Papillon🦋
305
Obunachilar
Ma'lumot yo'q24 soatlar
-27 kunlar
-1230 kunlar
- Kanalning o'sishi
- Post qamrovi
- ER - jalb qilish nisbati
Ma'lumot yuklanmoqda...
Obunachilar o'sish tezligi
Ma'lumot yuklanmoqda...
Photo unavailableShow in Telegram
жашагын Айга умтула,
жаштыгың — жаздын жамгыры.
жаракат алба сүйүүдөн,
жаныңа бакпа кайгыны.
махабат деген бир шумдук,
кайгы да, шаттык жыттанат.
караңгы кезде сатпаган,
көздөргө Сүйүү суктанат...
мен жүргөн шаарда байкасам,
адашкан экен көп киши.
керемет жерден а бирок,
эч келбейт экен кеткиси.
ансайын чалып турсаңчы,
жоготпой күндө эстегин.
жомоктой жерде жашаймын,
жоголуп гана кетпейин...
—Саид Султан-Али🦋
00:04
Video unavailableShow in Telegram
Көрүшпөсөк мейли дейли,
Андан оор бир жери-
Кайра келбес асыл кездин
Кайда калат издери?🕊
Э. Иманалиев.
3.86 KB
Мезгилдин агымында калдалактап,
Мен да, сен да, ал дагы карбаластап.
Агып бара жатабыз кайда, кайда?
Асыл, асыл күндөрдү чаңга таштап.
Алганыбыз көп болду беребизби?..
Келген жээке кетирдик кемебизди.
Күүгүм кирип баратат мен жалгызмын,
Күн чыкканда биз чогуу келебизби?
Элмирбек Иманалиев 🦋
Дагы бир күн кетти сиңип күүгүмгө,
Өмүрүмдүн бир чымчымын колго уучтап.
Эмне иш кылдым, дагы эмнеге үлгүрдүм?
Турат учсуз уйгу-туйгу ой кыстап.
Аруу таңда, үйдөн чыккан чагымда,
Түндө туулган бул күн жаңы торолгон.
Кирип кеткем тирүүлүктүн шаарына,
Көчөлөрү түркүн түскө боёлгон.
Көзүм кандай ак-караны көрдү анда,
Пенделиктин базарынан, билбеймин.
Нени сүйлөп, бастым кандай жолдорду,
Алда көөнүн сууттум экен кимдердин...
Билинбестен күн карыды, кеч болду,
Күчүм жетпейт, токтотууну кааласам.
Бир билгеним өзүм да үйгө бул кечтей,
Карарган, суз көңүл менен баратам...
Максат Жангазиев 🦋
Дагы бир күн кетти сиңип күүгүмгө,
Өмүрүмдүн бир чымчымын колго уучтап.
Эмне иш кылдым, дагы эмнеге үлгүрдүм?
Турат учсуз уйгу-туйгу ой кыстап.
Аруу таңда, үйдөн чыккан чагымда,
Түндө туулган бул күн жаңы торолгон.
Кирип кеткем тирүүлүктүн шаарына,
Көчөлөрү түркүн түскө боёлгон.
Көзүм кандай ак-караны көрдү анда,
Пенделиктин базарынан, билбеймин.
Нени сүйлөп, бастым кандай жолдорду,
Алда көөнүн сууттум экен кимдердин...
Билинбестен күн карыды, кеч болду,
Күчүм жетпейт, токтотууну кааласам.
Бир билгеним өзүм да үйгө бул кечтей,
Карарган, суз көңүл менен баратам...
Максат Жангазиев 🦋
Кайгынын каран түнүн жарык кылар,
Каралдым, жашоодо көп жакшылык бар.
Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,
Айдалып баратканда ак булуттар.
Омор Султанов🦋
Boshqa reja tanlang
Joriy rejangiz faqat 5 ta kanal uchun analitika imkoniyatini beradi. Ko'proq olish uchun, iltimos, boshqa reja tanlang.