Мээрим Байышбек
Kanalga Telegram’da o‘tish
1 269
Obunachilar
-324 soatlar
-127 kun
+2430 kun
Postlar arxiv
1 270
Билесиңби таарынуу не?
Таарынуу бул – чынчылдык,
балалык.
Жалганы жок тазалык!
Таарынуу бул– “Сени сүйөм”,
“Баш тартпадым” — дегендик.
Таарынуу – наз,
Сени жакын көргөндүк.
Мен да сага таарындым!….
— Назым Хикмет
1 270
+5
Сүрөт-видеолорду жасоодо колдонгон пресет,эффект,шрифт, фильтрлердин баарын бул каналга топтоштуруп койгом.
Каналга кошулуу — акылуу.
(350 сом)
Доступ- чексиз🤍
Жылдап топтогон тажрыйбаларымды бул жакта бөлүшөм. Каналга кошулууну каалагандар, бул жакка “пресет” деп жазгыла: @merikkar 🎀
1 270
Жинди менен жоолошпо,
Суу куйбагын толбоско,
Акмак болуп кетесиң,
Ачууланба болбоско.
Суктанбагын сулууга,
Уят айтпа улууга.
Тамаша айтсаң билбеске,
Тар жерде катуу сындырат,
Жамандардын адаты –
Жалган сөздү чын кылат.
Көптү көргөн адамдар
Көңүлүңдү тындырат.
Бекерчиден безе кач,
Ушакчыдан көчө кач!
— “Санат”, Токтогул Сатылганов
1 270
Сен барда караңгы түн да аппак таңдай,
Ал тургай ай биз үчүн жаралгандай.
Сен менен таштак жолдо баратсам да,
Сезилет көл үстүндө бараткандай.
1 270
Жаштыгың – бул бир жаздагы көчөт,
Соолгону – соолуйт, өскөнү – өсөт.
Жаш сүйүү деген чагылган учкун,
Өрт болсо өрттөйт – өчкөнү – өчөт.
Жомоктой өмүр – жолдогу бекет,
Келгендер – келет, кеткендер – кетет.
Кабылбайт кимге калтардай сулуу
Калгандар – калат, жеткендер – жетет.
Түндөсү – түштө, күндүзү – ойдо,
Түңүлбөй жашайм түпөйүл жолдо.
Жаным эле, жаным, жаным дейм сени,
Жалбарткан бойдон жашырып койбо.
Күлүк бир атта күмүштөн така
Күлгүн жаш чакта – күйүт бир башка.
Ачылган каалга жабылат – билсең,
Адамды адам сагынат – билсең,
Көөхарың бир тең көк ташың бир тең
Көз барда дүйнө көрк берет билсең.
Кагышкан таштын учкуну түшсө
Калдайган токой өрттөнөт – билсең...
Элмирбек Иманалиев.
1 270
Жаш элек шайыр шаттанган,
Алыска сапар аттанган.
Кыймылдап поезд баратса,
Кылгырып көздөн жаш тамган.
Жөнөдүм Нарын калаага,
Ынагым сенсиң садага.
Жүзүмдөй бышкан мөлтүрөп,
Жүзүңдөн жаным садага.
Бир букет гүлдү сунаарда,
Күйүттүү күнгө капталгам.
Саламат баргын агай деп,
Узатып калдың вокзалдан.
Ойлосом болот көңүл шат,
Жолуксак деймин кайра бат.
Театр ачып жатканда,
Нарындан жазган салам кат.
1 270
Бул сөз катуу таасирлентти:
“Сенин ичиңе батпаган сыр башканын ичине батат деп ойлойсуңбу?”
