cookie

Sizning foydalanuvchi tajribangizni yaxshilash uchun cookie-lardan foydalanamiz. Barchasini qabul qiling», bosing, cookie-lardan foydalanilishiga rozilik bildirishingiz talab qilinadi.

avatar

Menin okuyam 🫀

Бу᧘ ⲙᥱнᥙн жᥱκᥱ κᥲнᥲ᧘ыⲙ. Бу᧘ жᥲκᴛᥲ-κᥱңᥱɯ,ⲙ᧐ᴛᥙʙᥲцᥙя,᧐ᥔ᧘᧐ρ,κᥙᴛᥱᥰᴛᥱρ, ᧐κуя᧘ᥲρ δ᧐᧘ⲙ᧐κчу.💫

Ko'proq ko'rsatish
Reklama postlari
568
Obunachilar
Ma'lumot yo'q24 soatlar
+37 kunlar
-1530 kunlar

Ma'lumot yuklanmoqda...

Obunachilar o'sish tezligi

Ma'lumot yuklanmoqda...

Сезимден акылды бийик туткан адаммын, Айтургандын өлүмүдөн кийин эркектерди жек көрүп кеттим🙊 ( албетте беш кол тең эмес, ошентсе да эркектер аябай агерссивдүү болуп баратышат, агрессия мн аялына сүйлөсө, аял баласына сүйлөсө, кайра эле агерссивдүү балдар чоңоётда анан) Атам айткан: Кызымдын артынан даалай жигит чуркайт, чертип тандайт деп... Чертип тандай тургандай деңгээлге жетет окшойбуз мындай окуялардан кийин.🙌
Hammasini ko'rsatish...
💯 5
sticker.webp0.23 KB
Сезимден акылды бийик туткан адаммын, Айтургандын өлүмүдөн кийин эркектерди жек көрүп кеттим🙊 ( албетте беш кол тең эмес, ошентсе да эркектер аябай агерссивдүү болуп баратышат, агрессия мн аялына сүйлөсө, аял баласына сүйлөсө, кайра эле агерссивдүү балдар чоңоётда анан) Атам айткан: Кызымдын артынан даалай жигит чуркайт, чертип тандайт деп... Чертип тандай тургандай деңгээлге жетет окшойбуз мындай окуялардан кийин.🙌
Hammasini ko'rsatish...
Photo unavailableShow in Telegram
Айтургандын аянычтуу тагдыры бойдок кыздарды ширин уйкусунан ойгото койду менимче. Күйөө тандоо, келечегиңди тандоо, сүйдүм-күйдүм деп, эч нерсесине карабай тийип алып, өмүр бою азап чегип өткөнчө,сүйүүсүз тийип сүйүүнү жаңыдан жараткан оң. Өзүнүн ою-сөзүнө ээ боло албай, кантип турмуш деген даңгыр жолго аттанганы болот? Жарга такалгысы келгендер гана өзүнүн ою сөзүнө ээ боло албай жатып турмушка шашат, анан турмуштун мушуна чыдап жашайт. Турмуш деген даңгыр жолго, ашкадан чыкпай даярдангандар, келечегин, жашоосун ашканага байлагандар, кыргыздын кызы казан-аяка жакындашпасада тамакты кыйын кылат, кыйындыгын билиш үчүн болсо, алгач билим деген бийиктике умтулуп чыгыш керек. Бийиктеги бүркүттү кармоодо, кордоо да кыйын, бүркүттөр бар жерде, эркиндик да, жашоода бар. Эркектер табиятынан мергенчи келет, мергенчиге аял ким болуп берет? Коён мн кийиктин, көгүчкөн мн бүркүттүн айырмасы чоң. Чыныгы мергенчилер көбөйүшү үчүн алгач бүркүттөр, кийиктер көбөйү керек. PS: Жеткенге жетти,түшүнгөн түшүндү.🙌
Hammasini ko'rsatish...
💯 7
Мен өзгөчө сүйөм... Шамалды, айды, жамгырды, тоолорду, китептерди❤️
Hammasini ko'rsatish...
Сен бирөөнү чын сүйүшүңө ишене албайм, сүйө албайсың дейт сиңдим ... Мен айттым: Сүйүү бир катуу сөз, бир муш тийгенге чейин деп )🤓 (Акылын көп уккандар түшүнөт муну) Ананда аял сүйүү үчүн эмес, сүйүлүү үчүн жаралган.😁 Туурабы?😅
