ch
Feedback
Диби_деди✨

Диби_деди✨

关闭频道

Жүрөктөгүнү жазам. Арманды төгөм. Кыялды бөлүшөм. Сүйүүнү сүйдүрөм. Бул менин эркин аймагым. Ким тынчтыгымды бузса өчүрөм. Ар бир жазуум #диби_деди хэштеги менен алынбаса акым адал эмес. Көп жазсын десеңер жазууларымды көп бөлүшкүлө. 🐣Ошондон эргүү алам:)

显示更多
910
订阅者
无数据24 小时
-77
-1630

数据加载中...

标签云
无数据
有任何问题?请刷新页面或联系我们的客服
进出提及
---
---
---
---
---
---
吸引订阅者
六月 '26
六月 '26
+7
在0个频道中
五月 '26
+18
在0个频道中
Get PRO
四月 '26
+2
在0个频道中
Get PRO
三月 '26
+12
在0个频道中
Get PRO
二月 '26
+5
在0个频道中
Get PRO
一月 '26
+19
在0个频道中
Get PRO
十二月 '25
+18
在1个频道中
Get PRO
十一月 '25
+31
在0个频道中
Get PRO
十月 '25
+29
在0个频道中
Get PRO
九月 '25
+48
在1个频道中
Get PRO
八月 '25
+40
在0个频道中
Get PRO
七月 '25
+41
在2个频道中
Get PRO
六月 '25
+25
在0个频道中
Get PRO
五月 '25
+74
在1个频道中
Get PRO
四月 '25
+2
在1个频道中
Get PRO
三月 '25
+1
在1个频道中
Get PRO
二月 '250
在0个频道中
Get PRO
一月 '25
+6
在2个频道中
Get PRO
十二月 '24
+1
在0个频道中
Get PRO
十一月 '240
在0个频道中
Get PRO
十月 '24
+67
在1个频道中
Get PRO
九月 '24
+115
在3个频道中
Get PRO
八月 '24
+141
在1个频道中
Get PRO
七月 '24
+94
在2个频道中
Get PRO
六月 '24
+81
在1个频道中
Get PRO
五月 '24
+82
在3个频道中
Get PRO
四月 '24
+123
在1个频道中
Get PRO
三月 '24
+160
在1个频道中
Get PRO
二月 '24
+75
在2个频道中
Get PRO
一月 '24
+96
在1个频道中
Get PRO
十二月 '23
+98
在1个频道中
Get PRO
十一月 '23
+1
在2个频道中
Get PRO
十月 '23
+68
在1个频道中
Get PRO
九月 '230
在0个频道中
Get PRO
八月 '230
在0个频道中
Get PRO
七月 '230
在0个频道中
Get PRO
六月 '23
+93
在0个频道中
Get PRO
五月 '23
+141
在0个频道中
Get PRO
四月 '23
+71
在0个频道中
Get PRO
三月 '23
+90
在0个频道中
Get PRO
二月 '23
+68
在0个频道中
Get PRO
一月 '23
+373
在0个频道中
日期
订阅者增长
提及
频道
28 六月0
27 六月0
26 六月+1
25 六月0
24 六月0
23 六月0
22 六月0
21 六月0
20 六月0
19 六月0
18 六月0
17 六月0
16 六月+1
15 六月+1
14 六月0
13 六月0
12 六月0
11 六月0
10 六月0
09 六月+2
08 六月0
07 六月0
06 六月0
05 六月0
04 六月0
03 六月+1
02 六月+1
01 六月0
频道帖子
Кудайым, азыркы жашоомдон шүгүрдү сезип, таап, кабыл алып жашоону үйрөтчү, жүрөгүмө салчы! 🤲🏻

