cookie

Sizning foydalanuvchi tajribangizni yaxshilash uchun cookie-lardan foydalanamiz. Barchasini qabul qiling», bosing, cookie-lardan foydalanilishiga rozilik bildirishingiz talab qilinadi.

avatar

ELDEMI Коом Агартуу Демилгеси

ELDEMI Коом Агартуу Демилгесинин негизги уставы, максаттары, долбоорлору камтылган баракчабыз. Маалымат Спутниги: @maalymatsputnigi Суроолор үчүн: @info_suroo ЖРТга даярдоо: @JRT_test КРдагы ЖОЖдор: @kg_univer TOEFLга даярдануу: @eldemienglish

Ko'proq ko'rsatish
Mamlakat belgilanmaganTil belgilanmaganToif belgilanmagan
Reklama postlari
189
Obunachilar
Ma'lumot yo'q24 soatlar
Ma'lumot yo'q7 kunlar
Ma'lumot yo'q30 kunlar

Ma'lumot yuklanmoqda...

Obunachilar o'sish tezligi

Ma'lumot yuklanmoqda...

✅ БИЗДИН ДОЛБООРЛОР 1. Жалпы кызматтар ✅ Маалымат Спутниги долбоору. Plus messengerде (@maalymatsputnigi), инстаграмда (@eldemi.kg) баракчалары бар. Бул канал улуттук жана эл аралык окуу стипендиялары, университеттер, конференциялар, жана башка мүмкүнчүлүктөр жөнүндө кабарларды жарыялап турат. ✅ Менторлор долбоору: Эл аралык тажрыйбасы бар жаштар, студенттер жана мугалимдер өзүлөрү бүтүргөн мектебиндеги окуучуларга жол көрсөтүүчү менторлук ишин алып барышууда. Менторлор өзү окуп бүтүргөн мектебине вотсап группа ачып ал аркылуу окууучуларга маалыматтарды жеткирип, бүтүрүүчүлөргө жардам берүүдө. Эгер сиз мугалим, студент же бүтүрүүчү класста болсоңуз, өзүңүз окуган алтын уяңыздагы окуучуларга ментор болом десеңиз, анда @eldemi_mentors кошулуңуз. Бирок оболу жогоруда ментордун жоопкерчилигин окуп чыгуу абзел. ✅ Вебинарлар долбоору. Эл аралык стипендиялык программаларды утуп алган студенттер инстаграмдагы @eldemi.kg( https://www.instagram.com/eldemi.kg/)баракчасы аркылуу түз эфирден бир саат маек куруп берет. Бул вебинарларды кийин ютубдагы ELDEMI вебинар каналынан көрө аласыздар. ✅ ЖРТга даярдоо группасы. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө арналган ЖРТга даярдануу боюнча группа бар. Ар кандай материалдар жарыяланат. @JRT_test_KG кириңиздер. ✅ ELDEMI-ENGLISH группасы. Эл аралык программаларга тапшырууда сөзсүз түрдө англис тили талап кылынат. Ал үчүн окуучунун англис тилин текшерген TOEFL сынагын тапшыруусу зарыл. Бул багытта жардамчы болуу үчүн түрдүү сунуштар, материалдар сунулат . Каналга жазылуу үчүн @eldemienglish кошулуңуз. Башталгыч деңгээлден баштап үйрөтүлөт. ✅ КР университеттери каналы. Бул канал өлкөбүздөгү көрүнүктүү университтер жөнүндө. @kg_univer каналы сиздер үчүн. ✅ELDEMI KITEP( @eldemi_kitep)- бул группада жума сайын түрдүү жанрдагы бестселлер, рухту азыктандыруучу китептердин электрондук варианты жиберилип, талкууланат. 2. Мугалимдер үчүн кызматтар: Төмөнкү группаларга бир гана мугалимдер кошула алышат ✅ Мыкты Мугалимдер группасы: Кыргызстандагы баардык мугалимдердин уюшумдуулугун чыңдоо максатында ачылган. @mykty_mugalim тайпасына баардык коом агартуучуларды кызматташууга чакырабыз. ✅ English Teachers группасы. Англис тили мугалимдери арасындагы байланыш платформасы. @english_mugalim тайпасы. ✔ Өлкөбүздөгү билим тармагын өзгөртүүгө салым кошо алам деген баардык дилгир замандаштарыбызды кызматташууга чакырабыз!
Hammasini ko'rsatish...
МЕНТОРДУН ЖООПКЕРЧИЛИГИ 🌈 Ментор өзү бүтүргөн мектебиндеги окуучулар менен байланышып, 8-11-класстардын окуучуларын баарын чогулткан бир вотсап группа түзүүсү кажет. 🌈 Ачылган группанын эрежесин, ELDEMI - нин максаттарын жана долбоорлорун жазып, окуучулардын баарын ушул эрежерелерди сактоого чакыруу. Буларды @eldemi_kg каналынан таба аласыз. 🌈 Ошол группаны башкаруу, көзөмөлдөө, окуучулардын суроолоруна жооп берүү - ар бир ментордун милдети. Ал группа ошол мектептин бүтүрүүчүлөрү жана окуучулары арасындагы алтын көпүрө болуп кызмат кылат. 🌈 Эң негизгиси , plus messengerдеги @maalymatsputnigi , @JRT_test , @kg_univer, @eldemienglish, @eldemi_kitep канал жана группаларындагы кабарларды ошол группага жеткирип туруу, жана окуучуларды, мугалимдерди plus messenger'ге жазылууга чакыруу. 🌈 Акырында! Бир жумадан кийин ментор бул шилтемеге https://forms.gle/2xXWrPkwXWAhwr4S6 кирип, суроолорду кунт коюп окуп, кайсы мектепте иш алып баргандыгы тууралуу каттоо баракчасын толтуруусу зарыл. 🌟 Келгиле жаштар, келечегибизди бирге куралы! Кереметтерди бирге суналы!
Hammasini ko'rsatish...

