Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар
Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар. https://www.sputnik.kg Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod
Ko'proq ko'rsatish20 709
Obunachilar
-1024 soatlar
-3537 kunlar
-1 52930 kunlar
- Kanalning o'sishi
- Post qamrovi
- ER - jalb qilish nisbati
Ma'lumot yuklanmoqda...
Obunachilar o'sish tezligi
Ma'lumot yuklanmoqda...
Кутман таң, замандаш!
Бүгүн өлкө боюнча күн ачык болот.
Абанын температурасы Чүй, Талас жана Баткенде 28, Ош менен Жалал-Абадда 29, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде 20 градуска чейин көтөрүлөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек менен Ошто 27 градуска чейин чыгат.
Эс алуу күнүңүз көңүлдүү өтсүн!
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
👍 5❤ 1
Кыргызстандыктарга жүйөлүү себеп болбосо Россияга барбай туруу сунушталды
Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги бул Россия бийлигинин “Крокустагы” терактыдан кийин коопсуздук менен көзөмөлдү күчөткөнүнө байланыштуу экенин белгиледи.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
👍 14❤ 2👏 1
"Крокустагы" терактыда элди сактап калган Ислам Халилов баштаган үч өспүрүмдү РФ президенти Владимир Путин "Өлүм алдындагыларды куткаргандыгы үчүн" медалы менен сыйлады.
Теракт 22-мартта болуп, кылмышкерлердин огунан жана чыккан өрттөн 145 киши каза тапкан.
👍 18
Сузактагы окуядан кийин Портердин 48 жаштагы айдоочусу кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
Ошондой эле фактыны министрликтин жетекчилиги көзөмөлгө алган. Айдоочунун аракетине баа берилери айтылды.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
❤ 10😢 8😭 3👍 1
Сузакта Porter сүзүп кеткен окуучулар. Окуянын чоо-жайы
Жалал-Абад облустук милициясы окуя бүгүн, 2-май күнү саат 14:00дөр чамасында Катмы жайлоосунда болгонун билдирди. Алгач 102ге кабар берген милиционер балдарга бекер балмуздак таратууга келген 48 жаштагы киши унаасын өчүрбөстөн түшүп кеткенин айткан.
“Айдоочу көрсөтмөсүндө Porter унаасынан түшүп, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан балмуздакты кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда машинасы ылдыйга түшүп кеткенин, артынан токтотконго жетишпей калганын айтты”, - деди милиция.
“Урааным Манас” иш-чарасына 3 миң окуучу катышканы белгилүү болгон.
Окуядан кийин жалпы 31 окуучу ооруканага кайрылып, 18и жаткырылган. Анын ичинен сынган жаракаттары бар төрт бала оор абалда реанимацияда. Калганы амбулатордук жардам алышкан.
Милиция ыкчам тергөө иштерин жүргүзүүдө.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
😢 43👎 5👍 3❤ 2
Сузакта Porter унаасы балдарды коюп кеткен учур видеого түшүп калган
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги 29 бала жабыркап, ооруканага 18и түшкөнүн айткан. Алардын жетөө реанимация бөлүмүндө.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
😱 80😢 27🤬 4🤣 2👍 1❤ 1👏 1😨 1
❗️Сузакта Porter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа иш-чарага келген 29 баланы коюп кетти
Кырсык бүгүн түшкө маал болгон. Алдын ала маалымат боюнча, унаада балмуздак сатылып жаткан. Ал кокусунан жылып кетип, балдарды басып калган.
Саламаттык сактоо министрлиги кырсыкта 9-16 жаштагы балдар жабыркаганын билдирди.
Учурда ооруканага 18 бала жаткырылып, алардын жетөө жандандыруу бөлүмүнө түшкөн (алардын ичинен үчөө оор абалда). Калган 11 жеткинчекке жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Министрлик бул окуя Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө экенин белгиледи.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
😢 39🤬 3😱 1
Акылбек Жапаров Шавкат Мирзиёев менен жолукту
Министрлер кабинетинин төрагасы менен Өзбекстандын президенти Ташкенттеги инвестициялык форумдун алкагында жолугушкан.
Анда Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун, Камбар-Ата-1 ГЭСинин, ошондой эле Чаткал дарыясындагы эки ГЭСтин курулушун сүйлөшүшкөн.
Тараптар мындан аркы кызматташтыкты бекемдөөнү да талкуулашканы айтылды.
👍 11
Караколдо 4 миң окуучу манас айтты. Балдар аянтта Каракол деген жазуунун жана калпактын элесин түшүрүп отурушкан.
Иш-чара алп манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдык мааракесине карата “Урааным Манас” республикалык кароо-сынагынын алкагында өткөрүлгөн.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
❤ 31👍 13👎 4🔥 2😢 1
🇰🇬🇺🇿Кыргызстан менен Өзбекстан товар айлантуусун 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөп жатканын Акылбек Жапаров билдирди
2023-жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 381 долларды түзгөн эле.
Министрлер кабинетинин төрагасы Ташкенттеги эл аралык инвестиция форумунда эки өлкөнүн ортосундагы туристтик алака жакшырып, соода 2 эсе өскөнүн белгилеген.
Өкмөт башчы бүгүн панелдик сессияда Кыргызстандын энергетикалык дарамети жана курулуп жаткан Камбар-Ата-1 ГЭСи тууралуу маалымат берет.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
👍 17