2
Кеп кабыл алынууну сезбөө жөнүндө… Мен өз пикирин, сезимин, каалоосун ачык айткан үй-бүлөдө чоңойгом. Ата-энем айыл ичинде кадыры бийик, туугандар арасында чечим ээси болгон адамдар. Аларсыз жакшылык да, жамандык да өтпөйт. Биз үй-бүлөбүз менен топ ичинде болгонго көнүп калганбыз, жана бул жашоонун маанилүү бөлүгү сыяктуу сезилет. Бала кезде той-мааракеде жардамдашып кел деп чуркатып жиберсе ачууланат элем. Кийин эс тартканы деле бул нерсе мага жакпагандай, “эмнеге дайыма биз?” дегендей көз карашым бар эле. Өзгөсө жеңемди келинин жибербей койду дейт, барып кел десе ачууланган учурум көп болгон. Бирок кызыгы өзүм азыр ушундай үй-бүлөгө туш болдум. Энем жакын тууганы жакшылык өткөрүп атса деле “барбайле кой, өздөрү жетишет” деп коёт же жолдошум “кеттик баланча жакка, аякка барганда эмне” деп басып кетет. Мен азыр эки баалуулукта чабылып калдым. Мен үчүн ушул туурадай сезилчү, бирок негедир азыр мени кайын журт арасына кабыл алынбай жаткандай сезим курчап жатат. Кыйналып, бирөөнүн оокатын кылганча, жакшы эмеспи дейм, бирок балким ошондо жаңы үй-бүлөнүн курамына көнүп кетүүм тез болмокпу деп коём… айтоор, сен чоңойгон, сен тааныган, сен үчүн дүйнө ушундай болушу керек деген жерден таптакыр башка ааламга түшүп калуу кыз үчүн миң эсе жүк экенин дагы татыдым, ынандым…
276
3
Иё, туруп-туруп эле маанайдын 180ге өзгөргөнүн өзүм көтөрө албай атам. Просто көтөрө албай атам.
652
4
Жактоодон ушул сүрөттү жөнөтүштү. Буга чейин башымда “эмне кош бойлуу экеним дароо эле билинип калып атабы?” деген суроо бар
Жактоодон ушул сүрөттү жөнөтүштү. Буга чейин башымда “эмне кош бойлуу экеним дароо эле билинип калып атабы?” деген суроо бар болчу. Бул сүрөттөн кийин жоголду🫠 Эң жакшыга тапшырып алдык, буюрса. 3 күндөн бери ушунчалык тынч уктап атам. Турсам бир капталым талып калып атат…)
794
5
Эртең магистрдик ишти коргоого кирем. Бакалаврды бүтүп жатканда да дипломдук ишти өзүм жазгам. Эки учурда тең алган эң чоң сабагым: эгер кийин мен илимий жетекчи болуп калсам, студентке бардык күчүм менен жардам берем. Анткени ал мен билгенди билбейт
736
6
Грамотно таарынганды кайсы курса үйрөтөт?
817
7
语音消息
1 151
8
Сүйүү - бул “эс алагой, мен эшикти сыртынан бекитип коём” Сүйүү - бул “күтө тур, катуу келе жатат. Келе колуңду” Сүйүү - бул “бөтөлкөңө жылуу суу куюп койдум. Унутпа” Сүйүү - бул “сеникин да ала чыккам, күн батканча зикир кылалы” Сүйүү - бул “телефонуңду зарядкага коюп койгом” Сүйүү - бул “жакшы эс алдыңбы?” же “Жакшы эс ал, жаным” Сүйүү - бул “эмне жегиң келип атат. Эмне жасайлы?” Сүйүү - бул “үйгө кайткан сонун, э? Жагат мага…баарын сонун кылып жасап койгонсуң” Сүйүү - бул “чарчатыштыбы? Бир аз чыда, аз калды” Сүйүү - бул “мен апамдын мүнөзүн жакшы билем да, мен ага чыдашым мүмкүн. Сен үчүн оор болуп калат” Сүйүү - бул “Сенин колуңду кармаганда “мен бул инсанды ыйлатпайм” дегем. Ыйлабачы” Сүйүү - бул “баары жакшы болот, жаным! Аллах биз менен. Бизге да берет!” 6 ай ичинде мен сезген сүйүүнүн даамы ушул. Ар ким өз тилинде сүйөт, сүйүлөт…🌷
1 325
9
Мектептен качып кетүүгө мүмкүн болсо, ошону азыр жазамак элем💔
0
10
Баса, апрель айы 10-12 күн чогуу жашадык. Бул биздин рекоддубуз. 8-9 күнгө өткөндө жүзүбүздөн 2 саат сүйлөбөй турчу дегенди, 10-күнү 1-2 күнгө кетип тур да деген окула баштады го. Жеке аянтча качан да болсо керек экен адамга. Миң сүйүп атсаң дагы🫰🏿
0
11
Сүйлөшүп жүргөндө телеграмга атайын каттаттыргам. Эмне менен дем алат экенимди билсин, өткөн-кеткен менен таанышсын депчи. Кийин өчүрүп койдум. Өзү билбей деле калды окшойт. Кээде ушакташ керек болот экен, ээн-эркин)))
