КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖРТ
الذهاب إلى القناة على Telegram
3 784
المشتركون
-524 ساعات
-237 أيام
-28730 أيام
أرشيف المشاركات
3 783
🇰🇬 31-Август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү!
Эгемендик — бул эркиндик гана эмес, элдин намысы, жердин ыйыктыгы, келечек алдындагы жоопкерчилик.
Көк асманыбыз ачык, элибиз ынтымактуу, өлкөбүз өнүгүү жолунда болсун!
Эгемендүүлүгүбүз түбөлүктүү болсун! 🇰🇬❤️
Улуу Кыргызстандын улуу күнү кут болсун!
3 783
УЧА ....
тартуунун аземи,салтанаты, жөрөлгөсү мааниси...
( уча тартканда акча берүү керекпи?,,, жокпу? деген суроого жооп иретинде)
(Нарк куржундан)
Кадимки Токсоба төрө Кашкардан кайтканда,журт мыктылары, астына улак тартып, үстүнө өргөө көтөртүп, казысы СЕРЕ чыккан ( эки эли,беш эли, таман,андан кийин сере деп өлчөнөт) баабединдеп, бата айтылып, туу бээни жыгып, УЧАНЫ эки жигит замбилдеп көтөрүп кирип Төрөгө тартышат .Ошондо төрөнүн Уланкасыр деген жанжигити ыргып чыгып,УЧА акысы деп, тарткандарга ТАЙ ЖЕТЕЛЕТКЕН экен.
Кадимки Садыр аке, Кочкордогу, Чекилдектин түзүндө өткөн чоң курултайда,Алайдан ат арытып кырк жигити менен келген Алымбек Даткага, кадырын арттырып,кастарлата Учаны тарттырганда ,Нарк билги кайран Датка атабыз,БИР ЖЫЛКЫНЫН БААСЫНА ЖАСАЛГАН, алтын басылып,күмүш чегилген КЕМЕРДИ КЕСТИГИ менен УЧА тарткан жигитке карматкан экен.
Арийне,эл ичиндеги эле аңыз кептин учугун айттым.
Шыр айтканда, Учаны тартуу салты укмуш эми...
Уча тартылуучу өргөө...(аземделип жасалгаланган)...
Учанын дасторкону (саркечтелип,саймасы менен көркөмдөлгөн)...
Учага деп ( КОШ МИЗДҮҮ канжар) сунулган...
Уча тарткан жана алган тарапты ЖАРЧЫЛАР ЫРГА кошкон...
Уча кирген өргөөгө АСАБА КӨТӨРТҮШКӨН...
Уча,жаш курагына карабастан,АЙТКАНЫ ЭМ БОЛГОН, КАЙРАТЫ ДЕМ БОЛГОН,,КЕЛЕЧЕКЕ КЕРБЕНДИН ЖОЛУН КӨРГӨЗГӨН,КАРАСА КӨЗҮ ,КААЛАСА СӨЗҮ ЖЕТКЕН, КАЛКТЫН КАШКӨЙ ЖАКШЫСЫНА тартышкан экен.
Мына !, эзелки элибиздин салты! Элдик жөрөлгөнүн туу чокусу!!!
Учурда,учаны элибизде эмдигиче салты тутуп каадасы менен тартышат.
Биле жүрөлү...
Сүйүнбек Касмамбетов
#улуттук_нарк
#улуттук_салт
3 783
«Улуттан нарк калат, атадан салт калат.»
Нарк — улуттун жүрөгүндө сакталган асыл баалуулук,
салт — атадан балага мурас болуп өткөн ыйык жол.
Ата-бабанын аманатын урпак улап,
улуттун улуулугун, салттын наркын сактайт. ❤️🇰🇬
3 783
Салам, достор! ☀️
Жайкы каникулуңар кандай өтүп жатат?
Убакытты текке кетирбей⏳ЖРТга азыртан даярдангыла! Биз менен бирге:
✅ ЖРТ тесттерин иштейбиз
✅ Теориялык темаларды кайталайбыз
✅ Практикалык сабактарды өтөбүз
✅ Жогорку упай алууга багытталган даярдык көрөбүз
Келечегиңер үчүн пайдалуу жай өткөргүңөр келсе, бизге кошулгула!
📞 WhatsApp: 0706 95 47 95
Бүгүнкү аракет — эртеңки ийгиликтин ачкычы! 🎓
3 783
Коңгуроо үнүн уксак чуркай шашып,
Жүрчү элек класстарда эшик ачып.
Аттин ай, ошондогу коңгуроолор,
Баратат жүрөктөрдү дирилдетип🎉🎉🎉🎉🎉
Урматтуу бүтүрүүчүлөр🤍
Алдыңдагы ак жолуң ар дайым жарык, ишенимдүү жана ийгиликтерге бай болсун. Бүгүнкү бүтүрүү — бул акыркы чек эмес, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн башталышы. Ар бир кадамың сага тажрыйба, ар бир аракетиң сага жеңиш алып келсин.