Hammasini ko'rsatish...
💯 5
Жүрөгүңдү бул нерсе оорутат... Сен ойлогон адамдар, сен ойлогондой болуп чыкпаса.❤️‍🩹
Hammasini ko'rsatish...
Ээч айтпаган секретим мн бөлүшөйүн э🦥 Мектепти бүтө элек иштеп баштадым, мээнет кылып баштадым, акча тапкан кыйын экенин түшүндүм, 2 жылдай тез окуу тренери болуп иштеп 1000 ден ашуун адамга сабак бердим, кийин сатууга окуп, сатууга өтүп кеттим, курска берген акчамды курстан кийин иштеп дароо эле чыгарып алдым ) Анан уже сатуу жакшы көрүнүп баштады, анткени, убакыт кеңири, каалаган убактыңда иштейсиң, айлык дагы жакшы, өсүп-өнүгүү да болот экен. Эң кызыгы: Ким мн сүйлөшпөйүн жактырат, оңой тил табышып кеткенибизден сиз мн сүйлөшкөн соонун экен дешет. Үйүмдөгүлөр, жакындарым айтканымды кылдырам, алар өздөрү билбей калат, кантип эле сенин айтканыңды угам билбейм дешип, анан ишке кирейин деп кайсыл жака барбайын алат, мен мунун себебин көпкө таппай жүрдүм, сулуулугум мн адамды арбай албайм анымды айтайын десем😂. Кийин психологиялык курска окуп, ушул чөйрөгө кошулгандан кийин таптым, көрсө мен кыйын сатуучу экенмин, алгач өзүмдү, анан сөзүмдү сатат экенмин, ошого адамдар угат экен сөзүмдү. Муну эмнеге айтып жатам? Байкем бүгүн сөздөн сөз чыгып, өзүнүн иши боюнча айтты, анан ошол жерден түшүнгөнүм любой иште, жашоодо болсун адам- өзүн, сөзүн, оюн, ишин сатканды билиш керек экен. Сатууну билбеген адам, өзүн сата албайт, (сыйлаткыза албайт) сөзүн сата албайт (сөзүн эч ким укпайт, сөзүн укса да түшүнбөйт) ишин сата албайт (кылган иши бааланбайт). Ошентип жүрүп жашоосун депрессияда өткөрөт. (Үйдө отурган айымдар айрыкча) үйүндөгүлөргө, жолдошуна, же балдарына тиши өтпөй. Адамдар сени баалашы үчүн самооценкаң жогору болушунун кереги жок, эмнеге баалашы керектигин түшүндүрүп, өзүңдү сатсаң болду.🥰 Секретим мына ушул. Эмнеге өзүмдү кыйын сезем, анткени, любой адамга өзүмдү сатып, сыйлаттыра алам.😁
Hammasini ko'rsatish...
👍 4💯 2 1
Апамдын махабаты-20 сериядан турат экен. Бир дем мн көрүп салдым😂 чоң иш кылып салгандай эле айттымго... Үйдүн данный момент чоңусуң, но эң эркесисиң. Бир адам бир сөз дебеди көрүп бүткөнүмчө.🤓 Бирде ыйлатты, бирде күлдүрттү, бирде жаман ачууну келтирди. Инсайт жазсам арзый турган эле сериал экен, буюрса жазамго.🫶 Бей🐘 түн. 🫶 PS: Идеалдуу адам жок бул жашоодо, идаелдуу болгонго аракет кылгандын өзү туура эмес.🤍
Hammasini ko'rsatish...
4
Photo unavailableShow in Telegram
Белектин эң жакшысы, чын жүрөктөн берилгени.❤️ Бакытты жөнөкөйлүктөн издеп жүрүп, жөнөкөйлүктөн таап, жөнөкөй, бирок, чексиз бакытка малынып жашап калгандаймын.🥰 Баалуу белек дегенде - көп акчага сатып алган белекти эмес, акчага сатып ала албай турган белекти түшүнөм🫀
Hammasini ko'rsatish...
5
Boshqa reja tanlang

Joriy rejangiz faqat 5 ta kanal uchun analitika imkoniyatini beradi. Ko'proq olish uchun, iltimos, boshqa reja tanlang.