0
12
Бирок анча деле сулуу жигит эмес. Ойлоп албагыла, тим эле деп) Классымдагы окуучуларга таксист бала деп койсом ишенип алышыптыр. Кийин “эже, күйөңүз турбайбы. Ошону билгенден кийин красавчик көрүнүп калды” дешти. “Меники” деп карашканы үчүн эле сулуу боло түштү окшойт да кыязы😝
0
13
Ушинтип жашыргандарды такыр түшүнчү эмес элем😂 Башка салып койбодубу)
0
14
Жетишкендео жетишти да😁
0
15
Сүрөтү менен салсам, жигиттин акысына кирип калат экенмин🫠
0
16
Турмуштун алгачкы күндөрү ары таттуу, ары бактылуу жана ары майда-майда сыноолорго салган күндөр менен коштолот. Ошол күндөрдө көңүлүңө келген алгачкы ой “ырас эле ушул адамга туш болуптурмун” болсун…
0
17
Турмуштун алгачкы күндөрү ары таттуу, ары бактылуу жана ары майда-майда сыноолорго салган күндөр менен коштолот. Ошол күндөрд
Турмуштун алгачкы күндөрү ары таттуу, ары бактылуу жана ары майда-майда сыноолорго салган күндөр менен коштолот. Ошол күндөрдө көңүлүңө келген алгачкы ой “ырас эле ушул адамга туш болуптурмун” болсун…
0
18
Кыска аралыкта эркек үчүн көп нерсенин кереги жок экенин түшүндүм. Эгер каалооңдун түпкүрү эмнеде жатарын түшүнбөсөң сен деле ал менен макул болуп жашай берчүдөйсүң. Бирөө айтты эле ожидание эң жаман оору. Андан айыгуу үчүн максимум жана минимум деген чектерин коюп алуу керек. Эч болбоду дегенде мындай кылам же бул жыйынтыкка макул болом деп. Үй-бүлөдө да ушуну колдонуу туура экен. Болбосо кээ бир нерселерди акча, ресурс, ар түркүн кырдаалдар чайпап салат тура. Ушундайда “жок дегенде муну жасоо керек” деп экинчи чекти көрсөтпөсө… Жогорудагы нике күбөлүгүн алуу салтанаты дал ошол чектин минимуму. Чын жүрөгүмдөн ар бир сулуунун бул күнү эң максимум чекте өтүшүн тилейм. Себеби бул - бакыттын башка түрү экен. Тилектериңерге чоң ыракмат! Сүйүүм менен кабыл алдым✨❤️
0
19
+8
没有文字...
0
20
Кыздын турмушу ушундайча өтөт экен. “Даяр бол, келин болосуң!” “Даярмынбы?” “Даяр эмес болчу экенмин…” Көп учурда биз “жетил, калыбыңа кел, андан соң турмушту ойлон” дейбиз го. Ал жакшы, бирок көп учурда жаңы турмушту, жаңы жашоону кабыл алуу жана ага адаптация болуу үчүн убакыт керек экенин бири-бирибизге эскертпегендейбиз. 20-30 жыл жытың, каның сиңишпеген жерде өзүңдү жат сезүү - нормалдуу деп эсептейм. Сен мурун бул турмушту жашап көргөн эмессиң. Үйдө 5 киши болсо, беш башка көз караш, кайын журтуң кошунаң болсо да, сенин өз үйүңдөн 100% айырмаланган баалууктар, кабыл алуулар, түшүнүктөр болот экен. Мунун баарын дароо кабыл алуу мээ, сезим, денеге оор. Демек, адаптация процесси жүрүп атканын моюндоо керек. Бул абалыңды бир топ жеңилдетет. Ал ар кимде ар кандай тездикте өтөт. Мисалы, 5 айдын ичинде жалпы 8-10 күн энем менен жашап көргөн менде бул этап 3-5 жылга созулушу мүмкүндөй. Себеби ар жолу барганда бир эле нерсеге кайра-кайра таң калып, ичимде каршылык келип же суктанып бүтпөйм. Жолдошум менен 10 күн чогуу жашап көрө элекмин. 3 күн чогуу/ 4 күн аралыкта. Ал инсанга көнүүм, таануум дагы 2-3 жылды талап кыларын түшүнүп жатам. Мен өзүмө “болду эми, кабыл алып жаша” дебейм. Убакыт берем. Ушинтип гана өзүңө камкордук көрсөтө аласың. Анан мени көп учурда “түшүнүксүз түйшөлгөн абалдан” чыгарган нерсе- рефлекция. Жолдошум менен бир айда бир, же кандайдыр бир маанилүү иштер (конок тосуу, баруу, чогуу жаңы нерсе жасап көрүү) болгондон кийин “мага эмнеси жакты/ кайсы нерсе таң калыштуу болду/ кийинкиде эмнени өзгөртмөкмүн” деген сыяктуу суроолор менен баарлашуу жеңилдик алып келет. Кыскасы, өмүрлүк жолдоштуу табуу менен гана өмүр бүтүп калбайт. Жашоо жаңыдан башталышы мүмкүн. Өзүңөрдү шаштырбагыла…🫶🏻
0