Кыялдарың чоң болсун, бирок жүрөгүң жөнөкөй бойдон калсын. Ата-энеңдин, мугалимдериңдин эмгегин актап, элиңе пайдалуу инсан бол. Кайсы жолду тандаба — намысыңды бийик карма, адамгерчиликти жоготпо.
Сага бекем ден соолук, түгөнбөс шык, чыныгы достор жана чоң ийгиликтерди каалайм. Ак жол,сага бүтүрүүчү!🥳🥳🥳🥳🥳
3 783
Сулайман Каипов деген тарыхчы, тилчи, этнограф окумуштуубуз бар го. Ошол агайыбыз "памирлик кыргыздардан уктум эле" деп "адамдар 4кө бөлүнөт экен" деген интервьюсун көрүп калдым жаңы эле. Эстеп калайын деп жазып атам баракчама. Айтат: Адамдар төрткө бөлүнөт:
1-си КӨЛ адамдар - ЖАКШЫЛЫККА ЖАКШЫЛЫК менен жооп бергендер. Мындай адамдар өздөрүнө жасалган жакшылыкты унутпайт, ага ар дайым жакшылык менен жооп берүүгө даяр, кенен, мол болушат.
2-си ЭЛ адамдар - ЖАМАНДЫККА ЖАКШЫЛЫК кылган адамдар. Ичине кек сактабай "таш менен урганды аш менен ур" деп жашагандар, айкөл болушат. "Эл" деп атаганынын себеби — алар бүтүндөй бир элди бириктирип, кечиримдүүлүгү менен коомду сактап кала алган тарыхый инсандар, руханий лидерлер.
3-сү ТАР адамдар - ЖАМАНДЫККА ЖАМАНДЫК менен жооп бергендер. Мындай адамдардын ички дүйнөсү, аң-сезими өтө тар. Алар "көзгө көз, тишке тиш" деген эски, катаал принцип менен жашашат. Өч алуу, кек сактоо алардын өмүрүн жейт.
4-сү КӨР адамдар - ЖАКШЫЛЫККА ЖАМАНДЫК жасагандар. Бул — чыккынчылыктын, ичи тардыктын жана кара ниеттиктин эң акыркы чеги. Мындай адамдар башкалардын ийгилигин, бактысын көрө алышпайт.
Эми ойлонуп туруп "Мен киммин? Кайсы түргө кирем жана ким болгум келет?" деген суроону бергилечи өзүңөргө.
3 783
Кутман күн, алтындарым💖
ЖРТнын 2-этабын ийгиликтүү тапшырып алгыла!
Ар бириңердин мээнетиңер акталып, суроолор жеңил келип, жогорку упайларга ээ болгула.
Өзүңөргө ишенип, тынчтык менен кирип, чоң ийгиликтерди багындыргыла.
Жолуңар ачык, келечегиңер кең болсун!💎🫂
3 783
Кутман таң, алтындарым💖
ЖРТны жакшы тапшырып алгыла😘
Кудай колдоп, баары жеңил болсун🤲🏻
Жыйынтыгыңар мыкты болуп, тилегиңер орундалсын!💯🤲🏻
3 783
Кутман күн Алтындарым☀️🙋🏻♀️
Көптөн күткөн күн да келип калды⏱️
Санаа тартпай, сабыр кылып,
Кыжаалат болбой, кайраттуу болуп,
Толкунбай, токтоо болуп,
Тесттерди
Эң сапаттуу✅
Эч КаТасыз✅
Эң мыкты🤗
Эч каПасыз🫰🏻
Эң жогорку✅
Эч калетСиз👍🏻
Эң күчтүү✅
Эч кыйынчылыксыз✊🏻
Билген, Үйрөнгөн, методдор менен, биз үйрөткөн ыкманы колдонуп, убакыт менен, өзүбүзгө Ишенип🧠
Катасыз, Капасыз, ЖРТ тестен өтөбүз✊🏻🫰🏻
Биз силерди жакшы көрөбүз жана дуба кылабыз🤲🏻
Сүйүктүү окуучуларым, бөбөктөрүм, кыздарым&балдарым биз силер менен сыймыктанабыз🫰🏻💚🤗
Андыктан, ЖРТ эң сонун, өзүбүз күткөндөй дем менен барып, тапшырып, “ЭҢ ЖАКШЫ” Жыйынтык алгыла🤲🏻
Кул жеймин дейт Куйрукту,
Кудайым берет Буйрукту💚
Буюрса ЖРТ тесттин ийгиликтүү тапшыргыла👍🏻✊🏻🏆
Кудай колдоп, акыл калчап, кынаптап, Тесттен ийгиликтүү өткүлө🤲🏻
Биздин дубабыздасыңар
Алтын кыздарым&сүйүктүү балдарым💖💖💖