📜 ЧАКЫРУУ 📜 🇰🇬Салам! Эл аралык стипендиялык программалар жана университеттер, ЖРТ жана TOEFL сынактары жөнүндө кабардар болгуң келсе, анда ELDEMI Коом Агартуу Демилгесине мүчө бол! Арабызга кошулуу оп-оңой: 1⃣ Plus messenger тиркемесин (приложениесин) плей-маркеттен телефонго орнотуу 2⃣ Орнотулган тиркемени ачып ал жака номер жана аты-жөнүн жазып катталуу 3⃣ Катталгандан соң, "Маалымат спутниги" (@maalymatsputnigi) деп издөөчү жерге жазсаныз, биздин канал дароо чыгат. Ошол каналга кошулуу менен бизге мүчө боло аласыз. Сиздер үчүн ачылган plus messengerдеги кызматтарга кошулуңуз: 🔸 ЖРТга даярдоо группасы: @JRT_test_KG 🔹 TOEFL тестине даярдоо группасы, башталгыч деңгээлден баштап: @eldemienglish 🔸 КР университеттери жөнүндө: @kg_univer 🔹 Эл аралык стипендиялар @maalymatsputnigi
Hammasini ko'rsatish...
​​​​БИЗДИН МАКСАТ ✅ Кыргызстандагы шаарлар жана региондордогу илим-билим теңсиздиги деген чоң көйгөйгө бетме-бет келип турабыз. Дал ушул маселе менен күрөшүү үчүн бел байлап активдүү жаштар "ELDEMI" Коом Агартуу Демилгесин 2018-жылы февралда түздүк. Демилге расмий түрдө 2020-жылы, 21-февралда уюм катары катталды . Бул жарандык коомдун негизги максаттары: 🔸 Илим-билимди жаштар арасында даңазалоо 🔹 Шаар жана айыл-жересиндеги маалыматтык теңсиздик менен күрөшүү 🔸 Кыргызстандагы коом агартуучулар, мугалимдер, дегеле кыргыз айдыңдарын башын бириктирүү
Hammasini ko'rsatish...

April- May report.pdf2.41 MB
ELDEMIнин Апрель-Май үчүн отчёту 2019, 6 июнь ELDEMI баштан ачык уюм катары башталган жана ар дайым ошондой болушуна аракеттер жасалат. Ошондуктан, колдонуучуларды, силерди, ELDEMIнин прогресси менен тааныштыруу максатында биз ай сайын отчёт чыгарып турабыз. Акыркы эки айдын отчёту бул жолу бирге сунулуп жатылат. Эгер долбоордун максатына байланыштуу идеяларыңыз бар болсо суроо-жооп группабыз ар дайым сунуштарга ачык @info_suroo . Билим-илим жолунда баарыбызга ийгилик!
Hammasini ko'rsatish...
ИНСТАГРАМ КР-100
Hammasini ko'rsatish...
ИНСТАГРАМ us-100
Hammasini ko'rsatish...
лого для фб КР-100
Hammasini ko'rsatish...
лого для фб us-100
Hammasini ko'rsatish...
Boshqa reja tanlang

Joriy rejangiz faqat 5 ta kanal uchun analitika imkoniyatini beradi. Ko'proq olish uchun, iltimos, boshqa reja tanlang.