагы хадис келген эмес. Азанды уккан эркек мусулман мечитке жамаат менен намаз окууга кириш керек. Ал эми аялдар, жаш балдар кирбей койсо болот, басып кете беришет. 💨 Бирок, сахих хадисте "азан чыкканда шайтан качат",- деп айтылат. Шайтанга окшоп калбаш үчүн азан учурунда ары-бери баспай, отуруп туруу жакшыраак деп кээ бир аалымдар айтышкан. Бул ошол мечиттин ичиндегилерге тиешелүү, эгер сыртка дааратка эле чыкпаса. 🗣 Ал эми азандын дуасын туруп деле айтса болот. Балким мечитке жаңы кирип келген киши, туруп айтканы жакшыраак, отурбастан эки рекет мечит намазын окуу хадисине амал кылып. #азан #турмуш 📲 https://t.me/islamjolu/5042